АТАКТУУЛАР АПАЛАРЫНЫН КӨЗҮ МЕНЕН

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Бала төрөлгөндөн баштап, чоңоюп өзүнчө ийгилик жаратканынан бери эненин көңүлүндө, жүрөгүндө. Бекеринен жашообузда эненин тарбиясы маанилүү болбосо керек. Бүгүн бизге белгилүүлөрдүн апалары балдары тууралуу сүйлөп берет.


Разия Шарипова, Самара Каримованын апасы: «САМАРА КАЙЧЫ МЕНЕН ПАРДАЛАРЫМДЫ КЫРКЫП ӨЗҮНӨ КӨЙНӨК ТИГИП АЛЧУ»
– Самара менин эң кенжетай кызым. Мен медайым болуп иштеп жүргөндө бир жолу жумуштар көп болуп Самараны бала бакчадан алып кеткенди унутуп коюптурмун. Тарбиячы эжекеси кызымды жетелеп келип «сизге бала керекпи же кереги жокпу?» деп таштап кеткени эсимде. Кичинесинде мага айтпай эжелери Алымкан, Уулжанды ээрчип таята, таенесиникине Коммунизм айылына кетип калыптыр. Болбосо биздин айыл менен ал айылдын аралыгы 3 сааттык жол. Ары-бери чуркап издеп таппайм, кабатыр болуп өзүмдүн ата-энемдикине барсам, ошол жакта ойноп жүрүшөт. Жиним келгенинен көсөөнү колума кармап алып сабайын деп келе жатсам Самара чуркап бактын башына чыгып кетти. Таяк жейм деп кечке чейин түшпөй койду. Акыры жиним тарап, өзүм алдап-соолап жатып бактын башынан түшүргөм. Чеберлик жайы бар эле, жумуштан келсем пардаларды кайчы менен кыркып, өзүнө көйнөк тигип, аркы жактагы бөлмөнүн пардасынан куурчагына көйнөк тигип эле отурчу. Чоңойгондо уз болот окшойт деп тилдеген жокмун.
Кошуна балдар менен үйдүн чатырынан жерде жыйылып турган саманга секирип ойношчу. Бир күнү ошентип секирип ойноп жатып колун чыгарып алыптыр, апам урушат деп автобус менен бейтапканада жаткан атасына барыптыр. Атасы Самаранын колуна гипс таңдырып, кайра машинага салып жиберет. Үйгө келгенде атасы коңгуроо кылып «урушпа менин кызымды» деп менин ачуумду кайтарган.
Самара атасынын кызы эле, кичинесинде атасы «кызым, сени мен төрөгөм» деп көп айтчу. Самара азыр деле ошого ишенет болуш керек (күлүп). Азыр деле тойдон кеч келгенде атасын бир кучактап алып анан уктайт. Мектепте жакшы окуду, активдүү эле. Облустук деңгээлдеги сынактарга чейин катышып жүрдү. Кичинесинен турмушка тың болду. Студент кезде атасы көп ооруп, окуусуна деле жардам бере албадык. Өз күчү менен Кыргыз-Түрк Манас университетине тапшырып, өтүп кеткен. Каникулдарда «айылга барам, эс алам» деп эркелик кылган жок. Кафеде официант болуп иштеп кем-каржысын толуктап алчу, ашканын бизге салат эле. Кызым турмушунан да, жумушунан да ордун тапты. Атасы экөөбүз ырларын сүйүп угабыз, эл кызы болгонуна сыймыктанабыз.


Мыскал Дубанаева, Мурат Жалиевдин апасы: «АПА, СИЗГЕ ЖАККАН КЫЗДЫ АЛАМ ДЕЧҮ»
– Менин 5 балам бар. Бирок Муратымды өзгөчө жакшы көрдүм. Балким, балам кичинесинде көп сыркоолоп, бейтапканаларга чуркап, амандыгын көп жолу Кудайдан тилегендигим үчүн жакын болуп калсам керек. Кудайдын буйругу менен балам талма оорусунан айыгып кетти. Муратты көбү тамашакөй, турган жеринде күлдүргөн куудул деп билишет, бирок үйдө андай эмес. Үйдө аябай олуттуу, бир сырдуу, туугандар келсе «ушу сиздин балаңыз Муратпы, сыналгыда такыр башкача го» деп таң кала беришет.
Муратым кичинесинен аябай шок өстү. Иниси Турат экөө «мушкер болобуз» деп бокс менен машыга башташкан. 4-5-класстарда болсо керек, Араванга мелдешке барып, мурдун сындырып келди. Ошондон кийин «барбайсың» деп бокско катыштырбай койгом. Мага арык, бою узун кыздар жагат эле. Уулдарыма ошондой кыздарга үйлөнгүлө деп айтчумун. Университетте окуп жүргөндө арык, бою узун, чырайлуу кыз бар болчу. Муратым «апа, сизге ошо кыз жагабы, анда ошол кызга үйлөнөм» деген. Бир күнү маанайы суз «апа, сизге жаккан баягы кызды алып качып кетиптир» деп келип калды. «Мейли эми, буюрганын көрөсүң да» деп жубаткам. Акыры мага жаккан кызга үйлөнүп, мени жакшы келиндүү кылды. Үйдө Мурат күйүмдүү, биздин үй-бүлөнү толугу менен Муратым каржылайт, башка бир туугандарына да жардам берет.


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(17)
30.01.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Оорубасын биздин апалар!»»
30.01.2018. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Самара 1991-жылкы болсо, Кыргыз- Турк Манас университетинде окудубу же Асан университетиндеби? Кыргыз-Манас Туркто окуса турмушка чыгып 3 бала торогону кантип улгурду. Турмушка чыгып анан окуган болсо официант болуп иштеп уй-булосуно комоктошкону кантип убакыт тапты экен? КЫЗЫК!!!
30.01.2018. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aa93,реактивная женщина болсо керек да
30.01.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Негизи ата энелер да кайсы баласы коп акча таап каржылап турса ошонун созун суйлоп калышат экен))) азыр эн кичуу уул атанын уйундокалат деген жок, кайсы уулунун аялы жакшы чыкса ошол калат) )) Бар болгула апалар!!!!
30.01.2018. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Begimkyz.,ал туура
03.02.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Begimkyz., туура. Азыркы заман ата энени ким каржыласа ошонун сөзүн сүйлөттүрөт окшойт.
30.01.2018. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
"Азыр деле тойдон келгенде атасын бир кучактап алып анан уктайт" -дептир,ата-энесида Асакасынын уйундо жашайбы ошондо?


30.01.2018. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
mentol,мен да ошентип ойлоп калдым.
30.01.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mentol,))))))
01.02.2018. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mentol,ооба ата- энеси менен бир короодо жашайт экен. Алар времянкада, өздөрү чоң үйүндө. Тамак- ашы бөлөк дешет го
30.01.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Samara chynynda ele reaktivnaia kelin, torogondon kiyin kyrky chyga elekte konsert ,berdi ele go 14 kun qatarynan.
30.01.2018. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Хотя бы апаларга жакшы созунорду жазсанар болмок. Эне учун озунун ийгилигинен да баласынын ийгилиги ойдо турат дешет эмеспи. Балдарыныздар дайыма оздорунун ийгиликтери мн сиздерге жалан гана алкыш, урмат алып келишсин!Самаранын апасы медайым экени жана атасы мн коп балалуу болушуп, кошо карышканы жакшы пикир, ой калтырды!
31.01.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Sofy оюнузга кошулам. Азыр элдер только кемчилигин коруп калышты адамдардын. Апалар учун жакшы соз жазганга жарабай калышса анда создун буткону.
31.01.2018. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен да кичинемде уйдогу пардалардан апам свадебный койнок тигип берсе деп кыялдана берчумун,козумо парпырап сонун корунчу эле да залдагы ак пардалар))) Самара журоктуу экен заневескаларды кыркып койнок тигип кийип. мен коркпойле ошентсем болмок экен))))
31.01.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дагы эле Самара
01.02.2018. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир жумада эки ирээт чыгып Анжелика экөөн коптунорго коптунор.
03.02.2018. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
«Атакттуулар апаларынын назарында» ___ Кыргызча ушундай айтылса жакшы болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо