Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИ КСДПнын ТӨРАГАЛЫК КРЕСЛОСУ КҮТҮҮДӨ

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

«Кыргызстан социал-демократтар партиясы» февраль айында курултай өткөрүүгө даярданууда. Анда каралчу маселе – экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгына шайлоо.
Маалыматты КСДПнын саясий кеңешинин мүчөлөрү тастыкташты. Азырынча курултай өтүүчү күн так аныктала элек, бирок уюштуруу иштери жүрүүдө.
2017-жылы 20-ноябрда президент катары соңку маалымат жыйынында Алмазбек Атамбаев КСДПны келерки парламенттик шайлоого даярдап, партиянын катарын тазалап, өзү аны жетектеп чыгышы мүмкүн экенин айткан. Мындан улам серепчилер экс-президенттин спикер же премьер-министр кызматтарына келип, саясаттагы жаңы сапары башталышы мүмкүн экенин айтып келе жатышат. Алмазбек Атамбаев президенттик кызматта турганда өлкө жетекчилигинен кеткенден кийин эч бир саясий жогорку кызматка барбасын, КСДПнын курамын бекемдөө жана чыгармачылык менен алектенерин айтып жүргөн.
Маалымат үчүн: Алмазбек Атамбаев учурда 61 жашта. Ал 1995-жылдан тарта саясатка активдүү аралаша баштаган. Саясий карьерасында Жогорку Кеңештин депутаты, министр, премьер-министр болуп эмгектенген. 2011-жылдын 1-декабрынан 2017-жылдын 24-ноябрына чейин Кыргыз өлкөсүнүн президенти катары иштеди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо