№797 9-15-февраль 2018-жыл
Түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү мамилеси муз сыяктуу. Бир караганда таза, жылмакай, ажайып сулуу. Бирок туура эмес кадам жасасаң дароо жарака кетет. Канткенде бул назик, морт сезимди коргоп калса болот? Психолог Гүлмира Ишеналиева менен бул суроого жооп издеп көрдүк.
«МЕНИ САКТАП КАЛЧУ КИМ?»
Сүйүү деген эмне? Бул суроого эч ким так жооп бере албайт. Ананчы, көз көрбөсө, кол менен кармай албаса сүйүүнүн эмне экенин ким билмек? Мен өзүмдүн өмүр баянымды айта кетейин. Биздин үй-бүлө – сүйүү деп аталат, кожоюнубуз – адам, жашаган жерибиз – жүрөк, кызматыбыз – адамдын жашоосун көңүлдүү, түстүү кылуу. Бир туугандарымдын бири адамды мекенди сүйдүрсө, бири ата-энесин, бир туугандарын сүйдүрөт, дагы бири жаныбарларды, бири тамакты, ошентип баарыбызда кызмат бар. Мага болсо эки адамды бири-бирин сүйдүрүү кызматы тийген. Кызматым кантип башталганына токтолоюнчу... Кожоюнум ал адам менен кезиккенде жүрөгү катуулап дүкүлдөп согуп, мен кан тамырлар аркылуу бүт денесине тарап саякаттап келчүмүн. Ар бир органга барып кубанычтын кабарын айтам. Кожоюнубуздун организминде өзүнчө эле майрам. Мени менен жолукканга бардык органдар ашыгат. Анткени мен келгенде баары бакытка балкып, жашоо түстүү көрүнүп калат. Чакыруусуз келген майда-чүйдө ооруларды ачык маанайыбыз менен коркутуп, кетирип жиберебиз. Бир нече жыл бактылуу жашадык. Бирок бир күнү ачык кабагыбызга кар жаады... Кожоюнум сүйгөн адамы менен урушуп кетти. Жүрөгү кайгыдан жабыркап, менин тамагым буула, ордумду таппай кысылып кеттим. Эртеси жумушка чыга албадым, жолумду ыза, ый бууп салыптыр. Кийинки күнү да чыкпадым...
Ошентип убакыт өтүп жатты. Мен байкуш арыктап, жүдөп кеттим. Мени баары кыйкырып чакырышат, чыгайын дейм, бирок жолум буулуу. Менин ордума кожоюнубуздун жүрөгүнө кайгы, андан кийин кайдыгерлик дегени келди. Алар муздак, таш боор, мерез эле... Алар келгени кожоюнда түссүз, кызыксыз жашоо башталды. Көп ооручу болду байкушум. Бирок менде аны дарылоого шай жок, кичирейип баратам, үнүм чыкпай калды. Менин да жашагым келет. Мени сактап калчу ким бар? Сүйүү да коргоого муктаж экенин билчү бирөө жарым барбы?..
ОРТОДОГУ СҮЙҮҮНҮН ӨЧҮП БАРАТКАНЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ:
ТОКТО! БААРЫН БАШЫНАН БАШТАЙБЫЗ
Биринчи ар бир түгөй өзүн “дарылашы” керек. Кантип?
Өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз. Өзүнө ишенимдүү адам түгөйүн кайсы бир жагдайлардан (мисалы, материалдык байлык же башкалардын басымынан) улам эмес, өзү жактырып, сүйүп тандаганынан кабар берет.
Мырза! Мамиледе мырза деген атка татыктуу болуңуз, майдаланбаңыз, кыймыл-аракетиңизде жентльмендик сапаттарды ала жүрүңүз, күчтүү, коргоочу, колдоочу адам экениңизди түгөйүңүз сезгендей болсун.
Айым! Ар дайым өзүңүзгө каранып жүрүңүз, жарашыктуу кийиниңиз: чоюлуп, түлөп кеткен кийимдерден арылыңыз. Адамдын көркү чүпүрөк экенин унутпаңыз. Бала караш керек, тамак жасаш керек деген жөн гана шылтоо экенин эске алыңыз. Ашып кетсе 10-20 мүнөт убакытты өзүңүзгө бөлүп коюңуз. Жарашыктуу кийинип, өзүнө каранган адам баарына жагат, ал эми башкалардын ою түгөйүңүзгө да маанилүү.
Ачык-айрым, ошол эле учурда туруктуу мүнөзгө ээ болуңуз. Өзүңүздүн жасап жаткан ишиңизге, айтып жаткан сөзүңүзгө жоопкерчилик ала билиңиз. Ачууңуз келип турганда оюңузду ошол замат “балп” эттире айтып салбай, анализдөөнү үйрөнүңүз.
Туруктуу болуңуз. Мамиледе туруктуулук, бири-бирине болгон ишеним сүйүүнү сактай турганын унутпаңыз.
ТҮГӨЙЛӨРДҮН ЭСИНЕ!
Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Менимче андай деле эмес акчаны да,мамилени да озубуз башкарабыз. Ошондуктан ар бир нерсенин чечимин таба билуу биздин гана колдо.
чын эле ))
Супер-Инфо / Психология жана үй-бүлө
СҮЙҮҮ ДА КОРГООГО МУКТАЖ!
№797 9-15-февраль 2018-жыл
Түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү мамилеси муз сыяктуу. Бир караганда таза, жылмакай, ажайып сулуу. Бирок туура эмес кадам жасасаң дароо жарака кетет. Канткенде бул назик, морт сезимди коргоп калса болот? Психолог Гүлмира Ишеналиева менен бул суроого жооп издеп көрдүк.
«МЕНИ САКТАП КАЛЧУ КИМ?»
Сүйүү деген эмне? Бул суроого эч ким так жоо
Эмнеге адамда болгон жалгыз органдар особо жапа чегишет экен.Журок,мээ,тил,ооз анан ******
Бирок журок менен мээ суйуудо бирине бири каршы.Акылын жетип турса да журогуну угуп кете бересин.Суйуудо акыл менен сезимин башкарган аз болсо керек.Мындай учурда журокту шайтан башкарып калган сыяктуу.Акылын "куноо" десе да журогун аны укпай анан аттин кылабыз