Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАЛАТЫГА ОЮНЧУК ЖАСАЙБЫЗ

№791 28-декабрь-5-январь 2018-ж.

Балдар, келгиле, биз да балатыга өз колубуз менен кооз оюнчук жасап илип коёбуз.

Балатыга шар жасоо үчүн:

• Калың кагаз: түстүү картон же эски журналдардын башкы беттери да жарай берет;
• кайчы;
• клей;
• циркуль же стакан сыяктуу тегерек чийип алуу үчүн курал керектелет.


КАНТИП ЖАСОО КЕРЕК:

• Тандап алган кагазга окшош тегеректерден 21ди чийип алып аны кайчы менен кесип чыгабыз. Сүрөттөгүдөй кылып тегеректи ичинен бүктөп, үч бурчтук жасап алабыз. Кесилген үч бурчтукту башка тегерекчелердин үстүнө коюп карандаш менен сызып чыгабыз да, сызык боюнча тегерек кагаздарды бүктөйбүз.


• 10 тегерекчени бири-бирине шакекче сымал кылып жармаштырабыз.


• Калган 10 тегеректи 5тен бөлүп өздөрүнчө жармаштырабыз. Буларды бири-бирине чаптайбыз. Биздин шар даяр.

Шарды илиш үчүн ага ийне менен жип тигип берүүсүн апаңдан сурансаң болот. Же лентаны түйүп, түйүлгөн жерин шариктин ичине калтырып койсо болот.

Перизат Музуратбекова
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо