Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлжигит Сатыбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «АЙЫМДАРГА ТАКЫР КЫЗЫКПАЙ КАЛДЫМ»

№797 9-15-февраль 2018-жыл

Ар бир суроого көпкө чейин ойлонуп эки-үч сүйлөм менен кыска-кыска жооп берген Гүлжигит Сатыбеков менен маегибиз көпкө созулду. Чечилип сүйлөй бербеген ырчы мырза сезимдерин ырларынан гана чыгарат өңдүү. "Эл менин чыгармачылыгымды гана билсе дейм" деген Гүлжигит мырза жакында жакшы жаңылыгы менен бөлүшөрүн айтты.

– Гүлжигит байке, Махабат майрамын утурлай маек куруп жатасыз. Ушул күндү майрамдап көрдүңүз беле?
– Чынын айтсам, такыр майрамдап көргөн эмесмин.

– Сүйүүгө ишенесизби?
– Албетте, сүйүүнүн бар экенине ишенем. Сүйүү деле аздектей турган нерсе. Аны барктап, багыш керек, убакыт бөлүш зарыл. Ал адамга ээ-жаа бербей турган сезим деп билем. Бирок 2-3 жылдан бери ошол сезимдер күттүрүп негедир мага келбей жатат (күлүп).

– Демек, 2-3 жыл мурун сезимдер жанган экен да...
– Акыл-эсти жоготуп сүйбөсөм да жактыруу сезими болгон. Сүйлөшүп көргөм...

– Элге тааныла элек кезде кыздарга арнап көп эле ыр жаратсаңыз керек?
– Андай учурлар көп болгон. Эркек киши көзү менен сүйөт, сулуулукту жакшы көрөт эмеспи. Ал убакта элге атым чыга элек, айылда көп отуруштарга кызмат кылдым, күйөө бала жандап чыктым. Чакырган жакка аккордеонду көтөрүп алып барып, айткан ырын аткарып берчү элем. Кыздардын аты көп да, ким көзгө жагымдуу учураса ошол кызга карап ысымын атап созолонтуп көп эле ырдагам.

– Ар бир чыгарма автор үчүн өз баласындай болот. Жаңы ырлар жаралганда сизди кандай сезимдер курчайт?
– Өзүмчө сүйүнө берем. Элге чыгарганча жаңы ырларым менен ооруйм, кайра-кайра ырдайм, ырым менен жашап калам. Акыркы кезде бактылуулук жөнүндө ырдагым келип жүрөт. Бирок кайгылуу, жетпей калган сүйүү, ажырашкан, армандуу махабат тууралуу ырларды көп суранышат. Өзгөчө «Кош бол», «А балким», «Сагынам», «Баары бир», «Москва» деген ырларымды көп ырдатышат.

– Азыр бош убакытым жок, жетишпей чуркап жүрөм деп калдыңыз, мурда продюсер менен иштешип жүрдүңүз эле...
– Продюсер менен иштегенде деле өзүмдүн жумушумду өзүм бүтүрүп чуркай берчүмүн. Анан мага продюсердин эмне кереги бар, өзүм баарын үйрөнүп калдым деп ойлондум.

– Кыргыз ырлары казак тилине которулуп, көп ырдалат. Сиздин ырларыңыз да боордошторго жеттиби?
– Ооба, казак туугандар көп ырларымды сурашат. Аларга баланча акча бер деп деле соодалашпайм, жөн эле уруксат берем. «Ошко сапар» ырымды 2-3 вариантта ырдап жүрүшөт. «Кара каш», «Эми мага баары бир», «Он сегиз», «Ассалому алейкум», «Агенттеги махабат», «Аппагым» жана башка көп ырларымды аткарып жүрүшөт. Жакында эле «Москва» деген ырымды бир топ сурап алды. Арасында жакшы ырдаганы да, эптеп-септеп ырдагандары да бар. Жакшы ырдалбай калгандарына менин ырымды бузуп койду деп терикпейм. Ырды эл менен бөлүшөйүн деп чыгарабыз, бирөөлөр аткарса мен үчүн кубаныч болот.

– Ырчы болбой калсаңыз кайсы кесипте өзүңүздү сынайт элеңиз?
– Балким, дене тарбия мугалими болмокмун. Оштон университетти аяктап барганда Аксынын маданият үйүнө көркөм жетекчи болуп иштеп жүрдүм. Андан кийин Бишкекке келип кафелерде ырдап, акыры сахнадан ордумду таппадымбы.

– Гастролго көп чыгасыз, тойлорго чакырышат дегендей. Сизди көпчүлүк кеминде 2-3 үйдү алып койсо керек деп ойлошот.
– Чынында, эртеңки күндү көп деле ойлонбойт экенмин. Мен бүгүнкү күн менен жашап келем. Азырынча үй-жайым деле жок, туугандар менен батирде турам.

– Бир нече жыл мурун маектешкен ачык мүнөз Гүлжигит мырза бир сырдуу болуп аябай өзгөрүптүр.
– Эми андан бери көп нерсе баштан өттү, ойлонуп сүйлөгөнгө үйрөнбөдүмбү. Негизи эле менин мүнөзүм ушундай, баарын таразалап, анан сүйлөйм. Эгер бир нерсеге берилип кетсем, көпкө чейин транста жүрө бермейим да бар. Кино көрсөм да, китеп окусам да, ошол ааламда жашап, андан көптө чыгам.

– Убакыт өткөн сайын адамдын көз карашы өзгөрөт эмеспи, мурункуга караганда азыр айымдарга болгон талабыңыз кандай?
– Айымдарга такыр кызыкпай калдым (күлүп). Чынын айтсам, убакыт жок, чыгармачылык деп эле ары-бери чапкылап жүрөм. Анын үстүнө артист менен жашаш да кыйын, артист менен кандай аялдар жашашын да элестете албайм. Чыгармачыл адамдарды түшүнгөн аял болсо жакшы. Кудайга шүгүр, талапкерлер бар, убакыт-сааты келгенде үйлөнөбүз. Элибизге жакшы кабарларды айта турган күндөр аз калды.

– Тентектиктин айынан кийин өкүнүп калган учурларды эске салсаңыз. Акыркы жолу качан мушташкансыз?
– 2006-жылдары Бишкекке жаңы келгенде кафеде ырдап иштечүмүн. Ал жакта иштеген эркек балдардын баары коопсуздукту карап, бири-бирибизге жардам берчүбүз. Жайкы кафе эле, анан кээде кардарлар жеген тамагынын акчасын төлөбөй качып кетишет. Ырдап жатып микрофонду таштай коюп алардын аркасынан кууйбуз. Кээде мушташа да кетчүбүз.

– Сизди телеалпаруучу айымды үйлөнөм деп Аксыга алып барып, албай койгон деп жазып чыгышты эле...
– Азыр бирөөнүн атын жамынып атын таанытууга аракет кылгандар бар. Бул ушак кеп, мындай болушу мүмкүн эмес.

– Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Эмнеге сиздин артыңыздан ар кандай кептер көп айтылат?
– Кеп тараткандар бир күнү өзүнүн жазасын алат деп ишенем. Мындай кептерге көңүл бурбайм. «Кечээ эле көчөдө ичип жүргөн бул кантип артист болуп кетти?» деп таң калгандарды угуп мен таң калып бүтпөйм.

– Телефонуңузга чалсак эле өчүк болот. Номериңизди эмне үчүн бат-баттан алмаштыра бересиз?
– Мурунку эле номердемин. Болгону эл уктаганда мен иштейм. Таң атканча тоскоол болгон киши жок, ыр жаздырам, айтор, чыгармачылык менен алек болом. Эл ойгонгондо мен уйкуга кетем да, кечки саат 4-5терге чейин уктайм. Менин режимим ушундай, күн-түн алмашып калган. Ага кошумча жакында Бишкекте, Улуттук филармонияда концерт берейин деп ошонун даярдыктары менен жүрөм. Андан кийин Ош шаарына, андан ары Орусияга гастролго кетем. Ошондуктан байланыша албай жатсаңыздар керек.

– Ийгилик каалайбыз.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Гүлжигит Сатыбеков: "Артист адам менен кандай аял жашайт?.."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(43)
13.02.2018. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат, ырлары маанилү, укулукту.
13.02.2018. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ырлары, голосу аябай жагат.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-13 12:15:57
13.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Маеги жакпады,айымдарга кызыкпай калдым дегени жаман экен. Бой көтөргөндөй , жөнөкөй эмес. Күйөрмандарына жага берет экен да.
13.02.2018. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Byrmachach,Озу жаш откон сайын адам ошондой болуп калат экен.Баштан откон учун тушуном.
13.02.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айымдарга кызыгат эле гастролдоп жургондо оооо кубо болгон нерселерими айтсам, просто бан болом.
13.02.2018. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
артист деп бекер айтпайт да баардык жактан артист экен го
13.02.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ырларын го коп угуп коргон эмесмин бирок бул ырчы такыр жакпайт мага
13.02.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
nargiz-sa,я с тобой дейби)))))
14.02.2018. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nargiz-sa,жакпаса минеге окудун же кордун.сени озун бироого жагасынбы деги биринчи.
13.02.2018. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оштуктардын тоюу бул жок окшошпойт))))
13.02.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялга кызыкканда эмне болуп кетмек эле ошон учун бойдок журотда гастролдоп уйуно тунобой журсо аялы ажаанданып проблема чыгарса андан коро бойдок жургону жакшы тынч жашайт
13.02.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулжигит мырза уйлонунуз балалуу болуп бапыраныз ошондо озунуз учун эмес уй булоонуз учун жашайсыз деп ойлойм
13.02.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
балдарым кийсин ичсин деп коп уктабастан балдарынызды жыттап эс аласыз деп ойлойм
13.02.2018. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
убактыныз оттуп жатат уйлонунуз сизди ушунча сыйлайм жана жактырам....
13.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошто 5 кун концерт аз эмеспи 19 кун койсон болмок
SUPER.KG видео
13.02.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айымдарга кызыкпай калса урологко корунсун жардам берет. Тамаша
13.02.2018. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларыны угам бирок озуно кел
SUPER.KG видео
13.02.2018. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озү тура айтыптыр түшүнбөгөндөр болот деп отуздан ашканына көп болду кайсы кыздарга кызыксын жашы өттү өз ордуңу билет экенсиң деп туура айтты
13.02.2018. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apei aiyimdarga kizikpai kaldim degenin chatak anda emne ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-14 11:37:58
13.02.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы бар деп женелери айтканын угуп калган элем. Эми бойдокмун дейт. Кандай тушунсо болот...
13.02.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсак интервью бериптирго
SUPER.KG видео
13.02.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит байке чыгармачылык ийгилик,ден соолугунуз чын болсун,ар дайым хит ырларды жаратып журо бериниз,бактылуу болунуз.
14.02.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айымдарга кызыкпайм дейт го.Деги бул кишиге эле кандай аялдар кызыгат дейм да))) Жашоосу зээригичтуу болсо керек деп ойлой берем.Оор адамдарды корсом журогум сыгылып кетет.Бирок ырлары жакшы )))
14.02.2018. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
ырлары негатив ,жакпайт.отоле майда коржемедей ырларын уксан.кыйналып кетем ушуну уксам бесит просто!!!!
14.02.2018. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Gulnaz.GS,Жакбаса укба сени ким кыйнап жатат.Ошол уккан кулакты болбосо түбүнөн кесип сал.Тынч укбай бесит болбой каласын.
20.02.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurbekasr,укпайын десен маршрут такси де ушул анкылдап аткан болот.Айла жок а так укпайм.сразу о очуром ушул вдруг радиодон берип калса
14.02.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аялдарга кызыкпай калдым дегени эмнеси дейин десем колу бошобой жургон турбайбы, теманы да таап коёсунар да
14.02.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ажырашканды албайм кыз алам деген эле бир интервьюсунда. Ала турганы ким болду экен. Анан баласынын апасы турмушка чыгып кетиптирби билгим келет.
15.02.2018. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы киши ырлары да укулуту апагым деген ыры жагат
SUPER.KG видео
15.02.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менимче жакшы Адам экен. Суйлогонун кичине ойлонуп анализ кылсан жайы менен суйлойт экен. Туура кыздар деле бир конулу калгандан кийин кайра куйоо чыккысы келбей калышат. Эч кандай мактанбай жоп жонокой киши экен.
15.02.2018. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депрессивный чувак
15.02.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы маек болуптур Азаматсыз Гулжигит байке
17.02.2018. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактынды таап бактылуу бол чыгармачылык ийгилик каалайм
18.02.2018. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит аялынды эле ал да
20.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага ырлары жагат озгочо Москва дегени аябай сонун жазылган ийгилик дагы коп ырларды кутобуз сизден
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо