Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗДАР ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ КАНТИП ТОСУШТУ? Самат тоодо, Анжелика Балиде эс алууда

№792 5-11-январь, 2018-жыл

Жаңы жылды бардык адам жакшы тилек менен жагымдуу атмосферада тосууга аракет кылат. Кирип келген Ит жылын сахна жылдыздары кандай жана кантип тосушканын өздөрүнөн сурап көрдүк.

Дайыр Исмадияров, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛДА КЫМБАТ БААЛУУ ТЕЛЕФОН УТУП АЛДЫМ»

– Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан жылдагыдай эле жакындарым менен тостум. Жаңы жыл алдында айылга барып, андан соң апам “Жаңы жылды Оштон тосом” дегенинен 28-декабрда аны Ошко жеткирип, өзүм Бишкекке келдим. 31-декабрга чейин корпоративдик кечелерде иштеп, Жаңы жыл күндү эс алууга өзүмө арнадым. Ал күнү күндүз туугандарымды куттуктап чыктым. Жылдагыдай эле Аяз атанын кийимин кийип жээндериме, ини-карындаштарыма белек берип кубанттым. Кечинде өкүл балдарым жана досторум менен борбордогу түнкү клубдардын бирине барып эс алдык. Түнкү клубга кирип баратканда билет менен кошо ар бир кардарга лотерея берген. Кече ортосунда уюштуруучулар Samsung Galaxy S6 телефонун ойнотушуп, аны ошончо кишинин арасынан мен утуп алдым. Негизи 1 калем утуп алсаң деле кубанасың го, кымбат баалуу уюлдук телефонду утканыма маанайым көтөрүлдү. Жаңы жыл күнү ар бир адам эле өзүнө жакшылыктарды тилейт эмеспи, мен да бул жылы алдыма көп максаттарды койдум.

Алиша Диа, актриса: «БЕНГАЛ ШАМЫН ЖАГАМ ДЕП КИРПИГИМДИ КҮЙГҮЗҮП АЛДЫМ»

– Негизи быйылкы Жаңы жылды чет өлкөдөн тосоюн деген жакшы ойлор бар эле. Тилекке каршы ал оюм ишке ашпай калды. Туугандар чогулуп, Жаңы жылды ата-энемдин үйүнөн үй-бүлөлүк жакшы маанайда тостум. Быйыл жаңы рецепттер менен жаңы тамактарды, салаттарды жасап көрдүм, туугандарыма жакты окшойт. Туугандар баарыбыз “мафия” ойнодук. Саат 12ге жакын эшикке чыгып салют аттырганыбыз баарынан кызык болду. Салютубуз тескери карап калган экен, кайра бизди көздөй атып, баарыбыз туш тарапка качып жүрөбүз. Мен бенгал шамын жагам деп кирпигимди да күйгүзүп алдым.

Самат Эркинбеков, тамашоучу, актёр: “АЯЗ АТАДАН ЖАҢЫ ДОЛБООРЛОРДУ СУРАДЫМ”

– 30-декабрга чейин жаңы жылдык кечелерде иштедим. Элди эс алдырып бүткөн соң 31-декабрда өзүм да эс алайын деп Ак-Өргөдө бала кезден чогуу өскөн классташ досторум менен Каракол шаарына кеттик. 7 жылдан бери кышкысын лыжа тебем. Көптөн бери Жаңы жылды Караколдогу лыжа базасында тосууну кыялданып жүргөм. Кыялым орундалып үй-бүлөм менен, досторум менен жакшы тилектерди бири-бирибизге айтып, ойдогудай тостук. Ал жактан тамашоучу Жаныш, Эрмектерге, “Жарайт Ситинин” балдарына жолугуп калдым. Анан Жаңы жыл күнү ушул жылы жаңы долбоорлорду, жакшы тасмаларды Аяз атадан сурадым.

Назми, ырчы: «ЖАҢЫ ЖЫЛ АЛДЫНДА КАЙНЕНЕ БОЛДУМ»

– Жаңы жылдын алдында улуу кызым Алина турмуш жолуна аттанып, Таласка келин болду. Кудалар ачуу басар менен үйгө келишти, аларды коноктоп жакшы узатып алдык. Жаңы жыл ошентип жакшы иш менен башталды. Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам болгондуктан ар жылы жолдошум, балдар болуп үйдө тособуз, бул жылы да ошенттик. Өзүбүз эле үйдө дасторкон жайып, балдарыбыз-кыздарыбыз салат жасашып, манты түйүшүп жардам беришет. Андан соң сыналгыдан жаңы жылдык берүүлөрдү, концерттерди көрөбүз, бири-бирибизге каалоо-тилек айтабыз. Достор дайыма бир жакка барып чогуу отуралы деп чакырышат, бирок жолдошум ага эч ынабайт.

Ошондой эле Роза Шакирова Жаңы жылды шеринелештери менен, Санжар Мыкыев үй-бүлөсү менен тоодо, Аваз Акимов достору менен караокеде ырдап, Нурлан Насип өзүнүн жаңы үйүндө ата-энеси, туугандары менен тосту. Ал эми Гүлжигит Калыков досу, тамашоучу Кубат Кубанычбеков келинчеги менен үйүнө конокко келип, алар менен тосконун, эртеси достору менен чогуу лыжа тебүүгө Каракол шаарына кеткенин айтат. Быйыл жаңы жылдык каникулда чет өлкөгө эс алууга кеткендер да көп болду. Айрымдарын атай кетсек, Эрмек Нурбаев АКШда, Айымжан Айылчиева, Нурмат Садыров, Эдил Маматовдор Түркияда, Токтобек Асаналиев Дубайда, Алмаз Шаадаев Орусияда өткөрүштү. Жаңы жыл алдында Айдана Дека менен Аваз Акимов Түркияга барып мекендештерибизге концерт коюшса, Гүлнур Асанова Малайзияга барып ден соолугун чыңдап келди. 2018-жылдын алгачкы күндөрүн Сапар Эркебаев Таиландда, Анжелика Балиде, Нияз Абдыразаков Кипрде эс алуу менен өткөрүп жаткан чактары.


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
09.01.2018. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Охооо сонун болуптурго
09.01.2018. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Жашоо ушулардыкы го
09.01.2018. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Дайыр баласынан кабар алды болду бекен. Жок дегенде телефондон куттуктап дегендей.
09.01.2018. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Tyty1990,жаңы утуп алган телефонудан е..?
09.01.2018. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Алиша деген неме ажырашып кеткенби мен эле дей бериптир го. Куйоосу жонундо соз жок. Анан да ата энеси менен тоссо ммм
09.01.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Mara8492, ой муну кара тыңдыгын))
09.01.2018. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mara8492,деп окудум башка сайттан бирок билбейм
10.01.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Mara8492,ошода озу жаны эле турмушка чыкса жаны жылды кайын журт менен тосуш керекго дейм
09.01.2018. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аа жакшы жакшы
09.01.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Охоо баары эле менин кыялымдагы олкодо эс алып журушотго бизге да буйруйт бекен, жолдошум экообуз жаны эле уйлонуп уй салып жатабыз, уйубуз бутсо бараарбыз, омин деп коюнуздарчы, рахмат
09.01.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Paprikafm,Оомин!Кудайым насип кылса бараарбыз биз дагы..
10.01.2018. 04:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Paprikafm,Буйруйт кыялынар орундалсын ооомийин
14.01.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,Амиин! Сизге дагы бизге дагы Аллахым Насип кылсын
09.01.2018. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Дайыр га аллергиям бар корунбочу козго
09.01.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика күйөөсү экөө эс алып журөбү ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-09 14:10:26
10.01.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
u.n.m,куйоосу барган эмес...Жапжалгыз эс алып журот Балиде))))
09.01.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Назминин кызы куйоого чыга турган болуп калды беле? Жапжаш болуп журсо ойлоптурмун балдары деле школьник го деп
09.01.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
engel,Куйоосунун биринчи никесинен
09.01.2018. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Балинин балекетин аламбы, биякта былжып атса бааааягы кылыктар
09.01.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Анжелика Балида жатса страничкасы заматта туалеттен айырмасы жок болуп кашасы чыгып кеттиго.
Анан актанып узун пост жазып барынын оозун жаба салды эле,
азыр кимисине ишенээринди билбей турган чагыбыз.
Быйыл да жаны сениал чыкты корунот.
Ушул аялды ушунча соз ээрчигени жон эместир, деги койчу аябай озун булгап алды
10.01.2018. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эрибиз жатат уч кызды карап. А мен болсо балиде журом щалпактап ырдап. Уй було менее эс алууга не жетсин.
10.01.2018. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы Супер инфо,. Нурлан Насиптин жаны уйно конок болуп барып газетага чыгарыныздарчы. Уйу аябай сонун корунотко.
10.01.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
airus879015,
Саламатсызбы! Гезиттин кийинки сандарынан окуй аласыздар.
10.01.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушул Дайыр мн Анжеликаны чыгарбайле койгулачы шармандаларди тойгозду экообу
10.01.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супердин бирда саны Анжеликасыз чыкпай калдыго,андан коро Бек,Сыймык,Гулжигит,Асел,Алина ж.б ырчылардыда чыгаргылачы сураныч...
11.01.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
дайыр чыкса эле кулкум келет.уялбайт дагы бир норм ыры жок.жон эле лампочкасын куйуп эле кетчи
11.01.2018. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоолору зынк го булардын
11.01.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эбин тапсан эки аша дейт ко.Азаматтаар .
12.01.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиман мага жаган интервью алгылачы сураныч
12.01.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rahatmiku,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
14.01.2018. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр 1 ошол жаны-жыл кундун 1 саатын баласына арнап койсо болмок экен,неси болсода оз канынан жаралган баласыго?кандай уялбайт деймда?тияка бардым деп ооло мактаныптыр,баласы жонундо да ооз ачып койбоптурда?Ал Эми Анжелика болсо семясын оордуна койо албай журот баллиге барып эс алып келем деп?айтаарым баарынарга башка нерсени коюп уйбулонор менен тыынч ынтымактаа жашап ошону мактансанар жарашмак экен?каап ойлонуп коргуло озунорда?уйбулонун тынчтыгына эчнерсе жетбейт?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо