БИР ТУУГАНДАРДЫН ЧЫРЫНАН ЖАРАЛГАН «АДИДАС» МЕНЕН «ПУМА»

№792 5-11-январь, 2018-жыл

Германиянын Аура дарыясынын жээгиндеги Херцогенаурах шаары жергиликтүү эл үчүн өзгөчөлөнүп турат. Ал шаардын бир дагы спорттук олуттуу командасы жок болсо дагы спорттук шаар деген атка ээ. Анткени ушул шаарда дүйнө жүзүн спорттук кийимдер менен кийинтип жатышкан «Адидас» менен «Пуманын» башкы кеңселери жайгашкан.




Адольф Дасслерди көбүнчө Ади деп кыскача аташчу, Дас бул фамилиясынын башкы үч тамгасы. Компания ачылгандан бир жыл өтпөй Финляндиянын спорттук компаниясынын үч тилке болгон логотиби сатып алынган.





Рудольф компаниясынын атын алгач «Руда» деп атаган. Бирок бул аталыш өзүнө жакпай, кийин атын «Пума» кылып өзгөртүп, 1960-жылы пуманын секирип бараткан логотиби чыккан.




БАЛА КЕЗДЕГИ АТААНДАШТЫК
Белгилүү бренддердин түптөөчүлөрү бир тууган Рудольф жана Адольф Дасслерлер кичинекей кездеринен тарта өтүкчү атасы менен иштеп башташкан. Экөө бири-бирине жакын болушканы менен, кимиси мыкты футбол ойнойт, ылдам чуркайт, кимиси көптү билет болуп ар убак атаандашып өсүшөт.
Эки бир тууган Биринчи дүйнөлүк согушка катышып, аман келишет. Рудольф Адольфтон эки жашка улуу эле, кийин ал полиция кызматына иштегиси келет. Адольф үйүнө кайтып, кичи мекени Херцогенаурах шаарында фабрика ачып жатканын укканда Рудольф дагы дароо үйүнө сапар тартат. Ошентип 1924-жылы спорттук бут кийим гана чыгарган «Гебрюдер Дасслер» фирмасы жаралган. Ал жылдары Германия согуштун азабын көрүп, каатчылык болуп жаткан убагы болчу. Спорт жөнүндө эч ким ойлоно элек эле. Биринин сөзүн бири укпаган Дасслерлер чогуу иштегенди эми үйрөнүп башташат. Адольф бут кийимдин таманынан боосуна чейин жасоону мыкты өздөштүрсө, Рудольф кардарлар менен тил табышып, сатуу жагынан кыйын эле.
Эки бир тууган үйлөнүп, жубайлары фабрикадагы жумуштарга жардам берип турушканы менен, өз ара мамилеси анчейин жакшы эмес болуп турган.


ДАССЛЕРЛЕРДИН СПОРТКО АРАЛАШУУСУ
1933-жылы бийликке Гитлердин келиши менен Дасслерлердин иши үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат. Бийлик спортко көп көңүл бөлүп, Германия 1936-жылы Олимпиаданы кабыл алат. Жаштарды спорт аркылуу национал-социалисттердин партиясына үндөгөн Гитлердин саясаты үчүн спорттук бут кийим абадай зарыл эле.
Дасслерлер үй-бүлөсү Херцогенаурахта чоң үйдө чогуу жашашчу. Башында ынтымактуу жашашканы менен, чоң үйдө чырлар барган сайын көбөйүп баштаган. Дасслерлердин урушун бир максат гана сактап калган – ал Олимпиадада жеңишке жете турган спортчуну таап, ал фирманы жарнама кылуусу керек. Адольф афроамерикалык жөө күлүк Жесси Оуэнсти сунуштап, ага өздөрүнүн бут кийимин сунуштоо үчүн бир чемодан толтура бут кийим көтөрүп барган. Оуэнс аларды көргөндө дароо жактырат. Чынында бут кийимдин таманындагы тикенекчелер чуркоо үчүн абдан ыңгайлуу эле. Кара терилүү спортчуну жарнама үчүн тандап алуу чоң тобокелчилик болчу. Бирок Оуэнс Олимпиадада 4 алтын медаль жеңип, өзү менен кошо фабриканын атагын дүйнө жүзүнө тааныткан.
Фабрика күнүнө миңден бут кийим чыгарып баштап, мындан ары дагы өнүгүүсүн улантмак, бирок бул арада Экинчи дүйнөлүк согуш башталып калат.

ЭКИГЕ БӨЛҮНГӨН ФАБРИКА
1939-жылы Дасслерлер фронтко чакырылып, фабрикада болсо курал-жарак чыгарыла баштайт. Кийинчерээк Адольфту аскерлер үчүн өтүк чыгарсын деп үйүнө жиберишип, Рудольф бул учурда согушта калат. Согуштан кийин бир тууган Дасслерлер келише албай «Гебрюдер Дасслер» деген бирдиктүү брендди колдонууну токтотууну чечип, баарын башынан өз алдынча баштоону туура көрүшөт. Алар фабрикадагы жумушчуларды чогултуп, Адольф же Рудольфтун бирин тандоосун талап кылышат. Жумушчулардын жарымынан көбү Адольфту колдосо, калганы Рудольф тарапка өтүшөт. "Рудольф өз бөлмөбүзгө барганда биздин босс "Акыры өз алдынча болдук. Эми биз ким экенибизди көрсөтөбүз деген" деп эскерет фабриканын ошондогу кызматкери Георг Хетцлер.
Экиге бөлүнүп кеткен «Гебрюдер Дасслер» 1949-жылдан тарта эки башка спорттук фабрика катары иштей башташат. Ал "Адидас" менен "Пума" эле. Бизнестин бөлүнүшү эки компания ортосунда дагы бир «согушту» ачты. Ошол кезде эл бири-биринин бут кийимин карап, эки бир туугандын кимиси тарапта экенин биле башташкан. «Сыраканаларда «Пуманын» жумушчулары менен «Адидаста» иштегендер бир столдо отурушчу эмес. Муну менен алар өз жетекчисин канчалык колдоорун билдиришчү» деп эскеришет компанияда иштегендер.

ПЕЛЕ ТАЛАШКА ТҮШҮП...
«Адидас» агасынын компаниясына караганда бир кыйла атагы чыгып баштайт. Бирок 1970-жылы Рудольф өз баласы Арминди футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна жиберип, Пеле менен келишим түзүүсүн максат кылат. Муну билип калган Адольф дагы өз баласы Хорстту жибергени менен, кечигип калат. Пеле мыкты оюнду «Пума» бутсаларын кийип ойноп, Бразилияны чемпиондукка жеткирген. «Пеле келишим боюнча алган 10 миң доллар акчаны кайда катарын билбей, гүл челектерге салып каткан» деп эскерет Рудольфтун небереси Йорг. Финалдык беттеш алдында Пеле «Пума» үчүн дүйнө жүзүнө мыкты жарнама кылып берет: Ал калыстан бутсасынын боосун байлап алууну суранат, жыйынтыгында сыналгыга Пеленин «Пума» бутсасы жакындатылган кадрда даана көрүнөт.
1974-жылы ФРГда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда эки бренддин ортосунда да өз ара «беттеш» орун алган. Эки компания тең мелдеш алдында улуттук курама команданы кийинтүүнү каалайт. ФРГ футболчулары компания менен келишим түзгөндүгү үчүн кошумча акча төлөшпөсө, ойноодон баш тартып башташат. «Ашканада футболчулар чогулуп алып, түнү бою талашып-тартышып чыгышкан. Таңкы саат 6да гана «Адидас» кошумча каражат төлөөгө макул болгондо тараганбыз» деп эскерет футболчу Ули Хеннес. Финалда ФРГ Голландияны 2:1 эсебинде жеңгенде, Адольф муну жеке жеңишиндей кабыл алган.

ЭЛДЕШПЕГЕН АГА-ИНИ
1974-жылы Рудольф өпкө рагы менен ооруганы маалым болот. Ал ошондо бир тууганы Адольфту көргүсү келет. Алар буга чейин спорттук бут кийимдердин көргөзмөсүндө кезигишкени менен, бири-бири менен такыр сүйлөшүшчү эмес. Эки бир туугандын ортосундагы баарлашууга Армин көпүрө болуп, ал Адольфко барып атасы тууралуу айтып берет. Адольф Рудольфко ачуусу келбегенин айтканы менен, бир тууганы ооруп жатканда аны көргөнү да, каза болгондо жаназасына да келген эмес. Андан 4 жыл өткөн соң «Адидастын» жетекчиси инсульттан каза табат. Анын сөөгү бир тууганы коюлган мүрзөгө коюлган. Дасслерлердин өлүмүнөн кийин алардын уулдары Хорс жана Армин компанияны башкарып калышкан.
2009-жылы 2 компаниянын бөлүнгөнүнө 60 жыл толгондо "Адидас" менен "Пума" элдешүү футбол оюнун өткөрүшөт. "Адидастын" ошондогу башчысы Герберт Гайнер «Спорт адамдарды жакындатарына ишенебиз» десе, "Пуманын" жетекчиси Йохен Цайтц «Бул биздин компаниялар үчүн маанилүү күн» деп коштогон.


Адилет Керимбек уулу
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(35)
09.01.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Адидас
09.01.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызыктуу маалыматтар экен.....
09.01.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кино тартса болчудай
09.01.2018. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
010288,киносу бар, чынында кызыктуу
09.01.2018. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gordaya,аты эмне деген кино экен.интересно
09.01.2018. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
010288, дуэль братьев,
15.01.2018. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gordaya,кинонун аталышы кандай айтып койгулачы сураныч
09.01.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-27
Пума " отстой", Адидасты тандагыла. Пуманын ботсыларын албагыла, эгер сатуучу алгыла десе, ошол бутсы менен сатуучуну башына чапкыла. Ал душман, пуманын адамы.
suban78 түзөттү 2018-01-09 11:17:41
09.01.2018. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+61
suban78,сен эмне оригинал адидас кийгендей суйлойсунго,кытайдын чаптама ботинкаларын кийгенин менен ишин жок,))))))))))))
11.01.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
almanbetperm,)))
12.01.2018. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
almanbetperm, боорду эздинерго )))
09.01.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кандай жакшы атаандашуу! Оздорун гана эмес,бир мамлекеттин атын дуйного таанытып.Бизге керектуу сапаттар экен. Бири-бирин коро албай атышып кетмек биздикилер...
09.01.2018. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
ararat..., Бирок олоордо биртууганын коргусу келсе келбей койгону жаман болуптур. Кекчил экен да. Бирок немецтер ошондой бир ката кетирсен экинчи шанс бербейт
09.01.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызыктуу экен. Адидас мн Пуманын тарыхы ушундай чон экенин билбеген экем
09.01.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озу биздин жашоону деле карагыла озу 2 уул торобой колдон келсе кооп эле торогон жакшы экен 2 уул болсо кийин уйлонгондон кийин аялдары куулоп атып экону бири биринен атандаштык пайда бп ардеке болушат экен
09.01.2018. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аябай кызыктуу маалымат экен, билип алдык.
09.01.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адидас мн пумма бир тууган экен да
10.01.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пума биринчи чыккан
10.01.2018. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адидас менен Пуманын мындай тарыхы бар экенин билбепмин.рахмат Супер кж.
10.01.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пума
10.01.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызыктуу макала экен рахмат
11.01.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Булардын эн кичинекей иниси Найк Дасслер жонундо да жаза кетсенер болмок экен))))
11.01.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул макаланы окуп бир окуяны эстеп кеттим
дос балам пуманын кроссовкисин кийип жургон экен эмблемасын кармап сыйрып таштасле астында адидас экен биринин устуно бирин чаптап салыптыр
12.01.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asy,
Эмблемасы бирине бири туура келбейт го.?)
15.01.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asy,кытайлардын ишидир да
11.01.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фильммин коргуло.
12.01.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адидас кийген ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-12 13:07:56
12.01.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktybek90, коомдук этиканы сактаңыз! 3 күн БАНга!
12.01.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер
13.01.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Reebok,тууралуу маалыматтар барбы?болсо жазгылачы.
16.01.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eddi.kg,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди, рахмат.
14.01.2018. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарынар эле бир нерсени айтбайпсынар?мен айтып кетейин анда,Адидас бут кийимдерин жанада наскилерин мумкун болсо кийбей эле койсонор жакшы болмок?анткени адидас деген жазууну тетири жагынан каркаса Аллах деген жазуу пайда болот экен,мага ишенбесенер [moderated]ка кирип карасанар толтура тушунуктуу кылып айтып беришет.
14.01.2018. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli.91,Ооба ошондой жери да бар
15.01.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин куйоомда жаллан адидас пумаларды кийет магазининен кобунчо Москвадан алат.
16.01.2018. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен магазинде иштегенимде шлепкалардын бир тугойун таппай калсак puma adidas деген этикеткасын алып салып экоон бир пара кылып сатат элек.puma adidas экоосу окшош бир гана ошол этикетканан айырмаланат эле.этикеткасы биринин устуно бири чапталуу болот экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо