Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТЕКСТТИ КАЙСЫ МАНЖА МЕНЕН ТЕРЕСИЗ? Ошого жараша мүнөзүңүздү билип алыңыз

№791 28-декабрь-5-январь 2018-ж.

Техника өнүккөн заманда көчөдөн айланага көз салгандарга караганда телефонуна үңүлүп, жанынан өткөн адамды жөөлөп кеткенин байкабаган адамдарды көбүрөөк учуратасың. Психологдор смартфонуна үңүлө текст терип отурган адамдарга түрдүү мүнөздөмө берип чыгышты, анда ар бирибиз өзүбүздү издеп көрөлү.

ЖАН ДҮЙНӨСҮ НАЗИК АДАМДАР
Телефонду сол колуна алып, оң колунун сөөмөйү менен тамга тергендер жан дүйнөсү назик, искусствону баалаган чыгармачыл адамдар болушат. Бейтааныш адамдарга көп ачыла бербейт, булардын ишеничине кириш үчүн көп убакыт жана далилдер керек. Эгер буларга жакпаган кадам жасап алсаңыз же олуттуу ката кетирип ишеничтен чыгып алсаңыз, дароо жакын адамдардын тизмесинен чийилесиз. Көңүлүн ооруткан адамдан кайсы бир күнү өч алышы да мүмкүн. Андыктан мындай адамдарды аз сандагы, бирок иргелген чыныгы достор курчап жүрөт. Сезимдерин көп ачыктай беришпейт, бирок болуп жаткан окуяларга чындап кубанып же кайгыра билишет.


АР ДАЙЫМ КЫЙМЫЛДАГЫ АКТИВДҮҮ АДАМДАР
Телефонду кош колдоп алып, эки бармагы менен тең тамга терип жазган адамдар көзгө көрүнүктүү, ачык, ошол эле учурда бат чыр-чатакка барган адамдар. Идеяга бай, энергиясы ашып-ташып, чечим чыгарууда түрдүү вариантта ойлоно алышат. Ойлогон идеясы колдоо таппаса маанайы түшүп, депрессияга кабылышы мүмкүн. Эгер башка бирөөнүн ою же болбосо кайсы бир эреже көңүлүнө төп келбесе, "сеники туура эмес" деп көгөрүп тура беришет. Бирок ак көңүл келишет, көңүлүн таба билген адам менен чогуу кандай иш болбосун майын чыгара аткарат. Мындай адамдарга бир орунда көпкө отуруу жакпайт, алар ар дайым кыймылда, кызыктуу жайларда, көңүл чордонунда жүрүшү керек.


ШАШМА, КЫЗУУ КАНДУУ АДАМДАР
Телефонду оң колуна кармап, оң бармагы менен тамга терген адамдар табиятынан лидер келишет. Жашоодогу максатын так коюп, ага жетүү үчүн бар күчүн жумшашат. Шашма, кызуу кандуу мүнөзгө ээ. Майда-чүйдө иштерге, ызы-чууларга аралашканды жаман көрүшөт. Бирок жакын адамдарынын маселесине баш-оту менен киришип, өзү зыян тартып калса да ошол адамды коргоого аягына чейин аракет кылышат. Иштин майын чыгара иштеп, кайсы тараптан пайда келерин алдын ала сезе билген көрөгөчтүк жөндөмдүүлүккө ээ. Бул сапатынан улам жетекчиликтен колдоо таап же көпчүлүк учурда өзү жетекчилик кызматта болот. Бирок беттеген максатына жетүүдө бут тоскон адамды тууган же башка экенине карабай тебелеп өтүп кетиши мүмкүн.


ЖАЙДАРЫ МҮНӨЗҮНӨН УЛАМ КӨП АЛДАНЫШАТ
Телефонду кош колдоп алып, оң бармагы менен тамга тергендерди психологдор позитивдүүлүгү менен башкалар үчүн жабык турган эшикти да ача алган адамдар деп сыпатташат. Жалгыздыктан жаа бою качып, өзүнөн да айланасындагылардын кызыкчылыгын жогору койгонго даяр келишет. Үйдө камалып жатса чүнчүп кетишет, андыктан иштейм, окуйм же досторум менен жолугат элем десе каршы болбой колдоп коюу керек. Бейтааныш адамдар менен бат тил табышат, мындай адамдардын тегерегинде дайыма топурап көп адам жүрөт. Бирок алардын кимиси дос, кимиси кас экенин талдап отургусу келбей, келген келет, кеткен кетет деп кол шилтеп коюшат. Баары жакшы болот дей берип, айрым учурда алданып калып бармак тиштеген учурлары да болбой койбойт.


ЭРКИНДИКТИ БААЛАШАТ
Телефонду сол колуна алып, сол бармагы менен текст терген адамдар эркиндикти биринчи орунга коюшат. Жумушта болобу, жеке мамиледеби үстүнөн көзөмөлдөөнү, ар бир кадамына отчёт берүүнү жактырышпайт. Бирок өзүлөрү жетекчилик кызматка келсе, кол алдындагыларга талапты катуу коё билишет. Баскан-турганы, кийинүү стили башкалардан өзгөчөлөнүп туруусун жактырышат. Өзүнө карата айтылган сындарды кабыл алгысы келбейт, “мени эч ким түшүнбөйт” деп ойлошот. Жанындагыларга эмес, көпчүлүк учурда өзүнө гана ишенген адамдар. Эгер анын ишеничине кире алсаңыз, достукту бекем сактай алышат. Кандай компанияда болбосун шайыр отурат, тамашакөй келишет, андыктан мындай адамдар барда кече көңүлсүз өтөт деп кабатыр болбой эле коюңуз.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(45)
02.01.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизинен чындыкка жакыныраак экен.Ишенсе болот.
02.01.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура емес депойлодум еле туура екен
02.01.2018. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сол кол менен кармап да бармагым менен да терем,айткандарынын баарысы тура келуудо,кееде сол кол менее кармап он колумун соомойу менен терем,топ келуудо баары эле?
02.01.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туп туура
02.01.2018. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бири да туура келбеди. Мен жалкоо болгон учун эки кол мн терем и бир жагынан телим чон. туура келбеди. эч кандай изилдоо жургузбой эле тушмалдап жазып койгондой.
03.01.2018. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80% жакындады
03.01.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле акыркы кундору суроттун устуно басып жазып атасынар окууганга ынгайсыз болот экен
03.01.2018. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100% tuura, ukmush eken
03.01.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
star....,туура го
03.01.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен баарын колдономго
03.01.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аааа жакшы досторум
03.01.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сол кол менен кармап, оң колдун сөөмөйу мн тергендер көбүнесе телефонду жаңы үйрөнүп жаткан апалар болуш керек менимче...мага дал келген жок 0%
03.01.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай удобный келсе кармай бересин да кечке эле бир позада журо бермек белен.
03.01.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1.2.4
03.01.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tooba
03.01.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес чыкты
03.01.2018. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен сол колум менен телефонду кармап он колум менен, он колум бошобой атса сол колум менен, шашылганда эки колдоп терем. Кайсынысына кирем ошондо?)
03.01.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
30% дал келди ))
03.01.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп деле туура келбеди
04.01.2018. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мен эки баш барман менен жазам мен учун удобный жана бат.
04.01.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да он кол менен бирок жаны телефон алгандан бери кыйналып жатам чон екен
04.01.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош колдоп кармап оң колдун бармагы мн көбүрөөк жазам. Бирок баарын колдоном
04.01.2018. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башкасы бутуп, эми ушул эле калды элк
05.01.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 топтогуларга кошулам.
05.01.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда баарыбыз жакшы адам экенбизда. Чынында ар ким озун жакшымын деп эсеатейт
06.01.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он кол бармак менен жазам
06.01.2018. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура Келди сол колум менен кармап он баш бармагым менен терем
07.01.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен экоону колдонот экенмин
07.01.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))))
09.01.2018. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес аркандай теришет ал болбосо бул
09.01.2018. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган баары кайсы колго ыңгайлуу болсо ошол бармак м-н жазат мисалы телефон 5.5 болсо анда бир колдо жазыш кыйынчылык туудурат 5-4 болсо анда кайсы колдо болсо дагы оңой эле жазасын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо