(Башталышы өткөн сандарда)
– Окудуңбу?
– Ооба.
– Мен барышым керек, түшүнүп жаткандырсың.
– Жок! Бул жолу түшүнө албайм. Сен барбайсың. Сенин үй-бүлөң бар, алардын алдында милдетиң бар. Сен минтип эле каалаганыңда басып кете албайсың.
– Диана...
– Туура, мен ушундай болорун билип туруп тийгем. Миң жолу жүрөгүм ооруп, канап, сыздаарын түшүнгөм. Даяр болчумун. Бирок мен бир учурду эсимден чыгарыптырмын. Мен балалуу болушубузду күткөн эмесмин. Мени аттап басып кетишиң мүмкүн, бирок ичимдеги балага көз жума албайсың.
– Көз жумбайм, мен ага ата болом. Бирок азыр Жамилянын муктаждыгы чоңураак. Силер бул жакта эркиндикте, өз үйүңөрдө. А ал... Мени коё бер, Диана.
– Коё бербесемчи?
– Андай кылба, суранам сенден.
– Эгерде сен бизге карабай бул үйдөн чыгып кетсең, үй-бүлөм бар деп ойлобой эле кой.
Алибек үн-сөзсүз кийимдерин чогултуп жатты. Диана анын баары бир кетерин билди. Аялдык кызганычы, алай-дүлөй түшүргөн намысы ойгонуп кетти. Турду да, колундагы жыйнап жаткан нерселерин жулуп алды.
– Барбайсың дедим!
– Жолумдан кач.
Алибектин артка кайта турган ою жок экендиги ого бетер жанын кашайтып жиберди. «Же ал, же мен» деп ойлоп кетти. Босогодон жылбай койду. Ал жактан өтүп машинасын от алдырып жатып байкабай калган экен, так машинасынын маңдайында туруптур.
– Мени өлтүрүп туруп кетесиң,- деп жатты кекене.
Ошол учурда ичи катуу ооруп бүктөлө түштү. Көзүнөн от чагылган Диана «өлдүм, баламды жоготтум» деп ойлогонго үлгүрдү. Машинадан чыга калган Алибекти, кайненесин көргөн жок. Эсин жоготуп салды.
ххх
Жамилянын кулагы тунуп турду. Конвой аял кайда түртсө ошол жакка серпилип жатты. Темир эшик аркасынан шарт жабылды. Бөлмөдө канча киши бар болду экен? Бир топ үндөр угулгансыйт. Көзүн өйдө көтөрүп карай албады, бир жерге отура кетти.
«Бүттү деген ушу экен да. Эмре эмне болот? Атам менен апам, Нуриля менин эмне болгонумду билишпесе керек. Алибек...» Башынан канчалык жамандык өтсө да мынчалык үрөйү учуп, коркуп көрбөгөн. Өз жашоосун Керемдин түрмөсү дечү. Көрсө, түрмө ушул тура, шылкыйып бардык үмүтү үзүлүп отура берди.
ххх
– Бул кимдин колунан келди? Ким билет? Чык эшикке!
Эге чыгып кетти. Керем алдындагы отургучту бир тепти. Анда да ичинде толуп турган нерсеси жазылбады. Столун тоголотуп, ноутбугун ыргытты. Иш бөлмөсүндө эмне болсо баарын талкалап салгысы келди. Бирок кулагына баланын ыйы угулду. Эмре! Чуркап чыгып баланын бөлмөсүнө бой урду. Коркуп ыйлап жаткан бала жалгыз экен. Жүрөгү тилине түштү. Жанына барып кучактай калды.
– Эмре, коркпо, баары жакшы болот.
– Энем, менин энем күнөөлүү эмес. Жок дегенде сен ишенесиңби буга?
– Албетте, уулум.
– Уулум дебе мени. Мен сенин уулуң эмесмин. Менин атам өлдү, энем болсо...
Эмшеңдеп сөзүн бүтүрбөй токтогон кичинекей Керемди тиктеп турду. Көпкөк өзүнүкүндөй көздөр ага өктөм карады.
– Сен билесиңби, мен сенин энеңе ишенем. Жамиля сенин жаныңда болуусу үчүн колумдан келгенин кылам.
– Чынбы?
Бала ага зор ишеним менен карады. Анын көзүндөгү жалбарууга туруштук бере албай тизеси калтырап кетти.
– Керем амжа, сен энемди куткар, макулбу? Анан мен сенин уулуң болом. Сөз берем, мен сенин уулуң болом.
– Макул, энеңди куткарганга сөз берем.
Бирок оңой болбойт болчу. Бул сөз берүү, аны аткаруу оңойго турбайт эле.
ххх
Диана ооруканада болчу. Боюнан козголуп калыптыр, бир канча жума ооруканада болот деп айтышты. Алибек саатын карады. Учакка аз убакыт калган экен.
Энесин коридорго алып чыкты.
– Апа, мен шашылышмын, жумушум бар. Диананы да, баланы да сага тапшырдым. Мен кетишим керек, билетим күйүп кетет.
– Балам, акылдуу жарың бар. Шашпай түшүндүрсөң мынча нерсе болбойт эле. Ал качан сенин жумушуңа тоскоол болчу эле.
– Апа, мен келгенде түшүндүрөм.
Алибек чыгып кетти. Азыр алдында тоо турса деле аны жарып баса бермек. Ушул учурда гана өзү өтө чоң жаңылыштык кетиргенин туйду.
– Мен сага үйлөнбөшүм керек эле, Диана. Мен сени мынчалык бактысыз кылбашым керек болчу. Мен ичиңдеги баланы бактысыз кылбашым керек эле,- деп кейип жатты. Телефону чырылдады. Белгисиз номер экен.
– Алло?
– Алло, мен Мурат. Алибек, сенин иштеген жериңе келдим. Муратмын. Мен Жамилянын атасы Мурат. Болгон окуядан кабарың барбы?
– Аа, Мурат байке, сизби? Азырынча эч нерсенин чын-бышыгын биле элекмин. Сиз кайдан уктуңуз? Мен шашып жатам, кийин байланышсак болобу?
– Мен да билет алдым. Сенин Стамбулга жол алганыңды уктум. Бирок менин билетим эртең. Келинчегим менен барам.
– Ыя? Ким дедиңиз?
– Мен үйлөнгөм, жубайым менен барам. Эми ал көп сөз. WhatsApp номерим ушу, жеткенде байланышалы. Болобу?
– Болот, сүйлөштүк...