(Башталышы өткөн сандарда)
Отко-чокко түшкөндөй шашып багажын өткөрүп учакка жетишти. Ким билет, балким, бул жолу тагдыр аларга желкесин салбастыр. Же куру кыял кубалап кетип бара жатабы жигит? Бардыгын аттап өтүп Жамиля деп дегдеген жүрөк бул жолу да сууп кайтабы? Муну эч ким билбеди.
ххх
– Түндө да суук. Сен жамынып алсаңчы, кыз?- деди бирөө ага одеяло сунуп.
Ошондо гана Жамиля үшүп калганын сезди.
– Сен өзбексиңби же түркмөнсүңбү?
– Кыргызмын.
– Аа, азыр силер жактагылар Стамбулда өтө көп болуп кетти.
Жамиля үн катпады. Сүйлөшкөнгө алы да жок эле. Ушул капсалаңдуу түн өтүп кетсе баары жакшы болчудай сезилди. Бирок бир эмес, эки-үч түн өтсө да анын абалы өзгөрүлбөдү. Керем эң мыкты адвокат жалдады. Күнү-түнү актап чыга турган бир нерселерди издеп жатты. Мыйыгынан анын аракетине күлгөн Шерифе иш кабинетине кирди.
– Эмне болду? Мен иштеп жатам, көрбөй жатасыңбы?
– Көрүп жатам, бирок канчалык ийгиликсиз экенин айтып коюу үчүн кирдим.
– Чык сыртка.
– Чыкпасамчы, балким, издеп жаткан нерсең менин колумдадыр.
Керем тиктеп турду. Бул эмне деп жатат? Эмне билгени бар? Анан дароо мээсине жетти.
– Сен! Сен кылдың бул ишти, ээ?
– Мен кылдым.
Керем муштуму түйүлүп атып турду.
– Акырын, акырын, күйөөжан, анчалык катуу кетпе ойношуң үчүн.
Керемдин көзү чакчайып кетти.
– Мен билем, атүгүл тиги көк көз Ахмеддин эмес, сенин уулуң экенин да билем. Болгону кеч калдым. Таң калганым, сыртынан периште көрүнгөн неме кантип ушул нерсеге барды, билбейм. Агасынан боозуп, инисине тийип алышты көр. Акылына таң калышымды же амалкөйлүгүнө таң калышымды билбейм.
– Баарына мен күнөөлүүмүн. Өчүңдү менден ал, Жамиляга тийбе.
– Айырмасы жок. Сенден аламбы, андан аламбы, акыры экөөңдү тең жок кылам. Болгондо да бириңдин колуң менен бириңди жок кылам.
Шерифе жеңиштүү жылмайды. Жүрөгүндө бир гана кек, таарыныч бар эле.
Ошол күнү Керем Жамиляга жолукту. Арыктап, жүдөп калган экен. Жүрөгү сыйрыла түштү.
– Кандайсың?
– Жакшы, Эмре кандай? Мени сагындыбы?
– Камсанаба, баары жакшы.
Башка сөзгө өтө албай туруп калышты.
– Жылуу кийим, керектүүлөрдүн баарын алып келдим. Анан беришет.
– Ии, макул.
Жамилянын ийиндери дирилдеп кетти. Керемдин колун кармай жалбарып жиберди.
– Мени чыгар бул жерден, бардык нерсеге макулмун, Керем. Эмне десең ошону аткарганга даярмын, болгону мени бул жерден чыгар. Сенин колуңдан келет.
– Мен бардык аракетимди жасайм. Коркпо, эң аз убакытта чыгасың. Адвокатың да тажрыйбалуу. Бир гана нерсе бар, акылыңа түй. Жакын арада Шерифе келет. Сага эмне убада кылат билбейм, бирок менин үстүмдөн арыз жаздырганга аракет кылат. Сен жазба, эгерде жаза турган болсоң сени бул жактан алып чыга албайм. Экөөбүздү тең бул жакка тыгат. Азыр анын көздөгөнү ошол, ошондуктан аракеттерине аябай этият бол. Эч кимге дартыңды айтпа. Диктофонго жаздырышы мүмкүн. Мен сени бул жерден алып чыгуунун айласын табам, макулбу?
Керем биринчи жолу суранып турду. Өктөм, сынаган, кызыккан көз караш эмес эле бул жолу. Чын дилинен күйүп-жанып турганы көрүнүп турду. Жамилянын жүрөгүнө биринчи жолу бул адамга карата ишеним кирди. Жылуулук аралады.
Анан калса экөөнүн колдору бекем кармашып, жүздөрү бири-бирине тиейин деп калган экен. Байкаары менен дароо коё берди.
– Макул,- деди ал.
«Сен чыда, макулбу? Жаман ойлорду ойлобо, сени куткарам» деди анын көздөрү.
– Рахмат сага,- алсыз шыбырады кыз.
Арадан аз убакыт өтпөй дагы бир адам келгенин айтышты. Жамиля Шерифе деп ойлоду. Алдында турган Алибекти көргөндө эсинен тана жаздады.
– Сен келдиңби?
– Келдим, кантип келбей коёюн?
Жылдар аны өзгөртүптүр. Алдында жарашыктуу, келбеттүү, көргөндүн көзүн тойгузган жигит турду. Көзү тойбой тиктеп тура берди.
– Сагындым сени...
– Мен дагы.
– Кантип келдиң? Үйдөгүлөр кантип жиберди?- деди Жамиля көз жашын аарчый берип. Жамиля анын колдорун кармамакчы болуп бара жатып нике шакегин көзү чалды. Өзүн токтотуп калды, бирок жигит кучагына тарта берди. Жыты өзгөрбөптүр. Ушунчалык сагынган экен, мурдун толтура жыттап алды. Куду ортолорунда эч нерсе болбогондой, беш жыл өтпөгөндөй сезилди.
ххх
Арзуу менен Нуриля Москвада жүргөндө угушту. Эмне кыларын билбей калышты. Нуриля экинчи жүзүн карабайм деген адамга чалганга аргасыз болду.
– Мага жардам керек, болбосо келбейт элем. Стамбулга апам экөөбүз барышыбыз керек.
– Ии, эмне болду? Өмүрүм өткөнчө жүзүңдү карабайм дедиң эле?- деди телефондогу үн.
– Жардам бере аласыңбы же жокпу?
Нурилянын кыялын билет, дароо жумшара түштү.
– Макул, бир шарт менен, мага кайрылып келесиң.
– Сага кайрылып барганча өлгөнүм артык!- жини менен тарс деп телефонун коюп салган ал башын кашып турду. Көз алдына экөөнүн таанышкан күнү келди.
Москвага келип иши да болбой, тапкан иштерине да ыраазы болбой жүргөн. Анан бир жерден таанышып калышты. Сулуу кызды көрөрү менен шилекейин агызган ал дароо эле көңүлүн ала баштады. Экөө жашап калды. Белектер, жакшынакай үйдө жашоо кимге жакпасын? Медет эбак эле келип бутуна туруп калгандардын бири эле. Бирок мурунку боюнда кылып коюп качып кеткен Арген деген жигит бир күнү тарс жолунан чыкса болобу. Жер тоголок деген ушул экен да. Канчалык көздөрүн качырса да болбой теше тиктеди.
– Сен качан келдиң?
– Ишиң эмне?! Оолак бол.
– Жаныңдагы неменин көзүн жазгырганда чал,- деди тиги жылмая. Кыздын көзү жашылданып кеткенде эле али аны унута элек экенин билди. Канчалык чалбайын-чалбайын деген менен, Нуриля жеңил ойлуулук кылды.
«Бир жолу кезигип койсом эмне болмок эле?» деп ойлоду. Бир жолу кезикти, анан дагы бир... Акыры Медет шектенип калып, артынан издеп келип кармап алган эле. Кимдир бирөөгө ишенүү, ага жүрөгүн ачуу кандай кыйын болсо, ошол адам күткөнүңдөй болбой калса бут алдыңдан жер көчүп кетет. Медеттин абалы да ошондой эле. Өч алуу үчүн атайылап эле башка бирөөлөргө жолуктурду. Мындайча айтканда, Нурилянын азыркы абалына түздөн-түз Медет күнөөлүү болчу. Кек алып тынганы менен, Нуриляны унута албай койду. Кайра баарын кечиргенге даяр болсо да, ал кайрылып келбей турганын билер эле. Азыр өзү чалып жардам сураганына кубанып кеткенин да сезди. Шарт ордунан туруп сыртка бет алды.
– Мен бул жардамың үчүн кайра сага барбасымды билесиң.
– Билем.
– Анда эмне жардам берип жатасың?
– Жөн эле.
– Мен сени жек көрөм, билесиңби?
– Аны да билем.
– Эми бар чыгып кет, колумда болгондо кайтарам.
Көкүрөккө түртүп чыгарып эшикти шарт жаап алды. Керебетине барып кулап түштү. Арзуу кызынын жанына келди.
– Ким бул?
– Эч ким.
Буркурап ыйлагысы келди. Энесинин колдору чачтарын сылап жатты. Колун кагып жибергиси келди, бирок анте албады. Анткени бул колдордо ал күткөн, зар болгон мээримдүүлүк бар эле...
(Уландысы кийинки санда)
Кайсы бир элде кыз куйоодон ажырашса олтуруп коюшат экен деп окудум эле бала кезде мумкун бизде да ошондой кылып койсо уй булоолор балдар ыйлабайт беле деп ойлоп калдым.Апалар аман болсун кудай омур ден соолук берсин.
Эркектердин акча таап ити чоп жеп калганда классташташ курсташтары пайда боло калат.Таппай калганда уй булоосуно айдап жиберишет жаман катындар.