№792 5-11-январь, 2018-жыл
Премьер-министр Сапар Исаков 30-декабрда Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан «Чуңкурчак» тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезондун ачылышына катышты. Быйыл калың кар декабрдын аягында жааганына байланыштуу 2017-2018-жылкы кышкы туристтик сезон кечирээк башталды. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, кышкы туризм үчүн өлкөгө келген туристтердин саны жылдан-жылга өсүүдө. «Быйылкы лыжа тебүү мезгили мыкты болот деп ойлойм. Эс алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз»,- деди Исаков. Өкмөт башчы Кыргыз өлкөсү кышкы туризм боюнча ири потенциалга ээ экенин айтып, бул багытта алгылыктуу иштер жасалышы керектигин кошумчалады."Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |