Манзура, жынысын алмаштыргысы келген жигит: “ЖЫНЫСЫМДЫ АЛМАШТЫРЫП, ӨЗҮМДҮ ТОЛУК КАНДУУ АЯЛ СЕЗГИМ КЕЛЕТ”

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Мамлекеттик каттоо кызматы өткөн жылы өлкөбүздө 12 жаран паспорттогу жынысына тиешелүү маалыматтарды өзгөрткөндүгү тууралуу маалымат таратты. Коомчулукта бул кабар кызуу талкууга алынып жаткан кез.


“КАЙРЫЛГАНДАРДЫН КӨПЧҮЛҮГҮ БИШКЕК ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ”
Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов жынысын алмаштырган жарандар тууралуу төмөнкүдөй маалымат берди.
– Жынысын өзгөрткөн жарандар тууралуу анализди 2017-жылы биринчи жолу жасадык. Анын негизинде 12 жарандын паспорттогу “жынысы” деген пункту алмаштырылып, аты-жөнүнө өзгөртүү киргизилгени такталды. Бирок бул жарандардын персоналдык номери өзгөрүүсүз калат. Жаңыртылган паспортко тиркеме катары жарандын аты-жөнү жана жынысы алмаштырылганы тууралуу күбөлүк берилет. Ал күбөлүк жарандын өзүнө тиешелүү башка документтерин алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
"Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамынын 72-беренесине ылайык, жаран жынысын өзгөрткөндүгү тууралуу медициналык маалымкат алып келсе паспорттогу маалыматтарды алмаштырып беребиз. Былтыр кайрылгандардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Алардын канчасы эркектен аялга же аялдан эркекке айланганы тууралуу маалымат таратууга биздин укугубуз жок.

Өзүн транссексуал деп тааныштырган каарманыбыз Манзура 36 жашта. Аялдарга эмес, эркектерге кызыгарын айткан ал өзүн кадимки аялзаты катары сезет. Кыз кишидей эле чач, тырмак өстүрүп, көйнөк кийген замандашыбыз 20 жылдан бери сексуалдык кызмат көрсөтүү менен каражат табарын билдирди.

“БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ СЕЗИМИМДИ КАБЫЛ АЛБАЙ КОЙГОН”
– Менин балалыгым Жалал-Абадда өткөн. Жүрүм-турумум, сырткы келбетим кызга окшош болгондуктан, айланамдагылар мени “кызтеке” дешчү. Жеткинчек кезимде “аа, мен кызтеке турбаймынбы” деп элге көп аралашпай, басынып жүрө берчүмүн. 13 жашымда кошуна жигитти жактырып калдым. Ошондо жүрөгүмдө биринчи жолу эркек затына болгон сезим пайда болду. Кадимкидей сагынып, көрсөм көксөөм канып калчу. Бирок сезимимди ага көпкө чейин айта албай жүрүп бир күнү чыгынып айтсам ал мени урушуп салган.
Бир жолу айылга бирөөлөр концерт коюп келип калышты. Ошолордун ичинен бир кыз мени карап “сен кыздын эле өзү турбайсыңбы, сени транссексуал дейт. Сага окшогондор Бишкекте көп” деп айтып кетти. Аны угуп оюмдун баары борборго эптеп жетүү болуп үйдөн качып чыктым. Ал кезде 16 жашта болчумун. Бул жакка келерин келип алып бир топ кыйынчылыктарды көрдүм. Жумуш издеп бир үй-бүлөгө бала багуучу болуп кирип алгам. Мени кыз деп ойлогон алар менин эркек экенимди билип калышып айлыгымды да бербей үйдөн кууп чыккан. Айтор, ушуга окшогон маселелер жаралып жаш болсом да жашоонун соккусуна бир топ ирет урундум. Ошентип жашоомдо бир аял пайда болуп ал менин кумса эмес, транссексуал экенимди түшүндүрдү. Жаш кезимде боюм узун, сулуу элем. Кыскасы, тиги аял мени сойку кылды. Ал сутенёр аялдын кол алдында жүрүп, көп деле акча кармаган жокмун. “Иш” бергенине, курсагым тойгонуна ыраазы болуп жүрө бердим. Бирок борборго келип ушул дүйнөгө аралашып, өзүмө окшошторду көрүп жалгыз эмес экениме сүйүндүм. Бишкекте транссексуал, кумса, лесбиянкалардын клубдарына барып мендей адамдардын бар экенин билип, жашоомдо жаңы үмүт пайда болуп кадимкидей гүлдөп чыктым.

“ЖИГИТИМ ЭКӨӨБҮЗ 8 ЖЫЛ ЧОГУУ ЖАШАДЫК”
– Бир жолу дискотекада бир кумса менен бийлеп, ал бооруна кыса кучактаса биринчи жолу эркектен мээрим сездим. Тааныштык, табыштык, сүйүштүк. Экөөбүз чогуу 8 жыл жашадык. Бирок, тилекке каршы, эки башка жолго түштүк. Азыр экинчи эркек (ред.: каарманым аны жолдошум деп атайт) менен жашасам да биринчи жолдошума деген сезимим өчө элек. Аны менен эки башка жолго түшкөндөн бери өзүмдү таштап койдум. Башында ошол жигитти бактылуу кылуу үчүн жыныс мүчөмдү алмаштыргым келчү. Бир жылдары урологдордон кеңеш сурап ден соолукту текшерүүдөн өткөрүп анан операция жасаларын, жыныс алмаштыруунун баасы кымбат болорун билгем. Бирок ал убакта менде андай акча жок болчу. Эми жылдан жылга жашым өтүп баратат, мурдагыдай жаш болбогондон кийин 36 жашта андай оор операция жасатсам кыйналып каламбы деп ойлойм. Укканыма караганда, операция жасаткандан кийин адамда сезимталдык төмөндөйт экен. Ошентсе да жыныс алмаштырып бир жаңсыл болуп, өзүмдү толук кандуу аял катары сезгим келет. Сойкулукту таштап тынч жашоону самайм, бирок бизди башка жумушка албагандыктан ушул жол менен оокат кылууга туура келет. Көкүрөгүмдүн өлчөмү кадимки кыздардыкындай болгону менен, мен да башка транссексуалдарга окшоп силикон салдыргым келчү.
Паспортум эркектики болгондуктан аэропорттордон маселе жаралып калат. Чындап эле мен экениме ишенишпей, ичкери киргизип алып чечиндирип көрүп анан ишенишет. Эгер чыгынып операция жасатып, документ алып алсам чет өлкөгө кетет окшойм. Бирок кайсы мамлекетке барсам да жүрөгүм мекенге тарта берерин билем.

“ТОНОО, САБОО, ЗОРДУКТОО”
– Бул жолду тандаганым менен, ушул жашка келгени эч кимге жамандык кылган эмесмин. Ачык мүнөзмүн, баарына бирдей жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Бирок коомчулуктун, өзгөчө эркектердин бизге карата ою, мамилесине капамын. Аларга зыян келтирбесең да кармап алып шылдыңдашат, кордошот. Сабап-урганды жөн коёюн, эркектер тобу менен зордуктап кеткен учурлар болгон. 10-15 күн мурда эле кардар катары батирге келген эки жигит курбум экөөбүздү тоноп кетишти. Үйдөгү 28 миң сом акча, кымбат баалуу телефондорду жана зер буюмдарыбызды көз көрүнөө эле жулуп кетишти.


“АЯЛДЫН ЖЫНЫС КЫНЫ ИЧЕГИ- КАРЫНДАН ЖАСАЛАТ”
Бишкек шаарында жайгашкан республикалык урология борборунун башчысы, уролог-хирург Акылбек Усупбаев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жыныстык мүчө алмаштыруу боюнча операция жасаган. Анын айтымында, жынысымды алмаштырам деп кайрылгандардын басымдуу бөлүгү эркектен аялга айлангысы келгендер.
– Мурда биздин коомдо мындай көрүнүш жок болчу. 2006-2007-жылдары биринчи жолу жыныс алмаштыруу боюнча ийгиликтүү операция жасалды. Бул маселе боюнча кайрылгандар гермафродиттер жана транссексуалдар болуп экиге бөлүнөт. Гермафродиттер – табияттын катасы, алар аялдын да, эркектин да жыныстык мүчөсү менен төрөлүшөт. Ал эми транссексуалдар бардык органдары, гормондору ашык-кеми жок нормалдуу эле төрөлүп, эс тартканда психологиялык жактан өздөрүн башка жыныстагы адам катары кабыл алып алгандар. Жыныс алмаштыруу боюнча гермафродиттердин 15-20 жашында кайрылганы кеч болуп калат. Аларды туулганда эле генетикалык жактан текшерип, кайсы жыныска көбүрөөк жакын экенин билип, коррекция кылып койгон туура. Ал эми өзүн транссексуал деп эсептеп, өзү каалаган жыныска ээ болгусу келгендердин басымдуу бөлүгү эркектен аялга айланууну каалагандар. Мындай бейтаптын эркектик жыныс мүчөсү алынып, ордуна ичеги-карындан жасалган аялдын жыныстык кыны салынат. Бирок жатын салынбагандыктан ал адам төрөй албайт. Операция жасалган жаранга жынысын алмаштыргандыгы тууралуу маалымкат берилет.
Операциянын мындай түрү чанда кездешкендиктен Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан баа чегерилген эмес. Ошондуктан коммерциялык негизде жасалып келет. Эгер бейтап керектүү материалдарды алып берсе операциянын баасы болжол менен 1000-2000 АКШ долларын түзөт. Чет өлкөдө ушундай эле хирургиялык иштер 40-50 миң доллар тургандыктан, бизге башка өлкөлөрдүн жарандары да кайрылган учурлар болгон. Жеке практикамда он чакты гермафродит, 3 транссексуал бейтапка жыныстык операция жасагам.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(55)
30.01.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кудай сактасын?мындайларды Исламда ичине кыз шайтан кирип алган деп койот?буларды молдолорго алып барып колу бутун байлап тынбай дем салдыртыш керек?анткени булардын ичинде Жин бар,жиндин кучу менен булар ушул нерселерди айтып жатат?буларды ото кучтуу молдолорго алып барып Жинди чыгарып ташташ керек?Буларды Шайтандардын жолун жолдоочулар дейт?бул адам эсли окуп калса беретурган кенешим мечитке барып кучтуу молдолорду таап озун корсотсун?ичинен жин чыгып кетсе чыныгы эркек бойдон калат Жана
30.01.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Албетте окунушот кылып жургон иштери учун?Аллах Таалам эчкачан уч кыл адам жараткан эмес?2 гана тур адам жараткан,эркек жана аял,ким кандай торолсо ошол бойдон калуусу керек?анткени Аллахтын берген нерсени алмаштырууга же болбосо озгортууго эч качан болбойт?биз Аллахка аманатбыз?аманатына эчкачан кыянат кылбашыбыз керек?бул байке окуп калса сизге айтарым байке?мечитке барыныз?сиз чын журогунуздон мечиттин астанасын аттасаныз?сиздин проблемаларыныз оз озунон чечилет?сиздин журогунуздон дактар
30.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Тазаланып журогунуз Нурга толо баштайт?5 убак намазга жыгылыныз?журогунузду Аллахтааламдын тушургон аяттары менен толтуруп тазаланыз?тууганым адашуучулардан болбонуз?анткени адашуучулар шайтандар менен туболуктуу тозок отуна отун болосуз?2 кундук жашоону тандабастан туболуктуунузду танданыз?Инш Аллах ошондо баары жакшы болот?ошондо олор олгучейин Аллахтан кечирим сурап жашайс?мурда кылгандарыныз учун окунос?аттин кылас?бирок убагында кайткан болос?мен сизге Аллахтан суранып калам Журогунузго
30.01.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шумдугун кур,эмне деген заман болуп баратат.Тобо чачын тик турат го.
30.01.2018. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ыйман тилеп калам?эн соонун эркек болуп бала-бакыралуу болуп?эн ыймандуу ата болупкалуунузду Аллахтан Тилеп калам?Аамин журогунузду Аллах Таалам ыйман нуруна болосун?жузунуздон нур тогулгон уйдун тору болгон ата болунуз?Раббим Алла бул эркектин кылган куноолорун кечирип туура жолуна баштай кор?сен мееримдуу Жана Ырайымдуусун?бул кишининда жаман жолго тушушуно жол бербе ааминь,Ушул дуйнону жараткан Аллах Таалабызга чексиз мактоолор жана салаваттар болсун.
30.01.2018. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ээ тооба кылдым..астагфирллах
30.01.2018. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудайым жараткан инсандар сынга алып кыйын болбогула андан көрө кудайга тообо келтиргиле толук кандуу эркек же толук кандуу аял болуп жаралганынарга шүгүр келтиргиле силерден да бала кыз жаралат анын бетин ары кылсын бирок ошондой торолуп калса эмне өлтүрүп саласынарбы эртеңки күнүнөрду ойлогула
30.01.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тообо кылдым,бироону соз кылуудан коркомун буйруса менда балалуу боломун,эже-синди,ага-инилери,тууган уругум бар алардын келечегин эстесем коркомун.
30.01.2018. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар не болуп баратат тоба
30.01.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аэропорттон маселе жаралат дейт да жарытылуу акча кармаган жокмун деп журотго...аэропортко эмнеге каяка барат?
30.01.2018. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
jama9210, оштон бишкеке бишкектен ошко учса керек да
31.01.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
э ХХХХХХХ ХХХХХХХХ бишкектен башка жакта жок мындай.бишкекте бул кетиште эркек калбайт го!
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-31 09:20:38
31.01.2018. 04:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой баай
31.01.2018. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балдарыбыз ыймандуу болушсун! Бул кишиге алла таала озу ыйман берсин туура жол корсотсун.
31.01.2018. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен бир убакта угушумча; жонокой тил мн айтканда - адамда эркектин да, аялдын да гормону бт: эркекте эркектин, аялда аялдын гормону коп. Гормондордун бузулушунан эркекте аялдын гормону кобойуп кетсе ушул корунуш жаралат деп уккан элем. Ал гормондор алты жаштан кийин анык эркек же аял бп болунот имиш... Бул анык же анык эмес деп айта албайм..
31.01.2018. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
lilya8, туура айтасыз, ата-энеси байкоо салып, гармоналдык, психологиялык дарылоодон откоруп муну алдын алса болсо керек.
31.01.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кызтеке, кызга окшойсун деп айтпаш керек экен да.
31.01.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туркияда бир кыз операция жолу менен эркеке айлангандан кийин гармоналдык дарылоодон отуп чыныгы эркектей корунуп калган. Бул тажрыйбаны тескерисинче колдонуп, ана-эне баласында бир мандем байкап калса психология-гармоналдык жактан дарылап, кызын кыз, баласын бала бойдон сактап калса болобу дейм да. Бирок укук коргоочулар эле баланын укугу бузулуп жатат дебесе.
31.01.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудайым озу сактасын. Балдарга терен маани беришибиз абзел. "Эчнерсе болбойт, бул кичине" деп, уул балага, эжесин кийимин кийгизип койгонда туура эмеско деп ойлойм. Ал ушинтип башкача кабыл алып алышы мумкун.
31.01.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жашоо, бул тагдыр.
31.01.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХХХХХХХ жашоо эмес эле эмне? Не кереги бар тоодой күнөөгө батып
Модератор admin_media түзөттү 2018-01-31 18:02:23
31.01.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Окуп алып жакамы тиштедим кудай ай озу врачтарда дагы кунооо биздин менталитет деген бар акча деселе козунор чаганагынан чыгып кетет. Куду кармап алып бетке чаап талтайтып суротко тартып элге жарыялабайсынарбы намыс барбы деп. Манзура Мырзабек болсо керек эле мурун э ал оз убагында кимдер мн аралашып журду экен а жанында билген адамдар бар бекен озу. Алар только кундузу уктап туну тиргилик кылышат экен да а персон номерин жакшы алмаштырбай коюптур жок дегенде ошо жеринен билинет
Benazir08 түзөттү 2018-01-31 19:51:26
31.01.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал кургап калган ичеги чувства берет бекен Манзурага тообо тообо кудай сактаааа ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-01 09:42:27
31.01.2018. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гермафродит го эми мейли ал табияттан ошондой экен биросун алдырып койсо болот экен анан Манзура жпны кантебиз
31.01.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Астагфируллах.
01.02.2018. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул корунуш Европада десем, бизде да барбы
02.02.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тооба ушундай адамдар тээ илгери заманда болгон бекен а?
02.02.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланы суйуп калдым дейт го хахаха
02.02.2018. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор мусулмандарды. Мындай операция жасалбаш керек. Эркек болуп жаралгандан кийин бул дуйнодо эркекче жашап отуш керек. Жаман жолдон алыс болуп жакшы жашоого азырда кеч эмес брат. Оюнду дитинди озгорт.
04.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фууууу кудай сакта
05.02.2018. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суудан таза,сүттөн ак боло бербей жакшы кеңешиңерди айтпайсыңарбы?
ХХХХХХХХ ХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-05 13:49:25
05.02.2018. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kelechek1, жеке билдирүүлөр үчүн купуя кат бар!
06.02.2018. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин Бир тааныш иним бар Аны былтыр уйдон Бир бала мн жыланач жаткан жеринен коруп калгам.демек ал ушундай болуп калабы
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо