МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

– Койчу, Назик.
– Менимче, Азаматтан жакшы ата чыкмак.
– Ыя де, сен аны кайдан көрүп койдуң?
– Билбейм, жакшы кишидей сезилет. Балаңды атасыз өстүрүп, атаңдын каарына калып, туугандардан чыгып калгандан көрө, Азаматка тийгениң эп болмок. Мен эч нерсени кооздобой, чындыкты айтып жатам.
– Башка эркектен төрөлө турган боюндагы баласы менен аялды кайсы эркек алат, айтчы?
– Азаматка ачык айтып сүйлөшөлү.
Айсулуу үндөбөдү. Ушул жерден оюна койсо, ал Назикти жулмалап салмак. Ал аны кемсинтип жатпайбы? Бирок бир четинен алып караганда, азыр Назик менен урушуп эмне табат? Москвадан тапкан жалгыз ишенген адамын, сырдашар кишисин, ага чындап кайгырган курбусун жоготот. Антип-минтип көз жарса күйпөлөктөп жүрө турган ушул Назик эмеспи. Анан калса ал чындыкты айтып жатпайбы. Кайсы арына чычалаганы турат? Алдап кеткен Тимур, Назикте эмне күнөө? Ушуларды ойлоп өзүн токтотту. Анын унчукпаганын Назик жана айткан сунушка макул болду деп болжоду.


ххх


Айбек менен Азаматтын жумушу таң атпай башталат. Курулуш материалдарын саткан базарда 3 соода жүргүзүүчү жайы бар жалал-абаддык Эркин дегендин колунда экөө жүк түшүргүч болуп иштешет. Эркин ого эле толук, бою да узун кара киши. Жайма-жай басып, кышылдап дем алганы оор. Ал мээнеткеч адамды баалайт. Ошондуктан Айбекке караганда Азамат ага көбүрөөк жагат. Оо, бул Азаматта тубаса күч бар. Бир карасаң арыкчырайынан келген, көздөрү бакырайган, ак жуумал бала. Дегеле мындан кара күчтү күтпөйсүң, бирок ал иштин кызыгына киргенде көрүш керек. Кайдан-жайдан анда белгисиз кубат пайда болот да күпүлдөп иштей берет. Эч эле чарчаганы билинбейт. Кыймылы чапчаң. Жасаган жумушу иреттүү, тыкан. Ал кээде 10 тонналык унааларды 50 килограммдык кагаз мүшөккө салынган цемент менен жалгыз эле шыкап толтуруп салчу. Андан ары алып барып дагы бир унаага кыш жүктөтсөң да моючудай эмес. Тим эле узун бою, шадылуу колдору кара жумуш үчүн жаралгандай.
А бирок сөзгө чоркок. Суроого жооп берип койгону болбосо, дээрлик сүйлөбөйт. Анан да ар ким жумшаса жөнөй берет. Улуубу, кичүүбү мааниси жок. Көгүш тартып кеткен көздөрү муңдуу сезилет. Анын сөзүнөн эмес, көзүнөн көп нерсени билсе болчудай. Атасыз өскөн балалык, теңтуштарынын, айылдаштарынын «дөдөй» деп шылдыңдаганына таарынычы, ал таарынычты ачык айтпай жүрөгүндө оору кылып сактап алганы, ар бир айтылган сөздү сезимталдуулук менен өзүнө кабыл алып, бирок ошого жооп кылбай, ичинде эле буркан-шаркан түшүп, кийин ал буркан-шарканын да күчкө салып муз кылып жан дүйнөсүнө тоңдуруп сала бергени уюп келип көк көздөрүнө муң болуп чыгып калгандай көрүнчү. Баары эле Азаматтын көздөрү кайгылуу экенин элес алышчу эмес. Алардын ою боюнча Азамат көп сүйлөбөгөн, жоош «дөдөй» гана болчу.
Бирок Эркин бул жигиттин иштегенин, анын өтө эле оор басырыктуу экенин көрүп шуулдап ашыкча тыйын өөнөп калайын деп турган башка жумушчуларына караганда, анда адамгерчилик деген сапат ашыгы менен экенин көргөн. «Мындайларды кууратышат. Жакшы адамдар баркталбайт. Муну "тыңыраак бол! Өтө жоош болбо" деп тарбиялаш керек экен» деп бүтүм чыгарган. Бирок азырынча анысынан майнап чыга элек. Азаматтын азыр да берилүү менен узун тактайларды кынаптап унаага жүктөп жатканын көрүп, Эркин ага ыраазы болуп турду. А тиги Айбекчи? Жөн эле шуулдак. Кишини алдаганга маш. Сөзгө алаксытып убакытты созгонду билет, башкаларды иштеткенге шыгы бар. Турпаты да мүнөзүнө шай. Арык, жүлжүйгөн көздөрү күлүңдөп турат. Бою жапалдаш. Азыр да сөз баштап жиберип, Азаматтын иштегенин гана карап турганы жатат:
– Айканы аласыңбы?- табышмактын жообун күткөндөй суроолуу тиктеди Азаматты.
Азамат болсо аны «сага эмне болду?» дегенсип олурайып карап койду да, жооп кылбастан иштей берди.
– Тийсе аламбы дебейсиңби,- өзүнчө каткырып койду. Азаматтан жооп болчудай эмес. Ал иштин кызыгына киргенде эч нерсеге көңүл бурбай калат. Айбек сөзүн улантып жатты. Куду Азаматтан жооп алып анан, ага жооп берип жаткандай.
– Бирок ал азыр тиет. Анткени боюнда бар экен. Ата-энеси билбейт. Жигити болсо түп-тамыры менен жоголуп кетип таптырбай жатат. Шерменде болбош үчүн ага күйөө керек. Түшүнүп жатасыңбы?
– Мен албайм,- иштегенин токтотпостон жооп берип койду Азамат.
– Бирок сен аны жакшы көрөсүң го. Ырас, бала башка эркектики дечи, бирок... Билбейм, Назик мени сага айтып көрчү деген. Болбойт деп айткам,- үшкүрүнүп койду Айбек.


ххх


Кечинде Назик менен Айсулуу иштеген тез тамактануучу жайга Айбек менен Азамат келди. Алар кирип өзүнчө столго барып отурганда эле, Назик арыда бир нерсе менен алаксып жүргөн Айсулууга барып шыбырап сүйлөшүп калды. Кыз артын жалт карап жиберип Азаматты көрдү да, денеси жыйрылып кетти.
– Эмнеге келишти?
– Айбек мага келди. Азамат жөн эле ээрчип жүрөт. Же сага келди, балким. Сен аны жакшылап байкап көрсөң. Жакшынакай бала, бою узун, булчуңдуу. Кыздар менен сүйлөшкөндү үйрөтүп койсо эле далайды артынан ээрчитчүдөй.
– Өзүң ээрчий бер.
– Айка! Айка, мен сага жакшылык гана каалап жатам. Бас, жүрү, жумушубуз бүттү. Кийимдерди которуп, тигилерге барып сүйлөшөлүчү.


ххх


Арадан 10 мүнөт өтпөй төртөө чогуу отуруп тамактанышты. Учурашып ал-жай сурашканы болбосо, эч кимиси сөз баштай албай турду. Бир убакта Айбек:
– Эми мен доскеме айтып көрдүм. Бирок...
– Айбек, Назик экөөңөрдөн мен күйөө сурап жатамбы?- Айсулуу чыдабай кетти.
– Омей,- «эмне, сураган эмес белең?» дегенсип карап калды Айбек.
– Уф-ф, Айка, эмне деген адамсың?! Бул Москва, түшүндүңбү? Курсагыңды челкейтип алып жан багып жүрө берем деп жатасыңбы? Бир күнү жумуштан чыгарып коюшса отурасың.
– Айылга кетем,- Айсулуу ыйлап жиберди. Акыркы күндөрү башы санаадан чыкпай калган кыз илмийип арыктап кетиптир. Баягыдай нурлуу жүзү жок. Бетин бирин-серин сепкил басып, көздөрү киртийип турат. Арыктаганга кичинекей да көрүнүп калыптыр. Азамат аны карап аяп кетти.
– Балаң атасыз өсөбү?
– Башкага тийсем эле ал ата болуп бере калабы?
Жанатан бери булар Азамат бул жерде жок сымал сүйлөшүп жатышты. Анын оюн угайын деп эч кимиси ойлонгон жок окшойт.
– Айсулуу, ыйлаба,- күтүлбөгөн жерден Азамат сүйлөп жиберди. Бирок сүрдөп жатканы үнүнөн билинип турду.
– Ыйлаба, мен сени алам деген жокмун. Бирок... Бирок мен сага жардам берем. Кааласаң Москвада төрө, кааласаң айылга кет. Мен баарын төлөп берем.
– Сенден акча сурап жатамбы?
– Сураган жоксуң. Мен бергени жатам,- акыркы сөздөрүндө Азаматтын үнүндө чечкиндүүлүк пайда болду. Баары үндөбөй калышты.


ххх


Эртеси да Айбек, Азамат экөө кыздардын жумушуна алардын иш убактысы аяктап калганда келишти. Азаматтын колунда баштык.
Жигиттер кыздарды үйүнө узатып барышмак, дээрлик үйгө жеткенге чейин Азамат эч үндөгөн жок. Анын баштыгында эмне бар экени Назикке өзгөчө кызык болуп жатты. Көп кабаттуу үйдүн жанына келгенде Айсулуу эч ким менен коштошпой кирип кетти.
– Назик, муну Айкага берип кой,- Айбек Азаматтын колундагы баштыкты алып сунду.
– Эмне бар?
– Жер-жемиштер... Алма, банан, мандарин аз-аздан. Анан да боюнда барда ичүүчү дарылар, «баланын туура жетилишине жардам берет» деп Эркин байкенин аялы айтты.
– Ал мурда врач болгон экен,- Айбек Азаматтын сөзүн бөлдү.
– Анан витаминдер...
Назиктин оозу ачылып туруп калды. Алар «зөөкүр» деп жүргөн жигит таптакыр башкача болуп чыкты го.

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 793-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 795-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 796-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 797-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 798-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 799-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 800-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 801-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 802-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 803-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 804-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 805-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 806-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 807-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 808-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 809-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 810-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 811-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 812-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 813-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 814-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 818-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 833-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
Комментарийлер(14)
23.01.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен биринчи
23.01.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен экинчи
Beka9393 түзөттү 2018-01-23 09:30:56
23.01.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Beka9393,Олдунорго биринчи экинчи болуп
23.01.2018. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кандай бурулуштар болот экен ээ?күтө туруудан башка аргабыз жок....эх..
23.01.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне мынча аз...
23.01.2018. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болот, куто туралычы). Азамат жакшы жигиттей корунот, жардам бергенине караганда.
23.01.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой ушундай жигиттердин бар экенин укканымда козумо жаш келет
23.01.2018. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат алат Айсулуу тиет. Кыз торолот. Айсулуу Тимурланын менен жолугуп калат суйуу бардай сезилет Азамат камалат 2-3жылдайын келип кызына жолугат.....
23.01.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aitun,баарын жазып таштачы тууган.
23.01.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы бир жума кутуш керек
23.01.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматка тийип кызы торолцп аталап калганда Айсулуу баса берет окшойт Тимуруна
23.01.2018. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын кызына болгон суйуусу деп Азамат мн Айсулуудан торолчу кыз жонундо болгон окшойт соз.
24.01.2018. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер коптон жазгылачы сураныч
27.01.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул биринчи сериясыбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо