Маркумдун агасы: «КЕЛИНИМ МУРУНКУ КҮЙӨӨСҮ ЭКӨӨ ИНИМДИ ӨЛТҮРҮШҮПТҮР»

№791 28-декабрь-5-январь 2018-ж.

Бишкек шаарында 38 жаштагы жаранды ажырашып кеткен аялы мурунку күйөөсү менен чогуу өлтүрүп, талаага таштап салышкан деп айыпталышууда. Алардын мындай жолго барышына эмне себеп?


«АРМАТУРА МЕНЕН КЕКИРТЕККЕ ЧААП ӨЛТҮРҮПТҮР»
38 жаштагы Таалай Адыгаевдин сөөгү 1 жылдан соң табылып, дагы 1 жылдан кийин гана ким экендиги аныкталган. Маркумдун агасы Бакыт Адыгаев инисин 2 жыл издеп, көмүлгөн жеринен таптык дейт.
- Иним Таалай «Манас» аэропортунда күзөт кызматкери болуп иштеп, Бишкек шаарында жашачу. Анын 2015-жылдын 10-июнунан бери жумушка барбай жатканын чогуу иштешкендери мага телефон чалып айтышты. Издеп үйүнө барсак, эшиги кулпулануу экен. Мен дароо Ленин РИИБине арыз менен кайрылып, эң алгач инимдин жубайынан күмөн санап, милиция кызматкерлеринен «аялын суракка алып көргүлөчү» деп сурангам. Бирок алар ишенбей коюшту. Иним жубайы экөө 2014-жылдын декабрь айында баш кошуп, кайра 2015-жылдын март айында ажырашып кетишкен. Бирок жолугуп жүрүшчү экен.
Кийин билсек, ошол аял мурунку күйөөсү менен чогуу инимди өлтүрүшүптүр. Таалайды ал аял Бишкектеги кафелердин бирине чакырган. Себеби иним мурда «шишкебек алып берем» деген экен. Анан аялы мурунку күйөөсүнө телефон чалып «Таалай менен жолугам, эркекче сүйлөшөм деп жүрдүң беле?» деп айтыптыр. Түнкү 11лер чамасында кафеден чыккан иним жубайынын үйүнө барган. Барышса, үйдө арматура даярдап, аялынын мурунку күйөөсү күтүп отурган экен. Таалай үйүнө кирер замат арматура менен кекиртекке чаап, эси ооп жыгылганда да удаа-удаа чапкылап өлтүрүптүр. Анан жуурканга ороп, экөө түнкү саат 1лер чамасында унаага инимдин сөөгүн салып, Бишкектин четиндеги Лесхоз айылындагы токойго алып барышкан. Ал жактан кийимдерин өрттөп, өзүн болсо арыктын ичине ыргытып салышыптыр.

«ЖААГЫНЫН АСТЫ, БИР БУТУ ЖОК ТАБЫЛДЫ»
- 2016-жылы 10-февраль күнү Лесхоз айылынын балдары арыкка түшкөн топту алып жатып инимдин сөөгүн таап алышыптыр. Бир жылдан ашык жатып калган инимдин сөөгү ит-кушка жем болуптур. Жаагынын асты, анан сол буту тизеден ылдый жок экен. Ал айыл Аламүдүн районуна карагандыктан, ал жактан милиция кызматкерлери келип сөөктү алып кетишкен экен. Бирок ким экендиги аныкталбай, Чоң-Арык айылындагы жалпы көрүстөнгө көмүп салышыптыр. Ал убакта Ленин РИИБинин кызматкерлери иниме издөө салып, жыл айланса дагы сөөк табылбай жаткан. Айла кеткенде Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылдым. Эрмек Төрөкулов деген прокуратуранын кызматкери иш менен таанышып чыгып, бул жерде киши өлтүрүү фактысы бар экен деп, 2017-жылдын май айында кылмыш ишин козгоп, милицияга өткөрүп берди.
Бишкек ШИИББинин кызматкерлери ким экендиги такталбай көмүлгөн сөөктөрдүн арасында тишине пломба салынган адам да бар экенин айтканда, иним болуп жүрбөсүн деген ой келди. Себеби Таалай каза болор алдында тишине пломба салдырган эле. Биз сөөктү каздырып, тергөөчү Астана шаарына сөөктү ДНКлык экспертизага жөнөткөн эле, 16-ноябрда «99 пайыз дал келет» деген тыянак чыгып келди. Анан инимдин сөөгүн айылга алып барып, өз ырымы менен жерге бердик.

«КЕЧ БОЛСО ДА КЫЛМЫШ АЧЫЛЫП, ЖЕҢИЛДЕП КАЛДЫМ»
- Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлери инимдин өлүмүнө шектүү катары жубайын жана анын мурунку күйөөсүн кармап, камашкан. Аялы тергөөдө аны мурунку күйөөсү өлтүргөнүн, өзү жанында болгонун айтып бериптир. Ал аял Таалайга чейин эки жолу турмушка чыккан экен. Инимди өлтүргөн күйөөсү экөөнүн ортосунда бир кыз бар болуп, алардын айтымдарында, иним ичип алганда ал кызын урушуп койчу экен. Иним ичимдик ичпейт эле, аны тааныгандардын баары билет. Анан аялы күйөөсүнө «кызыңды Таалай урушуп жатат, мен сени менен эле жашай турган болдум. Колу-бутун сындырып, үйгө экинчи келгис кылып коркутуп койбойсуңбу» деп сураныптыр. Мен 2 жыл ичимден кан өтүп инимди издегем. Ошондо деле ал мага сыр бербей "мен жакшы көрчүмүн" деп актанып эле турчу. Иним ушул жубайына үйлөнгөндө апам өз колу менен жоолугун, сөйкөсүн салып барктап алганбыз. Күйөөсүн өлтүрүп коёт деп эч ким ойлогон эмес. Мени катуу кейиткени апам күйүтүнө чыдабай каза болуп калды. Баласынын жоголгонун билчү, бирок өлүгү табылганын билбей кетти. Мурунку, кийинки жубайларынын туугандары деле эмне болуп жатат деп сурап коюшкан жок. Жамандыкта ушунун баары катуу тиет экен. Себеби бир жылда айылга эки сөөктү алып бардым. Атама каралашар уулу же эрмектешер кемпири жок оор болуп кетти. Учурда инимдин аялы менен анын мурунку жолдошу камакта жатышат. Аялы күнөөнүн баарын жолдошуна оодарып жатат. Кеч болсо да кылмыштын бети ачылып, кичине болсо дагы жеңилдеп калдым. Жакында иш сотко жөнөтүлөт. Менин күткөнүм – соттун акыйкат чечими.

«ТЕРГӨӨ АЯКТАП, ИШ СОТКО ӨТКӨРҮЛҮП БЕРИЛДИ»
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын кызматкери Майрамкүл Аскарбекова окуянын чоо-жайын бизге айтып берди:
- 2015-жылдын 10-июнунда Бишкек шаарынын Ленин РИИБине Бакыт Адыгаев аттуу жарандан арыз түшкөн. Ал арызында бир тууган иниси 1979-жылы туулган Таалай Адыгаев үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Бул боюнча аталган жаранга издөө жарыяланган. Андан соң күмөн жараткан жагдайлар болгондуктан, Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө иштери жүргүзүлгөн. Издөөнүн натыйжасында ушул жылдын 29-майында кылмышка шектүү катары маркум Таалай Адыгаевдин ажырашып кеткен жубайынын мурунку күйөөсү, 1977-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалып камакка алынган. Ал эми 31-май күнү маркумдун ажырашып кеткен жубайы, 1982-жылы туулган К.К. аттуу жаран кармалып камакка алынган. Бул кылмыш боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Тергөө аяктап, 26-декабрда кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.

"Инимдин өлүмүнө шектелип жаткан аялы жана анын мурунку күйөөсү".


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
02.01.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кантип ушундай иштерге колу барат?!ыйман берсин эркегине да,аялына да!
02.01.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз кыргызды жок кылмай болду кырып булда болсо динден билимибиз жоктугу эхх кыргызым.
02.01.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ыймандын жоктугу коркуу уркуу ар намыс адамдык касиет калбады. Таш боор болуп эле баратабыз. Журогубуздо эмне бар озу. Законго дурусураак жаза киргизсе болмок бир аз болсо да таасир берип зоокурлор азайат беле.
03.01.2018. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
А зачем вы скрываете лицо убийц?! Пусть весь Кыргызстан увидеть!!! Смертная казнь!!!
03.01.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХХХ ырыскы жакшы кутуп алышыптыр ошол жакшылыгына жообун ушулбу сен да ХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-03 09:28:00
03.01.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кебетенер менен жерге кирген мыкаачылар .Ушуга окшогон айбандарга олум жазасынан артык жаза жарашпайт.
03.01.2018. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Динден тушунугубуз жок учун ыйманыбызда жок экенине окуном.
05.01.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тоооооба
05.01.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки эркектин тагдырына балта чапкан аялга наалат.
08.01.2018. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козун корсотпой коюу коорупцияга гана жол ачат да... жен ичинен суйл алып кое берсе ким билди буларды?
09.01.2018. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыктын баары аялда, демек мурунку куйоосу менен толук ажырашпай туруп башка куйоого тийип алган. Жоолук, сойко салып атканда эмнени ойлоп атты экен эле. Эми эмне болду, дагы да мурунку куйоосуно шылтап жатса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо