Үмүтай Абдышова, ырчы: «МЕНИ БЕТИМДЕГИ УЯЧАМДАН УЛАМ ТААНЫШАТ»

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Толук аты-жөнү – Абдышова Үмүтай Абдышовна
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, айы, күнү – 1991-жыл, 25-май
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок, 1 уулдун энеси
Билими – 2013-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин адабият факультетин аяктаган
Учурда – Б.Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин 4-курсунун студенти
Репертуарындагы ырлары – «Жылдар өтсүн арадан», «Бакытым», «Көздөгү сыр» жана башкалар

– Салам, Үмүтай. Чыгармачылыкка болгон шыгың кантип ойгонду эле?
–12 жашка чейин Тоң районунун Карл-Маркс деген айылында таене, таятамдын колунда өстүм. Андан соң Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында окудум. Музыка сабагынан берген мугалимим Асанбек Жартыбаев да көп нерсени үйрөттү. Аны менен катар Балыкчы шаардык балдар музыкалык мектебинде
5 жыл Максат Жунушакунов деген агайдан комуздан сабак алдым. Ушул кишилер мени райондук, шаардык, республикалык деңгээлдеги кароо-сынактарга алып барып, катыштырып, чыгармачылыкка болгон шыгымды ойготушту.

– Чоң сахнага чыгуу деле оңойго турбаса керек?
– Туура, ырчы болуу оңой эмес. Сахнага чыгуу үчүн талант, келбет керек. Формаңа, ыр жаздырууга каражат кетет. 2016-жылдан тарта чыгармачылыкка баш-отум менен кирише баштадым. Алгач интернеттен комуз менен ырдаган видеону Москва шаарында иштеген бир мекендешибиз көрүп жактырып, биринчи клибимди тарттырууга жардам кылган. Демөөрчүм деле жок, колумдан келген аракетим менен акырындан элге таанылып келатам. Той-топурларда, ар кандай иш-чараларда ырдайм, гастролдорго чыгып каражат табам. Комузду билгеним, элдик ырларды аткарганым да чыгармачылыгыма жардам берип келет. Апам Махабат Бейшееванын да сахнага чыгуума салымы чоң. Башында «олуттуу эле кесип тандабайсыңбы» деп ырчылыгымды анчалык колдогон эмес. Бирок менин чыгармачылыкка болгон көксөөмдү түшүнгөн соң колдой баштады. Азыр кийингенимден баштап келбетиме, ыр тандоомо чейин карап, кеңешин айтып турат. Каражат жагынан да жардамын аябайт. Андан тышкары уулумду да карап, менин чыгармачылыгыма шарт түзүп келет.

– Уулумду апам карайт деп калдың. Жолдошуң менен чогуу түтүн булатпайсыңбы?
– Жолдошум да чыгармачыл адам. Башында экөөбүз чогуу ырдап чыгалы деген жакшы тилектер бар эле. Тилекке каршы, түшүнбөстүктөрдөн улам эки айрылыш жолго түшкөнбүз. Ал азыр жаңыдан сахнага кадам таштап жатат. Уулумдун аты Алинур, 4 жарым жашта.

– Эл көзүндөгү адамдарды ар кандай кептер ээрчийт эмеспи...
– Өйдө-төмөн болот, сен тууралуу ар кандай кептер айтылат, баарын көтөрө билүүң керек. Жалгыз бой жүргөн татаал. Анын үстүнө ажырашкандан кийин ар кандай ушактарга кабыласың. Башында терс сөздөрдү уксам териге берчүмүн, бара-бара «ит үрө берет, кербен жүрө берет» деген ой менен жашап калдым.

– Көчөдөн сени таанып, сүрөткө түшүп алалы деген күйөрмандарың пайда боло баштадыбы?
– Ооба. Мен имиджимди бат-баттан өзгөртүп турам. Ага карабастан бетимдеги уячамдан улам таанып, «сүрөткө түшүп алалы» дегендер болот.

– Көпчүлүк сенин чыгармачылыгың менен интернеттен таанышат өңдөнөт...
– Алгачкы «Жылдар өтсүн арадан» деген ырымды комуздун коштоосунда гитаранын аккорду менен чертип ырдаганым интернетке жайылган. Азыр деле чет өлкөдөгү мекендештер интернеттен ырдаганымды көрүп чакырышат. Комуз көтөрүп жүрсөм кээ бирөөлөр өзүмдүн видеомду көрсөтүп «ушул кыздай ырдап, комуз черте аласызбы?» дешет.

– Ишиңе ийгилик!

"Саякаттоо башкы кыялдарымдын бири эле. Өнөрүмдүн арты менен дүйнөнүн булуң-бурчуна саякаттап, мекендештериме талантымды тартуулап жүрөм".


Асхат Субанбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(32)
30.01.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул келиндин ырлары жакшы көп угам ишиңе жана чыгармачылыгыңа ийгилик.
30.01.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Уячасы болсо деле тааный албадым
30.01.2018. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
gulzat85,Хаха, менда тааныбадым
30.01.2018. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
gulzat85,жакшы эле кулдум коментинизге ха ха ха мен да тааныбадым
30.01.2018. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Уячасы эмес,козунун устундо кашы болсо да тааныбадым.
30.01.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чындап эле бул ким деги?
30.01.2018. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы ырдайт. Уну уккулуктуу. [moderated]дан издесенер чыгат.
Умутай, ийгилик сага
30.01.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таланттуу кыз!
30.01.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апеей 91 дейтко.
Ырларын уккан элем бирок чоон эле болсо керек деп ойлочумун.
Көрсө менден да жаш экенго
30.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми мунусу ким болуп кетти?
30.01.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Деги эле уячасын корбодумго суротун тигилип 2-3 жолу карадым
30.01.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Укмуш уялчан болсо дагы тааныйбайт экенмин.Бул чувиханы
30.01.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде ушундай ырчы барбы? Азыр 1 чи жолу коруп, угуп атам. Буга чейин мындай ырчы бар экенин билген эмессин. Ырларын дагы уккан эмес экем. КР ырчылардын мекени болот окшойт, анткени интернетти кирсен эле мен ырчымын дегенди окуйсун.
30.01.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш эле кобойдунорго ушул ырчылар!!! Же бир эл таанысачы силерди
30.01.2018. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тааныбайт экенмин
30.01.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким ай бул?
31.01.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Таныбасанар эми таныйсынар жон эле ийгилик каалап койолу
31.01.2018. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
супер инфо саламатсыздарбы! жакында айбек айбек деген ыр уктум, ошол ырдаган кызды тааныштыргылачы. ошондой ырды ким жазып, ким клип тартып берди экен деп эле кыжаалатмын да.
31.01.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Nurbol,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
31.01.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул кызды элдик таланттар деген, интернет баракчасынан корууго болот.Тааныбагандар интернетке кирип, ырдаганын, комуз черткенин коруп, баалап корсонуздор болот.Анча мынча, ырчыларга караганда, жандуу ыр менен олук, ойдо ырдайт.Чыныгы талант ушул кызда бар, ун десен ун,келбет десен келбет, талант десен талант!!!
Чыгармачылык ийгилик!!!
31.01.2018. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
narime,созунузго кошулам 300%
31.01.2018. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик
01.02.2018. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уячасы каерде турат ?
01.02.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
01.02.2018. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кантип билбейсинер сонун ырлары бар го.Накта талант деп ушул кызды айтыш керек.ийгилик УМУТАЙ!
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-02 09:28:38
02.02.2018. 00:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик! Жакшы ырдайт.
02.02.2018. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кыз абдан жакшы ырдайт ийгилик Умутай
03.02.2018. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кезинде Умутай эже менен жатаканада чогуу жашаганбыз.Бетиндеги уячасы кулгондо соонун болуп билинип калат.Таланттуу кыз аябай."Озунду ойлоп эзилдим,Омурго шерик сезилдин,Байкоосуз жерден мен сени,Таарынтып алдым кечиргин" деп созолонто ырдаганы эсимде калыптыр арадан жылдар отсо дагы.Ишинизге ийгилик, онорунуз оркундой берсин.
04.02.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азыр ырчы коп,ырларынын мааниси жок
04.02.2018. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ай Кудайым ааай ырчы деп чыкпаган бир эле мен калган окшойм шоу бизнесте жок, менден баары эле ырчы болуп алдыго
05.02.2018. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Умутай Абдышова ото таланттуу кыз! Ырлары уккулуктуу, бир канча тилде комуздун коштоосунда ырдай алат
05.02.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жандуу синдимдин тоюнда ырдаган, коруп абдан жактыргам. Чыйылдаган башка ырчыларга караганда таланты бар чын эле. Озу айткандай уячасы да бар. Комузду да укмуш чертет экен. Эс алып эле карап олтурганбыз тойдо, ийгилик. Анжелика, Асель Кадырбековаларга караганда таланттуу чын эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо