-

Өлкөдө билим берүүгө жараксыз, кароосуз калган
7 ДИНИЙ БИЛИМ берүү мекемеси жабылды.
-
Премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болуп КАЛЫКБЕК СУЛТАНОВ, ал эми коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп ТАТТУ МАМБЕТАЛИЕВА дайындалды.
-
Ар бир төрөлгөн балага СҮЙҮНЧҮ ПУЛ керектүү документтерди тапшыргандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде берилет.
-
Билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн ЖАРДАМ ИРЕТИНДЕ Европа биримдиги Кыргыз мамлекетине 10 миллион евро бөлдү. Дагы 33 миллион евро берилиши күтүлүүдө.
-
Кыргыз өлкөсү «Henley & Partners консалтинг» компаниясынын 2018-жылга карата түзгөн ПАСПОРТ РЕЙТИНГИНДЕ 76-орунду ээледи. Казакстан 65-орунга, ал эми Өзбекстан менен Тажикстан 81-орунга татыган. Аталган рейтинг визасыз режимге шарт түзгөн өлкөлөрдү аныктоо үчүн чыгарылган.
-
Түркияда 22 жаштагы кыргызстандык кызды ЗОРДУКТАГАН жергиликтүү тургун айыптуу деп табылып, 30 жылга эркинен ажыратылды. Аталган окуя 2017-жылдын күзүндө болгон.
-
2017-жылдын декабрында ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН каза болгон милиция кызматкеринин үй-бүлөсүнө кесиптештери 276 миң сом жардам көрсөтүштү. Аталган жол кырсыгынан 7 адам каза болуп, анын ичинде Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү Түгөлбай уулу Нургазы, жубайы жана эки баласы да болгон.
-
Башкы прокуратура «ЭКСТРЕМИСТТИК жана ТЕРРОРИСТТИК маанайдагы маалыматтарды жайылтат» деген шек менен 159 сайттын өлкөдөгү ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
-
Индиядан алып келинген «Бабатрон II» үлгүсүндөгү НУР ТЕРАПИЯСЫНЫН аппараты 15-январдан тарта оорулууларга пайдаланыла баштайт.
-
Жогорку Кеңеш МЕКТЕПТЕРДЕГИ окуу жумалыгын 5 күндүк тартипке өткөрүүгө багытталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Эми президент кол коюшу керек. Аталган мыйзам толук колдоо тапса 2018-жылдын 1-сентябрынан тарта ишке кирет.
-
Кыргыз аялдары биринчи баласын орто эсепте 23 ЖАШЫНДА ТӨРӨЙТ. 2012-жылы аталган көрсөткүч 23,4 жашка барабар болгон. Маалыматты Улуттук статистика комитетинен жарыялашты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg