№793 12-18-январь, 2018-жыл
Анжеликанын айланасындагы ызы-чууда жолдошу Урмат Бекболиев да көп талкууга түштү. Урмат мырза да унчукпай коё алган жок. Ал жубайын мээнеткеч адам деп атап, "иштей берсин, ал эми биз мындай бут тосуулардын далайына даярбыз" дейт.
«БУГА ЧЕЙИНКИ УШАКТАРДА ДАГЫ ЧЫНДЫКТЫ БИЛГЕН ҮЧҮН УНЧУККАН ЭМЕСМИН»
-Мен Анжеликага үйлөнүп жатканда мындай ушактарга даяр болуп кадам таштагам. Анжелика аябай активдүү, кылган иштери ийгиликтүү, тытынып күнү-түнү иштеген эмгекчил адам. Буга чейинки ушактарда дагы чындыкты билген үчүн унчуккан эмесмин. Ошондо Анжелика мага таарынганы да бар. «Эл айта берсин, жакындарың сенин кандай адам экениңди билет» деп койгом. Атайылап мага чалып, бир нече жолу Анжеликаны «подстава» кылганга аракет кылышты. Ооба, түшүнөм, аны жек көргөндөр да бар.
Мени Мараттын аялы үйүнө чакырганы чын. Барсам, жаш баладай алдап бир-эки суроо берди, ага жаккан жооп айтпай койсом мага атырылып, кыйкырып кирди. «Чет өлкөгө жашайм, кетишим керек, ошого акча керек» деди. Нерви чыңалып турган адам окшойт. Андай абалдагы адамдын жанында тургандын өзү кооптуу эле, кетип калдым. Үй-бүлөмө шек келген сөздөрдү уксам да аял киши болгондуктан айтышпадым. Мени алсыз деп түшүнүп, аброюма шек келтирген сөздөрдү баракчасына жазды.
«АНЖЕЛИКА КҮЧТҮҮ, ПОЗИТИВДҮҮ АДАМ, МЫКТЫ ЭНЕ»
-Марат менен көптөн бери таанышмын. Баян Максат кызы келгенде аны тосуп алууну, узатууну өз моюнуна алышып, коштоочу машинаны айдоочусу менен берген. Биз Ысык-Көлгө Баянды таштап, кайра кайтканбыз.
Азыр да бир машинасын алалы деп карап жатканбыз. Акыркы учурда Анжелика менин суранычым боюнча сүрөттөрүмдү социалдык баракчаларга киргизбей калган. Муну да жөн коюшпады. Ар кандай жоромолдорду жазып, жайылтып жатышты.
Жубайымды мен ар дайым колдоп, колдон келишинче жанында болууга аракет кылам. Ал күчтүү, позитивдүү адам, мыкты эне, мыкты аялзат. Азыр Дубайда кыздарым, кайненем менен бирге кыялдарын орундатып жүрөт. Иштесин, мындай бут тосуулардын далайына даярбыз.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
9
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/show/43081
http://www.super.kg/article/show/43165
https://www.super.kg/article/show/43233