№792 5-11-январь, 2018-жыл
Өлкөдөгү газ менен жүргөн автоунаалардын ээлерине жеңилдиктер берилиши керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аалы Карашев айтып чыкты. Депутат газ менен жүргөн автоунаалардын экологияга зыяны аздыгын эске алуу зарыл дейт. «Учурда автоунаалар көбөйдү. Алар газ менен жүрсө экологияга зыяны азыраак болот. Бул үчүн автоунаасын газга өткөргөн айдоочуларга жеңилдиктерди беришибиз керек. Мындай кадам башка айдоочуларга стимул болмок»,- дейт Карашев. Андан сырткары депутат айтылган сунуш-пикирлерге өкмөттөн жооп болбой жатканын билдирди. "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |