Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Камчы Сарыбаев, актёр: «ТОЙДО ӨПКӨНҮ ДА, СӨККӨНҮ ДА БОЛОТ»

№794 19 - 25-январь, 2018-ж.

Мүнөзү заматта өзгөрүп, чарт-чурт этип, кайра жазыла түшкөн актёр Камчы Сарыбаев SUPER. KG порталынын түз эфиринде конок болду. Тасмадагы эпизоддук роль болсо дагы ийине жеткире аткарып, көрк кошкон актёр жеке жашоосу тууралуу айтып берди. Кыраан-каткырык коштогон 1 сааттык эфир көрөрмандарга жакшы маанай тартуулады.

– Камчы байке, сизди көргөндө жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Кызыңызды «4 тонналык чылк алтыным» деп эркелетет экенсиз. А балдарыңызды кантип эркелетесиз?
– Улуу баламды кичинекей кезинде «каган» деп эркелетчүмүн. Бир аз чоңойгондо «чоң канатым» деп калдым. Кичүү баламды «оң канатым» дейм. Кызымды «4 тонналык алтыным» деп өзгөчө эркелетем. Анткени кыз бала атага жакын болот экен. Келинчегим көчөдөн азык-түлүк алып келери менен кызына берет. А кызым жүгүрүп «атаке» деп мага сунат, мен ооз тийип «чоң кыз бол» деп берип коём. Апасы өөп койчу десе мени өбөт. Антсе апасы «мен төрөсөм, сен атам дейт экенсиң» деп кызганып кетет. Үйдөн сыртка кадам таштаганда эле кызымды сагынып баштайм.

– Биринчи балалуу болгондо кандай сезимдер болду эле?
– Ал убакта Спорт ордосунда «Дем» театрынын 5 жылдык концертин өткөрөлү деп даярдык көрүп жатканбыз. Уулду болгонумду угуп, бакырып, сүйүнгөнүмдөн төрөт үйүнө жөнөдүм. Барып кире албай, терезеден шыкаалап карасам көрүнбөйт. Түптүз эле кирип баратсам бир эже «ай, кайда барасың?» деп кыйкырат. Палатага кирип «кыздар, мен силерди көргөн жокмун, мен балама келдим» деп аралап кирдим. Карасам мага окшош сапсары бирөө жатат. Колума алып жыттадым да, сүйүнгөн бойдон театрга жөнөдүм. Азыр Барсбегим 11ге чыгып калды.

– Уулуңуз Барсбек актёрдук талант жагынан сизден ашып түшчүдөй. Эмитен эле сизге сын айтып калабы?
– Радиодо иштеп жүргөндө кесиптешим Чыңгыз Мырзаев үйгө конокко келип калды. Барсбек менен учурашып, «Камчы байке, Барсбекти өпкөндө сизди өпкөндөй болдум, жаман окшош турбайсыздарбы» деп таң калган. Мен өзүмдүн бала күндөрүмдү уулумдан көрөм. Актёрдук таланты күчтүү, мени сындаганга жарап калды. Тасмадагы эпизоддорумду көрүп «ата, сиз минтип койсоңуз болмок да» деп калат.

– Уулуңуз роль жаратып жүрөбү?
– «Кемпир» деген кыска метраждуу тасмага тартылган. Ыраматылык Мукамбет Токтобаев агайыбыз абдан шайыр эмес беле. Ал киши Барсбекти алдына отургузуп алып «тигини сөк, муну сөк, мындай сөк» деп Таластын кайрыктарынан үйрөтүп койчу. Ошентип режиссёр кандай кыл десе айткандарын аткарды. Тасмага тартылып бүткөндөн кийин мага эмес, уулума көп гонорар берип жатпайбы. "Эмнеге?» десем, «баланы карасаң, жасалмалуулугу жок аткарды, оригиналдуу көрүнөт» деген. Андан бери 4-5 тасмада роль жаратты. Клиптерге да тартылган. Барсбек эмитен эле актёрлукка башын байлап койду. Кийинки балам көп ооруп, ооруканага көп баргандыктанбы дарыгер болом деп жүрөт.

– Камчы байке, бардык тасмаларда телегейи тегиз, ток пейил адамдын ролун жаратасыз. Бир образга сиңип калуудан чочулабайсызбы?
– Мындай да, режиссёр кайсы образды ачып бер десе ошону аткарасың. Бирок айланып келип эле бир типтеги образдарды аткарып калам. Башка образда таанылганды каалайм. Азыр театрда ток пейил эмес, башкача образды жаратып жүрөм.

– Кошумча каражат алып келген булагыңыз барбы?
– Ооба, бар, болуш керек. Анткени театрдан алган акча менен үй-бүлөңдү бага албайсың. Мен тойдо тамадалык кылам, андан тышкары чакан ишкерлигим бар.

– «Театрдын айлыгы аз» деп нааразы болосуздар. Эмнеге кетип калбайсыздар анда?
– Кичинекей кезимден бери актёр болом деген эңсөөм болгон. Анын үстүнө мен сүйүп аткарган жумушум болуп жатса кантип кетип калам? Өзүмдү башка тармакта иштеп жатканымды элестете албайм, менин ордум театрда. Театрда азыр бир гана фанаттар иштешет.

– Тойлордо урушуп-талашкан учур көп болобу?
– Мисалы, тойлорго барганда ар кандай адамдар туш болот. Жүрөгү таза адамдар бар, келип бетиңден өөп кеткени, сөгүп кеткени болот дегендей. Ошондой учурда алардын мага карата жасаган мамилесине жооп кылып ойноп коём. Демек, бир учурда эле актёрдук талантымды пайдаланам. «Мас кишиден жинди качып кутулуптур» дейт. Антип тийишкендер көп болот. Мындай учурда «алтыным , сеники туура» деп жолуна салып коём. Элестет, ит сени каап жатса, сен итти каап алмак белең? Кээде чыдабай кеткенде «өөп» коёсуң, Таластын кайрыктарынан кошуп.

– Тасмаларда сөгүнүп сүйлөй бересиз, реалдуу жашоодо да сөгүнөсүзбү?
– Мен деле жөнөкөй кишимин да. Эл катары сөгүнүп коём. Тасмада андай сөздөрдү атайын кошобуз. Ал эми реалдуу жашоодо ачуумду сыртка чыгарыш үчүн колдонуп, кадимкидей эс алып калам. Муну танбайм, болбосо азыр эле досторум чалып «койчу Камчы, эмне деп жатасың?» деп чыгышат.

– Киного тартылганда сценарийдеги сөздөрдү айтасызбы же камера иштеп баштаганда импровизация кылып, тузуңузду, кантыңызды да кошуп кетесизби?
– Тамакка отурганда табитиң ачылат деп коёт го. Анын сыңарындай эле тасма талаасында деле сөздүн түпкү маанисин жоготпой айтып кете берем. Айрым учурда сценарийдеги сөздү айтканга туура келет.

– «Каранын жини келгенче, сарынын жаны чыгат» дейт. Ачууңуз чукул экен, катуу сүйлөп алганда абалдан кантип чыгасыз?
– Мен сабырдуураакмын. 3 жолу кой деп айтам, эгер укпаса, өзүнө жараша каап алам. Көңүлүм калган киши менен мамилемди уланта албайм. Адамдын көңүлү назик болот эмеспи, ошондуктан көңүлдү оорутуп албаганга аракет кылам. Такыр эле чыр болуп жатса «көңүлүңдөн жарака кетпесе тешилип калсын» деп басып кетем.

– Сиз эл көзүнө толук Камчы катары таанылгансыз. Арыктаганга аракет кылып көрдүңүз беле?
– Былтыр 134 килограмм салмактан 94 килограммга арыктагам. Көргөндөр «эмне арыктап кеткенсиң, ооруп жатасыңбы?» дешет. Ошондон кийин салмак кошоюн деп 102 килограмм болсом «эмне семирип кеткенсиң?» дешет. Көрсө, адамдар өзү башкача экен, баары эле сынчы болуп кетиптир.

– Тойдогу «ставкаңыз» канча?
– Аны ачык айтпайм. Бекерден асманга чейин. 4 тойдо бекер кызмат көрсөткөм. Ал балдардын ата-энеси жок болчу. Эсимде, 3 жыл мурда болгон окуя. Үйлөнгөн бала оорукчан экен, тоюн жакшы уюштуруп берген элем. Жакында ошол баланы жолуктуруп аябай ыраазы болдум, чакан ишкана ачып алыптыр.

– Кырктын кырына чыгып калсаңыз да энергияңыз ашып-ташып турат. Мынча энергияны кайдан аласыз?
– Кышында болобу, жайында болобу эртең менен муздак сууга жуунам. Анан суу ичип турам, ал арыктаганга да жардам берет. Ашып жаткан энергияны жерден, күндөн, анан суудан эле алам.

– Сизге ашпозчу болгон да жакшы жарашат. Үйдө келинчегиңиз мыкты ашпозчубу же сизби?
– Келинчегим мыкты ашпозчу. Ошондон улам 134 килограмм болдум да. А мен шишкебек, эт рулети, куурдак, барбекю жасоонун чеберимин. Тамак жасоо боюнча алдыма киши салдырбайм. Үйгө конок чакырсак өзүмдүн колумдан жасалган тамактарымды сунам. Адамдын көзү алдабайт эмеспи, даам сызгандардын көздөрүн карап отуруп калам.

– Ийгиликтүү эркектин артында күчтүү аялзаты турат. Жубайыңыздын кайсы сапатын баалайсыз? Эмне менен алектенет?
– 100 пайыз кошулам ушул сөзгө. Эгерде тылдагы аял күчтүү болсо, эркек да күчтүү болот. Келинчегим күчтүү аялзаты, мен аны менен сыймыктанам. Апам дагы күчтүү аял. Менин мотиваторлорум апам, жубайым жана кызым. Жубайым Элнура үйдө отурса жинди болуп кетпейби, чакан ишканасы бар. Ошону иштетет.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Камчы Сарыбаев: "Уулум менин ролдорумду сындап турат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
17.01.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр да ойдо элесин турат, деген саптар Бек Борбиевге тийешелуу эмес.Ал маркум Таалай Бектургановдун чыгармасы. Сизде талант бар.
SUPER.KG видео
17.01.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеге эле Таластын кайрыктары деп кайра кайра кайталайсыз? Отурушта отургандай. Эл адамы болгондон кийин, жок дегенде маек берип жатканда озунузду, созунузду байкасаныз.
SUPER.KG видео
18.01.2018. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камчы алга!
23.01.2018. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уйбулоосун аябай сыйлайт .Орусча айтканда семьянин!!!!
23.01.2018. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,+
23.01.2018. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эн жонокой эн таза адамдай корунот. сонун адам да
24.01.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ото таланттуу киши,жонокой киши, онорунуз оркундой берсин.
24.01.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ото жонокой мыкты адамдай корунот. Кайсы бир беруудо айтканы эсимде ондон ашык окул баласы бар экен. ЖАКШЫ киши болгон учун деп койгом. Талантынызга таазим. Уй булонузго бакыт.
24.01.2018. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сыйлаган актер ИЙГИЛИК.
29.01.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен сыйлаган жактырган актер. Аявай тартылган кинолорун жактырам.
29.01.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу актер жана ичинде кири жок жакшы адам жкени жузунон корунуп турат)
Ден-соолук жана ийгилик каалайм!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо