Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирбек Иманбеков, ырчы: «ТАЛАСТА МАГА АТААНДАШ ЭЧ КИМ ЖОК»

№796 2-8-февраль 2018-жыл

SUPER.KG порталындагы түз эфирдин коногу бул сапар ырчы Мирбек Иманбеков болду. Мирбек окурмандардан, көрөрмандардан келген суроолорго жооп берүү менен бирге элден кечирим сурады. Эмнеге? Окуп көрүңүз.

– Байке, саламатсызбы? Ырчы болгум келип жүрөт. Ачык айтыңызчы, ырчылык менен жан бакса болобу? Же дыйканчылык эле кылганым оңбу?
– Колдон келсе экөөнү тең кылса болот. Эң негизгиси каалоо керек. Дыйканчылык кыргыз баласынын көбүнүн колунан келерине ишенем. Ырчы болуш үчүн талантың болсо алгач музыкалык окуу жайды окуп, нота тааныш керек. Анан ошол чөйрөгө аралашсаң эле уланып кетет.

– Учурунда сен, Султан Садыралиев аябай жакшы келе жаткансыңар. Силерге продюсер жарашпай калдыбы же бирөөлөр бут тостубу, кадимкидей буулуп калдыңар го?
– Кудайга шүгүр, жакшы күндөр көп болду. Көп күндөрдү досторум, элим менен чогуу көрдүк. Мүмкүн, өзүбүз чарчадык. Ырчылыктан сырткары көшөгөнүн аркасы дегендей үй-бүлөбүз бар. Үй-бүлөгө тиешелүү бардык жоопкерчиликти аткарып келе жатабыз.

– Чарчадым деп калдыңыз, эмнеден чарчадыңыз?
– Учурунда гастролдоп көп кыдырып койдук окшойт. Ошондон да чарчадык. Кечке эле ырдай берсең да чарчайсың. Ырчыларды жыргап эле ырдап жүргөндөй көрүшөт. Бирок кыйынчылыктары да бар, аны жеңе билиш керек. Кезинде өзүбүздүн жумушубузду кылдык. Мындан ары да акырындап кыла беребиз. "Кайрадан жанданып чыкпайсыңбы" дегендер да бар. Жанданып кайда барабыз? Көтөрүлө турган жерге чейин көтөрүлдүк. Бардыгы эле түп-түз кете бербейт. Эми жөн гана жакшы ырларды чыгарып, бир калыпта ырдай берем. Бирок тыныгуу көп болуп калды окшойт. Анткени мага «эмнеге ырдап чыкпай калдың?» деген суроолорду көп бере башташты. Мүмкүн, каалоом да мурункудай болбой жаткандыр, балким, эргүү жок болуп жатат.

– Айылга качан кеттиңиз эле? Айылда өскөнүңүз менен, шаарга, сахнага көнүп калдыңыз да, айылдын жашоосуна көнүш кыйын болгон жокпу? Балдарыңыз шаарга кетеличи дешпейби?
– Айылда чоңойгон баламын да. Шаарда 10 жыл жашасам, калган жылдарым айылда өттү. Айылдын ар бир ташы тааныш. Кыйналуу деген жок. Ата-энем, бир туугандарым менен чогуумун. Аларды, айылды көрүп кичинекей кезиңди эстейсиң. Балдарым деле кыйналган жок. Бишкекте жашап жүргөндө алар менен канча сейилдебейли, кайра эле «сыртка чыгалычы» дей беришчү. Айылдан азыр үйгө киришпейт.

– Эмне себептен айылга кетип калдыңыз?
– Үй-бүлөдө кичүү бала болгондуктан ата-энени кароо жоопкерчилиги бар экен. Бир гана Таласта болбостон, чакыруу болсо Ошто, Бишкекте да болом. Мурункудай эле кыдырып жүрөм, бирок жашоом айылда. Ырчылыкка киришип жатып деле айылга барарымды билчүмүн. Дайыма жүрөгүмдө болчу. Өзүм барайын деп жатсам ата-энем да «кел, эми балам» дешти.

– Уулуңуз да, кызыңыз да бар. Кайсынысы атага жакын болот экен?
– Экөө тең мага жакын. Энеси көпчүлүк учурда тыйып турат, мен унчукпайм. Мени менен көчөгө чыкканды жакшы көрүшөт. Апасы менен барышса көп нерсени алып бербей коёт. Өздөрү да «апам менен эч жакка баргыбыз келбейт» деп айтып калышат. Кызым 3-класста окуйт, балам алтыда. Кыз киши эс тарта баштаганда баары бир энесине жакындайт окшойт. Сырдашчу нерселери да болсо керек. Уулум менин жанымдан чыкпайт.

– Мирбек, ар ким өз жумушун кылганы жакшы дейт го. Менимче, сен дыйкан эмессиң, сен ырчысың. Ошондой жаралгансың. Ар нерсеге алаксып энергияңды корото бербей ырчылыктын үстүнөн эле катуу эмгектенгениң оң эмеспи?
– Кеңешиңизге рахмат. Дыйканчылык чынында менин колумдан келбейт. Айылга барып кетмен чаап иштеп жаткан жерим жок. Техника бар, акыга иштегендер бар дегендей. Мен көзөмөлдөп турам. Ушул иштерден жыйынтык чыгарсаң өзүнчө эргүү. Жакшы болсо «колумдан келет экен» деп өзүмө-өзүм сыймыктанып жыргап калам. Ырчылыктан, дыйканчылыктан сырткары да иштерим бар.

– Спорттун кайсы түрү менен алектенесиз? Келбетиңизди көзөмөлдөп турасызбы?
– Айылда көл бар, күнүгө эртең менен ошол көлдүн жанында чуркайм. Андан сырткары күнүмдүк көнүгүүлөрдү жасайм. Укмуш берилип деле кеткен эмесмин. Окуучу кезде 5-класстан 11-класска чейин эркин күрөш менен машыккам.

– Досторуңуз менен майрамдап отурганда бирөө сизди гитара менен башка чапкан видеоңузду көргөм. Аны менен чечишип алдыңызбы? Кечирим сурадыбы сизден?
– Ооба, ал видео тарады. Көргөндөр көрдү, көрбөгөндөр көрүп алса болот. Бул эркектер арасында болуп жүргөн эле көрүнүш. Мындай нерселер кимдин гана башынан өтпөйт. Гитара менен чапкан бала келип кечирим сурады. Видеого тарткандар да келишти. Мени сотко берет деп ойлошту окшойт. Чынында, «сотко бер» деп үгүттөгөндөр болду. Менде андай ой болгон жок. Алар деле андайды атайын пландап жасаган жок да. Мындай нерсе биринчи жолу эмес. Гитара менен «жебесем» да, урушуп кеткен учурлар болгон. Бирок алар видеого тартылбай калган. Интернетке чыгып кеткен видео үчүн элимден кечирим сурайм. Өзүмдүн да жүрөгүм ооруду, кыйналдым, ойлондум. Мындан ары андай нерсе болбойт деп убада берем. Отуруштарга барам, бирок видеого тартпагыла дейм же баштыкка телефондорун өзүм чогултуп жаныма коюп алам (күлүп). Видеого тарткан 7-8-класстын окуучусу. Ал менин ырдаганымды видеого тартып отурганда ошондой иш болуп кетпедиби. Ал видеону досторуна жөнөтүп алган. Ошондон тарап кеткен. Башымды сурап койгонуңарга рахмат, башым эч нерсе болгон жок.

– Тойлорго чакыруу болуп жатабы?
– Таласта аймакка гана белгилүү ырчылар бар. Бирок ал жакта мага атаандаш эч ким жок. Тойлор көп, сезон учурунда тойлордон бошобойм. Борборго каттабай эле иштесем да болот. Бирок Таласта ыр жаздыра турган, клип тарттыра турган сапаттуу студиялар жок. Бир жерге кечке эле каттай берсең жакын болуп калат го. Ошонун сыңары мен үчүн Бишкек менен Талас өтө жакын. Ырларымды борборго келип жаздырып турам.

– Чыгармачылыгыңызды баалаган күйөрмандарыңыздын биримин. Сизге арнап ыр да жазгам, бирок кайда калганын билбейм. Чыгармачылыктан алыс кетпеңиз, мурдагы ийгилигиңизди кайра жаңыртыңыз. Аша чапкан күйөрмандарыңызды айтып бериңизчи.
– Ырыңызга рахмат. Таап сактап коюңуз, балким, жолугуп калсак ырдап бересиз. Аша чапкан күйөрмандар көп болгон. Эртең менен эрте турсаң үйдүн эшигинин алдында жок дегенде 5-6 кыз турчу.

– Жеке концерт берейин деген пландарыңыз барбы, Токтогулга качан келесиз?
– Гастролго көптөн бери чыга элекмин. Жакшы ырларды чыгарып алып, аймактарды кыдырайын деген оюм бар. Ал күндөргө да жетербиз.

– Мирбек байке, кандайсыз? Москвадан чоң салам. Жаңы ырларыңызды качан угабыз?
– Жаңы ырларды өзүм чыгарбай жатам. Мукай деген таланттуу досум бар. Чыгармачылыкка жаңыдан аралашып жатат. Мукайды эл бир көргөндө эле эстеп калат деп ойлойм. Мукай экөөбүз мекен тууралуу дуэт жаздырып жатабыз. Андан сырткары энеме арналган бир обонум бар эле, ошонун үстүнөн иштеп жатам. Апам азыр бир аз сыркоолоп турат. Кудайым шыпаасын берип, ырым дагы дем берип тезирээк айыгып кетсин.

– Келгениңизге рахмат, Мирбек, сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз. Апаңыз сакайып кетсин.


«Азыр кайрадан баягы ийгилигиңди кайталабайсыңбы дегендер көп. Учурунда иштедик, жетчү чекке жеттик».
Мирбек түз эфир учурунда күйөрмандары суранган чыгармаларды жандуу үн менен аткарып отурду.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


М.Иманбеков: "Айылга кетсем эле, дыйкан болуп кетти деп ойлоп алышыптыр..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(22)
06.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-54
Коп мактанып койупсун иним
06.02.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+49
Эч кандай мактануу болбоптур?ото соонун интервью бериптир?уйбулолук бакыт каалайм?
06.02.2018. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Мдааа. Жаным деген ыры менин биринчи суйуум экообуздун гимн болгон эле. Азыр уй булоолумун. Бирок ошол музыканы угуп калсам ошол кундорду эстей берем.
06.02.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн сонун маек болуптур.
06.02.2018. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ийгилик. Азаматсын
06.02.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бир уктум эле Мирбектен улуу байкеси бар анын уну укмуш, ал ырдаганда Мирбек бул жакта эле калат деп. А так ийгилик! Суйуунун керемети деген ыры да сонун го
06.02.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
красавчик эркекче жооп бериптир
06.02.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Далластыктар ушундай эле жооп берет! Ийгилик, иним!
06.02.2018. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Мактангандай болду билбедим анан) ийгилик!
06.02.2018. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Аябай улгайыптыр
07.02.2018. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Aruwka.89,ой улгайгандай эле болдуго качанкы Мирбек Иманбеков бул
06.02.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алга Мирбек брат. Жакшы ырларын бар.
06.02.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырлары Баары жагат. Уй-булоолук бакыт. Озгоруп, жоопкерчиликтуу болуп,токтолуп калыптыр. Урмат,Султан,Сьезбек,Замир,Мирбек агалар баары сонун ырдашат муноздору да жонокой
07.02.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кучтуу эркектин артында кучтуу аял турат демекчи келинчегиниз мыкты аял экен.Дайыма ата эненизди сыйга болоп ишиниз илгерилей берсин.Жаны ырларды кутобуз
07.02.2018. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш деле уну жок.Укмуш деле ырдай албайт.Просто с продюсером повезло убагында.
07.02.2018. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы интервью болуптур азаматсыз Мирбек
07.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аябай соонун красавчик болуп улгайыптыр
07.02.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Белгилуу оранжировщик айткан эле уну жок деп
12.02.2018. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
guli-1980,уну жок болсо кантип суйломок эле ун чыккан учун суйлоп ырдап жатат да
09.02.2018. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
итин мощный экен.
11.02.2018. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик, уй булоолук бакыт каалайм. Дагы коптогон чыгармаларды кутуп калабыз. Куйормандарыныз ар дайым сиз менен.
11.02.2018. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Таластыктарча суйлоптурсун.Атаандаш эч ким жок де.Бирок жакшы убагында жылдызы жанган ырчы болчу.Кутобуз дагы да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо