Дубайда борт коштоочу болуп иштеген кыргыз кызы: «ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТКҮҢ КЕЛСЕ, ӨЗҮҢДӨН БАШТА»

№793 12-18-январь, 2018-жыл

«Өлүм алдында биз 2 нерсе үчүн гана өкүнүшүбүз мүмкүн. Аз сүйгөндүгүбүз жана аз саякаттагандыгыбыз үчүн» деген экен америкалык жазуучу Марк Твен. Каарманыбыздай болуп саякаттоо сиздин кадимки графикке салынган жумушуңуз болсо, ал үчүн акча да төлөнүп берилсе, мүмкүн өкүнүүгө себеп болбосо керек. Маектешибиз Бириккен Араб Эмираттарындагы авиакомпаниялардын биринде иштейт. Борт коштоочу Айнура Абдыкадырова кесибине байланыштуу кыдырып көргөн 50дөн ашык өлкөлөр тууралуу кызыктарды айтып берди.

«БОРТ КОШТООЧУЛАРГА ТАЛАПТАР КҮЧТҮҮ»
-2012-жылы И.Раззаков атындагы Техникалык университетти инженер-программист кесиби боюнча аяктап, ылайыктуу жумуш издеп жүргөм. Ал кездеги Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Бириккен Араб Эмираттарына жумушчуларды жөнөтүп жатканын кулагым чалып калып резюмемди таштап койдум. Аңгемелешүүдөн өтүп, Дубай шаарында "Ahmed Seddiqi & Sons" компаниясында кымбат баалуу Швейцария сааттарын сатуучу болуп иштеп баштадым. 2,5 жылдан кийин борт коштоочулукка өттүм. Борт коштоочуларга талап күчтүү. Сырткы келбетиңден баштап адамгерчилигиңе чейин сыноодон өтөсүң. Борт коштоочу боло турган адамдын ден соолугу чың, ар кандай кырдаалдан чыгып кетүүгө жөндөмдүү, стресске чыдамдуу, психологиялык жактан туруктуулук, ар кандай адамдар менен тил табыша жана маселени чече билүү сапаттарына ээ болушу керек. Кооптуу учурларда жүргүнчүлөргө дем-күч берүүгө, учууда адамдардын коопсуздугуна жооптуубуз.

«МАГА АБА ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ. УЧАКТЫН ТЕРЕЗЕСИН АЧЫП КОЙСО БОЛОБУ?»
-Кесибимдин жыргалы менен бирге оорчулугу да бар. Адамдар менен мамиле түзүү өзүнчө искусство. Жүргүнчүлөр ар кайсы өлкөдөн, ар кандай менталитет, жүрүм-туруму менен болушат жана ар кандай максат менен учушат. Баарына тең карап, сабырдуулук жана түшүнүү менен маселе чече билүү маанилүү. Кээде күлкүлүү окуяларга да туш болобуз. Мисалы, бир ирет жүргүнчү мени чакырып, «мага аба жетпей жатат, терезени ачып койсо болобу?» деп суранган. Ден соолукка байланыштуу оор жагдайларда борт коштоочу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болушу керек. Биз алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү, оорулардын түрлөрүн, анын симптомдорун, кайсы учурда кандай дары берүүнү окуп үйрөнгөнбүз. Көбүнчө Америкага учканда аба жетпей же башы ооруп, өзүн жаман сезгендер көп болот. Анткени жол алыс, 12-16 саат учабыз.

«ЭМИ АНТАРКТИДАНЫ КӨРГҮМ КЕЛЕТ»
-Жумушумдун арты менен дүйнөдөгү алты материктин бешөөсүндө болдум. Санын так билбейм, бирок 50дөн ашык өлкө, 100дөн ашык шаарды кыдырганга жетиштим. Эми Антарктиданы көрүүгө ашыгып жүрөм. Көптү көрсөң, көптү билесиң. Ар бир өлкөдө өзүм үчүн ачылыштарды жасадым. Ар бир жаңы жерди көргөн сайын билим куржунум толуп, башкача сезимдерге кабылам, жаңы энергия алам. Жаңы эл, жаңы маданият, үрп-адат, каада-салттар менен таанышам, көз карашым, жашоого болгон мамилем өзгөрөт. Мисалы, Африканын кээ бир өлкөлөрүндө жери кенен, жаратылышы кооз, бирок экономикасы төмөн. Жаш балдар көчөдө кайырчылык кылып жүрөт. Ошол эле убакта аянты жагынан кичинекей Европа өлкөлөрү канчалык өнүгүп кеткенин, өз жарандарына жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергенин көрүп, буларды салыштырасың. Маданияты, элинин ой жүгүртүү деңгээли боюнча мени Япония таң калтыра алды. Адамгерчилик жагынан да ушул өлкөдөн үлгү алса болот. Түштүк Африка Республикасындагы Кейптаун шаарын жаратылышынын кооздугу менен бөлүп караса болот, абдан кооз шаар. Австралиянын эли жаратылышка мээримдүү мамиле жасаганы менен көңүлүбүздү бурду. Бийик имараттары көп, транспорту өнүккөнүнө карабастан сейил бактар, жолдордун четтериндеги жашыл бак-дарактар жаратылышка көрк берүү менен бирге экологияны булгануудан сактап турат.

«ӨЛКӨ ҮЧҮН АР БИРИБИЗ ЖООПТУУБУЗ»
-«Тазаланган жер эмес, булганбаган жер таза». Бул Сингапурга тиешелүү. Ал жакта сагыз чайноого да тыюу салынган. Эң таза өлкө десем жаңылышпайм. Бизде да мыйзамдарды катаалдаштырышыбыз керек деп ойлойм. Эреже бузган же көчөгө таштанды ыргыткандарга чоң өлчөмдөгү айыптарды тагуу керек. Ал адамдардын чөнтөгүнө зыян келген соң эрежени бузбоого аракет кылып отуруп көнүмүш адатка айландырып алабыз. Өнүгүү ушул сыяктуу майда-барат иштерден башталат. Швейцария болсо чын эле Кыргызстанга окшош. Ак мөңгүлүү аска-зоолору, көчө бойлогон жашыл бак-дарактар биздин кооз жаратылышты элестетет. Ал эми экономикасын, албетте, азырынча салыштырууга болбойт. Биз негизи абдан кооз өлкөдө жашайбыз. Менин оюмча, туризм тармагына көңүл буруу менен эле биз бир канча тепкич алдыга чыга алабыз. Биздин күчүбүз ошондо деп билем. Швейцариянын деңгээлине жетиш кыйын. Бирок мүмкүн. Ал үчүн ар бир жаран өлкө алдындагы жоопкерчилигин сезе билиши жана жапа тырмак аракет кылуубуз керек. Көпчүлүгүбүз мекенибизден алыста жашап, иштеп, окуп жүрөбүз. Жүргөн жерибиздин жакшы тараптарын, жаңы идеяларды, жаңы көз караштарды өлкөгө алып келип ишке киргизүү менен салым кошо алабыз. Мен да ошого аракет кылам. «Дүйнөнү өзгөрткүң келсе, өзүңдөн башта» дейт эмеспи улуу ойчул Конфуций. Бийлик башындагыларды сындап отура берүү кемчилигибиз деп билем. Өлкө үчүн ар бирибиз жооптуубуз. Кыргыз жаштарынын тарбиясы, аң-сезими, ой жүгүртүүсү, айлана-чөйрөгө, бири-бирине, жаратылышка кылган мамилесинин жыйынтыгында гана Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошула алат.

«РОМАНТИКАЛУУ КЕСИП»
-Саякаттоону ар бир адам жакшы көрөт жана аны кыялданат деп ойлойм. Мен да кичинемде жерди кыдырууну кыялданып, бирок бул ишке ашпай тургандай сезилчү. Азыр мен бардык нерсе мүмкүн экендигин түшүндүм. Ал үчүн каалоо жана аракет гана керек. Кыялдарыңарды ишке ашыруу өзүңөрдүн гана колуңарда экенин ар бир окурмандын эсине салгым келет. Өзгөчө саякаттоо тууралуу кыялыңарды чындыкка айланткыла. «Миң уккандан бир көргөн артык» дейт элибиз. Саякаттоо унутулгус эмоцияларга жетелеп, жан дүйнөңүздү байытат. Көпчүлүк борт коштоочу кесибин романтикалуу деп эсептешет, ал чын. Эртең менен Париждин көчөлөрүндө сейилдеп жүрүп, кечке маал Дубайда тамактанып отурган болосуң. Керемет эмеспи?..

"Кениянын борбору Найробидеги улуттук паркта ата-энесиз калган пилдерди карашат. Пилдерге жардам кылып адамдар акча беришет, мен да бир пилдин жашоосуна салым кошуп келдим".
"Мьянмадагы чыр-чатактардан көп өтпөй кооптуу аймактан алыс жерине бардым. Сүрөттө балдар сыйынганды үйрөнүп жатышат".
"Италияны өзгөчө жакшы көрөм. Тарыхый кооз өлкө. Колизейди көрүү буюрганына ыраазымын".


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  22 
Комментарийлер(42)
16.01.2018. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азаматсын, менин синдим аябай борт коштоочу болуп иштегиси келет, сен айткан талаптардын баарына жооп берет деп ойлоймун,
16.01.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Борт коштоочу деген Стюардесса болобу ошондо?
16.01.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-Sumitra-,борт проводница...Стюардесса башка.Кошогонун ары жагында турат бул кыз.
17.01.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ekaterinburg, кечиресиз. Бор коштоочу деген бул стюардесса
18.01.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ekaterinburg,борт проводница это и есть стюардесса
19.01.2018. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
boris8907,оппооо...Аталыштары эмнеге башка анда?
18.01.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
-Sumitra-,



Стюард (англ. steward(ess), flight attendant, cabin attendant), или бортпроводник — специалист рядового состава на водных и воздушных судах, выполняющий на них работы по обслуживанию пассажиров, но главным образом ответственный за безопасность пассажиров (в случае аварии — помощь пассажирам, и т. п.)


KOCMOC түзөттү 2018-01-18 12:09:50
16.01.2018. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жакшы сөз, жакшы кыздан экен, бар бол чырагым.
16.01.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азаматсын, эл коруп жер коруп кругозор абдан кенейиптир, озгочо ар бир адам тазалыкты озунон баштап мамлекетибизге салым кошуу милдетибиз дегени жакты, маанилуу жана маныздуу маек бериптир, азаматсын дагы бир жолу, ии баса айтмакчы анан Кыргызстанга биротоло качан келеринди айтып койбопсунда)
16.01.2018. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мумкунчулук бар кезде Кыргызстанга келе турган деле ой жок болсо керек азырынча.Жаш кезинде иштеп алганы жакшы да молодец, аябай суктандым.
Musabaeva. түзөттү 2018-01-16 13:37:14
16.01.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ишине ийгилик
16.01.2018. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу админ.менин болом да дубайдынfly dubai авиакомпаниясында иштейт.ошол боломон да интервью алгыла эгер мумкунчулугунуздор болсо.аты Жаныбек Кыдыкбеков.суранычымды эс аласыздар деп ойлойм.
16.01.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamal93,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат.
17.01.2018. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamal93, Турк лицейди буткон балабы? Бизнес класста иштейт жанылбасам.
16.01.2018. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай сонун, суктандым аябай). Бизге да буюрсун.
16.01.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушу эже менен сүйлөшүп отургум келип жатат
16.01.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аябай таасирленти маеги, азаматсын (кээ бир кызыксыз ушактаргарга Караганда. ...)
16.01.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик ишине
16.01.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай суктандым иши менен бактылуу экен. Жеке жашоосунда да БАКТЫЛУУ болсун. Кыргызымдын кыздары
16.01.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишине ийгилик!!! Кудайым баарыбызга насип кылсын)))
17.01.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул сулуу кыздын уй булосу бар бекен?Куйоосу жок болсо алып койоюн,жагып калды )))
17.01.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат, татынакай кыз экен. Ден соолук жана ийгилик каалайм!
17.01.2018. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Эми бир мактанып коюптур да
17.01.2018. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
molodec Ainura. Iygilik! talastyk klasstashyn 5 mektepten
17.01.2018. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Бла-бла-бла!
17.01.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец.Пейили кенен адам гана ийгиликтерди басып отот.Ишине ийгилик.
17.01.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Баардык нерсе Кудайдын буйругу менен болот,ошону эске алгыла мусулмандар?буйргун болбосо мин аракет кылсанда жете албайсын,ошондой экен баарынар Алладан гана сурасанар балким пешенеге жазып койоттур,инсан нени гана кыялданбайт аа?бут дуйнону бириктиргендеда Аллахтын берген Бейишине Жаннатына жетбейт деп ойлойм,анткени жараткан Аллах бут ааламдын жаратуучусу соонун кылып жаратышына шегим жок Бейишти,ошол себептен каяктагы жерлерди корбодум деп арман кылбайм,болгону Бейишти коруубузду насиб кыл
17.01.2018. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Кылсын деп тилейм,болгондода Фирдаус Бейишин насиб кылсын деп тилейм,арманым менин ушул,дагы бир арманым,журогубузду каяктагы шайтандын жолун жолдоону арман кылбай,бизге керек болгон журогубузго ыйман нурун берсин деп тилейм,жанада ынсап,тапкан-туткандарыбызга береке бере кор дейли,жакшыга жанаштырып жамандан адаштырсын деп тилейм,мусульман аттуунун баарына ыйман берсин жаратканым журокторуно,жанада албетте бул кызгада аман журуусун ыймандуу болуусун тилеп калам.
17.01.2018. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Молодец белой завистью суктандым. Озу да татынакай кыз экен. Кудайым жолуну шыдыр жолдошуну кыдыр кылсын. Билинип турат ар мамлекетти коруп ан сезим ото бийиктеген!
18.01.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушка чыкканбы девелечи)))))
18.01.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дуйнодо 2нерсенен окуносун бар убакытынды жакшы иштерге сарптабаганындан
19.01.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын дилим мн суктандым бул кызга. Азамат!
20.01.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кичинекей чагымда кыйын болчумун,тээп-чаап салчумун же уйу,машинасы менен мактанган же маанисиз ырлары менен концерт коюга костюм тиктирип журом,анан мени коро алышпайт,ошон учун ушакташат деген маанисиз маекке караганда жаштарга улгу болуучу,таасирленте турган маек болуптур.Азаматсын сулуу кыз,бактылуу бол,чырагым!)
20.01.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялдык бакыт-эрге тийип балалуу болуп
21.01.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына ушундай интеллектуальный адамдардан коп коп интервью алып тургулачы шоу дуйносундогулор суйлогонду уйронгончо.
23.01.2018. 05:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adam aldyna kandai gana maksat koibosun en algach anyn atkarylyshyna sozsuz ishenishi kerek jana bir az araket kylyp koiso baary orundalat. Ech kachan bul bolobu je bolboi kalaby dep kumon sanabash kerek. Albette orundalat dep baarynyzdar isheninizder
18.09.2018. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жакшы кыргыз жигитине турмушка чыгууну пландаштыр. кытай, немец, французга турмушка чыкса эмне болуптур, бул тагдыр экен деп жүрбой.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо