Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айчүрөк Иманалиева, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЛА ЖИПТИ АТТАП ЖОЛДОШУМДУН БАШЫН ЫЛДЫЙ КЫЛБАДЫМ»

№796 2-8-февраль 2018-жыл

Бир жылдары роза гүлүнө, тоо булагына суктанган Айчүрөк Иманалиева «сахнада 30 жылдай жүрүп, ак эмгек, маңдай терим менен бизнес ачканыма аз эле болду» дейт. Кыргыз эстрадасынын примадоннасы учурда сыркоолоп жүргөн убагы экен. Ырчы айым менен ал-абал сурашып, өткөн-кеткен тууралуу маектештик.

– Айчүрөк эже, куш келипсиз! 30 жылдан бери сахнада жүргөн ырчы катары айтсаңыз, сахнанын түйшүгү оңой эмес болсо керек, өзгөчө аял кишиге... Үй-бүлө очогун өчүрбөй чыгармачылык менен эриш-аркак алып кетүү кыйынбы?
– Албетте, эгер сен сахна адамы болсоң, эл көзүндө жүрсөң бул милдет эки эсе оорлошот. Таалай байкеңер менен баш кошконубузга 23 жылдын жүзү болду. Анын 18дей жылын гастролдо жүрүү менен өткөрдүк. Биздин убактагы ырчылар тынбай гастролго чыкчу экенбиз. Кышында суук клубдарга концерт коюп, айрым жерлерде мейманкана болбогондуктан, кыш экенине карабай автобуста кийимдерибизди жамынып түнөгөн учурларыбыз болду. Ал эми жайдын ысыгында элдин көптүгүнөн көл-шал болуп тердеп, денебиз кийимдерибизге жабышып, балдарыбыз көйнөк, ич кийимдерин сыгып кайра күнгө жайып кургаткан күндөрдү өткөрдүк. Менимче, биздин үй-бүлөбүздү ошондой сапардагы күндөр абдан бекемдеди окшойт.
Ар бир адамдын өзүнө таандык мүнөзү болот. Таалайдын да мүнөзү бар, меникине караганда ачуусу чукул, мүнөзү татаал десем жаңылышпайм. Аял катары, балдарынын атасынын жанындагы бактылуу күлкүсүн уккусу келген эне катары үй-бүлөлүк маселелерди эки кадам артка чегинип, жолду жолдошума бошотуп берүүгө эрким жетет. Үй-бүлөнүн бекем болушу аял кишиден көбүрөөк көз каранды деп ойлойм.

– Учурда көпчүлүк ырчылар эски ырларды ремейк кылып ырдап жүрүшөт. Ырларыңызды ырдайм десе жаш ырчыларга бересизби?
– Ооба, менин ырларымды көп эле жаш ырчылар ырдап жүрүшөт. Ырчынын ар бир ыры өзүнүн баласындай эле болуп калат. Эгер ал ыр сенин аткарууң менен хит болуп, элдин терең катмарына сиңсе ого бетер кастарлап турасың. Ошондон улам да ырчылар арасында ыр талашуу чыры кээде болуп турса керек. Мисалы, мен «Жар-жарды» 18 жыл мурун ырдап чыккам. Көп жакшылыктарда, тойлордо аткарып жүрүп билинбей эле үйлөнө турган түгөйлөрдүн гимнине айланып кетти. Азыркы учурда тапшырык берип, өзүмө гана таандык болчу «Жар-жар» жаздырдым.

– Жакында Роза Рымбаева менен да дуэт жаздыруу пландарым бар деп калдыңыз эле?
– Ооба, легендарлуу казак ырчысы Роза Рымбаева эже экөөбүз дуэт ырдайлы деп турган чагыбыз. Жаңы ырдын үстүнөн музыкант Рамис Алиев иштеп жатат. Буюрган күнү эки элдин эрке кызы күйөрмандарыбызга ыр майрам тартуулайбыз.

– Кеп нугун социалдык тармактарда сиз тууралуу айтылып жаткан пикирлерге бурсак. Көпчүлүк сизди Анжеликанын жолдошу менен араздашканына күнөөлөп жатканын байкасаңыз керек?
– Чынын айтсам, ал адам тууралуу айткым келбейт. Биздин үйдө анын атын атоого тыюу салынган. Анжелика менен апасынын жомогу дагы канча убакыт айтылат, ким билет? «Көп баскан аяк бок басат» дейт. Аркаларын жабыш үчүн менин атымды кошо ала жүргөндөрүнөн аябай чарчадым. Ким суудан кургак чыгып жатканын эл жакшы түшүнүп калды го дейм. Мен аларды унутканыма көп болгон. Мага, үй-бүлөмө тынчтык гана керек. Бул аялдын кичинекей өспүрүм күйөрмандары мени каргап социалдык тармактардан жазышат. Ак менен караны ажырата элек жаш өспүрүм кыздардын аң-сезимине терс таасири тийип жатканын, алардын да убалы бар экенин түшүнүшсө жакшы болмок. Мен ошол социалдык тармактардан жазган аккаунттарды жана Анжеликанын эл көрбөгөн сүрөттөрү кайсы IP-даректен жүктөлүп, таратылып жатканын таап берүүнү өтүнүп укук коргоо кызматкерлерине кайрылдым. Бүгүнбү, эртеңби же кийинки жылыбы, Кудай буюрган күнү ал адамдар табылчу күн да келет. Ал эми Анжеликага ал сүрөттөрдү жүктөгөн адамды табуу эмес, анын баарын мага оодаруу жеңилирээк окшойт. Кайсы ызы-чуулуу окуясы болбосун, жебени дайыма мен тарапка буруп коёт.
Өткөндө эле Урмат жалгыз үйгө келди, ооруп жатат элем, киргизе албадым. Коридордо жолдошум менен сүйлөшүп, кечирим сурап кетти. Мага да телефон чалып кечирим сурады. Мен үй-бүлөнүн барк-баасын, ыйыктыгын жакшы билем. Үй-бүлөнү бузуу шаарды бузган менен барабар деп коёт. Мен ушул маегим менен Анжелика темасына чекит коюп, биротоло жапкым келет. Баарын Кудайга гана койдум.

– Эл көзүндөгү кыздардын сулуулугуна кызыккан, көз арткан, сөз айткан мырзалар көп болот эмеспи. Ошондой азгырыктардан кантип өтүш керек деп ойлойсуз?
– Ооба, биз да жаш болуп жигит жандап көргөнбүз. Жаштык кездин өзү сулуулук, жаш кезде көз арткандар да, сөз айткандар да көп болот. Менимче, андай азгырыктарга арбалбай өтүп кетүү ар бир кыздын өзүнүн дээринен болот. Табиятың башка болсо, миң азгырык, миң башка нерсе болсун, кыз киши ага тартылбайт, өзүнүн жолун уланта берет. Менин Кудайга ыраазы болгонум, табиятымдан акча-байлыкка, бийликке сугалак болбогонум. Өз күчүмө гана ишенип, жолумдан жолуккан азгырыктарды ээрчибедим. Ар бир эле кыз бала бирөөнү сүйөт, бирөөдөн көңүлү калат, өткөөл куракта сүйүүлөргө жолугат, анан өмүрлүк жарын табат. Эстүү аял турмушка чыккандан кийин балдарынын келечегине кам көрөт. Бул жаатта менин жүзүм ачык. Ала жипти аттап жолдошумдун башын ылдый кылбадым. Жаштыгымды көңүл ачууга эмес, кыргыз байрагын чет мамлекеттерде көтөрүп, эл аралык сынактарга катышууга арнадым.

– Чет өлкөлөрдө өткөн сынак-фестивалдарда калыс катары катышып калчу элеңиз...
– Таланттуу жаш ырчыларыбыз менен Орусиядагы Абакан, Уфа, Санкт-Петербург шаарларында, Чехия жана башка мамлекеттерде өткөн эл аралык сынактарга катышып келип жүрөбүз. Мен бул нерсени өкмөт карайт, баалайт деп ойлоп жүрө бериптирмин. Көрсө, андай нерселер көмүскөдө калып кетет экен. 4 жылдын ичинде 8 эл аралык сынактан Гран-при жана 1-орундарды алып келиптирбиз. Бирок билинбей эле калды окшойт. Каражатты да өзүбүз таап, жаныбызды үрөп катышабыз. Биздин максат – чыныгы таланттуу жаштарды эл аралык деңгээлге алып чыгуу.

– Сиздин үй-бүлөңүздү каржылаганга жолдошуңуздун айлыгы жетеби?
– Жолдошум 4 жылдан бери маалымат агенттиктердин биринде иштейт. Бизде сенин тапканың, менин тапканым деп бөлүнүү жок. Ким канча таап жатканы деле билинбейт, анткени анын баары балдарыбыздын келечеги үчүн жумшалып жатпайбы. Бирибиз аз, бирибиз көп тапканда деле, көп тапканыбыз үстөмдүк кылып же аз тапканыбыз чүнчүп кеткен эмеспиз. Акча, байлык, бийлик колдун кири деп бекеринен айтылбаган чыгар, татынакай балдарың, сүйүктүү жолдошуң турганда ал өзү эле экинчи планга жылып кетет.

– Маегиңизге рахмат, ден соолукта болуңуз!

«Жашоонун маңызы балдарда, биз келечегибизди балдардан көрөбүз».
«Кызым Аэлита музыкалык мектепте билим алууда, каалоосу болсо ырчы катары таптайын деген оюм бар».


Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(108)
06.02.2018. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчурок эже канчалаган ийгиликтерди басып откон кыргыз элине эмгеги синип калган инсан а Анжелика ким эле.Экоону салыштырганынар уят.
06.02.2018. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Айчурок ото ХХХХХХ, турган турпаты менен,ХХХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-06 16:32:33
06.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Nanei,ХХХХХХХ Сабыр кылыныз..ю
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-06 16:32:56
06.02.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei, кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынган!
11.02.2018. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nanei,Жаман эле куйугуп алыпсын го. Озунду карма мин куйуксон деле Анжелика сенин казанына аш салбайт.
06.02.2018. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айчурок эже бар болунуз! Ден соолукта болунуз! А Анжелика апасы экоо сиздин тырмагынызга да жете албайт.Анжеликанын ким экенин кордук го. Канча жыл оз кызыныздай багып, чонойтуп, эл алдына чыгардыныз эле.Анжелика эсин барда этегинди жаап тынч оокатынды кылчы.Маек бербей эле койчу.
06.02.2018. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
админ Айчурок Анжелика темасын силерда жапкылачы тажатты
06.02.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммм....
06.02.2018. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Айчуроктун тажаганы билинип эле турат. Сабыр Айчурок эже
06.02.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мен маданият министри болгонумда Айчуроктун эмгек синирген наамын алып коймокмун
06.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
guli-1980,алып Анжеликага бермексинби?
06.02.2018. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айчурөк Иманалиева сиз абдан жарашыктуу кийинесиз сиздин үнүңүздү эмес стилиңизди баалайм өтө мээнеткечтигиңиз жагат ден соолукта болуңуз чыгармачылык ийгилик
07.02.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Айчурок ХХХХХХХХХХХХХХХ бир жаш кыздын жеке жашоосун талкуулап , Анжеликага ХХХХХХХХХХХ болуп алды да.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-07 09:35:36
07.02.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
aiman1983,жаш кыз деп, эмне 17, 18 жашта беле?30га чыгып калды.анакатын болду.
07.02.2018. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
ХХХХХХХХХХххх аял экен ушул Айчурок эже утуруле чукулап бир нерсени, өткөндө Анжелика Урмат өзунун кызыкчылыгын ойлоп жашап калды деп маек бербеди беле эми бул бизде ким көп тапты дебей биз, күйөөмо жол бошотом деп чыкты, ой каалагандай жашай бергиледа ХХХХХХХ боло бербей.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-07 09:36:30
07.02.2018. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Калп айтпаптыр убагында.Баарын убакыт таразалап койду!!!Жизнь бумеранг!!!
07.02.2018. 05:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
биринчи орунда уй булом деп койушат анан карасан эле акчанын артынан тоголонуп кундоп тундоп гастрольдо журушот.Эрин багып атабы шугур кылып жашай бер да,балдарды тарбиялап.Балабыз уктап тургуча сагынып кетебиз булар укмушкен.Кичуу болуп Анжелика жаагын жаппай койду же улуу болуп сиз тенелбей койдунуз го.Киминерге ишенееринди дагы билбейсин.Кудайга койдум деп эле лапшадан иле бергиле бири бирине
07.02.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ушул ХХХХХХХХХХХХХХХ эч жакпайт
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-07 09:37:43
07.02.2018. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул экоу тажаттыго кшулардын жашоосу бизге кызык деле эмес, чынын айтсам макаласын окубадым, бирок Айчурок чоон эле эже ХХХХХХХХ болойун деп деле калды токтотсонор боло, Анжелика сен да токтот мактанганыны жасалма суйлойсун адамдын ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-07 10:35:48
07.02.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Анжеликаны бир министрликке коюш керек, ишти жакшы алып барат.
07.02.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Бул эже озун аябай эле мактап алыптыр го . Вообще жакпайт кийинуу стили жаш кыздарга тенелип мини юпка кийип алат. Корунушу эле ХХХХХХХХХХХХХХ. Анжелика болсо молодец сулуу аракетчил. экоонун тарыхын биз корбогондон кийин билбейбиз ар ким озунун куноосу учун алланын алдыда жооп береер кун келет.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-07 12:58:07
07.02.2018. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Не кылган менен кучтуу айым. Сыйлайм. Айчурок эже эстрада ырчыларынын башаты. Убагында далай концерти аншлаг менен отчу. Бар болунуз!
07.02.2018. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок эжени баалайм.Бирок Анжелика менен чырдашпай эле койсо болмок.Бул деген эми шоу бизнес
07.02.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Ушу ырчынын уну деле акылы деле жок экен бироону каралашты эле билет.
08.02.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликанын арызы эмне болуптур?
08.02.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
only_progress,Калп эле куйоосун ошентип коркутуп коюптур!!!
11.02.2018. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,
11.02.2018. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mela,
08.02.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ё моё ана сага, Анжелика сен аман эле болчу чырагым..
08.02.2018. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Супер Инфо билебиз Анжелика жооп берет силер чыгарбай эле койгулачы. Тажатты уже булар.
09.02.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчуроктун Азамат . Ушунча чыдап келди. Берки ХХХХХХХХ ХХХХ кылып коюп . Ушунчалык ХХХХХХХХХХХ Айчурок эже оорубаныз . Эл билет Ким кандай экенин
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-09 10:12:56
09.02.2018. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ушул экоонун обу жоктугу пиары. Андан коро жакшы артисттерден интервью албайсыздарбы. Админ атактуу актриса Шайыр Касымалиевадан интервью алыныздарчы кинолорго тартылып чыкпай калдыго аябай жакшы аялго улгулуу баарына.
09.02.2018. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика ХХХХХХХХ ХХХХХХХХ эч убакта суу ичкен арыка тукурбош керек эле да.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-09 12:09:15
11.02.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликанын тырмагына тен келе алышппай геморройлор ар нерсе кылып корду.Анжелика,сен астыдасын эч кыжаалат болбо!Зависть-хуже пистолета бир билип койгула!Анжел сага баары суктанышат,алаам болушат.Так что,всегда вперед!
11.02.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына силерге деп Дубайга кетип калдыго.Эс алганы Молодец Анжелика!!)))
12.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай аппак болуп интервью бериптирго, ала жипти аттанадыгы учун экинчи куйосу менен жашап жатат да биринчиси озунон канча жашка улуу экенин унутканго.
12.02.2018. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Toktakunova22,мен да жазайын деп жаза албадым.
12.02.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toktakunova22,ал куйоосу менен ажырашкандан кийин коп жылдан кийин чыккан экинчи куйоого. Билбей айтпагыла
12.02.2018. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунун богу менен тен кызга асылды да калды, между прочим это ее школа, она же воспитывала, вырастила. Акылы бар болсо унчукпай эле уйундо отурмак,
12.02.2018. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтас созунузго кошулам.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо