Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Назира Айтбекова, алып баруучу: «БАЯГЫ ЭРКЕ НАЗИРА ЖОК. ТУРМУШ МЕНИ ӨЗГӨРТТҮ»

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

«2017-жыл ыйын да, сыйын да көрсөттү» дейт алып баруучу Назира Айтбекова. Акыркы учурда бул адамдын жашоосунда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Жашоосунан сабак алып, бир гана «алга» деген ураан менен жашап калганын айткан алып баруучу жаңылыктары менен бөлүшөт.

– Назира, салам. Жаңы жылың менен! Өтүп кеткен жыл сага эмне берди, эмнеден кемитти дегендей. Артка кылчайып жыл жыйынтыгын жасадыңбы?
– Рахмат. 2017-жыл ыйын да, сыйын да көрсөттү. Жалпы жонунан жакшылыкка, туура жолго багыт көрсөткөн жыл болду. Айрым адамдарды жашообуздан чыгардык. Пейили, көңүлү түз адамдарды жашообузга киргиздик.

– Жыл жаңырар алдында Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчилигинин уюштуруусу менен мекендештерибиздин жолугушуусуна барып, эс алып да келдиң. Сапарың өзгөчө сезимдер менен коштолуп, куржунуңа жаңы идеялардан сала келсең керек...
– Түштүк Корея «барсам, көрсөм экен» деп кыялданган өлкөлөрдүн бири болчу. Технологиясы, экономикасы жагынан бизден кандай алдыда бара жатат, өлчөп, өкчөгүм келчү. Тездик менен өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарында экен. Бир гана тузу кем тамагына көнбөй кыйналдык. Калганы жомоктогудай, өзгөчө тарыхый жерлерин көргөнүбүз жакты. Канча кылым илгери басып өткөн турмушуна кайрылып барып, алардын издерин көрүү, «Хан сарайдын бермети» Тангем тартылган жайды көрүш башкача таасир калтырды. Алардын сабырдуулугун үйрөнүүгө аракет кылып келдим. Бомба түшүп жатса да камырабай, маданияттуу түрдө ишти чече билишерин байкадым. Мына ушулардын баарын турмушумда, чыгармачылыгымда колдоном, буюрса.

– Чыгармачылыгыңда кандай жаңылыктар бар, эмне менен алексиң?
– Белгилүүлөр ортосунда англис тилин үйрөнүү боюнча долбоорго катышып, биздин команда жеңишке жетип, Лондонго бармай болдук. «Эл эмне дейт?» долбоорунда бирде кемпирдин, бирде жеңенин, бирде урушчаак аялдын, бирде кылыктанган жаш кыздын ролун ойноп жатам. Бул долбоор актёрлук чеберчилигимдин өсүүсүнө жардам берип жатат. Буга чейин «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием», «Көк салкын» жана башка тасмаларга тартылып, бир кылка ролдорду ойночумун. Андан сырткары мотиватор катары да аймактарыбызды кыдырып, Орусияга чейин барып, «Мен ханышамын» долбоорунун негизинде аялдарды өзүн-өзү сүйүүгө үндөп жүрөбүз. Карап келсек, айымдар чын эле алдыбызга максат койгонду, ага жеткенди, ырахаттанып жашаганды, ал гана эмес, кыялданганды көмүскөдө калтырып коёт экенбиз. Ошондой эле жаш балдардын келечекте мыкты инсан болушуна таасир берүүчү дагы бир долбоордун үстүндө эмгектендим.

– Үлгүлүү үй-бүлөдөй көрүнчү элеңер, очогуңардын бузулушуна эмне себеп болуп кетти?
– Башка түшкөн нерсе адамды күчтүү, курч кылат экен. Искендер менен ажырашканым мага чоң сабак болду, көп нерсеге көзүмдү ачты. Жыгылганда тиземди күбүп, кайрадан бутка турушту, эркектин да, аялдын да ролун аткара аларымды, балама эне да, ата да болууга күчүм жетерин далилдеп берди. Азыр менин «Ал эмнеге антти, тиги эмнеге тигинтти?» дегенге же бир орунда тура берүүгө убактым жок. Уулум чоңоюп келе жатат, артымда апам турат. Ошолордун урматына, кызматына чуркашым керек. Бир саамга токтосом эле канап турган жүрөгүмдүн ыйын угуп калып жатам. Ал үндөрдү уккум келбей, алдыга чуркап бара жаткан кезим.

– Эми турмуш курганыңда кандай аял болосуң, өзгөрүшүң мүмкүнбү?
– Азыр акылдуу болуп калдым. Анчалык эркелебейм, ак көңүл, ишенчээк болбойм. Өзүмдүн акчамды өзүм кармайм, банктык эсебим болот. Күйөөмдөн көз каранды болбойм. Эми Назира карьерасына көңүл бөлөт, акылдуусуна эмес, акылманына тиет. Жүрөгүн эмес, акылын угат. Тийип жаткан күйөөсүнүн кандай үй-бүлөдөн чыкканына байкоо салат. Менден жактыруу болсо, жолдошумдун сүйүшүн каалайм. Катуу сүйгөндөн күйүп калдым.

– «Ажырашкандан кийин атамды издеп таптым» деп жаттың эле, ата-бала мамилеси уландыбы?
– Ата-бала мамилебиз уланган жок. Ата-энем ажырашып кеткенде мен тогуз жашта болчумун. Атам үй-бүлөбүздөн кеткени элдешүүгө апам көп аракет кылды, бирок үзүлгөн нерсе уланбай койду. Ал кишини 22 жыл күттүм. Бир күнү «Кызым бар эле, көп ооруйт эле, окууга тапшырдыбы, күйөөгө тийдиби?» деп келет деп күтүп жүрдүм. Таарынгандан тажадым, телефонун таап сүйлөшүп, кечиргенимди айттым. Үнүн угуп алып «Чын эле сиздин үнүңүзбү?» деп сүрдөп, "атамдын үнү ушундай экен да" деп кызыктым. Бирок жолуга элекпиз. Азыр баягы Назира жок. Кечиримдүү, токтоо болуп, кемчилигимдин үстүнөн иштеп, артыкчылыгымды көбөйткөнгө аракет кылып жатам.

– Кемчилигиң катары эмнелериңди айтасың?
– Адамдарга көп таарынат элем, кек сактайт элем. Эмоцияга бат алдырчумун. Кубанганымды да, кайгырганымды да дароо билгизем. Ачыкмын, адам туурасында кандай ойдо болсом, ошонун баарын айтып салам. Эгер адамдын жаман жагын көрүп калсам, ары карап бурулуп кетмей жайым бар болчу. Азыр адамдарды кемчилиги менен сүйгөндү үйрөндүм. «Эл эмне дейт?» деп эл менен эсептешип жашайт элем. Азыр өзүмдү, өзүмдүн ыңгайыма карап, эл эмес, мен эмнени каалайм дегенге өттүм. Акыркы жылдары жашоодон эмне каалаарымды, жадакалса кыялданганды да унутуп коюптурмун. Кыскасы, жашоомду ак барактан баштадым.

– Биз менен араздашып, таарынышуу болду эле, ошол учурду анализдөөгө жакшы эле убакыт болду окшойт...
– Учурунда таарынгам. Ошол таарынычты сактап, эски жараны козгоону туура эмес көрдүм. Бардыгын кечирдим деп айтып жатпайымбы. Ошонун ичинен «Супер-Инфого» да көңүл бөлүп, анын үстүнөн иштедим. Ошол маалда мен эле эмес, гезиттин жамааты, тамашаны уюштургандар, ашыра аткарган актёрлор да жаман болушту. Бири-бирибизди көрүп аяган, ыйлаган да күндөр орун алды. Ал нерсе жашообузда болуш керек болчу окшойт деп калдым. «Тамаша тор» мага жашоону сүйгөндү үйрөттү. Жашоого көз карашымды өзгөрттү, күчтүү экенимди көрсөттү. Биздин мындан ары иштешип, мамилени мурунку калыпка келтиргенибизди 2017-жылдагы жеңишибиз деп эсептедим. Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинин чакыруусу менен мекендештерибиздин жолугушуусуна «Супер-Инфо» жамааты менен бирге Түштүк Кореяга барганда башында чийки май жегендей жаман болуп жүрдүм. «Жок, мен кылышым керек, эртеби-кечпи мамилебизди оңдошубуз керек» деп көңүлүмдү калыпка келтирдим. Балким, ошол маалда айрымдар силер менен мамилемдин бузулушун каалашкан чыгар? Алардын тилеги таш каап, мына, баары артта калды. Элге менин оюм, мүдөөм силер аркылуу жетип турса, менин кандай адам экенимди эл таанып турса анын эмнеси жаман?

– Рахмат маегиңе, бактылуу бол! Жашооңдо жакшылыктар көбөйсүн!

«Уулум Ариет мага окшош ак көңүл, адамдарга ашыкча боорукер».
«Эл эмне дейт?» долбоорунда Эркин менен жубайлардын ролун көп аткарабыз».
«Түштүк Кореядагы сапардан. «Хан сарайдын бермети» сериалын эстеп, Жаныш экөөбүз образга кирдик».


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Назира Айтбекова: "Сүйүүдөн күйүп калдым, эми мени сүйгөн адамды тандайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(62)
23.01.2018. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Sen ubagynda super infodo iwtegen boiunda bar ayaldy Ayanna emessin,any kuioon ekoon oto jaman kylgan bolchunar ,kandai bolgondo da boiunda bar ayaldy kyinabawyn kk bolchu,seni da kuioondu da taw boor adam katar korom,emnege boorukermin dep aitasyn ozundu,eldin baary biletko seni
SUPER.KG видео
23.01.2018. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назираны баптист деп уккам. Туурабы
SUPER.KG видео
23.01.2018. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Админ Гулшаир Юлдашеванын токмок жеген видеосу бар эле го ошонун ссылкасын жөнөтүп коёсуңарбы
23.01.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Этиканы билбей эле ашыкча суйлой берет.
23.01.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Назира эже бактылуу болунуз,иштеринизге ийгилик! Сиз жакшф адам экениниз билинип турат.
Искендердин аялы сизге жетпейт конечно. Анын эмнесине кызыгып кетти. Ошого окшогон куйону азгырган, уй булонун бузулушуна себеп болгон аялдардан Кудай сактасын...
25.01.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ailino,аминь.
23.01.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Назира ишинизге ийгилик,тилиниз тим эле буудай куурат го чайыныздын тубун бир ичсем болот эле
23.01.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Назира супер ХХХХХ ХХХХХ Бири биринерди кечирип, 150 жыл жашагыла
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-23 14:38:23
23.01.2018. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле эмне болгон эле тамаша тордо? Билгендер подробно айтып койгулачы.
23.01.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Орустардын шоусуна барып, коз жашын колдотуп жаман эле болду элего. Ойлодум эле эми ошол жакта калып, кетет экен деп куйоо соройу барып мактанып... Сомтуроп келип жашап атасынго. Баардыгы кечирип кой деп жалдыраса да, сот чечет деп боюн которду эле.
Просто жек кором. Сыйлабайм тулкуну
25.01.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asylbekova,мен дагы ошондон кийин эч эле жылыбай койдум ушул немеге.Тим эле боюн которду эле!Жашоо ушинтип ордуна койбогондо далайды корсотмоксун!Супер инфону кечирдим деп койот биринчи супер сени кечирдиби?
23.01.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Назира таланттуу кыз алдыда коптогон ийгиликтер болсун!Апан мн баландын бактына аман бол!Созсуз бактылуу болушунду каалайм.Суйлогондор суйлой бербегиле оозум бар деп.
23.01.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат Назира!Отконго окунбойм,сынбайм дегенин жакты.Жакшы адамдан да,жаман адамдан да озуно керектуу жакшы сапат уйрон дешет психологдор.Мумкун жакшы,мумкун жаман адамдырсын.Бирок,мага жагасын. Куйоондо деле айып жок. Себеби эркектер табиятынан ошондой жаралышкан.Аларды ошол бойдон кабыл алыш керек(оздорун кобуроок суйгон калк болушат)Эртен жок,бурсугуну кечир Назира деп келгени деле эч кандай тан калычтуу корунуш болбойт.Негизгиси кечирип эмес,мамилени улап,с инфого келгениндин озу эркекчилик!
23.01.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары болуп отту баягы журналист кыз байкуш турмодо жатты эми кечиришиптир жакшы Назирага ийгилик.

23.01.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу бол балан аман болсун бешенене
23.01.2018. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Назирага аллергиям бар болчу. Куйоосу менн ажырашканвн угуп инстаграмдан куйоосунун жаны аялынын баракчасына кирип коруп эле Назирага болгон оюм озгоруп кетти. Бактысын уурдап алган аял бактыоуууболуп кетпейт го. Искендер жанылышты окшойт. Бойтойгон баласы иенен козун караган жарые бир желмогузга алмаштырыа
23.01.2018. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосунун аялын кандай ат менен корсо болот инстаграмдан.
24.01.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulan73,elle.blanco
24.01.2018. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aylun,аял кишини куноологон туура эмнс,балким ал аялын суйуп эле алгандыр.Тартып деле алган жок менимче.Интеллигентная женщина с виду.Тагдырлары ушундай экен.Куйоосу Назира менен бактылуу сезбесе,значит бактысын ал аялдан тапкандыр...Искендер деле жонокой,лох жигит эмес.Мурдунан жетелеткендей.Ачык эле айтып ажырашышыптыр.
mela түзөттү 2018-01-24 00:53:45
23.01.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Назира сен таланттуу, тырышчаак, аракетчил кызсын.Эч качан чокпо. Куйоон кетсе кетсин, жашоо токтоп калбайт, алдыда сени дагы коп коп бактылуу кундор кутуп жатат.
23.01.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ошол тамаш торго Назирадай болуп ким кабылсада ошол жолду тутмак. Ээ тутмак турсун коргулукту корсотмок. Ашыкча болуп кеткенда, адам ал мезгилде эмне жасап жатканын деле билбейтда.

Эн башкысы эми кечирип жатканы чон жениш! Чон кечиримдуулук! Булда болсо колунан келген адамдын колунан келетго.
Чыгармачылыгын же болбосо кинодогу образын жактырам дебейм. Болгону аялдык бакыт каалайм!
25.01.2018. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aikoo2014,кыргызстанда"тута"берсин каалагандай.Бирок орусияга барганы....
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-25 17:41:32
23.01.2018. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол тамашаны кайдан көрсө болот?
23.01.2018. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамаша тордо жалгыз эле Назираны куноолой берипсинер, бул биринчи. Экинчиси, ал бири-бирин кечирдик десе деле болбой ал теманы козгой берипсинер да уялбай. Назира эже анча жакчу эмес, жакындан коруп таанышкандан кийин ото сыйлап калдым. Бар болунуз
23.01.2018. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын миллион маселелери эмне болду экен?
24.01.2018. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз Назира, кудайым жакшы коргон пенделерине сыноолорду берет.Алдыга умтулунуз жашоо токтобойт. Келечек алдыда тилеген ой максаттарга жетиниз! Ишинизге ийгилик!!!
24.01.2018. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сен сиз деле жашоом зынк деп куйоосуно корунуш учун бар кучун жумшап аткандай сезиле берет бирок жандуйносу ооруп ататко мага боёксуз сулуу корунот бул кыз
24.01.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экообуздун тагдырыз окшош экен
24.01.2018. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо силерден сураныч! Акын кыздардыдан аз эле экен айтышкан Изат,Жамайка,Гулкайырларды да коноко чакыргылада
24.01.2018. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коп эле кайгыра бербе. Жашоо курош
турбайбы. Ишине ийгилик.
25.01.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сапар Сопубеков деген ырчы бар эле. Дурдананы катыра ырдаган. Интервью алып бергилечи дайыеы жок кетти.
25.01.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
al79mi, Anarik87,
Саламатсыздарбы! Сунуштар тиешелүү бөлүмдөргө жеткирилди, рахмат.
26.01.2018. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назира берки элвиранын суротун коруп ушундай жылдызы жок туру суук немеге уйлонтуп алганын кара деп жиним келди. Жаркылдаган аялы баласын ошо туру суука алмаштырып Ошо менен жашап атканын. Жылдызы жок такыр эле туру суук немени эмнеге алды деп калдым. Сиз бактылуу болунуз. Куйоонуз сизге кечирим сурап келет точно. Аны Эл...а бактылуу кыла албайт
26.01.2018. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эч жакпайт ушу кыз, чон энеге окшоп. ашыкча тантып жиберет. Козу ачыктарды алып барды эле жакшы иш кылып аткансып, тооба.
26.01.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес бул жашоодо бирде кулуп бирде ыйлап отобуз да баарыбыз баланыздын омуру узун болсун бир аз майдалап кобуроок суйлогонун эске албаганда жакшы эле
26.01.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ким Бул ?
28.01.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өтө эле жалжактай берет,үнү аябай жагымсыз,нервиңе тийет.Актрисалыкка жарабайт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо