Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮНДҮК ЭТИНЕН ДААМДАР

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

Үндүк эти пайдалуулугу жагынан лидерлик сапта дешет диетологдор. Бул канаттуунун этинен кандай даамдарды жасайм деп турсаңыз, ашпозчу Кыял Батырбекова рецепттер менен бөлүшөт.


«КҮН КАРАМА» САЛАТЫ

Керектелүүчү азыктар:
Сууга бышкан үндүк эти
– 0,5 килограмм
Кургатылган кара өрүк – 200 грамм
Грек жаңгагы – 100 грамм
Жумуртка – 4 даана
Катуу сыр – 100 грамм
Майонез – 100 грамм
Күнжүт – 50 грамм


Даярдоо ыкмасы:
1.
Азыктардын баарын майда туурап алабыз. Жумуртканын агын өзүнчө, сарысын өзүнчө бөлүп тууроо керек.
2. Тарелкага алгач этти, андан соң жумуртканын сарысын, грек жаңгагы, кара өрүк, сыр, жумуртканын агы кылып кабат-кабат себелейбиз. Ар бир кабаттын ортосуна майонез сүйкөө керек.
3. Эң үстүнкү кабаты жумуртканын агы болот. Анын ортосуна жумуртканын сарысын, күнжүттү, кара өрүктү сүрөттөгүдөй күн караманын формасына келтирип кооздоп коёбуз.


ЭЛЕКТР МЕШИНДЕ БЫШКАН ҮНДҮК


Керектелүүчү азыктар:
Үндүк
– 3-4 килограмм
Киви – 5 даана
Сарымсак – 1 баш
Майонез – 100-200 грамм
Татымына жараша – туз, мурч, калемпир, үндүк эти үчүн атайын татымал

Даярдоо ыкмасы:

1-вариант.
1.
Үндүк этин мискейге салып, сууга жарым жартылай кайнатып бышырып алабыз (1-1,5 саат).
2. Сарымсакты майда туурап, ага туз, мурч, татымалдарды кошуп аралаштырабыз.
3. Шорподон үндүктү алып чыгып, муздаган соң даяр татымалды ичи-тышына тегиз сүйкөп, жарым саатка тыныктырып коюу керек.
4. Кызарып бышышы үчүн электр мешине саларда үндүктүн сыртына майонезди тегиз сүйкөп чыгуу керек. Электр мешинин табасын майлап, 220 градус ысыкта тегиз кызарып бышкыча кармайбыз.

2-вариант.
1.
Кивини, сарымсакты майда туурап, ага туз, мурч, татымалдарды кошобуз да үндүктүн ичи-тышына тегиз сүйкөп чыгабыз. Маринаддалган үндүктү жарым саат тыныктырып коюу керек.
2. Электр мешинин табасына саларда сыртына майонезди тегиз сүйкөп, 220 градус ысып турган электр мешинде кызарганча бышырып алабыз. Ширелүү үндүк эти даяр.


КУУРУЛГАН ҮНДҮК

Керектелүүчү азыктар:
Үндүк эти
– 500 грамм
Зайтун майы – 150 грамм
Ун – 5 аш кашык
Жумуртка – 1 даана
Татымына жараша – туз, кара мурч

Даярдоо ыкмасы:
1.
Үндүк этин туурасы 1,5-2 сантиметр, узунун 4-5 сантиметр кылып туурайбыз. Ашкана балкасы менен эттин эки жагынан акырын жанчабыз.
2. Этти идишке салып туз, мурч жана 2 аш кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз да, даяр аралашманы муздаткычка 1-2 саат тыныктырып коюу керек.
3. Идишке жумуртканы чагып, жакшылап аралаштырабыз. Тарелкага унду салабыз.
4. Муздаткычтан этти алып чыгып, алгач жумурткага малып, анан унга 2 тарабын тең оонатып, кайрадан жумурткага малабыз.
5. Көмөч казанга зайтун майын куюп, жай отто эттин ар бир тарабын 3 мүнөттөн кармап бышырабыз.
6. Куурулган үндүк этин сууга бышкан күрүч же башка жашылча салаттары менен дасторконго койсоңуз болот.

ҮНДҮК ЭТИНИН ПАЙДАСЫ
Башка малдын этине караганда үндүк эти адамдын организмине эң пайдалуу болуп саналат.

  • Анын курамында А, Е, РР, В витаминдери, темир, кальций, фосфор, магний, белок, натрий, калий, цинк, фолий кычкылы, марганец жана башка пайдалуу минералдык заттар бар.
  • Үндүк эти иммунитетти бекемдейт.
  • Жүрөк-кан тамыр жана нерв системинин иштешин жөнгө салат (калий).
  • Остеопороз оорусунун алдын алат (фосфор, кальций).
  • Үндүк эти калориясы төмөн жана курамындагы пайдалуу заттардын көптүгүнөн улам: спортчуларга, ашыкча салмак менен жабыркагандарга, кара күч жумушунда иштегендерге (белок, темир, фосфор) жаш балдарга, кош бойлуу аялдарга, бала эмизип жаткан энелерге (витаминдер жана темир, кальций, фолий кычкылы жана башка) сунушталат.


ҮНДҮК ЭТИН КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ!

  • Курамында белок көп болгондуктан подагра, бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга үндүк эти сунушталбайт.
  • Гипертонияга чалдыккандарга үндүк этинен жасалган тамактарга туз кошпой колдонуу сунушталат.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(6)
31.01.2018. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Спасибо!рецепты чудесные нравится)
31.01.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо силерден сураныч: азыркы чыгып жаткан глобус интер ком тууралы маалымат болсо жазгылачы, канчалык денгелде чындыгы бар же адамдарды алдообу?
01.02.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anarik87,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
01.02.2018. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаны союлган үндүк этинен кайнатма шорпо даярдаса аябай сонун болот, пайдалуу да,
03.02.2018. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курсак ачканда бир кирип окуп койсом тойгондой болуп калам.))
06.02.2018. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыыы. Мурда үндүктү КҮРП деп айтчу беле...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо