Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал)

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

(Башы өткөн сандарда)


Күндөр тездик менен өтүп жатты. Айсулуунун кыймылы оорлоп калды. Ал иштеген жайдын менеджери Светлана деген орус аял болчу.
– Канча ай болду?- деди бир күнү Айсулуунун курсагын жаңсап.
– 7.
– Айка, билесиңби, мен сага боорум ооруп эле ушунча убакытка чейин алып жүрдүм. Мени кечирип кой, бирок сен жумуштан кетишиң керек.
– Түшүнөм, өзүм деле айтайын деп жаткам. Сизге да, рахмат, Света.


ххх


Эми эмне кылат? Батирге келип бир топко чейин шыпты карап жатты. Чалкасынан жатса эле ичиндегиси тепкилеп баштайт. Булт-булт этип кыймылдаганы Айсулууга даана сезилет. Алаканы менен курсагынын кайсы жерин тепсе ошол жерди сылайт. Жашынмак ойногонсуп курсактагы алакан коюлган жерин эмес башка жерин тебет.
– Эмне кылсак, кызым?- курсагы менен сүйлөштү. Ооба, боюндагысы кыз болчу. 2 ай мурун билген. Адегенде бир аз оңтойсуз болуп кетти. “Урунуп-беринип жүрө бере тургандай эле эркек болсо болмок, кыздын азабы көп экен” деп кейиген. Төрөлө элек ымыркайына санаа тартып жүрөт.
Ордунан туруп барып муздаткычты ачты. Йогурт, жер-жемиш, кара нан муздаткычтын бир бурчундагы баштыкта салынып туруптур. Мунун баарын Азамат Назиктен берип жиберген. 3 күн сайын ушинтет. Жашыл алманы жууп алып, кыртылдатып жеп баштады. Терезеден сыртты тиктеп туруп ойго батты.


ххх


– Айка, чай коюп турчу, биз Айбектер болуп баратабыз,- Назик келе жатып Айсулууга чалды.
– Мейли.
Аз өтпөй Назик, Айбек, Азамат кирип келди.
– Кандай, Айка? Бүгүн могу курбуң “торт жегим келип жатат” деп кайра-кайра айтып жанды койбоду. Атайын алып келдим,- Айбек бут кийимин чечип жатып сүйлөдү.
– Ашканага дароо эле, торт менен чай ичебиз,- Назик буйрук бергендей сүйлөдү.
Баары жайланышып отуруп тамактанып жатканда Назик сырдуу жылмайып алып Азаматка сүйлөдү.
– Бербейсиңби жанагыны.
Азамат уялыңкы жылмайып койду.
– Бер да, атайын алып келгенден кийин,- Айбек да сөзгө аралашты. Айсулуу ыңгайсыз болуп кетти. Азамат унчукпай эле күлүп отурат.
– Эк, жоошсуң да такыр эле. Кыскасы, Айка, Азаматтын курткасынын чөнтөгүн барып карасаң.
– Эмнеге мен мунун чөнтөгүн карайм?!- Айсулуу жинденип кетти.
– Уф, эми карап койсоң барып. Азамат каршы эмес. Чыртылдап эле турасың тим эле,- Назик нааразы боло сүйлөдү. Айсулуу да кекеткенсип туруп барды да, Азаматтын чөнтөгүнөн алып чыкты. Күлгүн түстөгү төрт бурчтуу катуу кагаздагы бир нерсе...
– Бул эмне?- Айсулуу кызыга карады, анан көкүрөгү бошоп кетти. Кагаз кутуда назик күлгүн түстөгү быйтыйган, көпөлөк сымал байланган сызмасы бар бут кийим турган. Жаңы төрөлгөн ымыркайга чак келчүдөй кичинекей неме Айсулуунун көзүнө бир башкача көрүндү. Көзүнө чыга түшкөн жашты жашырмакчы болуп калп күлдү.
– Сонун го бул. Рахмат, Аза,- деди сыр бербей.
– Эч нерсе эмес.
– Э-эй, бул даана экен да,- Айбек каткырып сөздү улап кетти.
– Көчөдө баратсак эле токтоп калбадыбы. “Не болду?” десем, “тээтигини карачы” дейт. Мен орус кызды көрсөтүп жатабы деп коём. Тигини дейт. Көрсө, айнектен дүкөндүн ичиндеги алдагы кичинекей баланын бут кийимин көрүп калыптыр да. Оңбогондой акчага алып албадыбы, эмне кыласың десем, жымыйып эле күлөт...
– Менимче, жигит деген ушундай болушу керек. Азаматсың, Азамат!- Назик атайылап сүйлөдү. Мындан кийин алар бир топко чейин аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Акыры жигиттер кетер маал келди.
– Эртең келип, тамак жеп кеткиле! Аш басып коём,- эшиктен узап бараткан Азаматтын артынан сүйлөдү Айсулуу. Эмнегедир көңүлү көтөрүңкү боло түштү.


ххх


Кечээки маанайы бүгүн да кете электей. Ойлоп көрсө, көптөн бери суз жүрүптүр. Азыр болсо мурдунун учунан кыңылдап ырдап, ашканада жүрөт. Эшиктин коңгуроосу басылды...
Азамат экен.
– А тигилер кайда?
– Сен кире бер, азыр чыгабыз дешти. Короодо отурушат.
– Аа, кир анда.
Айсулуу Айбек менен Назик атайын кирбегенин дароо түшүндү. Бирок бул ирет ачууланган жок.
– Тигилер келгенче күтөлүбү же жей берелиби?- кыз ашканада өзүн ыңгайсыз сезип отуруп калган Азаматка кайрылды.
– Билбейм.
– Сен өзүң эле ушундай тартынчааксыңбы же мени көргөндө ушинте бересиңби?
– ...
– Назик мени сага эле тийип ал дейт. Сага тийсем өзүм менен өзүм эле сүйлөшүп калчудай окшойм.
– Жок эгер тийсең каалашыңча сүйлөп бермекмин. Мен көп эле сүйлөйм.
– Азамат, мен башкадан төрөйм да...
– Бирок ал менин балам болмок. Эгер тийсең?..- жигит үмүттүү көздөрү менен карап алыптыр. Айсулуу ойлонуп калды. Азаматтан мындай жооп күткөн эмес.
– Баары бир эл сөз кылат. Намысыңа тийишет...
– А биз эч кимге айтмак эмеспиз. Чын, Айсулуу, мен сени жакшы көрөм. Мен жакшы ата болгонго аракет кылмакмын. Балдарды да жакшы көрөм. Эжемдин кичүү уулун мен эле багып чоңойтком. Сени шаштырбайм. Бирок кайсы учур болбосун сага үйлөнгөнгө даярмын.
Кыз бир топко үндөбөй турду. Жакында төрөйт. Азаматка ишенсе болот.
– Сен менин атам менен сүйлөшүүң керек? Ал аябай катуу киши...- деди көздөрүн ала качкан Айсулуу. Жигиттин көздөрү жайнай түштү. Жүрөгү дүкүлдөйт.
– Ооба, сүйлөшөм,- деди ал элеп-желеп болуп.


ххх


Айтканындай эле Азамат Айсулуунун атасы менен сүйлөштү. Андан бир топко кечирим сурап, сөккөнүн да укту. Адегенде албууттанып, жинденген кыздын атасы дээрлик бир жумача Москвага барам, сазайыңды берем деп жатып, акыры араң жумшарды. Качан гана Айсулуунун атасы жоошугандан кийин апасына байланышып, үйлөнөрүн, жакында неберелүү болорун айтып кубантты.


ххх


– Азамат, сен биздикинде жашап турат окшойсуң. Айка бүгүн-эртең көз жарчудай...- Назик телефондон Азаматка кайрылды. Ал Айсулууга үйлөндү деген эле аты болбосо, Айбек экөө мурункудай эле башка жашап жатышкан. “Кош бойлуу кезинде кайра кыжалат кылбайын” деп ойлогон Азамат.
– Мейли, кечинде барам.
Бирок Азамат кечинде барганча эле Айсулууну "Тез жардам" менен алып кетишиптир. Ал келип эле шашкалактап кайра ооруканага жөнөдү. Назик айткан дарек менен эптеп таап барды.
Узун коридордо Назик ары-бери максатсыз басып жүрүптүр.
– Биз байкабай эле жүрө бериптирбиз. Толгоосу бышып калган экен да,- деди ал Азаматка актангандай. Дал ушул учурда санитар аял чыгып:
– Болотованын жакындарысыңарбы?- деп кыйкырды аларга.
– Ооба.
– Баланын атасы ким?
– Мен,- деди жигит кыргыз тилинде эле. “Жүрү, кир, сени чакырып жатат” деп санитар аял Азамат кирер-киргенче акушерге, санитарга акча бериш керек экенин саймедиреп барды. Жигит унчукпай гана алар сураган акчаны карматты.
– Эми кире бер,- деди кызылынан келген орус аял акчаны алып жатып.
Ымыркай апасынын көкүрөгүндө жатыптыр. Азамат кереметтүү бир нерсени көрчүдөй демин чыгарбай аларга жакындап барды. Көмкөрөсүнөн жаткан кызыл эт болгон чүрпө бетинин жарымын бырыштырып алып, апасынын төшүндө көздөрүн болор-болбос ачып бет маңдайын тиктеп жаткан экен. Аны көрөрү менен Азаматтын ичине жагымдуу жылуулук толуп чыкты. Жүрөгү жай согуп калгандай, дүк-дүк эткени угулуп жаткандай болду. Ал мындай сулуулукту эзели көрбөптүр. Көздөрүн тостойтуп алып, таң калгандай карап жатты. Ичке манжалар, манжалардагы күлгүн түстөгү назик тырмактар, быйтыйган мурун, үлпүлдөгөн чач, бейкапардык, күнөөсүздүк, алсыздык жуурулушуп келип бир кереметтүү кичине кыздын кипкичине турпатын көрккө бөлөп салыптыр. Бул чынында керемет болчу.
– Бул...- Азаматтын үнү каргылданып, көзүнө жаш толо түштү
– Бул ушунчалык сулуу экен. Мен кантип ушуну жакшы көрбөй коёюн?
Андан ары сөз таба албай эзилип ымыркайды карап турду. Колуна алгысы келди. Бирок азыр өзүнүн орой, кара жумуштан туурулуп калган колдорун тийгизип жиберип, өзү көрүп суктанып бүтө албай жаткан кереметти бузуп аламбы деп коркуп кетти...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Башка сандарда:
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 793-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 794-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 796-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 797-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 798-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 799-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 800-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 801-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 802-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 803-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 804-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 805-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 806-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 807-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 808-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 809-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 810-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 811-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 812-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 813-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 814-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 815-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 816-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 817-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 818-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 819-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 820-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 821-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 822-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 823-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 824-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 825-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 826-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 827-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 828-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 829-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 830-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 831-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 832-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 833-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 834-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 835-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 836-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 837-сан
МАМАЛАК (Атанын кызына болгон чексиз сүйүүсү тууралуу сериал) 838-сан
Комментарийлер(16)
30.01.2018. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эххххх
30.01.2018. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Азамат аззамат жигит экен!!!
Бей куноо наристени бооруна алган чыгарма болсода чын болгондой кубанып турам.
30.01.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
жакшы ушундай жигиттер чыныгы жашоодо болбосо да жомоктордо болгону суйундурду
30.01.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чыныгы жигиттик сапат!
30.01.2018. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ооба Азамат чын эркек экен, молодец. Бул чыгарма болсода абдан таасирдүү экен (трогательно).
30.01.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат коргон сулуулукту элестетип журогум эзилип кетти кыз деген бул бир башкача соз менен тушундуро алгыс нерсе экенда....
30.01.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bah 4irkin Myndai Myrzalar jomoktordo 4ygarmalarda ele emes 4ynygy jawoodo da bolso gana Azamatty 4ynynda ele suiup kettim
30.01.2018. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат азамат экенсинго. Атына затын жарашкан
30.01.2018. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ээх мынча сонун өтө чеберчилик мн жазылыптыр
30.01.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат, аты айтып тургандай эле Азамат экенсиң!
30.01.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шолоктоп ыйладым озумду токтото албай, ушундай эркектер бар экенинеби билбейм же кызга боорум оорудубу...
30.01.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соооонун...
31.01.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боюна кылып качкан жигиттердин журогу ооруйт болду бекен?
31.01.2018. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматты суйуп калдым элесимде эле!!!
02.02.2018. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козумо жаш тегеренди,укмуш!!!
04.02.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада торогон болсо жакындарын роддомго киргизбейт, акча да сурашпайт го. Бир аз окшоштуруп жазсанар болмок,автор . Акча тилеп сугалактанган биздин Кыргызстанда эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо