№795 26-январь -1-февраль, 2018-ж.
«Нон-Стоп» дуэти курамын жаңылап, солисттери өз алдынча чыгышарын буга чейин жазганбыз. Көпкө күттүрбөй Чолпон Талипбек жаңы ырын жарыкка чыгарды. «Ищу тебя» деп аталган ырга клипти ырчы айымдын сиңдиси Медина Талипбек тартып, монтаждаган. «Бул ырдын үстүндө «Нон-Стоп» кезинде эле иштеп баштаганбыз. Клиптин идеясы сиңдим Мединаныкы, оператору болсо досум Керим Касымалиев. Учурда жалгыз иштегеним менен, жанымда сиңдилерим, досторум, группалаштарым болуп, жакшы көмөк көрсөтүштү. Мага дуэт катары ырдайлы деген сунуштар көп болуп жатат»,- дейт Чолпон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
12
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Эми иигилик жакшы даны ырларды кутобуз