Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨЗДҮН АРМАНЫ

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

КӨЗ СҮЙЛӨЙТ

– Кичинекей болгонума карабай жумушум оор. Күндөн-күнгө оорлошуп баратат. Бул жүрүштө 40ка чыкпай эле ишке жараксыз болуп каламбы деп корком...
Мен көзмүн. Эгизим бар. Бири-бирибизди көрө элек болсок да, абдан жакынбыз. Ирмелсек чогуу ирмелип, ыйласак бирге ыйлайбыз. Бизди 26 жаштагы Айжамал аттуу сулуу көтөрүп жүрөт. Айжамал кичинекей кезде жашоо жыргал болчу. Көргөнүбүз бак-дарак, жан-жаныбар... Балалыкты эстесем көп сөз, мен силерге бүгүнкү күндөгү арманымды айткым келип турат.
Бүгүн мен химикаттар менен технологиянын курмандыгымын. Таң эрте турган Айжамал мен ачылар замат миллиондогон түстөрү бар, нуру ачуу тийген телефондун экранын карайт. Уйкудан кийин жаңы күнгө көнүү дегенди билбей калганыма он жыл болду. Анан сурмама түрдүү боёкторду чаптайт, мени чукуйт, бүт денем ачышат, кычышат, көрүү деген өз кызматымды аткара албай кыйналам. Кээде компьютерден чарчап, кызарып чыкканымда “Менин майымды коротуп нан таап жеп жатат. Мени деле аяп, кам көрүп койсо...” деп алам. Чынында чарчадым. Компьютер менен телефон дегениңерден чарчадым. Жумулуп уйкуга кетип жатсам да, Айжамал кыйнаганынан айла жок жарым-жартылай ачылып берем.
Мурда боёкторго нааразы болчу элем, азыр андан өткөн кордукту көрүп жатам. Айжамал мага ай сайын эки сантиметрлик жасалма кирпиктерди чаптатып келет. Аны мага жармаштыра турган желим – душманым. Чел кабыгым ачышып, ички катмарым кызарып, сурмамдын териси чоюлуп, катып чүрүшүп-бүрүшүп калат, айласыздан ыйлайм. Анан жаңы чапталган кирпиктерди көтөрүү моюнума жүктөлөт. Айжамал, мага Кудай өзүм көтөрө ала турган гана кирпик бергенин, мага андан ашык жүктү илүүгө болбойт экенин сага кантип түшүндүрөм?
Жасалма кирпиктерден кутулууга аракет кылам, бирок анда өзүмдүн кирпиктерим да түшө баштайт. Өз кирпиктеринен айрылып сулуу болуу керек беле?
Жаш туруп эмнени гана көрбөдүм? Линзанын түрү, боёктун түрү, конъюнктивит сыяктуу түрдүү оорулар... Ооруп калганымда кайра түрдүү ачуу дары-дармектер...
Эми жакында жаңы азапты башымдан өткөргөнү турам. Бир жумадан соң Айжамал сурмамды чыгарам деп теримди кестирет, тиктирет. Башкача айтканда, блефаропластика жасатат. Ал операциядан кийин булчуңдарым жабыркап, мүмкүн көрүүм начарлайттыр, ким билет? Блефаропластика сени азыр сулуу кылса, келечекте зыянын тартасың деп коёр киши жок. Сени Кудай ансыз да сулуу, ансыз да жылдыздуу кылып жараткан. Токто, Айжамал, мени укчу, оюңдан кайтчы. Айтор, ыйлагым келет, ыйлагым...


ЖАСАЛМА КИРПИКТИН КӨЗГӨ ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРИ
Жасалма кирпикти чаптоочу желимдин курамы:
1.
Цианоакрилат
2. Чайырдын түрлөрү
3. Косметикалык көө (сажа)
4. Формальдегид
5. Каучук жана башка

Көзгө жасалма кирпик чаптап жатканда тиешелүү коопсуздук эрежелери сакталбаса көзгө кандай коркунуч жаралары тууралуу окулист Диана Алексеева айтып берет.

  • Желимдин курамындагы чайыр көздө аллергияны пайда кылат.
  • Ичке, бат сынма кирпиктерге кошумча жасалма кирпик чаптатканда желимдин курамындагы химикаттарды көтөрө албай, натыйжада жасалмага кошулуп табигый кирпиктер да түшүп калат.
  • Кургак терилүүлөр көздүн айланасына майлуу кремдерди колдонууга мажбур. Мындай кремдер желимдин курамындагы химикаттарды эритип, ал жасалма кирпиктердин эрте түшүшүнө, көздүн ичине кирген учурда көз ооруларынын жаралышына таасир этет.
  • Контакттык линзаны колдонгондор аларды алып, кайра салууда линза кирпиктерге, кирпиктер линзага тиет. Линзанын курамындагы заттар кирпик чаптаган желимди эритип, натыйжасы кирпиктин эрте түшүүсүнө, көздүн түрдүү ооруларга чалдыгуусуна алып келиши мүмкүн.
  • Тери алдындагы бездер майларды бөлүп чыгарат, май болсо бет терисин майланыштырып турат. Андай табигый май желимди эритүү жөндөмдүүлүгүнө ээ, андыктан майлуу теринин ээлери үчүн жасалма кирпик чаптатуунун коркунучу күч. Эриген желимдеги зыяндуу заттар көзгө түшүп, ооруну жаратат.
  • Мурунтан көз оорусу барлар жасалма кирпик чаптатса, ал оорунун курчушуна алып келет. Өнөкөт көз оорусу болбосо да көзү маал-маалы менен кызарып турган адамдар жасалма кирпик чаптаткан учурда конъюнктивит оорусуна чалдыгуулары ыктымал.
  • Жасалма кирпик, аны чаптаган желимдин курамындагы заттар көз аркылуу организмге киргенде курсактагы наристеге да зыянын тийгизиши ыктымал. Андыктан кош бойлуу айымдарга кирпик чаптатууга тыюу салынат.

КӨЗ БОЁКТОРДУН ТИЙГИЗГЕН ТЕРС ТААСИРИ
Сапатсыз, мөөнөтү өтүп кеткен же болбосо теринин өзгөчөлүгүнө туура келбеген көз боёктордон:
1.
Көздө аллергия пайда болот.
2. Түрдүү көз оорулары жаралат.
3. Көздүн айланасына бырыш түшөт.
4. Боёктордун курамындагы химиялык заттардын айрымдары (мисалы, феноксиэтанол) адамдын нерв системинин иштешине терс таасир берет.
5. Айрым көз боёктордун курамындагы метилпарабен организмдеги зат алмашуунун бузулушуна алып келиши мүмкүн.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(8)
30.01.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Салам супер коздун айланасына кандай маска койсо болот адистерден сурап бериниздерчи?Менин козум айланасы карарып турат кантип агартсам болот.
30.01.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
altysha,сен Кастор майын койуп жакшы жардам берди майда бырыштарда жоголду
30.01.2018. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
momun74,Кастро майын кандай колдонсо болот? Ошол ббоюнча кененирээк жазып коесунарбы..
30.01.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
телефон деген бир бале болду уйку келсе кармап чукуп отура беребиз да
04.02.2018. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akniet_kg96,Азыр да чукуп отурасынго
30.01.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Коздун арманы озгочо соонун жазылыптыр мага жакты. Жасалма кирпик зыян экенин билип туруп кайра жасатсамбы деп журом.былтыр тоюмда жасатканлем.коздорум тимеле созулуп ботокоз болуп чыгакелгем
31.01.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Рас эле койдуртпай коюптурмун жасалма кирпикти, бир эжем бекер эле коюп берем десе да, болбой койгон элем. Зыян экенин билчү элем, көрсө аябай эле зыян тура. Эми таптакыр койдуртпайм. Өзүмдүн кыска кирпиктерим эле жетиштүү)))
05.02.2018. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dina.janym, Молодец чырагым, сендейлер кобойсо экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо