Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№792 5-11-январь, 2018-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

Дуулат аргасыз макул болду. Уулун эми артка кайтара албайт. Кызын сакташы керек. Чын эле Алинага да кол салышсачы? Жок, Дуулат аны көтөрө албайт. Үчөөнүн тең паспортторун байкатпай алып чыгып Чыңгызга берди.
Эки күн өткөн соң сөөк коюла турган мезгил келди. Арсендин апасы ыйлай берип үнү чыкпай калыптыр. Сөөктү үйдөн алып чыгып жатканда үнүнүн барынча чаңырып, же анысы көкүрөгүн бошотуп чыгып кетпей кыйылдап ыйга, ызага муунуп турду.
«Ушул бизге керек беле, досум?» Чыңгыз Арсен жаткан табыттын бир чекесинен көтөрүп жатып ичинен үн катты.
– Байке-е!- Алинанын чаңырганын укту. Чыңгыздан эмнегедир жаш чыкпай жатты. Анын ойлору башка жакта болчу.
Арсен Чоң-Арыктын четиндеги мүрзөдөн жай тапты. Дуулат боздоп гана туруп берди. Чыңгыз анын жанында жөлөп-таяп турган болчу.
– Кайрат кылыңыз,- деди капыстан Чыңгызга тааныш үн. Өйдө карай берип бет маңдайынан Санжарды көрдү. Жүрөгү оозуна кептеле түштү.
– Арсен жакшы жигит болчу. Эч кимге зыяны жок...- Санжар дагы бир нерселерди сүйлөдү. Анан бир убакта Чыңгызга бурулуп:
– А эмнеге сенин телефонуң өчүк?- деп өктөм сурады.
– Бул жакка чакырышканда шашып унутуп баса бериптирмин. Үйдө калган.
– Жүрсөң мындайраак, сүйлөшөлү,- Санжардын бул сөзүнө макул болуп, Чыңгыз Дуулатты таштап бери басты.
– Эмне болуптур? Кыз атыптыр дейби?
– Ооба. Сиздер эмне жаңы эле келдиңиздерби?
– Ооба. Милиция эмне деп жатат?
– Азырынча ошол кызганычтын айынан атып салган деген божомолду карап жатышат.
– Сөөк коюлган соң биз менен жөнө, макулбу?
– Макул. Болгону Арсендин атасынын жанында бир аз болоюн. Кантсе да досум эмес беле. Анан бара калам. Сиздер үйгө бара бериңиздер. Кайрат айтып турбасам болбойт го.
Санжар Чыңгызды теше тиктеп турду. Бирок эч нерсе деле байкай албады. Анын ансыз деле санаасы көп болчу. Чыңгызга макул дегендей баш ийкеп бери басканда эле анын жолун Болуштун жардамчысы тороп чыкты. Санжарга жанаша басып:
– Санжар аке, салам алейкум. Мен Болуш Сардаровичтен. Ал сиз менен жолуксамбы дейт. Окуяга анын тиешеси жок.
– Ал каякта?
– Кеңседе.
– Кеңседен жолуга албайм. Капчыгайга келсин. Ал билет кайсы капчыгай экенин.


ххх


Лизанын сөөгү көмүлгөн капчыгай. Болуш жол тандабас унаасын өзү айдап келди. Санжар аны күтүп туруптур.
– Кандайсың?- деди ал Санжарга кол сунуп.
– Сен кылдың, билип турам.
– Мен кылсам сени менен жолукпайт элем. Бетим ачылып калбасын деп жан талашпайт болчумун. Баягы менден талашкан кызы атты. Кокустук гана болду окшойт.
«Өх» деди Санжар ичинен. Жеңилдей түштү.
– Сен тузактасың, Болуш. Катуураак кыймылдасаң, ал тузак сени катуураак кысат.
– Мен түшүнүп турам, Санжар. Бирок күнөө менде эмес. Бул ачкыч үйдө калыптыр. Унаасыныкы го? Атасына берейинби же?..- Болуштун үнүндө коркунуч бар эле.
– Ал кайдан сенин үйүңдө калып жатат?
– Арсен менин элиталуу батиримде жашап баштаган. Ачкыч ошол жерде калыптыр. Милиция берди.
– Милиция кандайча сага берет?
– Санжар, түшүнсөң, бул жерде ашыкча чуу чыгарбаш керек болду. Ал менин үйүмдө атылып өлтүрүлдү. Машинасы короодо токтоп турат. Аны ачып жиберишпесин дедим. Акча берип жатып милициядан эптеп алдым. Балким, ал жерде тиги орус сойкуну көмгөндөгү күрөктөр болсочу? Же мени тарткан видеокамера ошол жерде болсочу? Ал менин жардамчым болуп алган. Менден сурап башташмак. Ызы-чуу чыкмак. Унаасын алып атасыныкына токтоттуруп салайын дегем. Кааласаң ачкычты бер, мен өзүм барып эле токтотуп коём.
Санжар Болушка ишенди. «Мунун да чебелектегидей жайы бар» деди ал ойлонуп.
– Биз менен жүр. Сенин унааңды Нурдин айдап алат.
Болуш аргасы кетип Санжардын жанына отурду. Аз өтпөй алар унаа токтотуучу жайга келишти. Арсендин кара Гелендвагени ээсин күтүп дымып турган экен.
– Сен бери айдап чык.
Болуш Гелендвагенди айдап чыкты.
– Эми кеңсеге чейин айдап бар. Биз сенин унааңды артыңдан жеткирип барабыз,- Санжар баары бир толук ишене албай жатты. Ал отурганда жарылып кетеби деп коркту. Ошон үчүн Болушту айдатып көрдү. Жок, жакшынакай эле бара жатат. Бул унаа ага абдан жага турган. Ач көздүгүнө жеңдирип койду. "Баары жайында болсо Ошко алып кетиш керек" деп ойлоду.
Болуш камырабай гана кеңсесине чейин Гелендвагенди айдап барды.
– Ишенбей жатасың го, ээ? Бирок, Санжар, ошол ишти бүтүрсөк жакшы болот эле. Мага баягы видеотасманы сат. Каалаган сумманы берем,- деди ал унаадан түшүп.
– Миллион доллар десемчи?- Санжар кытмыр жылмайды. Анын санаасы тынчый түшүптүр.
– ...
– Дагы сүйлөшөбүз, ээ, Болуш. Баса, милициянын оозун басып кой. Ашыкча маселенин экөөбүзгө тең кереги жок,- Болуштун унаасынан түшүп, Гелендвагенге отуруп жатып сүйлөдү. Болуш макул дегендей баш ийкеди.
– Айда, тиги жакка барып менин машинамды алалы. Муну мен Ошко айдап кетем,- деди Нурдинге. Гелендваген жулкунуп Болуштун кеңсесинен алыстады.
– Кетти!- Болуш кимдир бирөөгө телефон чалып шашкалактады. Бул убакта Гелендваген Лев Толстой көчөсүнө чыгып зуулдап бараткан. Бир убакта дүң-ң эткен катуу добуш чыкты да, Гелендвагенди өрт каптап, 2-3 ирет ала салып барып кулап түштү. Ичиндеги Санжар менен Нурдин тирүүлөй өрттөнүп жатышты.


ххх


– Камера табылды. Сейфте экен!- Болушка кимдир бирөө телефондон сүйлөдү.
– Мага алып кел. Ичинде флеш-карта бар бекен?
– Ооба.
– Өх...


ххх


Чыңгыз Арсендин ата-энесин, карындашын ээрчитип Москвага кетчү учакка отурганы кезекте турушат.
«Башкысы бул жактан качуу керек. Москвага жетебиз. Андан ары Дубайбы, Түркиябы же Америкабы, маанилүү эмес. Негизгиси бул жерде болбош керек. Арс, досум, менде башка арга калган жок. Согуша албайм. Анткени сенсиз мен жеңилип калам. Ишенген тоом сен жоксуң. Сенин бир тууганыңды, ата-энеңди таштаган жокмун. Мен барда аларда баары жайында болот. Кам санаба. Тынч жат! Сен флеш-картаны атайын бергенсиң, түшүнөм. Бир нерсе болсо видеону жайып жиберишим керек болчу. Бирок мен анте албадым. Сенин жакындарыңа зыяны тийип калмак. Анын үстүнө, Арсен, өч алып жүрүп жашоомду өткөрүп жибергим келген жок. Мен эми сен үчүн да, өзүм үчүн да, сенин жакындарың үчүн да өзгөрөм. Мен башка жолго түшөм. Башкача жашайм». Чыңгыз ичинде Арсен менен сүйлөшүп жатты. Өзү тандаган жол туура болоруна ишенгиси келди.
– Биз акыры бир күнү байкемдин өчүн алышыбыз керек, Чыңгыз байке,- ыйлай берип көздөрү кызарган Алина Чыңгыздын ийинине башын жөлөдү. «Жок!» деди жигит ичинен чечкиндүү.


ххх


– Эмнеге атканыңызды түшүндүрүп бере аласызбы?- тергөөчү Бегимайдан сурады. Чачтары саксайып, көздөрү киртийип калган Бегимай ийинин куушурду.
– Биз мас элек.
– Эмне ичтиңиздер эле?
– Коктейль. Сүйүү, жек көрүү, кек аралаштырылган коктейлге мас болчубуз. Аман калууга жол жок болчу.
– Акыл-эсиңиз ордунда элеби?- тергөөчү түшүнбөгөндөй жооп кайтарды. Жооп жок. Бул сүйлөшүүдөн бир ай өтпөй Бегимайды чын эле акыл-эси ордунда эмес деп табышты. Мажбурлап дарылоо керек деп Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканага жөнөтүштү.


ххх


Жарым жылдай ошол жерде кармашты. Бул күндөрдө атайын чакырылган психолог Бегимайды дарылап жатты. Дарыгердин жардамыбы же Бегимай өзү жашоого кайткысы келдиби, айтор, ал мурункудай эле күлүп-жайнап, мурункудай эле чырайлуу болуп чыга келди.
Мына азыр да күзгүдөн өзүнө карап суктанып отурат. Бул кыз жиндикананын бейтабына эч эле окшошпойт. Эми керек болсо ал бейтап дагы эмес. Чыкканы жатат. Сумкаларына кийимдерин салыштырып даярдап койгон. Кимдир бирөөнү күткөндөй...
Ушу тапта оорукананын алдына кымбат жол тандабас токтоду. Андан чачын ак баскан киши чыгып, кимдир бирөө менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатты. Кыз аны терезеден көрүп кубанып кетти. Бул Болуш болчу. Сумкаларын көтөрүп сыртка чуркап чыкты. Болуш телефондон сүйлөшкөнүн токтотпой, кызга «унаага отур» дегенсип ишарат кылып койду. Аздан соң сүйлөшүп бүтүп рулга отурду.
– Мм, сизди ушунчалык сагындым,- деди Бегимай Болушту бекем кучактап өөп.
– Мен дагы,- кызды маңдайынан өөп койду.
– Эми кеттик.
Жол тандабас чаң ызгытып, заматта көздөн кайым болду.

(Аягы)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 773-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 776-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 787-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 788-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 789-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 791-сан
Комментарийлер(49)
09.01.2018. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Та-даам , буттубу ошондо? Жакпай калды бул жомок?)))
09.01.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы адамдар аз жашайт. Сүйгөндөр утулат. Акча жеңет. Бийлик жеңет. Кыздар жеңил ойлуу. Жашоо ушундай...
09.01.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыктай еле бутуп калды го. Окуя уланыш керек болчу. Мен Арсенди олбосо керек деп кутуп атсам((
09.01.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анча эмес! Арсен олбош керек эле. Жакпай калды аягы. Кайра эле болуш менен Бегимай женди. Адилетсиздик! :-(
09.01.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Автор тажап кеткенби?кызыксыз эле бутуруп салды
09.01.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сонун эле бутуруптур, созсуз эле хэппи энд болуш керекпи силерге, болгонун болгондой жазыптыр. Жашоо чынында ушундай да же калппы?
09.01.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Арсен олуш керек болчу, олду! Канча адамдын канын ичти эле!
09.01.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимай деп тыныптыр да((
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-09 15:43:20
09.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырына келгенде озбектердин киносуна окшоштуруп койупсунар
09.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Автор ни чесно
09.01.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен олбой эле бегимай олсо болмок. Ошого татыктуу болчу.
09.01.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аягы Бегимай Арсенди аткандан кийин озун озу атып олтурдуы.А Чынгыз болсо видону интернетке жуктоп,озу Арсендин уй-булосу менен башка шаарга кочуп кетти.Болуш болсо камалды......
09.01.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсенди өлтүрбөй эле койсо болмок(((
09.01.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арсен бактылуу болуш керек эле... эми кееечке ойлоном
09.01.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мааниси жок эле аягы болуп калыптыр. Жок дегенде видеону таратып Болуш камалыш керек эле.
10.01.2018. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
liitle_princess95,кантип болуш камалат.? Камерада санжар мууздап юатканы тартылып турса?
09.01.2018. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Москвасына барып видеону интернетке жайып Болуш чаначты каматып Бегимай суюкту көчөдө калтырып бүтүрүш керек эле да АПТОРРР
10.01.2018. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен макул эмесмин мындай тугошуно(
10.01.2018. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
автор жаман жалко экенсин.хотя бы.баарын олтуруп койбойт Белен биротоло
Gulnaz.GS түзөттү 2018-01-10 03:04:41
10.01.2018. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аягы жакшы бутуптур, Арсен деген акмагынар ошону кормок)))
10.01.2018. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч Кам санабагыла. Мындай деп бутуруп коелук. Арсен жарадар болуп болницага жатып калат . Ошондо болуштар тийишип баштадынбы баардык байлыктарын алып Уй булосу менее башка олкого чыгып кетет да флешканы жайылтат. Ошондо болуштар кармалат. Бегимай болсо жон эле жолдо калат уйу жок.чыегыздар болсо Санжар экоо да качып кетет.ошону менен аяктайт.(автор жаза албапсын ийине жеткирип туфта кылып койдун тузу жок тамактай )
10.01.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
love.me.again, флешканы жайылтканда, Болуш тескерисинче кутулмак, Лизаны Санжар мууздаган, туура эле буткон, Арсен болбогон нерсе учун женил эле чоого айланды, анын жаман жолго барганы женилгени болду,
10.01.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пффф, неге Бегимай Болуш мн кетти?
10.01.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай бүтүшүн каалабадым эле уфф
10.01.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо Болуш ойношу менен кала бердиго, элге сабак болушу учун экоода сыздап калышы керек эле аялынын балдарынын убалына калып
10.01.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aiziusman0101,ооба бодуштун коруп окурмандар сабак алыш керек эле. Аялын ыйлатты. Канча кыздын алдап кыз жандуу эле. Бегимай да арсендин жашоосун талкалап. Айтор автор жалкоолук кылып койду. Дагы да жазганда. Ойнош мн картаны чаал сабак катары болуп калганда.
10.01.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсендин Санжардын олгону туура болуптур, колдору канга булганбадыбы.буларга караганда Болуштун колу таза экен да Бегимай деле Болуштун аялынын каргышына калып, суйгонун олтуруп Болуштун жанында калганы омуру откучо азап болот, рас болду ушуга.
10.01.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле буттуго дейм
11.01.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырас эле бутуу
12.01.2018. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ugarmandar anda Adminden ekinchi sezonun suranalyk tuwunuksuz butup kaldy go tuzu jok supsak Begimai Arsen Mn Kowo Olso bolmok da Tigi Karygan Kart baw ekoo suilowup alsa kerek da Arsendi olturosun men Seni kechirip a9lymdy tawtap seni mn kalam dese kerek da
12.01.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кокуй мен куткондой болбой калды го эми эмне болот Болуш эми Арсендин туугандарын издесе эле
14.01.2018. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Арсенге дагы деле аза кутуп атам мен((. Олбой эле койсон эмне Арсееен((. Уфф, ушу эч эле конулум жылыбады сериалдын аягына.
KOCMOC түзөттү 2018-01-14 23:28:50
18.01.2018. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Геликке жакшы реклама болуптур да.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо