Данияр Эрматов, ырчы: «ЫРЧЫ КЫЗГА ҮЙЛӨНБӨЙМ ДЕП ӨЗҮМӨ СӨЗ БЕРГЕМ»

№793 12-18-январь, 2018-жыл

Данияр Эрматов менен маек учурунда күйөрмандары кайра-кайра уюлдук телефонуна видеочалуу жасап жатышты. «Ушинтип эле бизди оңой көрүп калышпадыбы» деп күлгөн Данияр күйөрмандарынын кылык-жоруктарын айтып күлүп отурду.


«ВАЛЕНТИНА ШЕВЧЕНКО МЕНЕН ЧОГУУ МАШЫККАМ»
– Бала кезде кыялдар ар кандай болот эмеспи. Бирөө мугалим болом десе, бирөө учкуч болгусу келет. Менин 2-3-класстан берки кыялым ырчы же спортчу болуу эле. Ал тилегим ошол боюнча өзгөргөн жок. Спорт менен машыкканды мектепти бүткөндө деле калтырбадым. Бишкекке келгенде Фучик көчөсүндөгү бир мектептин залында спорттун бокс, тай бокс түрү менен машыгып жүрдүм. Мени менен чогуу залда машыккандардын айрымдары азыр дүйнөнү багындырып жүрүшөт. Мисалы, Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко жана эжеси менен бир залда машыкканбыз.
Кийинчерээк мен кафеге жумушка кирип калдым. Бир учурда түнү кафеде музыкант болуп, күндүзү машыгып жүрдүм. Түнү уйкудан калгангабы, кыйналып кеттим. Ата-энем да «балам, өзүңдү мынчалык кыйнабачы» дей башташты. Болбой эле өзүмдү кыстап барганым менен, чын эле чарчап калат экенсиң. Ошону менен машыгууну токтотуп койгом. Негизи бир нерсеге кызыксам аягына чыкканга аракет кылам. Спорт менен кетсем дүйнөлүк деңгээлге чыкпасам да өзүмдүн ордумду тапсам керек деп ойлойм. Азыр Бишкекте эрежесиз эр уруш болгондо тойго буюртмаларды алдын ала албай же ордума башка бирөөнү дайындап болсо да барып көрөм.

«АТА-ЭНЕМДЕН КОРКУП МАШИНА СҮЗГӨНҮН АЙТКАН ЭМЕСМИН»
– Той, концерт деп жүрүп жакындарыма көп жолуга албай калып жатам. Ошондуктан колум бошоду дегиче бир туугандарымдыкына, ата-энеме айылчылап келем. Жакындарыма жолуккан сайын кызыктуу балалыкты эскерип отурабыз.
Эсимде, бир жолу 5-6-классымда болчу, машина уруп, Кудай жалгап аман калганбыз. Досумду велосипедге учкаштырып зуулдап бараткан элек. Катуу тээп баратып чоң жолго чыгып кетиптирбиз. Капыстан Нива келип бизди сүзүп кеткен. Дагы жакшы, тормозду тээп жетишип калыптыр, бирок күү менен келаткандыктан бизди сүзүп кетти. Жерге жатканымды билем, бир азга уктап кеткендей да болдум. Айдоочу сөгүнүп урушуп келатат. Мен көзүмдү ачсам эле байке башка чапчудай болуп коркуп жата бердим. Айдоочу да мага катуу тийди деп коркуп кетти окшойт, «жакшысыңбы?» деп кайра өңү өзгөрө түштү. Ошондо араң көзүмдү ачкам. Ал окуяны коркуп ата-энеме айткан эмесмин. Эки жылдан кийин гана атам сурап жатпайбы. Көрсө, көчөдөгү кишилерден угуп калган экен. Мен урушат деп коркуп айта албай жүрө берип, ошону менен унутуп калыптырмын.

«БИР КҮНДӨ 11 ТОЙГО БАРГАН УЧУРЛАР БОЛГОН»
– Бала кездеги кыялымды орундатуу үчүн көпкө урунуп-бериндим. «Токто, жаным» деген алгачкы ырым ийгиликтүү чыгып, ошонун арты менен продюсерим Канат Кадыржан менен таанышып, иштештим. Шоу-бизнестин ысык-суугун көргөндөн кийин өзүмчө кетүүнү туура көрдүм. Менден көбүнчө «эмнеге азыр концертке эл көп барбай калды?» деп сурай беришет. Бир кезде 2-3 күн концерт берген ырчылар деле азыр бир күнгө элди араң чогултса керек. Анткени азыр интернет өнүгүп кетти. Карабайсызбы, күйөрмандар минтип эле видеочалуу менен бизди көрүп алып жатышат (күлүп). Жооп бербей койсоң да «бой көтөрүп калыптыр» дешет.
Концерттен чыгып чарчап турсам да, маанайым жок болсо да күйөрмандар "сүрөткө түшүп алалы" десе жок дебейм. Анткени кесиптин артынан элге таанылдым, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине татыдым. Азыр эки менеджерим бар, тойлорго буюртманы алар алышат. Мага убактысын, дарегин беришет, мен барып ырдап келе берем.
Той демекчи, жакында эле кызык окуя болду. Той ээси мага адашып башка ресторанды айтып алыптыр. Мен айткан жерине барып ырдап келе бердим. Негизи чакырган адам "рахмат" деп узатып коёт болчу. Анда негедир той ээси антип деле ыраазычылыгын айтпады. Машинада кетип баратсам «качан келесиң?» деп кайра чалат. «Мен адашып айтып алыпмын» деп абалын түшүндүрдү. Айласыздан ага кайра барып ырдаганга туура келди. Азыр, Кудайга шүгүр, элде той көп болуп калды. Бир тойдон 1000 доллар алган, бир күндө 11 тойго барган учурлар болгон.
Негизи, мен ырчылыкты түбөлүктүү кесип катары кабыл албайм. Андыктан ырчылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенем.


«КҮЙӨРМАНЫМ ҮЙГӨ БАРЫПТЫР»
– Биз заманбап үй-бүлө эмеспиз. Ошондуктан ата-энеме жеке жашоомду ачык айткандан уялам. Бир жолу күйөрман кыз айылдагы үйгө барыптыр. Ата-энем менен таанышып, конок болуп, үй-шартты көрүп чыгыптыр. Апамдар деле аны мага айтышпайт да. Эжем кийин «бир кыз үйгө келип кетти» деп айтып жатпайбы. Көрсө, ошондой да болот экен (күлүп).
Ушул кезге чейин баш айланткан сүйүүгө кезиге элекмин. Кээде Эрнист Сыдыков досума «доске, тиги кыз менен сүйлөшөйүнбү, бир кыз табайынбы?» деп айтам. Ал болсо «издебе, маңдайыңа жазган кыз болсо өзү эле бир күнү жолугуп калат» дейт. Эки жыл мурун бир кызды жактырып, сүйлөшүп көрөйүн дедим. Эми эле сүйлөшүп ага сезимдеримди билдирип баштаганда туулган күнү болуп жатпайбы. Же кандай белек алышты билбейм. Нурмат Садыров, Алмаз Шаадаев досторум менен дүкөндөн мамалак алдык. Белекти көтөрүп барып алып, бере албай да көпкө тайсалдагам. Кийин ал экөөбүз дос боюнча эле калдык, көрсө, аны сүйбөптүрмүн. Романтик балдар кыздарга жагат экенин билем, бирок мен ошондой боло албайт экем.
Апам кээде «кесиптеш кыздарыңа эле үйлөнүп албайсыңбы? Баскан-турганыңар бир, дайым жаныңда жүрөт» деп калат. Мен аны каалабайм. Азыртан эле «ырчы кызга үйлөнбөйм» деп өзүмө сөз берип келем. Туура, бактылуу жашап келаткан түгөйлөр деле толтура. Бирок менин идеалымда аялзаты балага мээрим төгүп, үйдө эле отурганы оң.

"Жакында эле Жоодарбешимдин тоюнда 5-ирет күйөө жолдош болдум. Эми өзүм үйлөнсөм кимисин жолдош кылам деп ойлонуп жатам".


Гүлжамал Абылкасымова
(сүрөттөр каармандын өздүк архивинен)
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(33)
16.01.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Иштерине ийгилик
16.01.2018. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мм жакшы
16.01.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Данчик-красавчик... ийгилик
16.01.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушул ырчыны аябай сыйлап ,урматтайм жонокой, токтоо ар бир созду орду менен суйлогон,ыймандуу жигит,ылайым жакшы ыймандуу кызга жолугуп бактылуу бол
16.01.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык интервьюсунда уйуно куйорманы издеп барганын айтат.
16.01.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да ойлонуп журом... Куйоого тийсем кимди курбу кылам деп
16.01.2018. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Кандай десем" деген созду коп колдонот соз байлыгын оркундотуу керек озу деле билет болуш керек гулжайна назиранын жанында суйлой албай калды суу берип койюшбайт же
16.01.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
жоодарбешим кара козун алып койсо болбойтбекен озунун тоюнда
16.01.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен сыйлаган ырчы.Данияр,Элмурат,Ильяз ушул жаш ырчылар жагат.
16.01.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын досум иштерине ийгилик!
16.01.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озумдун байкем го. Сыймыктанам
16.01.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Бир тойдо 1000$ сен учун же сенин денгээлине коптук кылбайбы? Чыгармачылык ийгилик туболук бактылуулук каалайм!
16.01.2018. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Эл нанга акча таппай калган учур болуп калат кээде. Бул ырчы кундо мин доллар Таап ырдайм деп мактанат. Уят
21.01.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei, туура. Мисалы мен элдик компаниялардын биринде иштейм. Зарплата тууралуу эч ким билбейт. Даже чогуу иштегендер, бири-бирибиздикин билбейбиз, анткени бизде келишим ошондой. Бироолор нанга жетпей атса мактанган туура эмес деп ойлойм.
16.01.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ырчы кызга уйлонбойм дейтко Нурланды да ушу кой ырчыны алба деп бузат окшойт Бир болсо:)
16.01.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
1000$дейби Бир ырдап а биз 1000$табыш учун кыйналып 2ай иштейбиз буларга жыргалгоо.
17.01.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
dinar-87,Ооба биз ошондой калкпыз. 200 доллар айлык алып жебей ичпей 10 жыл топтоп, топтолгон аксага бир Кундо той откоруп коебуз. Ырчыларга берип жылкыларды союп баарына жедирип. Анан Орусияны карап жонойбуз кризис деп.
16.01.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тооба коро албастар коп э. 1000 $ тапса табат. Значит ошондой акчаны бере ала турган адам коп. Ар ким озу учун иштейт. Таланттынар бар болсо силер да ырчы болуп 1000 $ таба бергиле. Молодец Мага да бул ырчы жагат. Вперед. Жакшы суйлой алабы соз байлыгы азбы ага да П. главный ырлары да жагат. Мээнет кылып таапкан акчасына коз артпай силер да каерде кантип акча табууну уйронгуло. Бул ырчы башкаларга окшоп акча учуе бироону зар какшаткан жок, урдаган жок. Той кылган адам озу калап чакырып жатат.
20.01.2018. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Linkin.,В точку!!!
16.01.2018. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Миң доллар көп экенин билген үчүн кээде ошондой алып калган учурлар болот деп айтыптыр. Көңүл буруп окугулачы...
16.01.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
16.01.2018. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
....
16.01.2018. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Красавчик да жонокойлугу жузунон корунуп турат. менин бир айылдашым ушуга жаман окшош ал да ушундай жонокой ак конул.
17.01.2018. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мин доллар тапсан эмне кылайын андан коро бей бечарага не жардам бердин ошону мактан
17.01.2018. 03:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгармачылыгынан кабарым көп жок, бирок мурун да бир интервьюсун окуган элем,таанымалмын деп аша чаап кетпеген, пафостон алыс, уйбулолук баалуулуктарга маани берген жигит экен деп ойлоп койгон элем,кашы чийилген,кирпиги чапталган, бети шыбалган инста кыздарды эмес,шаан шөкөттөн башы чыкпаган ырчы кыздарды эмес,мээримдуу,тарбиялуу жар издейт окшойт,баардык нерсе ниетке жараша болот,ошондой мандайы жарык,туз жургөн, жөнөкөй ,сени сыйлап алаар кызга жолук
17.01.2018. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун ырчы !!! Сизди жакшы кором!
17.01.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшы жонокой кыз алынчы баары эле ырчы салондо иштеген бийчи кыздарды алып алышат
17.01.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жонокой экен жакшы интервию болуптур,эсли окуп калсан личкага кайрылсан болот,жакшы кыздар коп,номерлерин берем,оронгон кыздар керек болсо оронгондорда бар,так што ойлонуп корсонор болот,тамаша.
18.01.2018. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Этияттап суйлосончу... именно ырчы кызга уйлонуп калба. ...тагдыр ушу экен деп
19.01.2018. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрматов аявай жакшы ырчы чыгармаларын суйуп угам ийгилик иштеринизге
20.01.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оло кайсарсынго Данияр сени мен жакшы билем. Мени ото жакшы билесин, но жакшы эстеп корсон кулосун
21.01.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargiza89,кайсарсын эмне деген соз? Айтып койгулачы сураныч!
21.01.2018. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онорун оркундой берсин . Менин бактыма себепкер инсан. Жолдошум экообуз токто жаным деген ырды откоруп берчи блютуздан десем анда номерини бересин деп таанышып калганбыз маршутта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо