Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бактыгүл Бадыева: “ӨЗҮМДҮ КҮЧТҮҮ АЯЛ ДЕП ЭСЕПТЕЙМ”

№791 29-декабрь-4-январь 2018-ж.

Бактыгүл Бадыева бир кезде кыргыз эстрадасынын жанып турган жылдызы болсо, учурда ийгиликтүү бизнесвумен. Бир кезде анын артынан ар кандай кептер да айтылды. Ал сөздөр ырчы айымдын жашоосуна кандай таасир тийгизди? Эне жүрөгү кандай кабыл алды? Жаңы жылдын алдында Бактыгүл жана анын жакындары чыгармачылыгындагы, жашоосундагы көпчүлүк билбеген ой толгоолору менен бөлүшүштү.


“ГҮЛДӨРГӨ ЫРДАП БЕРЧҮМҮН”
-Мен 1-класстан баштап мектептеги бардык маданий иш-чараларда активист болдум. Дезодоранттын идишин микрофон кылып короодогу менин боюмдай болуп өскөн роза гүлдөрүнө ырдап берет элем. Өзүмдү чоң сахнада тургандай элестетип, таазим кылып, “рахмат, эми кийинки чыгармамды ырдайын” деп алат элем. Эсимде, 18 жашымда бир күнү “Кайдасың?” аттуу ырымдын обону менен сөзү эргүү болуп келген, чуркап барып ыр жаздым. Сүйүнгөн боюнча апама “уксаңыз, жаңы ыр жаздым” деп ырдап берсем, “оо, кокуй, ушул да ыр бекен?” деп койгон. Кийин анын аранжировкасын жаздырганда “ии, сонун болгон турбайбы” деп жактырып калды. Ошентип “Кайдасың, менин ардагым?..” деген саптары бар ырым жаралган. Баарынан элге жакшы алынганы “Неге кыя албайм?” ыры болду деп ойлойм. Бир кезде кайсы жакка барбайын, кайсы радиону укпайын, ошол ыр жаңырып калган.

“КОНЦЕРТИМЕ КЕЛГЕН ЭЛДИ КӨРҮП ЫЙЛАГАМ”
-Алгачкы жолу чоң сахнага 19 жашымда Сыймык Бейшекеевдин концертинде ырдап чыктым. Байке Токмокко концерт койгону келген экен, “сиңдим жакшы ырдайт, угуп көрсөңүз” деп эжем тааныштырган. Сыймык байке да үнүмдү жактырып, “сен ырдашың керек экен” деп стимул берген.
Андагы сезимдерим такыр көз алдымдан кетпейт. Залда толгон эл мени карап турушат. Аябай титиреп, толкундангам. Ошентип эл алдына биринчи жолу “Кайдасың?” деген ырым менен чыктым.
Азыр жылдыз болуу абдан жеңил болуп калбадыбы. Интернет аркылуу көп жумушту бүтүрүүгө болот. Биздин убакта радио, телевидение, гезиттер гана бар болчу. Ырларды жаздырып, радиолорго алып барып, фотосессияга салонго барып чач жасалгага, макияжга акча берчүбүз.
Биринчи жеке концертимди 2006-жылы бердим. Ошондо жаңы жарнамалык щиттер чыгып, биз 10дон ашыгын илгенбиз. Концерттин алдынан сарсанаа болуп түнү менен уктабай чыкканымчы. Эртеси Спорт ордосуна машинам менен келатсам, эл толтура... Күткөн эмесмин. “Ушунун баары мага келди, менин ырымды укканы келди” деп кубанганымдан ыйлап да алдым. Кирип кайра башынан боёнуп, анан сахнага чыккам (күлүп). Ошол концерт менен аймактарды кыдырдык. Гастролдон келгенде Жаңы жылдын алдында апама машина алып бердим. Мерседес алып, “сизге белек кылайын” десем, “аны өзүң айда, мага өзүңдүн ак жолтой унааңды бер” деп Гольф 3тү алган.


“БУТ ТОСУУЛАРГА СЫНГАН ЖОКМУН”
-Чыгармачылыгымда Бишкекте үч жолу концерт бердим. Ал кезде азыркыдай интернет жок, той деген аз болчу. Эл менен концерттен гана көрүшчүбүз. Көчөдө баратсак да таң калып башкача кабыл алышчу.
Чыгармачылыкта жүрүп ар кандай окуяларга туш болдук. Гастролдо машина бузулуп, талаада калган күндөрүбүз болду. Жакшынакай ырдап жатканда свет өчүп калат, музыкаңды өчүрүп койгон көрө албастар болот дегендей. Ырымды радио, телевидениеден алып салган учур да өттү. Мындай бут тосууларга сынган жокмун, ошонун баарын жеңип келдим, өзүмдү күчтүү аял деп эсептейм. Жаш, жакшынакай, атактуу болгондон кийин сөзсүз сөз ээрчийт экен.
Жаңы ырдап баштаганда өзүм тууралуу жагымсыз кептерди угуп апама келип ыйлап калчумун. Апам “сен өзүң ырдайм дебедиңби, артист болуш кыйын десем укпай койдуң, мына эми” деп алып, кайра “эл сүйлөй берсин. Негизгиси, мен билем да сенин кандай экениңди, сен күчтүүсүң, сен Курманжан датканын урпактарынансың” дечү.


“АЛМАЗ МЕНЕН БИР КӨРҮШКӨНДӨ БИРИ-БИРИБИЗДИ ЖАКТЫРДЫК”
-«Бала кездеги кыялдар орундалат” дегенге ишенем. Акырындап кыялдарымдын баары, Кудайга шүгүр, ишке ашып келатат. Кайненем, күйөөм “дагы деле бала кыялсың” деп айтып калышат. Чын эле дале сыйкырдуу нерселерге, жакшылыктарга ишенем. Ошон үчүн дайым жакшы нерсени ойлогонго аракет кылам.
Жолдошум Алмаз менен досум аркылуу таанышканбыз. Жумуштар боюнча досум менен жолукмакмын. Ал Алмаз менен келиптир. Жактыруу деген сезим болот го. Дароо эле байкалды, мен ага жактым, ал мени жактырды. Мүнөзү токтоо, тамашалаганды жакшы билген, иши кылып, менин кыялымдагы мырза экен. Андан кийин чалып сүйлөшүп баштадык. Мени бой көтөргөн кыз болсо керек деп ойлогон экен. Жөнөкөйлүгүмдү өзгөчө баалаган.
Алмаз экөөбүздүн баш кошконубузга быйыл 5 жыл болду, эки кыздын бактылуу ата-энеси болдук. Ушуга Кудайга шүгүр дейм. Учурда сахнага чыкпаганым менен, чыгармачылык чөйрөдө эле жүрөм. Сахна аркылуу тапкан досторум менен дайым жакшылыктарыбызды чогуу бөлүшөбүз. Эгер аялзаты жашоом жакшы болсун десе, чарчадым деп отуруп калбай баарына жетиши керек. Мен деле кээде чарчайм, бирок тили ширин кыздарыма, жолдошума, жакындарыма, досторума, өзүмө, жумушка да көңүл бөлгөнгө убакыт табам.


Алмаз Закиров, жолдошу: “ТҮГӨЙҮҢ ЖЫЛДЫЗБЫ, ЖЫЛДЫЗ ЭМЕСПИ, АЛ МААНИЛҮҮ ЭМЕС”
-Мен Бактыгүлдү мурун бир жолу сыналгыдан көргөм. Анын ырдаганы, өзүн алып жүргөнү жагып, ошондон кийин Бактыгүл менен таанышуу, ага жетүү кыялыма айланды. Жубайым популярдуу ырчы болгондуктан оңою менен бул ишке ашчу нерсе эмес экенин билчүмүн. Бирок тагдыр бизди жолуктуруу бактысын буюрган экен, кыялымдагы кыз менен акыры тааныштым (күлүп). Бирок мен чочулаган нерселер жок, ал абдан жөнөкөй, адамгерчиликтүү кыз болуп чыкты. Жолуккандагы биринчи мүнөттө эле анын жытына мас болгом (күлүп). Түгөйүң жылдызбы, жылдыз эмеспи, жашоодо ал маанилүү эмес, менимче. Эгер жүрөгүбүздө сүйүү жашаса, мына ошол бакыт. Биз чогуу жашаган 5 жылдын ар бир күнү мен үчүн бакыт. Жашоомдогу эң чоң кубаныч – жубайым мага эки ханбийкелеримди белек кылды. Бул үчүн сүйгөнүмө ыраазымын.


Бурулкан Каниметова, апасы: “КЫЗЫМДЫ ӨТӨ КЫЙЫНЧЫЛЫК ТУРМУШТА ЧОҢОЙТТУМ”
-Кызымды өтө кыйынчылык турмушта чоңойттум. Биздин кезде артист деген адамды жаман көрүшчү. Бактыгүл ырчы болом дегенде каршы болгонумдун себеби да ушул. Бирок кызымдын көк бет, өжөр, түптүз баарын бетке айткан мүнөзү бар. Ошол мүнөзү коё берген жок, “убара болбоңуз, мен ырчылыктан башка окууда окубайм” деп койду. Секелек кезинде эле ырдачу балдарды чогултуп алып эшикте концерт койчу. Бир орус улутундагы кошунабыз“кызыңды музыкалык окуу жайга окутушуң керек, карачы каалоосун, таң аткандан кеч киргенге чейин жүгүрүп ырдайт, силер, кыргыздар кыз киши чоңойгондо эле күйөөгө берип саласыңар” деп мага акыл үйрөткөн. Бирок шоу-бизнеске аралашканда кызым көп жолу ыйлап келди. Ошондо “бирөө көрүп үрөт, экинчиси көрбөй үрөт, ушинтип турмушка бышасың” дегем.
Бир жолу концертине чакырып, “Энекем” деген ырын аткарып мени сахнага алып чыкты. “Таазим этем” деп ырдап тизесин бүгүп отурса, мен толкунданганымдан улам колун кармап Бактыгүлдү тегерене бериптирмин. Ошону эстеп азыр күлө берем, "катуу сүйүнгөн окшойм же элдин сүрүнөн толкундандымбы?" деп.
Бактыгүл эки кыздуу болгону менен, эркелиги мурункудай эле, мага неберелеримден өтүп эркелейт. Кээде “сен неберем Ширинтайдан бир эле жаш улуусуң, кызым” деп күлүп калам.


Гүлмира Закирова, кайненеси: “БАЛАМ СЮРПРИЗ КЫЛЫП КЕЛИНИМДИ АЛЫП КЕЛГЕН”
-Менин бир уул, бир кызым бар. Мындан 5 жыл мурун күздө Алмаз келиним Бакуля менен тааныштырды. Ага чейин “ушундай ырчы кызга үйлөнөм” деп айтып жүрчү. Чынын айтканда, башында биз “Сен артист болбосоң, артистке кантип үйлөнөсүң?” деп жакшы эле каршылык көрсөткөнбүз. Бирок биринчи көргөндө эле Бакуля маңдайы ачык, жайдары кыз экен, дароо жактырдым. Кудайдан "оюмду сезе билген, ыймандуу келиндүү болсом экен" деп тилечү элем. Бактыгүл мен каалагандай болуп чыкты. Качан көрбөйлү, жуунуп жатабы же жаңы туруштубу, кандай абалда болсо да жүгүнгөнүнөн жазбайт. Ар бир бала өз сүйгөнүнө жетип, бактылуу жашаса ата-энеге ошондон өткөн бакыт барбы? Мурун түнт, бир сырдуу балам бар эле. Азыр ачылып, жаркырап калды.
Балдарым биздин көзүбүзчө эле үйдөн кубалашып жаш баладай ойной беришет. Машинага отурса деле кол кармашып отурушат. Аларды көрүп өзүмчө сүйүнүп калам. Бөлөк турсак да кимибиз даамдуу тамак жасасак бат-баттан бири-бирибизди конокко чакырып турабыз.


Гүлжамал Абылкасымова
Перизат Сабинова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  24 
Комментарийлер(31)
02.01.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Аябай сыйлайм. Ийгилик коштоп журсун.
02.01.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Бактыгул эжей атынызга затыныз жарашып эки дуйно бактылуу болунуз. Аллах эки дуйно ийгиликтер менен коштосун
02.01.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бакулья эже вы самая красивая! Удачи и успехов вам. Любим вас ооооооочень
02.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Иним 4жашында Бактыгүл Бадыеваны алам дей берчү. Азыр күлүп калабыз, кызын алып беребиз деп.
Мен да аябай жакшы көрөм. Чындыгында күчтүү, эрктүү аял. Бакыт каалайм.
02.01.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушинтип сагынтып анан интервью берсе окуйт экенсин да, бирок булар биз билген эле маалыматтар экен. Бактылуу Бактыгул бол.
02.01.2018. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мага аябай жагат бактылуу болгула
02.01.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Өтө жагат.
02.01.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Менин жакшы коргон ырчым аябай сыйлайм.
02.01.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Сагынтып 5жылда бир интервью берсе жылмайып отуруп окуйт экенсин. Тойбой да калдым. Кыздарынын характери эмне менен алектенет ошолорду да жазбапсынарда. Ошентсе да рахмат. Бактылуу болсун дагы эки уул торосун.
02.01.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Алайдын сулуусу
02.01.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бактыгул эже чыканда суперди сатып алып окудум
02.01.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу канчанчы жылкы болот?
03.01.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ulan73,Бактыгулдон 8жаш улуу дешет.
02.01.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дагы суротторунон чыгарсанар болмок.
02.01.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бул сагындырып келиптир,жакшы маек бериптир,тажатма эмес,Нурлан,Асель ж,б
02.01.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Менда ушул ырчыны аябай жакшы кором негедир
02.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула сүйөт болчумун менда Бакуляны
03.01.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Койгулачы э. Сразу коро албастар чыктыго. Озу кыргыздар коро албас ушакчы келет экенбиз. Бактыгул эже сизди сыйлайм сизди жакшы кором. Жезде менен бактылуу болунуз!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-03 10:17:20
03.01.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Убагында аябай популярдуу болгон.Ырлары жагат.Таланттуу айым.Сыйга татыктуу
03.01.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактыгул эже бактылуу болунуздар. Кыздарыныздын артынан уул кыздар ээрчип келе берсин. Кооп балалуу болгула
03.01.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактыгул убагында ырчылыкты таштады,ырдап жургон ырчылардын артынан ушак айын коп болот эмеспи,
03.01.2018. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула, жагат ушул ырчы особенно глазки у нее красивые
03.01.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыздары эгизби?
03.01.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болсун
04.01.2018. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мыкты айым,Бакыт каалайм.
05.01.2018. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик сизге Бактыгул айым
05.01.2018. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы адамдын артынан дайыма ушундай жакшы создор ээрчийт. Ушу калыбынан жазбай уй булосу менен бактылуу болсун.
05.01.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу экен бакытынарга коз тийбесин апасыда кайненесида жакшы адамдар экен кайненеси ии тушунгон заманбап кайнене экен ата эненердин омуру уззззууууун болсун ылайым!
06.01.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менин куйоом Бактыгул Бадыева жагат деп ачыгын эле айтат. Мен кызганып кетем. Анан дуйнолук согуш баштала кеткенде а сени суйом жаным деп кутулат.
14.01.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мендей бул айымды эчким жакшы корбосо кекек
14.01.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуз мен сизди жакшы кором
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо