№793 12-18-январь, 2018-жыл
«Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму сөз эркиндиги боюнча 2017-жылдын рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Кыргыз өлкөсү рейтингге киргизилген 189 мамлекеттин ичинен 89-орунга татыган. Бул көрсөткүч былтыркы жылкыга салыштырмалуу 4 орун артка жылганын, өлкөдө сөз эркиндигинин начарлоо үстүндө экенин көрсөттү. Аталган рейтингде Казакстан 157-орунга, ал эми Өзбекстан 169-орунга илинген. Эң алдыңкы орундарды болсо Түндүк Европа мамлекеттери (Норвегия, Швеция, Финляндия жана башкалар) ээлеген.
Эл аралык уюмдун маалыматына караганда, рейтинг түзүүдө Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылдагы медиа каражаттарына карата болгон соттук иштер эске алынган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |