АКБАР СҮЙҮНБАЕВ "МАДАНИЯТТЫН МЫКТЫ КЫЗМАТКЕРИ" ТӨШ БЕЛГИСИН ТАГЫНДЫ

№792 5-11-январь, 2018-жыл

Кыргыз эстрадасында “Махабатым”, “Сезим” жана башка ырлары менен таанылып, учурда патриоттук ырларга басым жасаган ырчы Акбар Сүйүнбаев Жаңы жылда “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тагынды. Наамды татыктуу эле алдым деген Акбар Сүйүнбаев: “30-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чакырышып, мага төш белги тагышты. 12 жылдык эмгегимдин бааланып, биринчи жолу мамлекеттик наам алганыма аябай кубандым. Сахнага мени менен тең чыккандар наам алып жатканын көрүп, 2 жыл мурун документтеримди тапшырган элем. Жаңы тапшырганда кайсы күнү берет деп аябай күткөм. Кийин күтпөй деле калгам. Быйыл жыл жыйынтыкталып жатканда төш белги тагынып каларым күтүүсүз болду”,- дейт.
Белгилей кетсек, Акбар Сүйүнбаев ырчы катары гана эмес, актёр катары да “Классташтар”, “Достор”, “Понт” деген тасмаларда роль жаратып, 3 тасмага саундтрек жазган. Мындан тышкары ыр, обон жазып келет.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(12)
09.01.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен бул ырчынын бир да ырын билбейт экемин тооба
09.01.2018. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен билген БИР эле ыры бар. " Маданияттын мыкты кызматкери" деген наам 1_2 ыр ырдап, 2 киного тартылып койсо эле берилип калганы?! Баркы кетти
09.01.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өзүнүн жеке ырдаган ырлары популярдуу болгон эмес, илгери Султан Садыралиев менен ырдаган Махабатым ыры популярдуу болгон башка мыкты болгудай эч нерсе кылбады.
09.01.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элден кем калбайын деп сатып алып койгонго чамасы,кайсыл убакта кызмат кылды?
09.01.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы кызматы үчүн маданиятын мыкты кызматкери наамын алды. Же бир кыйраткан ыры жок. Билишимче казактардын бир ырын которуп Султан экөө бир кезде дует ырдап чыгышкан. Андан башка чыгармачылыгы деле жок го. Же бир обон чыгарбаса же бир текст жазбаса же бир музыкант болуп сахнада журбосо анан кайдагы маданияттын мыкты кызматкери.
09.01.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уят уят уят!!! Окуучу кызды ырдаган бир бала да жаңылышпасам ушул наамды алып жүрдү беле!? Кайсы кылган кызматтары үчүн?
09.01.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай белгилүү болгондой деле обону жок. Же бир болливудду багындыргыдай актёр болсо да ии демексин койгулачы ай уят.
09.01.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Калыков Руцская Суйунбаев окуучу кызды ырдаган бала аты да фамилиясы да эсимде жок силер наамга татыксызсынар
09.01.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Али эмгегин сине элек болчу,
12.01.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Элди көрө албаган"-деген наамды ушу силерге бериш керек болчу,өйдөдө жазгандар. Обязательно силерге көрүнүп ырдаш керекпи? Документтерди тапшырдым деди, ал жактан карашат, эмне кылды деп анан бердида. Гүлжигит Калыковтой болуп эч нерсе билген эмесмин деген жок. Айтты тапшыргам деп. Баары билет, документ чогултуп жиберишет. Жөн эле кут болсун дейли, стимул болот.
12.01.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирөө мен тааныбайм десе, баары баштайт.Ким биринчи эмне жазса кошулуп кетмейда, пока дагы бирөө оңдоп кетмейинче...
14.01.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Asel33,)))) суунун нугуна карап агабыз деңиз)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо