КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№791 29-декабрь-4-январь 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)


– Таак, Бегимай... Демек, үйгө Болуш келиптир да,- Арсен шашпай гана ага тапанчаны каратып турган Бегимайды карап сүйлөдү.
– Сен жашаганга татыксызсың!- кыз ыйлап жатты.
“Аны өлтүр, мен сени кечирем” деди сен, албетте, макул болдуң. Тиги кыз менен отурган сүрөттөрүмдү көргөндө таптакыр жинденип кеттиң. Тапанчаны октоп берип, көкүтүп калтырып кеткен экен. Ат! Болуш экөөбүздү тең жеп тынсын.
– Сен акмаксың!- кыз ыйлай берди. “Ата албайт” деди Арсен ичинен, корккон да жок.
Тарс! Кулак тундурган үн элиталуу үйдүн жашоочуларынын баарын чочутту. Арсен кулап түштү. Көкүрөгү ысып чыкты. Түшүнбөй калды. Күткөн эмес.
– Апа...- чалкасынан түшүп жатып көкүрөгүн сыйпалап жиберди. Колу ыпысык канга урунду. Дем жетпей баратты.
– Арсен!- Бегимай корккон үнү менен кыйкырып алып жигиттин жанына жетти. Башын өйдө кылмакчы болду.
– Арсен, жаным. Кечирип койчу!- кыз жигитти улам өзүнө тартып кучактаганга аракет кылды. Бирок анын денеси оор тартып, кырылдаган үнү гана чыгып жатты. Көздөрү кимдир бирөөнү издегендей туш тарапка карайт. Эч нерсеге алы келбей турду. Тереңирээк дем тартканга аракет кылып же анысынан майнап чыкпай, тырбалаңдай берди.
– Лиза!- деди аздан кийин тырбалаңдап жаткан буттарын токтотуп. “Лиза... Лиза...” Жылмайып алды өзүнчө. Маңдайында орус кыз аны күлө карап турган. Эмнегедир ушул учурда Арсен анын башын кучактап отуруп, өңгүрөп ыйлап жаткан Бегимайды түртүп жиберип Лизага кол сунгусу келди. Бирок колун көтөрө албай койду. Алы куруп калыптыр. Бирок ушунчалык Лизанын колунан кармагысы келип жатты. Анын колун кармаса эле азыр көкүрөгүн ачыштырып жаткан оорусу басаңдачудай, ага жетсе эле бактылуу боло түшчүдөй жан талашты. Колу көтөрүлбөйт.
– Аа-а!- Лизага жетпей жатканы аны ызалантып жиберди. Көзүнө жаш толуп чыкты. “Аа-а” дагы кыйкырды. Бегимай жигитти октун жараатынан кыйналып жатат деп ойлоду. Улам бекемирээк кучактай берди.
– Лиза...- кыйкырганын токтотту да, болгон күчүн жумшап колун сунду. Колу шалак этип кулап түштү. Бирок жүзүндөгү жылмаюусу кала бериптир. Дем албай калды Арсен.
Алыстан чуулдаган сиреналардын үнү угулуп жатты. Баягы инкассатордук унааны тоноп жатканда да сиреналар алыстан угулган болчу. Эртели-кеч ал үндөр жетип келет окшобойбу.


ххх


Көп кабаттуу үйдүн 9-кабатындагы батирге барган опер кызматкерлери канга боёлуп жаткан жигитти, башынан кучактап тизелеп отурган кызды көрүштү. Ары жакта тапанча жатат.
– “Тез жардамга” чалып кой!- милициянын бири экинчисине үн катты. “Тез жардам” келгенче күтүү керек” деди ичинен опер. “Балким, кыз коштошуп жаткандыр. Бул алардын акыркы көрүшүүсү да”,- ыйлай берип үнү чыкпай ийиндери гана дирилдеп турган кызды карады.
Аз өтпөй дарыгерлер да жетип келишти.
– Жүрүңүз!- опер кызды ийининен тартты.
Чуу салбаса болду деп ойлонуп жаткан. Жок. Кыз акырын гана тизесинен жигиттин башын түшүрүп шашпай өйдө болду. Көздөрүн жумуп, жылмайып жаткан Арсенди бир карап алды. Жигит дале сымбаттуу болчу. Жадакалса ак көйнөгүнүн канга боёлуп турганы да ага жарашып тургандай.
– Жакшы кал, Арсен,- кыз акырын гана үн катты. Ал бул окуядан эч эле өзүн жоготпогондой. Азыр эле бир өмүрдү кыйып салганын али сезе электей көрүндү милиция кызматкерлерине.
Чынында Бегимай эми жеңилдеп калганын сезип жатты. Ооба, бул кыйноо акыры бүтүш керек эле. Бүттү!


ххх


– Дуулатовдордун үйүбү?- эзелтен бери үйдө туруп чалуу келбеген эски телефонду көтөргөн Дуулат ушундай суроону укту.
– Жок. Дуулаттын үйү.
– Дуулатов Арсен...
– Ал уулум. Эмне болду?- үйдөгүлөрдү ойготуп албайын дегендей Дуулат акырын сүйлөп жатты. Ананчы, азыр саат араң 6 болбодубу.
– Кечиресиз, шаардык моргго келиңиз...- Дуулаттын жообун укпай эле телефондо сүйлөп жаткан киши байланышты үзүп салды.
– Эмне?! Эй... Эй...- колдору калтырап кетти. Тут...тут... эткен кыска гудокту угуп туруп да, сүйлөй берди. “Эй, эмне дедиң?! Эй! Эй!”
– Тынччылыкпы?- уктоочу бөлмөдөн аялы чыга калды. Дуулаттын купкуу жүзүн, коркунучка толгон көздөрүн көрүп чочуп кетти.
– Мен азыр... Кудай, ай!- темтелеңдей сыртка жөнөдү. Чөнтөк телефонун алып Арсенге чалып баштады. Чалуу кетип жатты.


ххх


– Байке, өзүңүздү кармаңыз. Сиз таанып беришиңиз керек,- ак халатчан мурутчан жигит, каталканын үстүндө ак шейшеп менен жабылып турган жансыз денеге жакындап келип сүйлөдү. Шашпай жүзүн ачты. Арсен болчу.
Дуулат бир саамга унчукпай тиктеп калды. Көздөрү болор-болбос ачылып турган, мурду кырдач анын сымбаттуу уулу, сыймыктанган, калп эле катуу айтымыш болгону менен, дилинде болгон жакшылыктарды гана тартуу кылгысы келген, бой жетсе деле анын көзүнө күнөөсүз кичинекей баладай көрүнө берген, Кудайдан тилеп алган, көп үмүт арткан жападан жалгыз уулу жансыз жатыптыр.
– Арсен! Балам... Арсе-ен...- башын бат-баттан чайкап алып бышактап ыйлап жиберди. Эми кантет? Каталкага жакындады да, уулунун жансыз денесин кучактап өңгүрөп жиберди.
– Мен апаңа эмне дейм? Эмне дейм апаңа? Балам, ай, балам...
– Кайрат кылыңыз, байке. Түштөн кийин чыгарып беребиз. Азыр милиция кызматкерлери күтүп жатышат.
Сөздөрдү уккан деле жок. Эмне кыларын билбей ыйлай берди.
– Эми кантем? Эми апаңа эмне дейм? Алинага эмне дейм? Арсен...


ххх


– Чыңгыз байке, байкемди атып салышыптыр!- Алинанын чаңырган үнүнөн Чыңгыз өзүн жоготуп коё жаздады.
– Кантип? Качан?
– Чыңгыз байке-е, эмнеге байкемдин жанында болгон жоксуз?
– Ким атыптыр?
– Чогуу жашаган кыз дешти. Сиз ал кызды таанычу белеңиз?
– Мен азыр барам...- шашкалактап телефонун коё салды. “Кантип? Кайдагы кыз?” ушул суроо мээсин жеп жатты. Ордунан тура калып эле каткан жеринен флешканы ала салды. Ноутбукка туташтырып, ичиндеги видеофайлды жандырды. Караңгы бөлмө. Жылаңач Лизаны кучактап, чачын ак баскан киши жатат. Санжар пайда болду кадрда. Ал аярлык менен тиги кишини аттап өтүп, Лизаны чачынан тартты. Ойгончудай эмес. Кызга бир нерсе берип коюшкан өңдүү. Санжар бир ирет камераны карап алды. Кийин белине каткан бычагын алып чыкты. Саамга Лизаны карап турду да, кыздын моюнуна бычак сойлотуп мууздап жиберди. Кыз эсине келип, чочуп кеткен жок. Тек гана денеси бир жыйрылып, анан титиреп бир топко жатты. Кан ченемсиз агып турду.
Чыңгыз өчүрүп салды. Шалдайып отуруп калды.
– Акмактар! Акмактар! Лиза... Байкушум десе,- Чыңгыз кемшеңдеп ыйлап жиберди. Анан алда нени эстегендей, чуркап барып күрмөсүн кийди да, сыртка чуркап чыкты. 1 саатка жетпеген аралыкта ал Арсендер болуп чогуу иштетүүчү акча алмаштырчу жайлардагы акчаларды жыйнай салды. Анын бул кылыгына кол алдында иштеген балдар таң калып гана туруп беришти. Жалаң долларларды алып кетти. Кийин үйгө келип сейфин ачты. 10 миң долларга чукул акча, анан алтын буюмдар турат. Баарын чогултуп бир баштыкка салды.


ххх


Чыңгыз кеч киргенде гана Ак-Өргөөгө барды. Арсендин үйү ыйга, муңга толуп калыптыр. Ал Дуулатты кучактап алып бир топко өкүрүмүш болду. Бирок чын дилинен көзүнө жаш ала албай койду. Кандайдыр бир нерсени даярдап жаткандай шашкалактап алды-артын карай берди.
– Бул Болуштун эле колунан келди. Баламды жайына коёюн, анан сүйлөшөм алар менен,- деди бир убакта Дуулат Чыңгызга даттангандай.
– Бегимай атыптырбы?
– Ооба.
– Дуулат байке, эч нерсе дебеңиз. Болушка да, башкасына да. Мен сизге кийин баарын түшүндүрүп берем. Азыр Болушка бир нерсе дечү болсоңуз сиздин үй-бүлөңүзгө зыяны тийип калат. Сизге, албетте, жаман угулушу мүмкүн, бирок... Бирок Арсен өзү ушуга келе жаткан. Бул эртели-кеч болмок.
– Эмне деп жатасың?
– Мен Арсенге аны сатпайм деп убада бергем. Ал экөөбүз жакында гана жолукканбыз. Дуулат байке, биз көп жаман иштерди жасап койгонбуз. Ошонун азабын тартып баштадык окшойт. Мага ишенсеңиз азыр Алинанын, өзүңүздүн, аяш апамдын паспортторун алып чыгып бериңиз. Сөөк коюлары менен биз Бишкекте бир мүнөт да турбай учуп кетишибиз керек.
– Эч кайда учпайм! Баламдын кыркылыгын өткөрөм. Дегеле мен ушул балам чоңойгон үйдө өмүрүм өткөнчө жашайм.
– Дуулат байке, мен Арсенге убада бергем. Силерди алып кетишим керек. Алар жөн коюшпайт. Алинаны ойлоңуз. Арсендин акылсыздыгы үчүн силер төлөп калбашыңар керек.
– Эй, эмне деп жатасың?
– Дуулат байке, биз жасаган толтура кылмыштар бар. Биз кылмышкер болчубуз. Жолубуз кууш болчу. Болуштан мурун сиздерге биз чогуу кылмыш кылып жүргөн Санжар жетет. Арсенди азыр кызганычтын айынан бир кыз өлтүрүп коюптур деген божомол биз үчүн пайдалуураак. Эгер сиз анын өлүмүнүн чыныгы себебин териштирип баштачу болсоңуз криминал да, Болуш да сизди жөн коюшпайт. Булар баары бир кемедеги немелер, бирөөнү чукуса башкасынын да бети ачылат.
Мен телефондорумду өчүрүп койгом. Азыр Санжарлар Бишкекке келишсе керек. Алар бул жерге да келишет, абалды байкап көрүшөт. Болуш да келиши мүмкүн. Арсен анын жардамчысы эмес беле.
– Болуштун жардамчысы беле?- Дуулаттын көздөрү чакчая түштү.
– Ооба, байкасаңыз, Арсендин өлүмү журналисттерге билинсе чуу жаралмак. Болуш азыр милициянын да оозун жаап койду. Болушунча ашыкча көңүл бурдуртпай жатышат. Акыры силерди да унчукпас кылып салышат. Андыктан кетишибиз керек. Санжар келсе да, Болуш келсе да билмексен болуңуз. Эми мага паспортторду бериңиз. Мен билет алышым керек...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 773-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 776-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 787-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 788-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 789-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 792-сан
Комментарийлер(22)
02.01.2018. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан эле трагедия болуп кетти го бул жагы.
02.01.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
111111111
02.01.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Иий, эмне болуп Кетти. Арсен ушуну коркоксун да,каап...
02.01.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ааай Арсен ааай.Кош бол эми.
02.01.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arsen ozu uwunu kormok suiuktuusu bolup jurgon neme duwmany bolup Janyn aldy Lizany Paidalanywty Ele Liza kelip alyp ketti Emi Sanjardy alsyn owo mn butsun baary
02.01.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Акыры Бегимай жеп тыныптыр да. Арсендин ушул крим дуйного киришине да Бегимай себепчи болгон
02.01.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кемал өлдүүүү
02.01.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Лиза дагы, Бегимай дагы Арсенди суйгон. Лизаны Арсен олтурду, Арсенди Бегимай олтурду. Ушуну кормок.
02.01.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арсен олот деп ойлободум эле, такыр эле башкача болуп кеттиго сериал
02.01.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Болушту камаш керек,эми Бегимай камалат.А Болуш кутулуп калбаса экен.Канча кыздарды кордогон Болуш катуу жаза алыш керек
02.01.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсен олуп калып окугум келбей калды.... Бегимай байкуш камалат...
02.01.2018. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыз алып кетип калбаса Эми аларды
02.01.2018. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Келжирек болуп кетти Арс олбош керек эле. Ата энеси менее калат эле. Дууллат байкуш ай эч жакшылыктарды корбоду жалгыз баласынан. Арс бекер олтурду автор сага нол деген бааа
02.01.2018. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсенди олтурбой эле койсо болмок. Окугум келбей калды...
02.01.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jeki95,Менин дагы окугум келбей калды уже
02.01.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
класс. ушундай чыгармалар жагат. а то башкы ролдогу кармандар дайым жакш ы болот да калганы нито кылып койгон бирдей темадагы чыгармаларды окугум деле келбей калды эле. бул что то новое.
02.01.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыгын олтурду го
03.01.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай болуштан керек эле
03.01.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгер Арсен олбой калса анда сериал реалдуулука жакындабай калмак.оч алуу максатта канчалаган жаман иштерге барды.барибир жазасын алмак да.автор Болуш менен Бегимайды да олтурушунуз керек.алар да жазасын алсын.антпесе Болуш учун бул окуя жон гана жашоосунун кичине суртуму болуп калат
04.01.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не ожидала такого поворота. ...
05.01.2018. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул точно депутат Кыдыралиевтин крим тобу жонундо окшойт значить реальный окуялар баяндалып жатат.Автор- Чынгыз болуш к.к
08.01.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mart19,оа мурун ошентип айтканымда,Арсен Санжардын кругуна кошулган убакта мени минуска толтуруп салышкан
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо