Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Акжол Сулайманбек уулу, боксчу: «ӨЗҮМ ОРУСИЯДА БОЛСОМ ДА, ЖҮРӨГҮМ БАТКЕНДЕ»

№796 2-8-февраль 2018-жыл

Баткен облусунун Кызыл-Жол айылынан чыккан боксчу учурда Орусиянын рингдерин багындырууда. Профессионалдар арасында Азиянын WBC версиясы боюнча чемпиондук курунун ээси, Азия оюндарынын катышуучусу Акжол Сулайманбек уулу бокс дүйнөсү тууралуу маек курду.


Толук аты-жөнү – Акжол Сулайманбек уулу
Туулган жери – Баткен району, Кызыл-Жол айылы
Туулган күнү, айы, жылы – 8-октябрь, 1990-жыл
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 59 килограмм
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Машыктыруучулары – Анварбек Нурматов, Айбек Мусаев
Жетишкендиктери – Кыргыз өлкөсүнүн 3 жолку чемпиону. Профессионалдар арасында 9 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен. WBC АВСС версиясы боюнча учурдагы чемпион.


– Салам, Акжол! Кандайча бокс дүйнөсүнө аралашып калдың эле?
– Баткенде Анварбек Нурматов деген агай мени кичинекей кезимден эле бокс менен машыктырды. Мага атамдай эле болуп калган агай менин ушул даражага жетишиме көп салым кошкон. 2008-2013-жылдары Караколдогу Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетин бүтүргөм. Ал ортодо Бектен Сабатаровдун карамагында сүйүүчүлөр арасындагы боксто жүрүп, кийин профессионалдык рингге өттүм. Анда тааныш агамдын жардамы менен Орусиянын «РМК боксинг промоушн» промоутердик компаниясы менен сүйлөшүп, 5 жылдык келишим түздүк. 2016-жылдын август айынан бери Орусиянын Екатеринбург шаарында жашайм.

– Профессионалдык бокс менен сүйүүчүлөр арасындагы бокстун айырмачылыгы кандай экен?
– Экөөнүн айырмасы асман менен жердей. Профессионалдык боксто күнүнө милдеттүү түрдө эки маал машыгып, абдан көп эмгек жумшаш керек болот. Ал эми сүйүүчүлөр арасындагы бокс ага салыштырмалуу бардык жагынан жеңил келет.

– Бокс спортундагы кумириң барбы? Кайсы мушкерди баалайсың?
– Мен кичинемден эле профессионалдык бокско кызыгып, ошол кезде жылдыз болуп турган Тайсон, Кличко, Пакьяо, Цзю сыяктуу кыйын боксчулар менен беттешүүнү кыялданчумун. Ошолордун арасынан Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Мэнни Пакьяонун беттешкен стили жагат. Мен сыяктуу сологой, жасаган ыкмалары мыкты, рингде чебер боксчу катары баалайм. Андан тышкары кайрымдуулук менен алектенгени үчүн да сыйлайм.

– Сени Конор Макгрегор сыяктуу эрежесиз уруш чебери дейли. Сен да эрежесиз уруштан рингге өтүп, Мейвезер сыяктуу жеңилгис чемпион менен рингге чыгат белең?
(Күлүп) жок, мен өзүмдүн эрежесиз уруштун мушкери катары мушташканымды элестете албайм. Балким, бокстун эрежеси колдонулганда беттешип көрмөкмүн.

– Өлкөбүздө да, дүйнөдө да бокс спорту эрежесиз уруштан артта калып жатканын байкап жатсаң керек. Буга эмне себеп болууда деп ойлойсуң?
– Эми бокс спорттун классикалык түрү болсо, эрежесиз уруш көрүүчүлөр үчүн спорт эле эмес, шоу да жаратып жатпайбы. Шоу болгондо, демек, анда жарнама көп болот. Спорттон алыс адамдарды да кызыктырып, өзүнө тартып алса керек. Азыр Макгрегор, Хабиб десе кыздарга чейин таанып жатышпайбы. Ушундан улам күйөрмандар эле эмес, спортчулар да акырындан эрежесиз урушка өтүп кетип жатышат деп ойлойм.

– Орусиядагы бокс жана Кыргыз өлкөсүнүн боксу. Экөөнү салыштырсаң.
– Биздин өлкөдө бокс болушунча эле көтөрүлүп келе жатат. Азиянын чемпиондору, эл аралык мелдештерде сыйлыкка ээ болуп жаткандар чыгып жатат. Машыктыруучулардын баары эле Советтер Союзунун мектебинен тарбиялангандан кийин эки өлкөнүн бокско жасаган мамилеси дээрлик бирдей эле. Болгону Кыргыз өлкөсүндө бокс финансылык жагынан аксап турат.

– Сен үчүн нокаут менен уткан ыңгайлуубу же упай менен эле жеңип алууга тырышасыңбы?
– Рингге эч качан нокаут менен утам деп чыкпайм. Нокаут өзү келет. Ар бир беттештин биринчи раунду атаандашымдын дем алганына чейин байкап, тактикасын түшүнүп, алсыз жана күчтүү жактарын изилдөө менен өтөт. Евгений Смелов деген физикалык жактан өтө күчтүү боксчу бар. 6 раунддун башкы эки раундунда мени нокдаунга кетирсе, мен калган раунддарды упай менен утуп алгам. Кыскасы, ушундай, кээде упай менен утканга туура келип калат, кээде нокаут менен жеңем.

– Карьераңда жаракат менен рингге чыккан учур болду беле?
– 2015-жылы Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган турнирдин тандоо турунда сынып калган колум менен беттешип, жарым финалга чейин баргам. Ал жөнүндө машыктыруучуга айткан эмесмин, чыгарбай койсо, андан ары өтпөй калмакмын. Дегеле профессионал болуу үчүн ушул сыяктуу кырдаалдарга даяр болушуң керек. Туура дем алуудан тарта эрк, чыдамкайлык талап кылынат. Физикалык жактан оорчулук пайда болгондо, жаракат алганда, мекенди сагынганда «эмнеге ушул спортту тандадым экен?» деп өкүнүп кетем. Кээде "балалуу болсом, аны боксчу кылбайм" деп да ойлонуп калам.

– Мекен деп калдың, Кыргыз жергесин сагынсаң керек?
– Албетте, туулган жерге болгон сүйүү биринчи орунда турат. Кыргыз жергесинде ата-энем, досторум, биринчи сүйүүм калды дегендей. Бул жакта бокс үчүн эле жүрөм. Өзүм Орусияда болсом да, жүрөгүм Баткенде. Менин ар бир жеңишим Ата Мекеним үчүн.

– Эми жакынкы беттешиң тууралуу айтып берсең.
– 13-февралда Девис Перес деген колумбиялык боксчу менен рингге чыгам. Өтө тажрыйбалуу, 55 беттеш өткөрүп, анын 34үн уткан. Ошондуктан боло турган мушташка олуттуу түрдө даярдануудамын.

– Алдыдагы беттеште ийгилик коштосун!


Алтынай Тынышова
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(17)
06.02.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ийгилик!!! Жаратканым озу колдоп дагы бир женишти буйрусун....
06.02.2018. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Molodsi, ilayim duyno chempionu bol ukam. Kyrgzy jelegin duyno birinchiliginde jelbiret.
06.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсыз Акжол сизге ийгиликтерди каалайбыз. Келечекте дагы коптогон ийгиликтерди багындырын.
06.02.2018. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ийгилик акжол только вперед
06.02.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акжол ожор,сылык,жоопкерчиликтуу жигит .Акжол сага Акжол!!!

06.02.2018. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Журогум Кыргызстан деп согот дегин эде!!!!!
07.02.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Журогум Кыргызстан деп согот деп жур.
07.02.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата ээнеси,биринчи суйуусун айтып жатат журогум Баткенде деп.
07.02.2018. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
08.02.2018. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эмне үчүн Баткен Кыргызстан эмеспи же Баткен өзүнчө мамлекетпи
Blackmoon түзөттү 2018-02-08 18:54:52
09.02.2018. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркек ийгилик
09.02.2018. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда журсомда Журогум кыргыз деп согот десе болмок
10.02.2018. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
айшава Баткенчи беден.
11.02.2018. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02,оа
10.02.2018. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отуруп алып сындаганга эле укмушсунар. Андан коро силер дагы туруп спорт менен машыккыла. Кыргызстан дебейби аяшава Баткенчи деп ичинер куйбой. Азамат Акжол!!! Ийгилик!!! Ойлогон ой максаттарын орундалсын!!!
12.02.2018. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Онорунор оркундой берсин. Азамат.
14.02.2018. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеңди уура жырты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо