Айымжан Айылчиева, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТҮРКИЯДА ТОСОМ»

№790 22-28-декабрь, 2017-жыл

– Айыма, саламатсыңбы? Келе жаткан Жаңы жылың менен. Жаңы жылды кайда, кимдер менен тососуң?
– Жакшы, рахмат. Сиздерди да Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. Негизи буга чейин ата-энем, чоң ата, чоң энемдер менен үйдө тосуп келгем. Бул ирет ойдо жок жерден Жаңы жылды Түркиядан тосмой болдум. Бул нерсе кечээ эле чечилди. Түркияга Жаңы жылдык кечеге 30-декабрга чакырышкан эле. 31-декабрда кайра Бишкекке учуп келейин деген ойлорум бар болчу. Бирок билет калбай калыптыр. Апам «барсаң барып кел, жылда эле үйдөн тосуп жүрөсүң го» деди. Мен да көңүлдөндүм. Ал жакта кимдер менен, каякта тосом, азырынча билбейм. Жакын туугандарым бар, алар менен тосом го деп жатам. Негизи бой жеткен сайын мындай нерселер көп болот окшойт. Туулган күнүмдү да биринчи жолу чет өлкөдөн тосуп келдим.

– Жаңы жылда Аяз атадан эмне күтүп жатасың?
– Чоңоюп калганга анча деле күтпөй калдым. Чоң ата, чоң энем адатта акчалай белек беришчү. Бул сапар мен Түркиядан аларга белек ала келейин деп жатам. Баарына эмне алып келем болжолдуу пландарым бар, азыр айтып салсам аларга сюрприз болбой калат.

– Негизи Аяз атага канча жашка чейин ишендиң?
– 4-класска чейин Аяз ата бар экен деп ишенип, жыл сайын кат жазып жүрдүм. Өзүмө керектүү нерсени сурап кат жазгандан кийин апам «мен берип коём» деп алып кетчү. Жаңы жыл күнү үйдөгүлөрдүн белегин алып сүйүнчүбүз. Алардан кийин сырткы каалга тыкылдачу, ачсак Аяз ата белек алып келген болот.

– Бала бакчада, мектепте Жаңы жылдык майрамдарда жомоктогу кайсы каарман болчу элең?
– Бала бакчада, мектепте активист болчумун. Кандай майрам болбосун ырдап, бийлеп, ыр жаттап алдыда жүрчүмүн. Бала бакчада бир жолу цыган бийин бийлегенбиз, дагы бир жолу кызыл козу карын болгом. Ал эми мектептен көп эле жомокторду аткарчубуз.

– Өтүп бара жаткан жыл сен үчүн кандай жыл болду? Койгон максаттарыңдын баары ишке аштыбы?
– Бул жылы өзүмдү бардык тараптан издедим. Стилимден баштап аткарчу чыгармаларыма чейин иликтеп, өзүмө эмне жагат, эмне жакпайт, келечекте ким болгум келерин так аныктап алгым келип изденүүдө болдум. 2016-жылы окуудан академиялык тыныгуу алып саякаттагам. Ал саякат деле «мен жан дүйнөм менен эмне каалап жатам?» деген суроонун чечилишине багытталган эле.

– Өтүп бара жаткан жылдын эсебинен канча ыр жаздырдың?
– Жыл башында «Баары эми башталат» деген фильмге саундтрек жаздырдык. Жакында эле Талас Амантуров экөөбүздүн «Келечек» деген ырыбызга клип тарттырдык. Келе жаткан жылга күч, идея жакшы эле топтодук. Билекти түрүнүп иштөөгө даярбыз.

– Рахмат маегиңе, Жаңы жылды жакшы тос.

Сүйүн Кулматова 
star@super.kg


2018-жылы Нурлан Насип үйлөнсө, Айымжан алгачкы альбомун чыгарат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(8)
26.12.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аянага салыштырмалуу жонокой кыз.
26.12.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Aйыма, сулуу жана эн жонокой кызсын. Ушул сапаттарындан жазбай ар дайым ийгиликтерди багынтып журо бергин.
26.12.2017. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мага жагат
26.12.2017. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздин кыз
26.12.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туркияга барсан этият болда
26.12.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Же чон эмес же кичине эмес ушул да жадата баштады акыркы учурда.Инстаграм жылдызы болумуш этип....
27.12.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Насип деген неме ХХХХХХ ХХХХХХХ андан кетпей койду))) эч бир стиль деген жок,эч бир кийим жарашпайт.Башына байлап алган кызыл жоолугу вообще
Модератор admin_media түзөттү 2017-12-27 16:13:27
28.12.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Соонун маек болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо