Нурзат Токтосунова, "Заманыбыздын супер алпаруучусу": «БАШКЫ МАКСАТЫБЫЗ – БАЛАЛУУ БОЛУУ»

№793 12-18-январь, 2018-жыл

SUPER.KG порталындагы түз эфирдин коноктору «Заманыбыздын супер алпаруучусу» Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбеков болушту. Эфир бүткөнчө кол кармашып отурган түгөйлөр келген суроолорго тамашалуу да, кызыктуу да, ачууланып да жооп берип жатышты. Анан ырдап да беришти. Эфирдеги кызыктар тууралуу бул макаладан окуйсуз.


– Жаңы жылыңыздар менен! 2018-жылды кандай тосуп алдыңыздар?
Максат:
– 2018-жылды жакшы тосуп алдык. Башкысы, ата-энебиз менен тостук.

– Негизи «Жаңы жылды кандай тосуп алсаң, жыл бою ошондой өткөрөсүң» деген кеп бар эмеспи, ошол кептерге ишенесиздерби?
М.:
– Ооба, мен ишенем. Нурзат быйыл үйдө көбүрөөк болот (күлүп).
Нурзат:деп ыйлап жибербейсиңби. Ооба, мен 2018-жылды өзүмө арнайын деп ойлоп жатам. Буюрса, ушул жылы балалуу болсок деп тилек кылып, жашообузда балага орун камдап жатабыз.

– Майрамда бири-бириңиздерге эмне белек бердиңиздер?
М.:
– Бултушкага (Нурзатты карап) 3 килограмм алтын белек кылайын дегем. Бирок «Кумтөрдө» маселелер жаралып андан азыраагын эле белек кылдым.
Н.: – Кышында жылуу болсун деп свитер алып бердим.

– Үйлөнгөнүңүздөргө 3 жылга жакындап калды. Сиздердин үй-бүлөдө толуктоолор болобу?
М.:
– Мен бул жерден толук деген сөздү эле окуп жатам, ооба, толукмун (тамаша). Сиздердин батаңыздар менен Кудай буюрган күнү балалуу болорбуз.
Н.: – Негизи кыргыз элим бизден да көп Кудайдан тилеп жатышат окшойт. Толтура адамдар мага «бул жакта мындай кемпир бар, мындай дарыгер бар» деп смс-кат жазышат. Кеңеш айткандардын баарына ыраазымын.

– Максат, адатта сүйүү 3 жылда эскирет дешет. Өзүңдүн мисалыңда айтсаң, сүйүү 3 жылда эскирет бекен?
М.:
– Негизи сүйүүнүн баркын кетирбей жашаса болот. Бойдок кезде «мен аялымды тигинтип-минтип коём, катуу кармайм» деп айта беребиз го. Ал эми жаңы үйлөнгөндө ажатканага чейин чогуу барып, көзүн карап жашайт эмеспизби, аны көргөн жеңелердин бирөө айтат да, бойдок кездеги сөздөрдү эстетип. Ошондой нерселерден аял менен эркектин ортосундагы мамиле салкындайт деп эсептейм. Мисалы, биз урушуп Нурзат таарынып "кетем" деп калса мен артынан калбай ээрчип алам. Аял кишинин машинасы болсо да жаман экен, отуруп эле кетип калат. Нурзат катуу айдайт, мен андан катуу айдайм, айтор, токтотуп «кел, сүйлөшөлү» деп чечишип алабыз. Биз сүйлөшүп, үй-бүлөдө жакшы мыйзамдарды кабыл алганбыз. Таарынышсак, ал таарынычтарды көпкө созбой, бир күндөн ашырбашыбыз керек деген.
Н.: – Мен Максатка ушунчалык ыраазымын, менин үшүгөн жүрөгүмдү жылытканы үчүн, мага жаңы жашоо тартуулаганы үчүн. Мен Максаттын акылдуулугуна, кеменгерлигине, терең ойлонгондугуна баа берем.Анткени кыргыз мырзаларынын көбү аялдарына жакшы сөз айта беришпейт. Урматтуу мырзалар, жубайыңыздарга жакшы сөз айтыңыздар. Анткени үй-бүлөдө тынчтык болбосо, дүйнө тынч болбойт.
М.: – Ии, эми бул эмне эле семирип жатат десе, ушундай жакшы сөздөрдөн семирет турбайбы деп эл ойлойт да (күлүп).

– Максат, Нурзаттан кичүү болгонуң менен, ал курактуу эле көрүнөсүң. Сен атайын Нурзатка төп келейин деп толдуңбу же ал сага төп келейин деп атайын жашарып жатабы?
М.:
– Боор оорусу менен ооруп анализ тапшырганда, дарыгерлер "машыкпа, оор көтөрбө, чуркаба" деп койду.
Н.: – Бирок анын ичинде майлуу жебе деген да тыюу бар болчу (күлүп).
М.: – Мен өзүмө керектүүсүн эле кылып, кыймылдабай, чуркабай калган үчүн толуп кеттим.

– Силердин үй-бүлөңөрдө ким көп каражат табат, ким көп сарптайт жана ким эсеп-кысапчы?
Н.:
– Биз көп иш-чараларды чогуу алпарабыз, Максат сүйлөшүп чечишет. Чоң бир нерсе аларда экөөбүз чогуу эле барып сарптайбыз. Максат ушул убакка чейин менден бир да жолу акча сурап көргөн эмес. Менин өзүмдүн, анын өзүнүн акчасы бар. Максат жан талашып менден бир тыйын албай үй салып жатат. Мага ушул сапаты да аябай жагат.
М.: – Үйдө «Максат» деген банкыбыз бар. Анын эсебинде канча акча бар экени айтылбайт, сыр бойдон калсын.

– Нурзат, сизди Максат байке балалуу болгондон кийин «иштебей эле үйдө отур» десе көнөт белеңиз?
Н.:
– Албетте, үйдө жыргап эле бала карап отурмакмын. Көбү Нурзат өзүн-өзү билет деп ойлойт экен. Жок, биздин үйдө Максат кожоюн. Мисалы, жакында эле Максат мени Вьетнамга жибербей койду. Бирок кыргызда «күйөөсүн сыйлаган гана аял бактылуулукка жетет» деген жакшы сөз бар. Анын сыңары мен Максаттын пикирин, оюн, чечимин сыйлайм. Барасың десе барам, барбайсың десе барбайм.

– Максат, эфирде Нурзаттын колун бекем кармап отурасың. Көп эле кыргыз мырзалары коом алдында минтип аялын жакшы көрөрүн билдире беришпейт. Эфир алдында урушуп келдиңер беле. Нурзат тултуңдагандай го?
М.:
– Жок, урушпай эле келгенбиз. Азыр мен эфирден чуркап чыгып, тренинг өтүшүм керек. Ошол жакка шашып жаткандан болуш керек. Анан аялына жакшы мамиле кылса эле «подкаблучник» дешет. Мен өмүр бою жашай турган адамды эмнеге эркелетип жакшы көрбөшүм керек?

– Максат, акыркы учурда сизди кинодон көрүп калдык, мага сизди бирөө мажбурлап эле ойнотуп жаткандай сезилди.
М.: – Жок, мени эч ким мажбурлаган жок. Мен актёрдук чеберчилик боюнча окуган эмесмин. Биринчи ролум. Камеранын да сүрү бар. Суроо берип жаткан окурман бул жерге келип отурсаңыз, мени түшүнөт элеңиз.

– Нурзат эже, Максат байке экөөңүздөр чогуу долбоор ачпайсыздарбы?
Н.: – Бизде идея толтура, бирок жумуш эч жакка качпайт, азыр менин башкы долбоорум – балалуу болуу.

– Учурда эмне жумуш кыласыздар?
Н.: – Максат «Компас» деген компания ачкан, анда элге багыт көрсөтүп алдыга максат коюу, кыялдануу боюнча тренингдерди өтөт. Ал эми мен «Нур» академиясындагы окуучуларым менен алекмин.

– Саламатсыздарбы? 2016-жылы тааныш кызым оңой акча табуу үчүн Максат Надырбеков жарнамалап жүргөн тармактык маркетингге алпарган. Мен ишенчээк жаным дароо эле 20 миң сомго жазылып алдым. Акчам күйүп кетти. Сиздер бир нерсени жарнамалоодо жоопкерчиликти сезесиздерби?
Н.:
– Биз да сизге окшоп ишенгенбиз. Акыркы күндөрү байкасаңыз керек, ал тармактык маркетингди жарнамалабай калганбыз. Сиз 20 миң сомго күйсөңүз, биз 4 миң долларга күйдүк.
М.: – Мен ал компанияга келген кардарларга "Кепилдик бере албайм, үмүт менен иштейли" деп башында айткам. Кудай сактасын, мен эч кимге жыргатам деген эмесмин.

Максат эфир бүткүчө Нурзаттын колун коё бербей отурду.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нурзат Токтосунова: "Бир компанияга ишенип, 4 миң долларга алданып калдык"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
11.01.2018. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен сизди аябай жакшы корот элем,жакында бир тааныш кыз Нурзат айымды,коп адамдарды акчага алдап койгон,деп айтканынан бир осадок калгандай журогумдо
SUPER.KG видео
15.01.2018. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аягына чейин кызыгып көрдүм. Азамат жаштар. Максат сонун интервью берди. Бактылуу болгула сыйлайм урматтайм. Жаратканым перзент берсин силерге. Баладан башыңар чыкпай жүдөп какагыла чогуу
16.01.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болгула Кудайым берсе кооп балалуу болгула.
16.01.2018. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тилегинерге жеткиле ,эн негизгиси балалуу болгула
16.01.2018. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сонун тугойлор.Кудайым бул жылы бала жытын жыттатса экен.
16.01.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат аябай жакшы бала болуш керек, да и Нурзат хорошая бир тренингде суйлошком
16.01.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Нурзатты жакшы жакка ондоп койду куйоосу.Мурун зиркилдеп эле,жашоосуна нааразы,байкуш болуп интервью бере берчу.Бактылуу болгула.
16.01.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Урматтуу супер инфо Азамат Сарыбаевден интервью алыныздарчы
16.01.2018. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көөп балалуу болуңуздар.
16.01.2018. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат чын эле семирип кетиптир
16.01.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Ушул Нурзат эч жакпайт. Жасалма корунот. Нур дегенди жетектейт экен бирок озунон мыкты бир суйлогонун коргон жокмун. Кыйын мын дегендей боло берет.Андай окуу жайы барларды карасан тилинен чан чыгат го. Терен,сулуу,сонун суйлошот.Нурзаттын суйлогону жонокой создор.Билбейм бул менин жеке оюм.
17.01.2018. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нурзатты жактырчу эмесмин бирок тамашоу кучундо болуп Нурзат жюри болуп жургон кезде иним катышып калды анан иним менен коридордо журсок өтүп баратып кеп кенешин айтып абдан жакшы таасир калтырган,болбосо аты жыты жок жаш балдар,жаны команда деп тенсинбей деле өтүп кетсе болмок,ошондо адамды жакшылап билбей эле сыртынан жаман коруп жургонум учун уялган элем,кийин Нур мектебине да барып экзаменден өтүп бирок шартка байланыштуу таласка кетип,окубай калдым.Ийгилик жана үйбүлөнөргө бакыт каалайм!!!
17.01.2018. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат аябай жакты суйлогондору,интервьюсу, бакыт каалаймын,экоонуздорго!!!
17.01.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула ар дайым жаратканым бири бириниздерден айрыбасын. Тилеген тилегинер орун алсын балалуу болуп алгыла дуа кылып койом. Коз тийбесин.
17.01.2018. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не болсо да сонун тугойлор экен, бар болгула!
17.01.2018. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спортчу Эмилге койгон тамашалары жакпаган мага. Сылап эле болбой калыптыргооо
17.01.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Максатка келген суроолорго Максаттан мурда жооп берип коюптурго?жакшы аял эчкачан куйоосунон мурда жооп бербейт,ананда жаш балага окшоп жетелеп алыптырго жаккан жок,сезими неси болсода ичте калуу керек,сыртка чыгарган Исламда уят болот, ХХХХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-18 09:45:20
18.01.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аягына чейин көрдүм, аябай кызык маек болуптур, жасалмалуулук жок. Азаматсыңар, бактылуу болгула, балалуу болгула!
18.01.2018. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула,ылайым кудайым көп-көп бала-чакалуу болууну буюрсун. Жаман көздөн,жаман сөздөн алыс болгула.
18.01.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максаттын суйлогон создору ото маанилуу таасирлуу жакшы маек беришти ылайым балалуу болуп бактылуу болгула коралбагандар додурой берет да.
18.01.2018. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым берерин унутбасын. Силерге да наристе жытын жыттоо насип этсин. Бактылуу болгула!
19.01.2018. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым наристе жытын жытоого насип этсин бааааарыбызга !Дуа кылалы,Аллахтан мээримдуу баарыбызга берет ниетибизди туз кылалы эн негизгиси....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо