Максат Довранов, телеалпаруучу: «САЙКАЛ ЭКӨӨБҮЗ ТЫНЧТЫКТЫ ГАНА САМАП ТУРАБЫЗ»

№792 5-11-январь, 2018-жыл

Телеалпаруучу Максат Довранов менен ырчы Сайкал Садыбакасова өткөн жылы баш кошуп, үй-бүлө курушкан. Максат Довранов бүгүн чыгармачылыгы, үй-бүлөсү тууралуу көп кызыктарды айтып берди.

– Жаңы жылың менен, Максат! Жаңырган жылды кантип, кандай маанайда тостуң?
– Чоң рахмат. Кудайдын насиби экен, 2017-жылда үйлөнүп, Жаңы жылды жарым менен чогуу тостум. Майрамды менин айылымдан тосмокпуз, бирок 30-31-декабрь күндөрү мен жумуштан бошобой айылга барбай калдык. Бишкектен досторубуз куттуктап келишти, Оштогу досторубуз болуп баарыбыз чогулуп отурдук. Саат 12ге чейин апабызды (ред.: Гүлшайыр Садыбакасова) барып куттуктап майрамдык маанай тартуулап кайттык.

– Сендей жигит кандай үй-бүлөдө чоңоюп-өстү экен?
– Биз үй-бүлөдө 3 бир тууган эркек балдарбыз. Мен экинчисимин, иним Өмүрбекти быйыл үйлөнтөлү деп жатабыз. Апамдын кызы жок болгондуктан, улуу агамдын кызын 8 айынан баштап өзү баккан. Азыр Аяна апама эрмек болуп жүрөт. Биз кичинекей кезде апам дарыканада иштечү, андан кийин үчөөбүздү тарбиялап үйдө отуруп калды. Апам аябай тартынчаак аял, бирок абдан чыдамкай, сабырдуу. Бизди бутка тургузам деп көп кыйынчылык тартты. Ал кыйынчылыктарды мен да көрүп калдым. Кээде апамдын кайраттуулугуна таң берем, азыр кээ бирибиз бир аз көйгөй жаралса эле ойлонуп, кыжалат болуп кетет эмеспизби. Апам бизди атам жок кантип өстүрдү экен деп ойлой берем. Анткени атам биз кичине кезде каза болуп калган. Апам турмуштун катаал сыноолорун сабырдуулугу менен жеңген аял.

– Телевидениеде көп жылдан бери иштеп жүрөсүң, бул тармакка кантип аралашып калдың эле?
– Мен журналистикага кокусунан келип калгам. Бул тармак боюнча түшүнүгүм жок эле, кызыкчу да эмесмин. Үйдө көп сүйлөйт элем. Бир күнү эжемдер радио угуп отуруп «телевидениеге алпаруучу керек» деген жарыя угуп калып, номерин жазып алышыптыр. Мага «кастингге барып көрбөйсүңбү, сен көп сүйлөйсүң го, өтүп кетерсиң» дешкен. Кастингге барып өтүп кеттим.
Башында бул кесипти хобби катары көрчүмүн, кийинчерээк терең карап баш отум менен кирип кеттим. Өзүм кесибим боюнча модельер-дизайнермин. Дизайнерликти 3 жыл окуп, кийимдерди тигип, ал кийимдер менен шаардык сынактарга да катышып жүргөм. Эгер журналист болбосом менден мыкты дизайнер чыкмак. Бирок теледе иштеп жүргөнүмө 11 жыл болду, азыр башка кесипте иштегенимди элестете албайм.

– Жакында эле белгилүү ырчы Сайкал Садыбакасовага үйлөндүң, үй-бүлөлүү Максат менен бойдок кездеги Максатты салыштырып берсең.
– Бойдок кездеги Максат уйкучу болчу, көчөдөн көп тамактанчу, жумуш убактысы бүтсө деле интернет чукулап отура берчү. Үй-бүлөлүү Максат азыр үйдөн тамактанат, жумуштан үйгө эрте барат. Анан жоопкерчиликтүү болгонго үйрөндүм. Мурун үйдө лампочка күйүп калса бир ай болсо деле алмаштырбай жүрө берчүмүн, азыр өз убагында кылам, бошобой калсам, атайын адистердин кызматын пайдаланам. Анан арканды алысыраак таштап, келечекти көбүрөөк ойлонуп калдым. Бойдок кезде көчөдө, гастролдордо эле жүрчүмүн, эми дагы гастролдордун сезону башталса кандай болот билбей турам. Анан Сайкалга үйлөнгөндөн кийин 6 килограммга семирдим (күлүп).

– Кайненең Гүлшайыр Садыбакасова «Кыз-Буракты» эми күйөө балам Максат менен кызым Сайкал жетектейт» деп айтты эле...
– Жетектейт дегенде эми мен баарын тескебейм. Жетектөө Сайкалдын жалгыз эле колунан келет. Сайкал көнүп калды, ырларды жакшы тандайт, коллективдеги кыздарды жакшы билет дегендей. Болгону мен Сайкалга уюштуруу иштерине, эгер кеңеш-сунуштар керек болсо жардамчы, көмөкчү болуп турам. Азыр биз Ошто жашап жатабыз, «Кыз-Бурактын» кыздары Бишкекте. Бирок Сайкал телефон аркылуу күндө байланышып кыздарга көз салып жатат.

– Кеп нугун үй-бүлөлүк жашооңо бурсак. Айтсаң, Сайкал кандай жар, кандай келин болуп жатат?
– Үйлөнүү тоюбуздун эртеси айылга кеткенбиз. Барып айылдагы туугандардын батасын алып келдик. Ошол күнү мен Сайкалды коргоп жеңемдерге «Сайкал бир аз сыркоолоп жатат, көп жумуш кылдырбай эле койгулачы» деп койгон элем. Жеңемдер «көшөгөдө отура берсин, өзүбүз кылабыз» деген. Бир маалда карасам, Сайкал эшик шыпырып, идиш жууп жүрөт. Кечинде конокторду узатып, чарчап үйгө кирсем, ашкана толо жыйылган идиштерди жууп отуруптур. Апам, жеңемдер «жаңы келин кызмат кылып жатат» деп үйдө чай ичип отурушат. Аябай ыраазы болдум, мен өзүмдү ырчы кызга эмес, катардагы эле жөнөкөй кызга үйлөнгөндөй сезип жатам. Ал күндүн эртеси классташтарымды чакырдык. Анда Сайкал бир тууган кайниси экөө аш басышты, дасторконду өзү жасады, конокторду өзү тосту, айтор, баары ойдогудай болуп жатты. Үйдө ашты жакшы басат, анан Сайкал жасаган маставаны аябай жакшы көрөм.

– Бизге берген маегиңде Гүлшайыр Садыбакасовадан аябай тартынып, сүрдөп жүргөнүңдү айткан элең, азыр көнүп калдыңбы?
– Жок, азыр деле тартынып турам. Биздин апабыз абдан акылдуу, мээримдүү жан, бардык нерсени байкап, сезип турат. «Апасын көрүп кызын ал» деген кеп бар эмеспи кыргызда, ошон үчүн да менин тандоом Сайкал болгондур. Негизгиси, биздин бири-бирибизге болгон сыйыбыз түбөлүктүү болсо дейм.

– Силер үйлөнгөнгө чейин, үйлөнгөндөн кийин деле ар кандай сөздөр айтылды, элдин өйдө-ылдый айтылган кептери силерге оор тийсе керек?
– Туура айтасыз, мен өзүмдү популярдуумун деп эсептебейм. Балким, элдин кызыгуусун жараткан адамдырмын, бирок популярдуу эмесмин. Чыгармачыл адам болгондон кийин менин, Сайкалдын дарегине түрдүү кептер айтылды, биз кээде комментарийлерди күлүп чогуу окуйбуз. Андай кептерди биз түшүнүп турганыбыз менен, тууган-урук, жакын-санаалаштар да окуйт экен. Алардын көңүлүнө катуу тиет. Баарыбыз пендебиз да, кемчиликтер болот. Анан өзүн идеал сезип эле башкалардан кемчилик издей берген туура эмес. Чыгармачылыкка байланыштуу айтылган сындарга макулбуз, бирок жеке жашоого асылып «эмнеге чогуу түшкөн сүрөтүңөрдү киргизбейсиңер?» дешет. Тоюбузга келген досторубуздун видеолорун чыгарып жиберишти, той учурунда эже-сиңди уруштубу деп токушту жана мен тууралуу өткөн-кеткендерди козгогондор болду. Чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү киргизсек да сөз кылышат, алып койсок «ажырашып кеттиби?» дешет. Биз деле акылыбызга келип калганда терең ойлонуп көрүп, анан үйлөндүк, эч бир жаман ниетибиз жок. Дарегибизге айтылган өйдө-ылдый кептерден улам азыр биз тынчтыкты гана самап турган кезибиз. Ушундай учурда жылуу сөзүн айтып колдоп койгон адамдар чоң стимул берет экен. Андыктан бири-бирибизден жакшы сөзүбүздү аябасак дейт элем.

"Сайкалды менин туугандарым өз кызындай эле кабыл алышты".
"Жүз жылдык кудагыйлардын сыйы көпкө созулса дейм".
"Билинбей эле телевидениеде иштегениме 11 жыл болуптур".


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(49)
09.01.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бактылуу болгула баш кошкон эки жаш.Эл оозунда элек жок, билип билбей ар нерсени суйлой беришет.
09.01.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болгула
09.01.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула шириндерим!
09.01.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тооктой чожолоп,жузумдой момолоп,оруктой гулдоп,жадырап жаздай,ырдап суйлоп журо бергиле. Ит уро берет кербен кете берет самалеттор учуп конуп журо берет
09.01.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
emi jakshi ajirashpai jashagila
09.01.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң негизгиси бактылуу болгула
09.01.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Максат Сайкал силерди жакшы кором озгочо Сайкалды уну жакшы мен баалаган ырчы бактылуу болгула!!! Коро албагандар соз кылат конул бурбай эле койгула.
09.01.2018. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
1-суротто баарынардын тушконунор коендой окшош экен
09.01.2018. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Максат эстуу жигит экен, Сайкалды го эми билебизда, жаман кыз эмес
10.01.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Максат Сайкал Аллахым силерге эки дуйно бактылуулук насип этсин ,кооп балалуу болгула.
10.01.2018. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кармашкан колунар эч качан узулбосун бактылуу балалуу болгула ийгилик
10.01.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элге үлгү болчу үй-бүлө болгула ылайым.
10.01.2018. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябагандай окшош экен Сайкал Максат кайненеси кичинекей кыз, жожо кыздын турушун апасынын койногун жамынып ширинтай Кыз экен
10.01.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сайкал акылдуу кыз. куйо бала да акылдуу Аллахым силерда колдосун бактылуу болгула!
11.01.2018. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болушсун! Мүнөзү жагат ушул кыздын. Максат да акылдуу, билимдүү көрүнөт. Кыргыз шоусунун көркүнө көрк кошуп жүрө бергиле.
11.01.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат, кошкон жарың менен кошо карыган, эң бактылуу үй бүлөдөн❤ болгула. Кийинки санында бешик бооңорду куттуктап кабар угалы.
11.01.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Популярдуу болбосон Сайкалды алып келбепсин интервьюга, бирок ушу маегин менен коп нерсеге чекит койдун, башта эле ушинтип маалымат берип койсонор болмок, бактылуу болгула.
11.01.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки дуйно бактылуулук каалайм кармашкан колунар туболуктуу болсун!
11.01.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл оозунда элек жок деп бекеринен айтпайт да. Коро албастар суйлой берет, ар бир созго илешип. Бактылууууу болгула!!!
11.01.2018. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Максат азамат жигит экенсин, Сайкалды катуу карма! Болбосо Анжеликанын куйоосундой болуп каласын)))
11.01.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mumu00,Сайкал «темир аял» деген апасынын колунда кандай уят кылды эле апасын.Озуно ыйман берсин.
11.01.2018. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
11.01.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактынар боксорбосун онгуло оскуло.
12.01.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула! Сайкалга ак жоолук сонун жарашыптыр
12.01.2018. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сайкалды жакшы кыз деп ойлочум, но ал 28декабр куну КУТ ОРДО ресторнанга келишкен куйосу экоо сайкал машинадан тушуп кирип кетип калды максат машинадан ткшко чейин ал кирип кетип калды эмт кандай тушунсо болот кирчуу жерине чогуу кириш керек болчуда максаты тоготпогонуда
12.01.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал Максаттын апасына, Максат Сайкалдын апасына окшош го.)))
12.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толгон жарашпайт экен арык кезинде сулуу экенсин
13.01.2018. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максатты тааныбайт элем, аябай жылдыздуу жигит экен, бактылуу болгула!
14.01.2018. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу,улгулуу тугойлордон болгула!
14.01.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ит уро берет кербен журо берет деген соз барго,ошол сынарындай силерда ургон итти тиктепда койбой оз тирилигинер менен журо бергиле,силерди сыйлайм ото жонокой инсансынар,даайыма бактылуу болуп ынтымакда жашап журо бергиле,жопжонокой интервью болуптур,бала-бакыралуу болуп жадырап жайнап журо бергиле.
16.01.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча ушактарды угуп,коруп билип туруп Сайкалды алды го Максат,бойун которбой жалдырап жашасын Сайкал.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо