Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)


Жамиля үчүн чар тарап болуп кеткен үй-бүлө кайрадан бирикти. Атасы, энеси, Нуриля, Алибек баары келишкен эле. Бирок мыйзам катуу, тартип бекем. Түрмөнү айланчыктап ары-бери жүрө берген менен пайда жок. Бир гана үмүт Керемде болчу. Аны бул дагы сезди. Ал акыры андан эч ким күтпөгөн кадамга барды.
– Менден ал өчүңдү. Колуңда Жамиляны актап чыгара турган эмне бар болсо ошону мага бер. Ордуна эмне сурасаң баарын берем,- деди ал аялына.
– Чынбы? Бардыгын бергенге даярсыңбы?
– Тамашалашканга убактым жок.
– Хм, анда мага эркиндигиң керек. Ордуна сен кылдым де. Сени өзүм тез эле чыгарып алам. Бирок бир шарт менен. Жамиляны мекенине коё бересиң жана Эмрени унутасың.
– Сен мени жинди деп ойлоп жатасыңбы? Эч качан мен уулумдан баш тарта албайм.
– Жамиля үчүн дагыбы?
– Шерифе, минтип ойнотпо мени. Кара, колуңда турам. Бардык бийлик сенде, болгону Эмреден кол үзүшүмдү сураба. Анте албайм мен.
– Таразанын бир ташында Жамиля, экинчи ташында Эмре. Эмреден кол үзсөң, Жамиляны куткара аласың. Керем, мен көп жылдар сен деп жашадым. Балалуу болбодук, бирок бул менин жалгыз күнөөм эмес. Сен каалабадың. Эми мен жаштыгым өткөндө эч кимиси жок калат деп ойлойсуңбу? Жок, жаңылышасың, мен сени эч качан жөндөн жөн бирөөгө бере койбойм. Болгондо да үй кызматчыга.
Керем көпкө тиктеп турду. Эткел келген, көздөрүндө сүйүү жок, куду кургап бара жаткан кудуктай болгон аялын тиктеп турду.
– Сен мен берген акча менен каалаганыңдай жашай аласың. Аны билесиң, туурабы? Эмнеге жайыма койбойсуң? Ойно, күл, саякат жаса.
– Акча мени бактылуу кыла албайт, саякат дагы. Мен сени менен үй-бүлө болуп карыгым келет. Экөөбүз гана. Сен жашооңду мурункудай уланта бересиң. Аялдар менен жүргөнүңө да аралашпайм. Болгону биздин жашообуздан уулуң менен Жамиляны чыгарасың.
Керем анын мүнөзүн беш колундай билчү. Эгерде бир нерсени көздөп алса, ага жетмейинче тынбайт. Токтобойт дагы.
– Мени өлтүрүп салып кутулам деп ойлобо. Бардык маалыматтар адвокатымдын колунда. Мен күтүүсүз өлсөм ал дароо колундагы маалыматтар менен сага карата иш козгойт. Көрдүңбү, мен баарын көз алдыма алгам. Эми ойлон жакшылап.
Керемдин колунда эч бир көзүр калбады. Эң мыкты адвокат жалдаса да Жамиляны чыгарып кете албайт. Аргасыз аны коё берүүгө... Бирок кантип? Эркиндик колуна тиери менен тиги кыргыздын колун кармайт да, кетет эмеспи. Экөөнүн бактылуу жүздөрүн элестетип алып онтоп жиберди.


ххх


– Сиз өз иниңизди ууландырып өлтүрдүм деп жатасыз, туурабы?
– Мен өз колум менен эмес, бирок мен жалдаган адам өлтүрдү. Менин буйругум менен.
– Эмне максат менен?
Керемдин көк көздөрү муздак тигилди.
– Мурас үчүн. Компанияга жалгыз ээлик кылгым келди.
– Сиз ансыз деле жекеликте башкарып келгенсиз да, туурабы?
– Мен келинимдин күнөөсүз жерден жазаланышын каалабайм. Билесиз, кичине уулу бар. Башында Жамиляга шек түшөт деп ойлогон эмесмин, кийин иш чатак жагына айлана баштаганда уулун аядым. Өзүм моюнума алуум керек деп чечтим.
– Дарынын кутусунда келиниңиздин манжа издери калган. Буга эмне дейсиз?
– Ал куту алмаштырып коюлган. Мен жалдаган адам кантип кутуларды алмаштырып жатканын тастыктай турган видео бар. Ал видеодон Жамилянын күнөөсүз экенин билесиз. Видео менин жанымда.
Керем прокурордун алдына флеш-картаны ыргытты. Бүттү, чечим кабыл алынды. Алдынан жер көчүп бара жатканын байкады. Сүйгөн аялы менен уулунан ажырап жатканын сезди.


ххх


Жамиляга сумкасын ыргыткан конвой аял мыскыл жылмайды.
– Жакшы бар, периште, экинчи келбе, бул жакта сендейлер жашай албайт.
Асман мөлтүрөп турган экен. Кере дем алган кыз көзүн жумду. Эркиндиктин даамын сезди, мындан артык кандай бакыт бар? Уулу кучагын жая чуркап келе жатты. Алибек, атасы, энеси, Нуриля...
Эгерде бул бакыт болбосо, анда эмне бакыт? Сүйгөн, жаныңдан артык көргөн адамдарыңдын арасында болуудан артык бакыт барбы? Ар бирин кучактап алып ыйлап жатты Жамиля. Ушунча убакыттан бери сакталып, жыйналып келе жаткан кусасы, сагынычы дайра болуп кеткендей. Алибек да көргөн көзүнө ишене албай турду. Бул жакка келе жатканда бир гана көрсөм деген үмүт менен келген. Азыр болсо эркиндикте  кучагында турат. Көзүнө жаш алган Мурат да кызын аман-эсен көргөнүнө ишене албай турду.
– Кызым, мени кечир,- деп ыйлап жиберди.
– Ата, атакем менин!
Дал кичине кезиндегидей чачынан жыттап, кучагына кыскан атасынын кудуреттүү кучагы. "Мен сени эмнеге жектейин ата? Сен мен үчүн эң бир мээримдүү ата болдуң. Эч кимден ала албаган мээримди толугу менен сенден алдым. Сен болгону адамдарды мендей так жүрөгүңдүн түпкүрүнөн сүйчүсүң. Мүнөзүң да жумшак эле" деп ойлоп жатты Жамиля.


ххх


Керем жылмайып тосуп алды.
– Мына, экөөбүз орун алмаштык. Эми сен мага келе турган болдуң.
– Ооба, биз билет алдык. Эртең жолго чыгабыз.
– Эге Эмренин документтерин даярдап бердиби?
– Даярдады, баары жайында.
– Бардык жактан камсыз болосуң, аны билесиң да, ээ?
– Билем.
Экөө үн катпай калышты. Сөз бүтүп калгандай. Экөөнүн ортосундагы жек көрүү да, сүйүү да бүткөндөй. Жок, көп сөз бар сыяктуу, бирок көмөкөйдөн чыгып айтылышы оор сөздөр эле.
– Билесиң, эркимде болсо коё бербес элем, сени да, Эмрени да. Бирок бул кадамга барганга аргасыз болдум. Уулумдун көз жашына чыдабадым, аны энесинен ажырата албадым. Эми сага аманат. Мен көп жатпасым белгилүү. Хм, дагы эмне десем... Энем менен Эмрени сүйлөштүрүп тур. Өзүңө жакшы кара.
– Макул.
Жамиля ордунан козголо берди. Аны туруп кетип бара жаткандай ойлогон Керем колун кармай калды.
– Бир аз убакыт бар,- деди ал шилекейин араң жутуп. «Кетпе, жанымдан узагыраак болсоң мен жашай албайм. Мен сенсиз жашай албайм, Жамиля. Мен уулумсуз жашай албайм. Мен сени менен гана жашоонун даамын сездим. Сен мендеги башка бир Керемди жараттың. Эч ким, атүгүл мен өзүм билбеген башка бир адамды жараттың» деп айткысы келди. Бирок айта албады.
Жөн гана тиктеп отура берди.
– Мен кетейин,- деди Жамиля.
– Кеттиңби?
– Ооба, күтүп жатышат.
Керем кызганычтан өрттөнүп кетти. Алибектин бул жакка келгенин билген эле. Бирок сурагысы келбеди. Жооптон да коркту. Шалдырай ордунан турду.
– Рахмат сага, Керем. Бардыгы үчүн рахмат. Жакшылыгыңды өмүр бою унутпайм,- деди түз тиктеген кыз.
Бул анын биринчи жолу Керемди атынан аташы эле.
– Сага да рахмат,- деди Керем. Узап бара жатты. Бүткүл денеси менен обдулуп барып токтоду. Минтип оңой эле колунан чыгып узап кетип бара жатканына бир ишенип, бир ишенбей нес болуп турду...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(26)
30.01.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо менби биринчи
30.01.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ай караган текедей эле болуп атабыз го. Кооп коптон эле жазып чыгарып коюшса.
30.01.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Керем сен жакшы адам турбайсынбы
30.01.2018. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
asan.toluktuk,оказывается дээ))) суйуу айбанды акылдуу, акылдуу ну айбан кылат да.
30.01.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ох канча куттум сааттын 9болушун бирок тез эле бутуп калды
30.01.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
сериал бутойун деп калды окшойт керем молодец болдуго
30.01.2018. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
негедир щерифе жон еле койо берип койбошу керек еле ушул аял дагы бир нерсе кылат
30.01.2018. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайыргулумо салам айтканды унутуп калыпмын алдагы сериалды ото берилуу менен окуйт Кйыргулго салам
30.01.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Керем сени жун баш дегеним учун кечирип койчу деп албаймбы озумчо,берилип элестетип окуймда Бирок озу мурунку кылган куноону жууду да ....
30.01.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Dilbaranurdinova,хахаха
30.01.2018. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Керем менен бирге болсунчу...
30.01.2018. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алибек темасы башталат эми
30.01.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айланайын сураныч коп коп чыгаргылачы башка олкодо жатып куто берип саргайып кеттик
30.01.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кереееем ааа ыйлагым келип кетти. Жамиля по любому калат кетбейт
30.01.2018. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aitun,Ушунча кыйынчылык корду кетип калсын эми
30.01.2018. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жамийла кетсе кетсин, бирок Алибектин семьясын бузбасынчы!
30.01.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кутмой башталды...эми бир жума,менин жүрөгүм аңтарылып кетейин деп атат...
30.01.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өляяяя дагы бир жұма.......
30.01.2018. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында ото эле ааз жазылыптыр бул санында.
30.01.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эмнени эле окуп бутпой жатасынар нерфти сактагыла
30.01.2018. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх канчалык кааладым Керем мн калышын(((
30.01.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
temasy "Turkiyadagy Kyrgyz kyzdyn tagdyry". Demek Jamilia ketpeit Kyrgyzstanga.(
30.01.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алибек жинди
31.01.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлаттынго аттин керем...keşke gitmeseydi camilya (((((kerem+camilya=aşk
31.01.2018. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
тооба кылдым кыргыз элим сериалга ушунчалык ыйлайсынар кудай сактасын кошуна же досунар олуп калса ушунчалык кайгырбасанар керек э?
31.01.2018. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Керем мн калса эле болмок Жамийла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо