ЭНЕСИ 2 ЖАШТАГЫ БАЛАСЫН САБАП, НАРИСТЕ КОМАГА ТҮШҮП КАЛДЫ. Аялдын туугандары андан баш тартышууда

№797 9-15-февраль 2018-жыл

3-февралда Ош облустук балдар ооруканасына оор жаракаттар менен эс-учун жоготкон абалда 2 жаш 8 айлык бала алып келинген. Наристенин жакындарынын айтымында, ал тепкичтен кулап түшкөн. Бирок наристени кылдат текшерген дарыгерлер анын катуу сабалганын байкап, милицияга кабарлашкан.


СИЙИП КОЙГОНУ ҮЧҮН ДЕПКИР МЕНЕН САБАГАН
2018-жылдын 3-февраль күнү Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эсин жоготкон абалда 2 жаш 8 айлык бала алынып келинген. Денесине кароо жүргүзгөн убакта наристенин ички органдары жабыркап, денеси көк ала болуп, баш мээсине кан уюп калганы аныкталган. Ооруканага алып келген баланын жакындары «тепкичтен жыгылып түштү» деп айтышкан. Бирок баланын денесинде мурда дагы сабалгандан калган тактар бар экендиги шек жаратып, дарыгерлер милицияга кабарлашкан.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, уулун сабаганга шектелип наристенин апасы, 1994-жылы Кара-Кулжа районунда туулган Диана аттуу аял камакка алынган. Ал алгачкы тергөөдө 3 күн мурун Ош шаарына эжесинин үйүнө келгенин, өзү эч жерде иштебей тургандыгын жана баласынын сийип койгондугу үчүн депкир менен сабагандыгын айтып көрсөтмө берген. «Баламдын башына катуу уруп койгон окшойм. Бутуна, арка жагына депкир менен урганмын, катуу тийип калса керек. Ал сийип коюптур, ошого ургам. Бул жолу эмне болуп кеткенин билбей калдым. Өзүм Өзгөнгө турмушка чыгып, баламдын атасы менен ажырашып кеткем, учурда эч жерде иштебейм»,- деген ал.


«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ БУГА ЧЕЙИН СОЙКУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН БОЛУШУ МҮМКҮН»
Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков «кылмышка шектүү буга чейин сойкулук менен алектенген болушу мүмкүн» дейт:
- Баласын катуу сабаганга шектелген аялга карата Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер наристе энесинин ур-токмогунан улам ушундай абалга түшкөнү аныкталса, анда ага карата башка беренелер боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн.
Ошондой эле өзүн Диана деп тааныштырган бул аялдын ким экендигин тактай турган документтери азырынча жок, ошондуктан анын аты-жөнү да башка болушу ыктымал. Айрым ыкчам маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү буга чейин сойкулук менен алектенип келген. Бирок өзү бул маалыматты четке кагып, эч жерде иштебей турганын айтып жатат. Так айтууга азырынча далилдер жетишсиз. Кылмышка шектүү баланы сабап жатканда анын жанында кимдир-бирөөлөр болгон-болбогону иликтенүүдө. Ош шаардык соту 6-февраль күнү кылмышка шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камоо чечимин чыгарды.


«БАЛАНЫН АБАЛЫ ДАГЫ ЭЛЕ ООР»
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо боюнча орун басары Кутбидин Бекажиевге байланышып, сабалган баланын абалын билдик:
- Сабалган бала ооруканага эсин жоготуп, комага түшкөн оор абалда келип жаткырылды, азыр да абалы оор. Катуу сабалып, башынан, ичинен жаракат алган. Бутунда, колдорунда, көкүрөгүндө көгөргөн тактар көп. Аны айыктырууга болгон аракетти көрүп жатабыз. Байкообузга караганда, бала кечээ же бүгүн эле сабалган эмес, буга чейин да токмоктолуп жүргөндүгүн анын денесиндеги көк ала тактар далилдейт. Негизинен анын салмагы, бою өзүнүн жашына туура келет.


«УУЛУН САБАДЫ ДЕГЕН АЯЛ 2014-ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ БОЛУП ЖАТКАН ЭКЕН»
Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева уулун сабады деп шектелген аялдын ата-энесине кабар жеткенин, бирок алар кызынан кабар алууга келбей жатканын айтат:
- Баласын сабаган деп шектелип кармалган аял 1994-жылы Оштун Кара-Кулжа районунда туулган экен. 3 бир туугандын ортончусу. Ата-энеси ал 2 жашка чыкканда ажырашып кетип, кыз атасы менен өгөй энесинин колунда тарбияланыптыр. Эжеси менен сиңдиси жакшы эле жашайт деген маалыматтар бар. Өзү 6-класска чейин эле окуп, андан кийин ар кайсы жакта качып жүрүп, мектепти деле аяктабаптыр. Биз Кара-Кулжа районундагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн сураштырганыбызда, ал аялдын атасы кызы 2014-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы тууралуу кайрылган экен. Ошол убакыттан бери кайда жүргөнү белгисиз болгондуктан, анын турмушка чыкканы, баланын атасы ким деген маалыматтар али да тактала элек.
Өзүнүн да эч кандай документтери, баласынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Өзүнүн айтымында, ал Ош шаарына декабрь айында келген, бирок кайдан келгени белгисиз. Ал батирде эч кандай тууганы эмес эле чоочун аял менен жашап жүргөн. Ал аялдын айтымында, баласын сабаган аял алгач келгенде бети башы көк ала болуп келген. Анан дагы ал жеңил ойлуу кыздардын образында жашаган экен. Балким, ичип да жүргөн. Биз топтогон маалыматтарда анын батирдеги үйүнө бир жигит келип-кетип, кээде тамак-аш да алып келип жүргөн. Баласын сабаганга шектелген аял менен сүйлөшкөнүбүздө, ал жигити менен телефондо сүйлөшүп жаткан убакта баласы шымын булгап салгандыктан ачууланып урдум деп айтты.
Мен ал аялдын өгөй апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдө, ал «биз кызыбыздын төрөп алганын билбейбиз. Ал канча жолу үйдөн качып чыгып кеткен жеринен үйгө алып келгенбиз. Бирок болбой эле бизди далай жолу күйдүрүп жаман иштерди кылды. Ошондуктан бизди окуяга аралаштырбагыла. Атасы жакында эле ооруканадан чыккан эле, бул кабарды угуп алып кайра ооруп калды. Андыктан кызыбыздан эч кандай кабар ала албайбыз» деп жооп кайтарды.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(47)
13.02.2018. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баланы кечээ чарчап калды деп жанылыктан айтты ,жайы жаннатта болсун !!!
13.02.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озу да 2 жашында тируулой жетим калып огой эненин да жакшы тарбиясын албай же оз энесинин мээримин албай ,мынтип оз баласын олтуруп отурат ,балким убагында жакшы тарбия алганда бул кыздын да тагдыры мындай болбос чыгаар, байкуш бейкуноо наристе
13.02.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызын 2 жашында огой энеге журогу чыдап кантип таштап кетти экен.2кызын багып чонойткон бир кызы деле чоноймок. Же алтынчы классынан окубай качып баштаганда алып кетип тарбияласа болбойт беле.
13.02.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыз кишини эне озу тарбиялаш керек.Биздин Кыргызстан качан онолуп, балдарыбызды таштап, Башка олколорго качан иштегени кетпей калабыз?
13.02.2018. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бироого зар бироого кор бала окуп аябай ыйлагым келди
13.02.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланын чарчап калганын окуп аябай жаман болдум. Энелер да шундай таш боор болобузбу я?
13.02.2018. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардыгына ата энеси куноолуу,кичинесинен жакшы тарбия берип караш керек баланы
13.02.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Депкир дегени не
14.02.2018. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Anarushka,кепкир,капкур,шумовка,половник с дырками.
Жалпак тил менен айтканда тамак аралаштыргыч,же тамак салгыч.
g.roza түзөттү 2018-02-14 20:41:19
13.02.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балдарды урбагылачы айткылачы баардык тааныштарыңарга мээримиңерди аябагылачы балдарыбыз да мээримдүү болуп чоңоюшсун өтө эле кордоп жиберишти го бала бакыт да менин жети балам бар
13.02.2018. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдардын укугу тебеленип бутту. Акыркы убакта ото коп.
14.02.2018. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
интернети ачканданда коркуп калдыкко кирсен эле олтуруп кети авария болду сабап кети тоноп кети дегендер толду бир кудай. болуп жакшы нерселер коп болсо экен
14.02.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Akniet_kg96,менда коркуп калдым элин тынч болсо, озубузда тынч жашайт экенбиз ээ Кудайым элибизи аманчылыкта болсунчу, ооба келиндин чоон куноосу бар бирок ал эле эмес башкаларда жазасын алыш керекко, эмнеге баланын атасын суракка алышпайт эмнеге аталар жоопкерчиликсиз болуп жатышат
14.02.2018. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш бала куноосу жок периште гоо ал кантип ээси оогончо урду экен тообо кылдым озунун баласы гоо ушундай меерез адамдарды жер кантип которуп журот эстеген сайын ыйлагым келип жатат
14.02.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чарчап калганы жакшы болуптур.тынч жатат аркы дуйнодр жашоодо кыйналбай
14.02.2018. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
depkir emne kepkirbi
14.02.2018. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Meerman,ооба
14.02.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооой кудайым ай озу огой эненин колунда чонойуптур, ошону коруп туруп оз баласын кантип сабайт. Кайра менин балам мендей жашабашы керек деп жакшы караса болмок. Байкуш бала кыйналыптыр да
14.02.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыйлаттын го айбан! Байкуш наристе ушундай энеге кор болгуча периштелерди ээрчип кетиптир да
14.02.2018. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайын жаннаттан берген болсун. Кантип урганга колу барды! Мал деп да айтуу кыйын сени. Мал да баласын эн мыкты карайт. Озунду ошондой уруп олтуруш керек!
16.02.2018. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulnur951417, ха ха мал деп айтпа мал деген жакшы пайдалуу жаныбар. А бул кыз кезинде кыйналыптыр анысы окунучтуу. Бирок азыр шуркуя сойкулук менен иштептир деп жатканы чын болсо бул адам эмес. сойкулук менен акча тапкандар адам эмес.
14.02.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
14.02.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Создун негизги нугу кайра эле ошол ажырашуу себеп турбайбы . Озу толук тарбия коргон эмес экенда . Качан караба жаман иштин баарында ата энеси ажырашкандар .
14.02.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланы туудурган эркекти да таап жазалаш керек
15.02.2018. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акмак десе балада эмне куноо байкушум десе периште бойдон кетиптир
15.02.2018. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Наристеде эмне куноо??? Бироого кор бала бироого зар бала. Бага албаса бага турган адамдар чыгат элего берип койсо болот элего, ичим ачышат бир жуманын ичинде эки наристе коз жумду бир наристе буту жок калды.
15.02.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын эжелер.синдилер.женил ойлуулука алдырбай.ыйык очогунарды бузбагылачы.ажырашуунун айынан бул кыз табия корбой.озу кыйналып торогон баласын бапестеп остургондун ордуна.айдай баланы олтурду койду.канчалаган балдар.зордук зомбулука кабылып жатат.бул дуйнодо уч жашка чыга элек бала эмне корду.энесинин кордугунан башка эч нерсе корбоду.
16.02.2018. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tozok akmak
16.02.2018. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bishkek, камакка алынды дейт ал жакта даана тозокту коргозотко
16.02.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу азырХХХХХХХХХХХ анан эле балдарын бага албай ажырашып стресс депрессия болуп сабап өлтүрүп жатып калышат..канча адам бала жытына зар!!
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-16 16:41:45
16.02.2018. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушкуросун окуносун. Аллахым тынчтык берсин, сабыр берсин, ыйман берсин, адеп берсин ар бир инсанга, адамга
17.02.2018. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ай бечара наристе. Сенде не куноо бар эле. Жшоого бир келдин да, бир кеттин. Бала бойдон периштеге айландын. Канчалаган окурмандын козунон жакшы, журогунон кан тамды. Олбой калсан кандай жакшы болмок. Бул дуйнодон корбогонунду чындык дуйнодон корорсун. Аллахым сени оз жанына алып кетиптир да. Сендей бей куноо наристелеге кордук корсотуп, балалыктын бактылуу кундорун корсото албаган бизде куноо. Биздин коомдо куноо. биздин мамлектте куноо. Кечир бизди балапан. Жайын бейиште болсун.
19.02.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээ бир эркектердин соройлугунон ушундай замандабыз. Анан баланын таятасы да туура эмес кылыптыр. Наристеде эмне куно.
19.03.2018. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super info ushul bala emne boldu? Maalymat berip koisonuzdar? Ozyno kelip aiyktyby?
19.03.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bala aiyktyny, super info maalymat berip koiunuzdar???
19.03.2018. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elkeev,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо