БИР БҮРКҮМ. БАБАНОВДУН ОРДУНА ДҮЙШАЛИЕВ КЕЛДИ...

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

  • Кыргыз жеринде АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ 26-29-январь күндөрү 30 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө.
  • Орусиядан сатып алынганы жаткан газ менен жүрүүчү 350 АВТОБУС ушул жылдын сентябрына чейин Бишкекке алып келинет. Алар шаарда кичи автобустардын ордуна иштей баштайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев билдирди.
  • Өлкөдө АЖЫЛЫК сапарга каттоо иштери 23-январда башталып, 23-февралда аягына чыгат. Быйыл Кыргыз жарандарына 5400 орун (квота) бөлүнгөн.
  • Республикадагы БАЛДАР ҮЙЛӨРҮНДӨ тарбияланып жаткан 3360 баланын 95 пайызынын ата-энеси бар. Бул тууралуу вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова айтты.
  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН 2017-жылкы чыгымы 762,6 миллион сомду түздү. Анын 474,05 миллион сому айлык маянага жумшалган.
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары орточо 71,1 жыл жашашат. АЯЛДАР 75,1 жыл ал эми ЭРКЕКТЕР 67,2 жыл.
  • Өлкөдө 161 калктуу пункттун АЙЫЛ ДЕГЕН макамы жок. Бул тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиев билдирди.
  • 2017-жылы Бишкек шаарында 3 МИҢДЕЙ ДАРАК кыйылса, 10 миңдей көчөт отургузулган. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирет.
  • 23-январда Ош шаарында үйүндө жалгыз калган 4 жашар бала 5-кабаттан кулап, КАЗА БОЛДУ.
  • ӨМҮРБЕК БАБАНОВДУН ордуна Жогорку Кеңешке АБДЫБЕК ДҮЙШАЛИЕВ депутат болуп келди.
  • Мамлекеттик каттоо кызматы 2017-жылы төрөлгөн балдарга ЭҢ КӨП КОЮЛГАН ЫСЫМДАРДЫ атады. Өлкөдө Умар жана Раяна деген ысымдарга басым жасалууда. Былтыр 2886 уулга Умар ысымы коюлса, 1860 кызга Раяна ысымы коюлган.
  • Кыргыз өлкөсүнүн 650 айылы ТАЗА СУУ менен камсыздалбаган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев билдирди.
  • Абанын температурасынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу өлкө боюнча МЕКТЕПТЕР 26-январдан 30-январга чейин каникулга таратылды.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо