ЖАҢЫ ЖЫЛ ТҮНҮНДӨГҮ КАРГАША. Тоноо үчүн үйгө кирген каракчылар энеси менен кызын атып өлтүрүшкөн

№792 5-11-январь, 2018-жыл

2018-жылга караган алгачкы түнү Чүй облусундагы Беловодск айылында үрөй учурган кылмыш катталды. Бет капчан кирген каракчылар үйдөгү 2 аялды атып өлтүрүшүп, ал эми үй ээсине оор жаракат келтиришкен. Каракчылар 100 миң сом акча менен алтын зер буюмдарды алып из жашырышкан. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип 3 адам кармалды.

“КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨРДҮН ЖАНЫНАН ДАЛИЛ БУЮМДАР ТАБЫЛДЫ”
Чүй ОИИББинин маалымат кызматкери Назира Имангазиева окуя тууралуу буларды билдирди:
– 2018-жылдын 1-январында таңкы саат 4 жарымдар чамасында Москва РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Беловодск айылындагы үйлөрдүн биринде ок атуучу курал колдонулган кылмыш болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Моcква РИИБинин ыкчам иликтөө тобу айтылган дарекке барып, 2 аялдын жансыз денеси жаткандыгына күбө болушкан. Алар ошол эле үйдүн тургундары 69 жаштагы К.М. жана анын 45 жаштагы П.И. аттуу кызы болгон. Ошондой эле 45 жаштагы П.В. аттуу үйдүн кожоюну алган жаракатынан улам аймактык ооруканага жеткирилген. Кылмыш болгон үйдөн 12-калибрдеги ок атуучу куралдын 3 гильзасы табылган.
Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкүлөр белгилүү болгон: 1-январь күнү болжол менен таңкы саат 4төр чамасында бет капчан белгисиз адамдар жабырлануучулардын үйүнө киришкен. Алар үй ээлерине ок чыгарып, үйдөн 100 миң сом акча жана зер буюмдарды алып, из жашырып кетишкен. Натыйжада эки аял тийген октон каза таап, үй ээси ооруканага жеткирилген. Кылмыш болгон убакта үйдө каза болгондор менен жаракат алган адамдан сырткары үй ээсинин 3 айлык небереси да болгон. Ага каракчылар зыян келтиришкен эмес. Үй ээсинин 2 кызы ошол түнү досторун куттуктоо үчүн кетишкендиктен, үйдө болгон эмес.
Бул кылмыш боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектелип 19 жаштагы Т.Н., 20 жаштагы Д.К. жана 23 жаштагы К.В., 1998-жылкы Л.В., 1985-жылы туулган К.Р., 1985-жылкы Ш.М. аттуу Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун 6 тургуну кармалды. Кармалган учурда алардын жанынан кылмышка далил буюмдар: уурдалган 90 миң сом акча, зер буюмдар, ок атуучу курал табылган. Андан сырткары алар кылмышта пайдаланган автоунаасы атайын унаа токтотуучу жайга токтотулган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле бул кылмышка катышкан дагы башка жарандарды издөө иштери жүрүп жатат.

“3 АЙЛЫК НАРИСТЕГЕ МЫЛТЫК ТАКАП, АТАСЫНАН АКЧА БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫШЫПТЫР”
Биз кылмыш болгон жерге барып маркумдардын кошуналары менен маектештик. Коңшулары ошол түнү мылтык үнүн угушпагандыгын жана эч нерсе байкашпагандыгын айтышты. Мылтык үнүн байкабаган себебин, ошол түнү баары эле салют атып чыгышканы менен түшүндүрүштү. Ал эми маркумдун Иван Иванов аттуу кошунасы төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кошунам миллионер деле эмес, болгону өзүнө жетиштүү жашачу. Ал чочко багып, сатып оокатын кылып келген. Укканыма караганда, 1-январь түнү саат 4төр чамасында кимдир бирөөлөр кошунамдын эшигин каккылаптыр. Жубайы “курбуларын куттуктоо үчүн кеткен кыздарым келген окшойт” деп эшикти ачканда бет капчан каракчылар ошол замат аны башка атышыптыр. Ал үйдүн коридоруна чейин жетип жерге жыгылган. Андан кийин каракчылар анын апасын да атышкан. Ары жактан чыга калган Владимирди коркутуп, акча берүүсүн талап кылышкан. Үйдө ошол учурда алардын 3 айлык небереси да бар экен. Кошунамдын улуу кызы былтыр турмушка чыгып, 3 ай мурун төрөгөн эле. Кылмышкерлер ымыркайдын башына мылтык такап, эгер акча бербей турган болсо, наристени атып салышарын айтышыптыр. Ошондо Владимир айла жок аларга 100 миң сомдой акча бериптир. Акчаны алган каракчылар Владимирдин да башына атышыптыр. Ал бир топтон кийин өзүнө келип, милицияга окуя тууралуу кабарлаптыр.
Ал күнү майрам болгондуктан салюттар тынбай атылып жаткан да, ошондуктан биз деле мылтык үнүн уккан эмеспиз.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
09.01.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Зоокурлор, болбогон жуз мин учун адамдын канын ичип, бир уйбулоону чыркыратып, ылайым озунор ошол кунду коргуло, укук коргоочулар акыйкат иштегиле, омур бою эркининен ажыратыш керек, олум жазасын киргизиш керек
09.01.2018. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Paprikafm,туура айтасын.
09.01.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акыркы убакта тоноо уурдоолор аябай кобойуп кетти. Токсонунчу жылдарга бара жатат окшойбуз. Кудайым адамдарга ыйман ынсап берсе экен.
09.01.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшылык корбогурлор, олтуруп салсак табылбай калабыз деп ойлошкон го кок мээлер. Жазанарды эки дуйнодо тен аласынар эми
09.01.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алтоо бир ай иштесе 100000 мин тапмак. Арам акча учун адам омурун кыйбай.
09.01.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ээ Аллаа кандай заманга баратабыз эртен балдарыбыз кандай заманга калат ыйлагым келип кетти.
09.01.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээх, окунучтууу болуптур. Эми ошол 100 мин жана алтын зер буюмдарды кайтарган убакта да тигилердин жаны кайтып келбейт. Акча табылуучу нерсе, ошолор адам жанынан да кымбат бекен? 100 минди алып кете бербейт беленер жон эле зоокурлор! Баарибир колго туштунор го! Куноосуз адамдарды кантип олтурсо, буларды да дал ошондой атыш керек баштарына! Аллах озун кечире кор мени.
09.01.2018. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи эле бийликтегилер каякта карап отурушат дейм да! Зордук, олум, каракчылык, криминал болуп кеттик ко беги?! Бычактап олтургондорду да, сууга чоктуруп олтургондорду да, деги эле кимди кандай кылып ким олтурсо, дал ошондой кылып кылмышкерди да олтуруу мыйзамын киргизсе, мыкаачылар азаймак беле?! А то мыкаачылык менен олтургону да, машине бастырып кеткени да бирдей эле жаза алып жатыпайбы?
09.01.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх адамдар кайда баратабыз 100.мин учун эки адамдын жанын алып
10.01.2018. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Неге аты жонун жашырасынар, ачык айкын айтса болбойбу
10.01.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Карышкырга кой кайтартып калган заман болдубу...(((
10.01.2018. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасы керек буларга
10.01.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХХХХХХ ХХХХХ буларын турмого деле кесилгенде бир канча жылдан кийин кайра чыгат да эркиндикке.
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-10 15:36:57
10.01.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акыркы кундору жанылыктардын бары эле, бироону олтурду, тоноду, айтор кырсыктар эле кобойду.
10.01.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кылмышкерлерди колдобоймго, бирок адал тамактануу керек, чочко багып акча тапса акыры арам акча ушуга алып келетта озуно буюрбай, ананда Жаны Жыл тосокон болбойт мына салюттардын атылганын пайдасыда ушул((((
10.01.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Aiziusman0101,ой орустар омур бою эле чочко багышат эмеспи. Табалабай эле кой!!! Тобо де
11.01.2018. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан өлүм жазасын киргизиши керек демократия өнүкөн Америкада деле өлүм жазасы бар
11.01.2018. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай адам омурун кыйган акмактарды турмого отургузуп бакпай ХХХХХХХХХХХХХХ, алар ошого татыктуу, ХХХХХХХХХХХХХ иши кылып жок кылыш керек мындай мыкаачыларды, кийинки учурда адам омурун кыйган кылмыштар коп болуп атат, жогору жактагылар оозунорды ачып отура бербей закон кабыл алып олум жазасына тарткыла, мындай адам омурун кыйган акмактарды!
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-12 09:41:23
14.01.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттерди да атып салыш керек кор болгурларды
25.03.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогору жактагылар абадан кантип акча жасаганды эле ойлошот. Педофилдерге жана ушуларга окшогон адамдын өмүрүн уруп ойнобогон канкорлорго өлүм жазасын киргизишсе болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо