Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№796 2-8-февраль 2018-жыл

(Башталышы өткөн сандарда)

– Бүттүбү баары?- деди Алибек Жамилянын колун бекем кармап.
– Бүттү,- деп жооп берди Жамиля жылмая. «Мына, сен бактылуусуң, жакын адамдарыңдын баары жаныңда. Эми баары чындап артта калды. Сез, бактылуулукту сез» деп жатты өзүнө. Бирок жүрөгү түпөйүл боло берди. Эмнегедир бир нерсени туура эмес кылгандай, ката кылгандай туюм бар эле. Деңиз жээгинде көпкө басып жүрүштү.
– Эми эмне болот? Мындан ары кантип жашайбыз?- деди Жамиля тил учунда турган суроону берип.
– Мен сени мененмин. Ушул экөөбүзгө жетпейби?
– Бул нерсени көпкө күттүм, Алибек. Эң кол жетпес деген кыялым сенсиң. Бирок мен мурунку Жамиля эмесмин, сен мурунку Алибек эмессиң. Эски нерселерден экөөбүздө таза сүйүүбүз, балалыгыбыз гана калды.
– Мага эскиби, жаңыбы айырмасы жок. Мага Жамиля керек.
– Жубайыңчы? Балаңчы?
Алибектин тили күрмөөгө келбей калды. Миң жолу башында турган, көкүрөгүндө турган суроону берди. Көзүн ала качты.
– Азырынча аларды ойлоно элекмин.
– Ойлон, шашпай ойлон. Мен бир наристени атасыз калтыргандай, күнөөсүз аялдын көз жашын төктүрө тургандай намыссыз, жүрөксүз аял эмесмин. Албетте, сени менен чогуу жашагым келет, сенден бала төрөгүм келет, бактылуу болгум келет. Бирок...
– Эмне бирок?
– Алардын эч күнөөсү жок биз үчүн.
Алибек саамайынан сылады. Мына, дал ушундай жүрөгү бар үчүн бул аялды жанынан артык сүйөт. Бийик адамгерчилиги бар үчүн, боорукер жүрөгү бар үчүн , ага айкалышкан сулуулугу бар үчүн сүйөт. Мындай аялды сүйбөй койгонго болобу?
– Баары чечилет, баары жакшы болот, жаным. Сен кам санаба.
Жамилянын ичке манжаларын бириктире кармады. Эч коё бергиси келбей турду. Мындан кийин алдында тоо турса да бул колдорду коё бербес, чиркин.


ххх


Шерифе атайын Жамиляны издеп келди.
– Сүйлөшөлү, сага бере турган бир-эки кеңешим бар,- деди.
– Сен эми дагы жашообузда пайда болсоң, аягы мындан да жаман болушу мүмкүн. Бул жолу жеңил кутулдум деп эсепте. Менин күйөөмдүн жашоосунда кайра пайда болом десең, өлгөнүм ушул тура деп жаназаңды даярдата бер. Сен кимсиң, ыя? Керемдин этегине жабышкандай, андан балалуу болгондой, ага мураскер тартуулагандай сен кимсиң?! Биздин аягыбызды сүргөн бир үй кызматчысың! Ордуңду билбей бул ишке аралаштың.
Жамиля жөн гана тиктеп турду. Токтоо, өз баасын билген көз караш Шерифени кайрадан өзүнөн чыгарып ийди.
– Эмне тиктейсиң мени? Сен эмне мага минтип тиктейсиң?!- деп бакырып алды.
– Менин сизге боорум ачыйт, Шерифе ханым. Болуптур, мен үй кызматчысымын. Бирок сиз ошол теңиңизге албаган үй кызматчыга да тең боло албадыңыз. Эч убакта, эч качан Керем мени сүйгөндөй сизди сүйбөйт. Ашкан акылыңыз, атаңыздын даражасы, эсепсиз байлыгыңыз менен мага, кайдагы бир кыргыз кызына тең боло албадыңыз. Менин сизге боорум ачыйт,- деди да, жөнөп калды. Кайра токтоп басып келди да, акырын күлүмсүрөдү.
– Бул оюнда мен жеңдим. Сиз өмүр бою сүйгөн, бирок жүрөгүнө ээ боло албаган адамдын жүрөгүн алып, өзүм менен кошо алып баратам. Сиз менден жеңилдиңиз. Эч убакта жеңдим деп ойлобоңуз, анткени ал менден кийин эч качан сиздики боло албайт. Мени жана уулун анын жүрөгүнөн эч ким чыгара албайт.
– Жогол, кет көзүмдөн!- деди ачуусу туттугуп калган Шерифе. Жамиля күлүмсүрөп койду да, узап бара жатты. Узун бойлуу, сулуу, келбеттүү Жамилянын ушул элесин, анын жеңиштүү жылмайганын көп жылдар унута албашын билип турду. Жүзүн басып ыйлап жиберди.


ххх


Мурат менен Арзуу кыздарга болгон окуяны айталы деп сүйлөшүшкөн. Бирок кеп кези келсе деле артка жылдырышып убара. Нуриля болсо мындан ары өз жашоосу менен жашаарын, Кыргызстанга эч качан кайтпасын айткан эле.
– Жамиля, сен мунун баарын кантип көтөрдүң?- деди Нуриля.
– Башка айлам жок эле.
– Бизге билдирбей баарын кантип сактадың?
– Билдиргенде эмне болмок? Жөн эле капа болмоксуңар же мага жардам кыла алгандай ал кезде айлаңар жок болчу.
– Мен баары бир сендей боло албайм.
– Сен менден да күчтүүсүң, Нуриля. Сен менден да кыйынсың.
– Апамды кечиргим келбейт, Жамиля,- деди көзүн жашылданткан сиңдиси.
– Эмнеге?
– Мени боюмдан алдыртканга аргасыз кылды. Аныкы да туура, уялды, шерменде болобуз деп ойлоду. Бирок ал бала аман калганда мен көп катаны жасабайт элем. Мен...
Нуриля баарын айтып берди. Анын баяны узарган сайын Жамилянын төбө чачы тик тура баштады.
– Сен мындай кылбайсың, менин сиңдим бул жолго барбайт. Сен калп айтып жатасың, туурабы? Калп айттым де. Жөн эле апамды сага жаман көрсөтүү үчүн калп айттым де.
– Жамиля, кечир мени.
– Макул, кечирдим. Бирок мындан ары баары жакшы болот. Биз баарын кайрадан баштайбыз.
Нуриля акырын баш чайкады.
– Мен баштай албайм.
– Эмнеге?
– Менин ишим бүттү, Жамиля.
– Эмне деп жатасың сен, коркутпай айтчы?
– Ооруга чалдыгып калдым.Жатындын рак оорусу дешти.
Жамилянын айласы куруп, шалак этип отуруп калды.


ххх


Жамиля көпкө ойлонуп жатып бир чечимге келди.Колунда бар акчасын сарптаса да сиңдисин аман алып калууга тийиш.
– Алибек, мен бул жактан кете албайт окшойм. Нуриляны дарылатыш керек. Менин эсебиме акча которулмак, аны алып бул жактагы доктурларга Нуриляны көрсөтүшүм керек.
– Жамиля, Кыргызстанда да тажрыйбалуу дарыгерлер бар. Кааласаң башка шаарга алып кетели, бирок бул жерде калууга болбойт.
– Али, мен...
– Эч нерсени укпайм, Жамиля. Мен сен үчүн баарына көз жумдум. Мени тогуз ай көтөргөн энеме деле көз жумдум. Сен мени минтип кайрадан жарым жолго таштабайсың.
Алинин көздөрү жалт-жулт этип жанып турду. Ушул көз ирмемде эмнегедир Керемдин көк көздөрү көз алдына тартыла берди.
Жамилянын маңдайында эки жол турган. Бири сиңдисинин өмүрү үчүн бул жакта калып аракет кылуу. Экинчиси Алибектин кармаган колун коё бербей, аны менен мекенине кетип бактылуу болуу. Экөөндө тең курмандык кылуусу керек болчу. Бири оң көзү, экинчиси сол көзүндөй нерсе эле.
– Мен сен деп жашадым, ушуга чейин сен деп жүрдүм. Бир дагы адамды сенден кымбат көргөн жокмун, Жамиля. Сен үчүн мен төрөлө элек наристемден да кечип кеттим. Керек десең мен өзүмдөн деле кечип кете алам. Туура, түшүнүп жатам, азыр эки жолдун ортосунда турасың. Көп суроолоруң да бар. Бардыгы акырындык менен чечилет. Болгону менден алыстаба. Суранам, мени айласыз калтырба. Мен сенден эми айрыла албайм. Бизге мүмкүнчүлүк бер. Кайрадан баарын баштоого, кыялыбызга жетели.
Алибек суранып жатты. Жан дүйнөсү менен суранып турду...


(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(29)
06.02.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
1
06.02.2018. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жамиля Кыргызстанга эле кел, мээн ордундабы?, калсан Шерифе точно олтурот. Бул кандай катын. Алибекке жалко.
21.02.2018. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oz elin oz jerin kandai akysy bar ele ui9t kylganga men4e Sherife tuura emes kylgan Ahmedti Emes Jamil9 shurku9nyn kozun tazalaw kerek ele Ahmed baikuwta ne kuno bar ele nikesiz nikeluu adam mn meimankanalap beti jok akmak Kolumda bolso ozum ele janchyit elem ai uwunu Owondo baary ki4ine bolso da baktyluu omur surmok bul jeksursuz Alibekke bolso soz jok suiuu dep ele oldu go bul koldo bar altyndyn barkyn bilbei andai bolso kyzdardyn tagdyryn buzup oinobogulachy Erkek imiwter
06.02.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Алибек ушуну кормоксун! Жамиля дагы сени тандабайт окшойт. Аялынды, тороло элек баланды таштап кеттин эле, кайра кайрылып барба. Жамиля баары бир кетпейт Кыргызстанга! Керем болбосо да синдиси учун калат.
KOCMOC түзөттү 2018-02-06 09:23:08
06.02.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
KOCMOC, Аябай берилип окуйм). Алибек менин созумду окуй тургансып эле жазыптырмын го). Керем менен калсынчы Жамиля.
06.02.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
кайра бир жума жамиля Керем мн эле калат окшойт деп койдум ичимен
06.02.2018. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алибек башы жок как мээ экен. Бир жерин кысып журбойбу бала жаспбай балада эмне куноо. Керем менен калса экен Жамиля
06.02.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жамиля сен учун Алибек кандай курмандык жасады башын шылкыйтып кирип келеби эми. Нурилянын короору ушул экенда, жамиля керемди суйуп калганго
06.02.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Алибектин экинчи баласы торолуп атабы?
06.02.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бул ошондо Алибектин экинчи наристесиби?
06.02.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Gulperi99999, жок тортунчу да
06.02.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх чиркин омур, биринен кутулсан экинчисине тутуласын дегендейго бул жагы
06.02.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карочи, бул аз-аздан жазылган сериялды окуп буткучо озубуз эле тыянагын жазып коет окшойбуз))
06.02.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анонсунда эже синди бироону суйуп деп жаттынар беле?значит Алибекти суйуп тийген ким эле ошол Мураттын 2чи аялынын кызы болуп чыгат окшойт.ошондо эже синди болуп калатта.
06.02.2018. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызык ушундай эркектер болобу барбы,ушундай баарын эле тушунуп,кен пейилдуулук кылып коз жумуп жашаган эркектер болобу менимче болбойт бул жон гана ЖОМОК.
06.02.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай суйсо барына макул болотта анда эркектер бар бирок ото аз тушунгондор
06.02.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
пятница га чейин эптеп чыдасам буйруса сатып алып окуймго уже чыдабай баштадымго
06.02.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Шерифе олот, Нуриля айыгып Керем мн калат Жамидя келип Алинин экинчи аялы болуп жпшырыкча жашап калат все
06.02.2018. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ulua,кой андай болбой эле койсун, Наоборот Керим менен Жамо калса, Алибек семьясына барат,Жамо деле Керимге не ровна дышить болуп жатат го))
06.02.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койо тургулачы. Кутолу Жамиля эмне болот экенин
06.02.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман керемди тандагынын. Алибек Уй булосун эптеп алсынчы
06.02.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жамиля Керемге барып жардам берсе болмок. Озу деле Керемди суйуп калган окшойт. Алибекке эмне жок деймда кайра кайра артынан чуркап. Андан коро аялы менен тынч эле омур суруп жашай бербейби.
06.02.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алибектин аялына жалко
06.02.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula
07.02.2018. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу бул болгон окуябы.коменттерди окуп куло берип олдум.ичине кирип кетипсинер го.мен интернеттен ар жума чыгышын куто берип чарчайм))))
07.02.2018. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алибек эмнеге келдин деймдааа? Чындап ушундай суйгон, суйууго бекем турган эркек барбы?
12.02.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки жуманы куткуло. +18 болуп кеткен)). Газетадан окуп алып кыйын боло берейин)).
21.02.2018. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djka,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо