Ильяс Кудретов, ырчы: «МАКСАТЫМ – ЫРЛАРЫМДЫ КАЗАК, ӨЗБЕК ЖАНА БАШКА ТИЛДЕРДЕ АТКАРУУ»

№796 2-8-февраль 2018-жыл

Бирде «Жайна, жайна, гүлүм, жаз гүлүндөй жайна» деп элдин жарпын жазып, бирде «Өмүр, өмүр, өмүр, ай» деп элди бир саамга ойго салган ырларын жүрөккө жеткиликтүү кылып аткарган Ильяс Кудретов жеке ырчы катары эл оозуна алынып келе жаткан учуру. Буга чейин «Добулбас» тобунда ырдап жүргөн ырчы мырза өзү тууралуу кеңири айтып берди.

КУДРЕТОВ ИЛЬЯС КУДРЕТОВИЧ
Туулган жылы, күнү
– 1992-жыл, 17-июнь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кербен шаары
Билими – Кыргызстан эл аралык университетинин менеджмент факультетин, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын вокал бөлүмүн сырттан аяктаган
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү

– Кош келипсиң, Ильяс. Студияда иштерим бар дегениңе караганда жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп жатсаң керек. Ырчылык карьераң кандай уланып жатат?
- Рахмат! Өзүңүздөр байкагандай эле жаңы ыр жаздырып, жаңы клип тартуунун үстүндө иштеп жатам. Бир гана Кыргыз өлкөсү менен чектелбестен, репертуарымдагы «Өмүр, ай» деген ырымды казак тилинде аткарып, казак тилдүү угармандарга тартуулап баштадым. Ырым радиолордон уктурулуп жатат. Азыр дагы бир ырымды казак тилине котордум, клип тарттырып жүрөм. Ырларымды казак, өзбек жана башка тилдерде аткарып, угарман, күйөрмандардын санын көбөйтүүнү максат кылып жатам.

– Эки башка аудитория «Өмүр, ай» аттуу чыгармаңды кандай кабыл алышты, баа бере аласыңбы?
- Менин баамым боюнча, кабыл алынуусу жакшы. Интернет айдыңынан «жакшы чыгарма болуптур, клиби бап келиптир, көрүп алып ыйладым» деген пикирлерди калтырып жатышат. Боорукер, жакшы адамдар көп болсун деп тарбиялык маанидеги клип тарткыбыз келген. Максатыбызга жеттик окшойт.

– Ушул ырдан кийин сага маани берген күйөрмандарыңдын саны арбыса керек? Элдин табити кандай экенин биле алдыңбы?
- Бул ырга клип тартарда көпкө ойлондук. Мурдагы клиптерибизде кыз менен жигиттин окуясы баяндалчу. Адаттагыдан башкача болсун деп ушул идеяга токтолгонбуз. Чындыгында элге ушундай ыр, тарбиялык мааниси бар клип керек болуп жатканын байкадым. Угармандар, көрөрмандар жеңил-желпи ырлардан, клиптерден тажап калышыптыр. Көпчүлүгү «тасма тарттыңарбы, ошонун саундтрегиби?» деп сурагандар болду. «Тасма деле тартсаңар болмок экен» деген ой-пикирлерин да билдиришти.

– Жеке ырчы катары ырдап жүрөсүң, топтон кеттиңби?
- Жеке ырчы катары чыкканга чейин «Добулбас» тобунда ырдап жүрдүм. Бир жылдан ашты окшойт, «Добулбас» тобу жаңы чыгарма жаздыра элекпиз. Топтун негизги максаты – күйөрмандарына сапаттуу, уккулуктуу чыгармаларды тартуулоо. Бирок андай чыгарма жаза элекпиз. Ошондуктан жеке ырдап чыгууну чечтим. Ар бирибиздин өзүнчө аткарган ырларыбыз бар. Топ таркаган жок, эч ким топтон кеткен жок, болгону жакшы ырдын жаралышын күтүп жатат десем болот.

– Сени ырчы гана эмес, обончу катары да билебиз. Музыка ыргактары кайсы убакта жаралат?
- Эргүү ар кандай убакта келет. Кээде жаан жааган мезгилде же жалгыз жүргөндө обон же сөз келип калат. Бактыбызга жараша, телефон бар экен, дароо эле алып чыгып жаздырып калам. Анан дагы маанайыма жараша болот.

– Той ырчысы дегендердин катарындасыңбы? Тойлорго чакыруу болсо, байга байдын баасын айтасыңбы?
- Тойго арналган ырларды да жазып, ырдап жүрөм. Той ырчысы эмесмин, тойлордо ырдабайм дегенден алысмын. Анда-санда көпчүлүктүн табитин да эске алып турган оң. Дайыма эле муңдуу, кайгылуу ырларды аткара берсең эл тажап калат. Тойго чакыруу болсо «көңүлүңүздөн чыкканын алам» деп койчумун. Продюсер менен иштешип баштагандан кийин ставка керек экен деп калдым

– Ырчылардын көбү өздөрүн кино тармагында сынап жатышат. Сен дагы тасмада роль жаратыптырсың. Образды ачып берүү оор болгон жокпу?
- Жакында эле «Браво-2» тасмасы тартылды. Тартуу учурунда биз конок катары барып калган элек. Кинорежиссёр «сенин сырткы келбетиң, мүнөзүң эпизоддук ролго жарашат экен, ошол образды ачып бер» деп калды. Ал роль тамаданын ролу эле. Өзүм кафе-ресторандарда ырдап иштегендиктен, тамаданын ишин өздөштүрүп калгам. Дароо эле макул болдум. Камера алдында сүрдөдүм, бирок бул иш мага тапшырылгандан кийин ишеничти акташым керек деп аракет кылдым. Менимче, тамаданын ролун ачып бере алдым. Эми баары бир эл тараза, эл сынчы да. Эгер жакшы сценарий болсо мындан ары өзүмдү актёр катары да сынап көрөм.

– Чыгармачылыктан сырткары кайсы жаатта изденүү болуп жатат? Кошумча каражат алып келген булагың барбы?
- Аракет кылсаң колуңдан баары келет. Чыгармачылыктан сырткары чакан ишкерлик менен алектенем. Ата-энемдики десем болот. Аларга каралашып, жардам кылып турам. Ал эми өзүмдү көп тармактан көрө алам. Мисалы, ырчы болгонго чейин жеке компаниялардын биринде менеджер болуп иштегем.

– Башка кесиптин ээси чыгармачылыкка кантип аралашып калды экен?
- Үйдүн көзгө басар жалгыз уулумун. 7 айлыгымда «апа» деп элди таң калтырган экенмин. 3 жашымда «Ананайын» деген ырды ырдагам. Кийин мектептеги сынактар, айылдагы кечелер менин катышуумсуз өтчү эмес. 9-классымдан тарта кафе-ресторандарда ырдап баштагам. Ырдасам эле курсагым, жан дүйнөм ток болуп, жүрө берчүмүн. Орто мектепти аяктаганда кесип тандоо алдында көп талашуулар болду. Ата-энем, тууган байкелерим «ырчылык кесип эмес» дешсе, «кандайча кесип эмес?» деп алар менен жакшы эле тартыштым. Ата-энемдин көңүлү үчүн менеджер адистиги боюнча билим алдым. Бирок окууга тапшырганга чейин эле менеджер болуп иштечүмүн. Теория менен практика эки башка нерсе экен. Иштеп тажрыйба топтогондуктан, окуумда оорчулук деле болгон жок.

– Ырчылык талант ата-энеден өткөнбү?
- Апам жаш кезинде ырдап жүрүптүр. Тай жагымда ырдагандар көп. Атам деле ырдап калчу. Эсимде, ыр дептери бар болчу, айрым учурда ошондон карап, кыңылдап койчу.

– Кепти жеке жашооң тууралуу улантсак. Жубайыңдын бар экени күйөрмандарыңдын көбүнө маалым болбосо керек.
- Үй-бүлөлүк абалым, жеке жашоом жалпы элге сыр бойдон калышын каалайм. Күйөрмандарым жеке жашоомо эмес чыгармачылыгыма кызыкса дейм.

– Социалдык тармактын колдонуучулары көпчүлүк атактууларга сын-пикир айтып, өтө көп негативдүү комментарийлерди жазышат. Сенин баракчаңда да сын айткандар барбы?
- Азырынча чектен ашкан негативдүү комментарий калтыргандар боло элек. Бирок ар бир сынды, мактоону электен өткөрүп турам. Элдин ой-пикиринин пайдасы да болот. Ошондуктан мени тарбиялай турган, жакшы жакка өзгөртө турган жактарын алып калам.

– Өткөн жылга саресеп салып, анализ кылып көрдүңбү?
- 2017-жыл ийгиликтүү жылдардан болду. Чыгармачылыгыма билек түрө киришип, репертуарымды жаңы чыгармалар, клиптер менен толуктадым. Продюсер менен иштешип баштадым. Кыскасы, жашоомдо жалаң гана жагымдуу окуялар орун алды. Анан дагы «Апамды издеп» тасмасынын өзбек тилиндеги вариантына саундтрек жаздым.

– Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

«Нияз Абдыразаков экөөбүз музыкага жаңыдан кадам таштаган учур. Бизди чыгармачылык табыштырган».
«Добулбас» тобунун түптөлгөнүнө 4 жыл болду. Бул аралыкта бир топ күйөрман топтой алдык».
«Өмүр, ай» ырына тарбиялык мааниси бар клип тарткыбыз келген. Максатыбызга жеттик».



Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


Ильяс Кудретов: "Ырларымды казак, өзбек тилдеринде тартуулайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
06.02.2018. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Молодец,ушул баланын уну да жакшы экен
"Омур ай" деген ыры да клиби да аябай уккулуктуу...
06.02.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ыры,клиби ото сонун болуптур. Ушундай маанилуу ырларды чыгара бериниз. Бир гана ийгилик каалайм
06.02.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ийгилик Азаматсын.
06.02.2018. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал менен журду деген ушул ырчывбы???
06.02.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei,жок ай Эдил Маматов да
06.02.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ыры чын эле сонун чыкты ийгилик каалайм
06.02.2018. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Омур ай" ыры абдан уккулуктуу. клибин коруп ыйлап жибергем. тарбиялык мааниси да терен
06.02.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага да жагып журот ушул жигиттин ырлары! Ийгилик каалайм! Мунозу токтоодой сезилет.
06.02.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жердешим турбайбы))). Ийгилик сизге
Aitush9595 түзөттү 2018-02-06 18:47:32
06.02.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Добулбастын жигиттери мыкты ундору да сонун...бирок мен сени чон эле бала элестетипминго
06.02.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Голосун жакшы аябай ийгилтк! Ал эми озбек тажик башка тилди койуп эле толка кыргыз тилде эле жакшы маанилуу журоко жете турган чыгарма чыгарып журобер!
06.02.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай да ырчы бар экен да....
06.02.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ильяз азаматсын жердеш, Алга, Жана Алга
06.02.2018. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсыз!
08.02.2018. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат. Жонокойлугун талантын баалайм. Озумдун жердешим турбайбы. Алдыга гана умтул демекчимин
09.02.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага да жакты "Омур ай" деген ыры мен да ойлопбуп биринчи коргондо кино экен деп аябай соонун тартылган журоко жете турган клип болгон
13.02.2018. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жердешимго. Чыгармачылык ийгилик.
06.03.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу баланын уну жинди жинди экено,озгочо экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо