Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КУУРМА ШОРПО – ТОЮМДУУ, СИҢИМДҮҮ ТАМАК

№793 12-18-январь, 2018-жыл

Чыгыш ашканасына таандык болгон шорпону даярдоонун 2 түрү бар: кайнатма жана куурма шорпо. Бул жолу биз жашылчалардын, татымалдардын түрү кошулган витаминдүү, тоюмдуу жана бат сиңимдүү куурма шорпонун түрлөрүн сунуштайбыз.


НОКОТ ШОРПО

Порция - 10 

Даярдоо убактысы – 2 саат

Керектелүүчү азыктар:

Кой эти – 1 килограмм
Нокот – 1 стакан
Пияз – 3 баш
Болгар калемпири – 2 даана
Сарымсак – 1 баш
Помидор – 3 даана
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Картошка – 5 даана
Сабиз – 2 даана
Укроп же ашкөк – 1 тутам
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Нокотту 7-8 саат жылуу сууга чылап коёбуз.
2. Пияз, сабиз, сарымсакты тазалап, жууп алабыз. Андан соң пиязды жарым тегерек, ал эми сабизди 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек кылып туурайбыз.
3. Казанга куюлган май ысыган кезде пиязды салып 6 мүнөт, андан соң чакан кесимдерге бөлүнгөн этти салып дагы 15 мүнөт кууруйбуз. Мындан соң татымына жараша туз, мурч салынып, 3 литрдей суу куюлат.
4. Эми казанга нокотту салып, жай отто нокот бышканча кайнатабыз.
5. Нокот бышкан соң казанга сабизди, сарымсакты, чоң-чоң тууралган картошка, помидор жана болгар калемпирин салып бышырабыз. Шорпобуз даяр! Аны чоң чыныга куюп, үстүнө майда тууралган укроп же ашкөктөн себелеп, дасторконго берсеңиз болот.


ВИТАМИНДҮҮ КУУРМА ШОРПО

Порция - 10 

Даярдоо убактысы – 90 мүнөт



Керектелүүчү азыктар:

Кой же уй эти – 700 грамм
Пияз – 1 баш
Сабиз – 1 даана
Картошка – 4 даана
Бий алма – 2 даана
Түрп – 1 даана
Помидор – 2 даана
Сарымсак – 4 тишче
Болгар калемпири – 2 даана
Өсүмдүк майы – 100 грамм
Укроп – 1 боо
Лавр жалбырагы – 1 даана
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1. Этти чоң-чоң кесимдерге бөлүп, казанда кызып турган майга 5 мүнөттөй кууруйбуз.
2. Эттин үстүнө майда тууралган пиязды, чоң-чоң тууралган сабизди, түрптү жана помидорду салабыз да, дагы 5 мүнөттөй кууруп, 3 литрдей сууну куябыз. Табитиңизге жараша чили калемпирин, жибитилген нокот, төө буурчак кошсоңуз да болот.
3. Шорпо кайнап чыккандан кийин чоң-чоң тууралган картошканы, болгар калемпирин жана бий алманы салып бышканча жай отто 30-40 мүнөттөй кайнатабыз. Тамак бышарга 5 мүнөт калганда лавр жалбырагын, тууралган укропту жана сарымсакты салабыз.


МАШ ШОРПО

Порция - 10 

Даярдоо убактысы – 90 мүнөт



Керектелүүчү азыктар:

Уй же кой эти – 900 грамм
Маш – 200 грамм
Күрүч – 200 грамм
Түрп – 1 даана
Картошка –2 даана
Сабиз – 1 даана
Пияз – 2 баш
Сарымсак – 4 тишче
Томат пастасы – 2 аш кашык
Лимон – 1 даана
Укроп же ашкөк – 1 тутам
Өсүмдүк майы – 80 грамм
Татымына жараша туз, ачуу калемпир, мурч, райкан, ашкөк


Даярдоо ыкмасы:
1. Машты жууп, 7-8 саатка жылуу сууга чылап коёбуз.
3. Эт, аарчылып-тазаланган жашылчалардын баары бирдей, төрт чарчы формасында, пияз менен сарымсак майда тууралат.
4. Казандагы май ысыган кезде сарымсакты, андан соң дароо этти салып кууруйбуз.
5. Эт куурулган соң пиязды салып, бир аз туз, калемпир, райкан сыяктуу татымалдарды себелеп кууруйбуз. Мындан кийин түрп, сабизди салабыз.
6. Жашылчалар куурулган соң томат пастасын салып 5 мүнөттөй кууруп, казанга 3 литрдей муздак сууну куябыз.
7. Эми шорпого жибитилген маш салынат.
8. Маш бышкан кезде таза жуулган күрүчтү салып бышырабыз. Тузун даамдап, үстүнө майда тууралган укроп же ашкөктөн себелеп, 1 тиш сарымсакты майдалап туурап кошуп, лимондун кесимдерин салып койсок маш шорпобуз даяр! Чоң чыныга куюлган маш шорпого табитке жараша 1 аш кашык айран же каймак, мурч, калемпир салып берсеңиз болот.

ШОРПО ДААМДУУ БОЛУШУ ҮЧҮН...

  • Эгер эт тоңдурулган болсо сөзсүз эритип алуу керек. Болбосо май шорпонун бетине калкып калат.
  • Шорпо даярдоо үчүн семиз малдын сөөктүү этин тандаганыңыз туура. Тамагыңыз ширелүү жана даамдуу болот.
  • Кайнап жаткан шорпонун үстүнө эч убакта муздак суу куйганга болбойт. Шорпоңуз даамсыз, супсак болуп калат.
  • Шорпого сарымсакты, көк чөптөрдү аягында салсаңыз даамы артып, жыты аңкыйт.
  • Жашылчаларды бышуу убактысына карата кезеги менен салыңыз. Мисалы, сабиз менен түрп картошкадан мурун салынат.
  • Шорпого салынган жашылчалардын, пияздан башкасынын баары бирдей формада тууралганы туура.
  • Куурма шорпого табитке жараша бий алма, алма, кара өрүк кошууга болот.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(21)
16.01.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайнатма менен куурма шорпо эле жакшы.Нокот шорпо"газ"чыгартат арка жактан.
16.01.2018. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Чечевицабы нокот дегени?
16.01.2018. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulshan1234556,Нут
16.01.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Gulshan1234556,жок,горохтун бир туру нокот.
20.01.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ekaterinburg, Кыргызча нокот, орусча горох экенин билбегенизге танмын?.
18.01.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulshan1234556,Нокот деген горох.
16.01.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нокотт деген горохпу?? Эгер горох болсо,кечкисин сууга чылап коюш керек. Казанга салаарда созсуз суусун тогуп салыш керек. Чыланган сууга нокоттон чыккан зыяндуу зат чыгып кетет деп айтышат медиктер. Ич коппой жакшы синет
16.01.2018. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,жок
17.01.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсы тамака болбосун биринчи пиязды куруса кызарта бүт тамагың дамдуу болот
тамактын дамдуу болушу майды кызытып куруда жакшы курусаң эти жок тамагыңда сонун болот
18.01.2018. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ашкок деген эмне?
18.01.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Suluu4a,ашкөк деген кинза, көрүнүшү петрушкага окшошкону менен жыты, даамы башкача.
20.01.2018. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva,Ашкөк бул - укроп!
18.01.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Suluu4a,зелень
20.01.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Suluu4a, орусчасы зелень. Анын ичинде укроп, петрушка,кинза, райхан,жалбыз(мята) кыскасы тамактан кошулган кок чоптор.
18.01.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нокот деген эмне
18.01.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nurbek88,буурчактын 1 түрү ну.
18.01.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Т
20.01.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нокот,маш,турп -орусча аталышын билгендер жазып койгулачы.Мен билбейт экем.
20.01.2018. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Drongo,нокот-горох (нут), маш-зеленый горох, турп- редька зеленая
21.01.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардык эле тамак соонун болот датаобетте 909-700гр эт кошсо
21.01.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Pandora,Туптуура айттың! 1кг эт менен картошка куурусаң деле сонун болот.нокот покоту жок эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо