Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кумар Асанов: «АПАМА ОКШОШ КЫЗ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»

№395 28-май - 3-июнь, 2010-ж.

Бойдоктор бурчу

Биз бул жигитти патриоттуулукка чакырган “Кыргызстан” аттуу ыры менен жакшы билебиз. Табиятынан жароокер, жөнөкөй жигит Кумар Асановго кызыкпаган кыз жоктур. Ошондуктан, сулуулар, Кумар жөнүндө жакындан билип алганыңыз дурус болор.

Толук аты-жөнү – Асанов Кумар Акимжанович
Туулган жылы
– 15-декабрь, 1988-жыл
Туулган жери
– Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Сакалды айылы
Бою
– 184 см
Салмагы
– 63 кг
Тамшана жеген тамагы
– Кытай ашканасынын даамдары
Хоббиси
– Сууда сүзүү
Фобиясы
– Бийиктик
Учурда – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын вокал бөлүмүнүн 2-курсунун студенти

“КУМАР – ЭРКЕЛЕТКЕНДЕГИ АТЫМ”
– Азан чакырып коюлган атым Руслан. Бирок бул атым документте гана колдонулганы болбосо, кичинемден эркелеткен атым Кумар боюнча калгам. Үй-бүлөдө үч эркекпиз, мен улуусумун. Апам кесиби боюнча юрист, азыр пенсияда. Атамдын дүйнө салганына көп болду. Апам бизди тарбиялап, кеп-кеңешин берип келет. Жалаң эркек болгондуктан, өз жумушубузду өзүбүз эле кылабыз. Апамды аяп турам. Кирди өзүм эле жууйм дегендей. Апам жокто бат жасалчу тамактарды жасай коём. Бирок манты, оромо сыяктуу тамактарды жасай албайм. Кээде отуруп “карындашым, эжем болсо сонун болмок” деп өкүнүп да кетем. Бирок апамдын мээрими бул оюмду бат эле жууп салат.

“МҮНӨЗҮМ МААНАЙГА ЖАРАША”
– Бирде тамашакөй болуп калам да, бирде менден өткөн түнт адам жок. Айтор, мүнөзүм маанайга жараша. Оңойлук менен жиним келе бербейт. Катуу жиним келсе, уктап калганга аракет кылам. Уктап турган соң өзүмө келип калам. Бош убакыт боло калса, көнгөн адат боюнча эле бакырып ырдап кирем. “Адам тагдырын анын мүнөзү чечет” дешет. Ошондуктан мүмкүн болсо каарданбай, ачууланбай эле акыл калчап иш кылганга аракет кылам. Менин эмнеден жиним келиши мүмкүн? Билип туруп калп айтып, көрүп туруп аны тетири айткандарга кыжырым келет. Анан да достордон “бала кыялсың” деген сөздү угуп калам.

“СҮЙҮҮНҮ КҮТҮП ЖҮРӨМ”
– Сүйүүнү толук түшүнө элекмин. Мектепте окуп жүргөндө классташ кыздардан эки-үчөөнү жактырчумун. Толгонай, Бактыгүл аттуу классташтарымды жакшы көргөнүмдөн, чачынан тартып ойночумун. Анда кыздардын өңү-түсүнө деле карабайсың да, сабакты жакшы окуп, тыкылдап сүйлөсө эле балакайлар талашып калчубуз. Эми ал сүйүү эмес, жөн гана жакшы көрүү го. Чоңоюп, кыз жандаган өткөөл курактан да сүйүүсүз, жактыруу сезими менен өтүп кеттим окшойт. Мария аттуу улуту башка кыз менен сүйлөшүп жүрдүм. Экөөбүз жакшы эле сүйлөштүк. Кийинчерээк таарынышып кетип кыз-жигит эмес, дос болуп калдык. Мүмкүн, экөөбүздүн ортобузда чын эле алоолонгон махабат жоктур. Чынында, сүйүүмдү күтүп жүрөм, бүгүн болбосо эртең жолугармын. Кыскасы, жүрөк бош.

“ТАБИЯТ МЕНЕН СЫРДАШКАНДЫ СҮЙӨМ”
– Кичинемден бери музыка менен жашайм. Өмүрүмдү ырсыз элестетким келбейт. 6 жашымда “Мээрим” фонду уюштурган сынакта “Мээрим” деген ырды аткарып, түстүү телевизор, килем утуп алганмын. Кудай тилегимди берсе, эл эсинде калчу ырларды аткарып, аваз салып, кыргыз жүзүн чет элге таанытсамбы деген ниетим бар. Жакында Рыспай Абдыкадыровдун “Алмашым” деген ырын жаздырдым. Албетте, ал инсандай аткара албасам да, жакшы ырдаганга аракет кылдым.
Ыр дүйнөсүндө жүргөнүм менен, негедир ызы-чуудан качам. Жашмын, дискотека, түнкү клубдарга деле барсам болот. Бирок мен табият менен сырдашканды сүйөм. Азыр айлана жапжашыл болуп турган убак эмеспи. Кадимкидей жаратылышка суктанып, гүлдөр, чөптөр менен сүйлөшүп отура берем. Жан дүйнөмдөгү сырларды күндөлүккө жазам. Ойлоп калбагыла “достору жок экен” деп. Сахналаштардан сырткары көп эле досторум бар.

“КҮЙӨРМАН КЫЗДАРГА УЯТ БОЛГОНДО...”
– Көптөгөн жаш ырчылардын фанаттары бар. “Мени эч ким деле тааныбаса керек” деп ойлочумун. Бир күнү филармониядан чыгып, продюсерим Ислам байке экөөбүз балмуздак жеп отуруп калдык. Бир убакта кыздар келип, сүрөткө чогуу түшүү сунушун киргизишти. Ислам байке даярданып алган. Мен болсо тартынып, араң түштүм. Уялганымдан балмуздактын сыртын жерге таштай калып, туруп кеттим. Берегирээк басканыбызда “ай, ий, Кумар, биз таза шаар үчүн” деп кыйкырып калышты. Кайра кайтып, балмуздактын кагазын таштанды салчу челекке сала албай, кызыктай абалда калдым.
Менде машина деле жок. Өзүм машинага кызыкпайм. Апамдын машинасы бар, конокко ошону менен барам. Калган күндөрү коомдук унааларда эле окууга каттамай.

“КЫЯЛЫМДАГЫ КЫЗ”
– Азыр 22демин. Буюрса, үйлөнгөнгө 30 жашка чейин убакыт бар деп ойлойм. Мага кандай кыздар жагат? Көпчүлүк асмандагы айды айта беришет го. А мен кыялымдагы селкини кара каш, чачы узун, бакыраң көз сулуу деп деле айтпайм. Эң негизгиси, ички дүйнөсү сулуу болсо болду. Сүйүп калсам, улутуна деле карабай үйлөнөм. Ой, минтсем, апамдын көзү чакчая түшүп, нукура кыргыз кыздары менден качып жүрбөсүн. Негизи эле “болочок жубайым апама окшош болсо” деп тилек кылам. Кыздар менен таанышканда мен биринчи көзүнө карайм. Анткени көз бардык нерсени айтып турат. Сөздүн ачыгы, инилеримдин жаркылдаган жеңеси, апамдын өзүнө окшош келини болуу кимге буюрарын өзүм да билбейм.

Кыздарга кеңеш. Тамеки тартпаган, ичимдик ичпеген, мыкты ырдаган Кумарды колдон чыгарбайын десеңиз, kumaruslan@namba.kg электрондук почтасына кат жазыңыз. Кумар сиздерди ушул даректе күтөт.

Бурул Исмаилова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(12)
31.05.2010. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланын чачы чач ко
31.05.2010. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии де жакшы...бул бала менин жердешим болотта...ошол меерим фонду менен кошулуп ырдап жургондо уну жакшы эле ..а азыр дорондоп жооноруп калгандай...бирок жакшы ...ийгиликтер болсун...
31.05.2010. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оркунун оссун!
31.05.2010. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага
01.06.2010. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачы жакшы олтуруптур. Кумардын үнү да соонун. Dubai
01.06.2010. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кумарды кичинекей кезинен бери тааныйм,жакшы эстей албай жатам, бирок бир кичинекей кыз менен испанча ыр ырдашса керек эле дует. Аябай жаккан,анан менин классташым Тумар экоонун таанышканы эле эсимден кетпейт.Кулкулуу болгон Тумар,Кумар деп алып кайра тушунушпой.
01.06.2010. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ajabaj zhyldyzduu, zhonokoy zhigit! maga zhagat! Ylaiym zhakshy zharga tush bolup, apandyn konulun tyn4yt :) Baktyluu bol, iygilik saga ini4ek! ;)
03.06.2010. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
фууууууу ушундай баланы ким жакшы корот болду экен жакшырак суротко тушконду билбейби?А чачына соз жок............
04.06.2010. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгоруп кеткен го!Чыгармачылык ийгилик каалайм!Бар бол!!!
04.06.2010. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызбы?
05.06.2010. 06:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кумар менин иниме аябай окшош,ошон учунбу аябай жакшы кором.Иними сагынганда Кумардын ырларын угуп калам.
17.12.2012. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уну ырлары салмактуу.осо турган ырчы жигит эле.....корунбойт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо