№792 5-11-январь, 2018-жыл
(Башталышы өткөн сандарда)
Жамиля ойлору менен алышып жатты. Чын эле уулуна мээримден башка эмне бере алат? Коомдогу ордун кантип таап бере алат? Бакыт байлыкта эмес дегени менен, жашоонун эң чоң запкысы да акча жоктугунан экенин өз жон териси менен сезбеди беле. Эмрени бул мураскерликтен ажыратканга акысы барбы? Ошол убакта Данияр байкеси да байланышып Алибек жакын арада балалуу боло турганын айтты. «Бүттү! Демек, мен анын жашоосунан чыктым. Мен Алибек үчүн эч ким эмесмин. Жакында ата болот. Уф, анда эмнеге менин жүрөгүм мынча ооруйт? Эмнеге кызганычтан жинди болуп жаным кашаят? Бүтсүнчү бул азап. Токтосунчу. Алым калбады».
Ыйлады, адатынча үнсүз, дабышсыз. Апакай жүзүндө бермет тамчылары...
– Дагы эмне болду?- деди Керем так маңдайына келип. Көз жашын аарчый берип ал түз тиктеди. Көздөрүндө мурункудай жек көрүү жок эле.
– Сен менин артымдан канча адам койгонсуң? Эмнеге сенден жашына албайм? Эмне кылсам да алаканыңдамын.
– Жашынбай эле бакчанын так ортосунда отуруп алып ыйлап жатасың. Жөн гана өтүп баратып көрдүм. Көзүмдү таңып өтүшүм керек беле? Болуптур, эмне болду дагы?
Көңүлү сыздап турган. Дартын бирөөгө айтпаса жарылып кетчүдөй.
– Ал жакында ата болот экен.
– Хм, үйлөнгөн адамдар балалуу болот да. Анын эмнесине мынчалык көз жаш төктүң? Бүгүн болбосо эртең баары бир боло турган иш болчу, менимче.
– Мен анын балдарынын энеси боло турган адам элем. Мен! Башка бири эмес. Түшүндүңбү?- жаалдуу тигилди ал.
– Экөөбүз балдарыбыз тууралуу эчен кыялданчубуз. Атүгүл аттарын да койгонбуз. Эки кыз, эки эркек болмок.
– Ошончо көппү?
– Биз ошентип кыялданчубуз. Кыздарыбыз мага, уулдарыбыз ага окшош болмок. Чакан үйүбүз, чарбабыз болмок. Күнүгө мен аны жумушка узатып, кайра тосуп алмакмын. Тынчтык, бейпилдикте күн өткөрөт элек. Биз кыялданган балдарды эми ага башка аял төрөп берет. Мага да окшош болбойт анын кызы. А менин уулум ага окшобойт. Мен бул коргондо өмүрүм өткөнчө жалгыз жашаганга мажбурмун. Ахмед менен. Дартымды, арманымды түшүнбөгөн бир чоочун адамдарга үй-бүлө болуп жашап өтөм. Бул акыйкатсыздык эмеспи сенин оюңча?
Жамиля алдында ким отурганын деле унутуп калгандай. Күлүп, көз жашын сүртүп, көзүн жумуп айтып берип жатты. Керем сөзүн бөлбөй укту. Алдында отурган аялдын сырткы сулуулугуна кызыкканы чын. Бирок мындан сулуу аялзатын көрбөптүрбү? Көргөн, сулуулардын ар түрдүүсүн колдон өткөрдү го. Алардын кимиси эсинде калды да, кимиси жүрөгүндө калды? Ак сөөгү, Гарвардды бүтүргөн акылдуусу, Стамбулдун элитасын багындырган арстан, жолборсуна чейинки аялдарды көрдү. Келип ушул жөнөкөй кыргыз кызга багынган жүрөктү айт. Мунун айтып берип жатканын сааттар бою уккусу келгенин айт. Кызыгың түшкүр, кимдир бирөөгө айтып берсе ишене албаган нерсе эмеспи бул. Бирок... Саатын карап алды.
– Шашып жатасыңбы?
– Ооба, Москвага учушум керек. Иштер менен,- деди ал сырдуу жылмайып.
ххх
ххх
ххх
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
3
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |