Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЙДАНА ДЕКА, ЫРЧЫ: «КӨҢҮЛҮМДҮ БУРУП ЖҮРГӨН БИР ЖИГИТ БАР»

№797 9-15-февраль 2018-жыл

Жаш ырчы Айдана Дека аз да болсо өз күйөрмандарын таба баштаган убак. Бүгүн бул сулуу SUPER.KG порталынын түз эфиринде конокто болуп, алпаруучуну боёп, ырдап берип эфирдин кызыгын арттырды.

– Айдана, ырдасаң үнүң бар, бирок жакшы репертуар тандай албай жүргөндөйсүң. Аткарган чыгармаларыңдын кайсынысы эл эсинде калды деп ойлойсуң?
– Негизи мен түрдүү жанрда, түрдүү манерада ырдаганга аракет кылам. Репертуарымда жай ыргактагы, бийлей турган чыгармаларым да бар. Ал эми эл эсинде кала турган чыгарма чынында жарата элекмин. Буюрса, баары алдыда. Статистика боюнча интернеттеги кароолордо «Кыздын сыры» деген ырым көп каралып, концерттерде көп ырдадым. Социалдык тармактагы баракчамда күйөрмандарым үчүн чакан сынак уюштуруп, менин ырымды мыкты аткарган күйөрмандарга белек берип турам. Ошол жакта «Кыздын сыры», «Бакытым», «Бийле» деген ырларым көп аткарылды.

– Сахнада жүргөн 3 жылда эмнеге жетиштиң?
– Чоң сахнага чыкканыма 3 эле жыл болду. Бирок мен кичинемден сахна артындагы артисттердин жашоосун көрүп, алар менен чогуу эле жүрдүм. Анткени апам музыкага жакын, тааныш достору да чыгармачыл чөйрөдөн болчу. Бир тууган байкем да ырдайт. Кудайга шүгүр, 3 жылда 8 ыр жаздырып, 6 клип тарттырыпмын. Өзүмдүн бий студиямды ачып, кичинекей кыздарга бий үйрөтүп өзүм менен кошо сахнага алып чыгып жүрөм.

– Айдана, мен сенин жүзүңдү тааныйм, бирок ырларыңды билбейт экенмин...
– Эми адамдар бирөөнү келбети менен, экинчисин ырдаганы менен жаттап калышат окшойт. Сиз мени жүзүмдөн таанысаңыз эми талантым менен таанытканга аракет кылам. Дайыма изденүүнүн үстүндөбүз, жакшы чыгармаларды жаратканга аракет кылып жатам. Өзүм Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөм. Музыкалык билимим болсо да, азыр вокалдан сабак алып турам. Бир жумада 3 жолу бий тобумдагы кыздарга бий үйрөтсөм, калган 3 күндө өзүм башка жактан бийден сабак алам.

– Ата-энеңиз тууралуу айтып беринизчи, алар эмне менен алектенишет?
– Агам Канат Деркембаев мурда ырдачу, азыр өз иштери менен алек. Учурда Каракол шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Атам болсо жаңы курулган үйлөргө домофон орното турган чакан компаниясын иштетет. Апам толук айымдарды арыктатат (күлүп).

– Айдана, түз эфирди көрүп отуруп колуңдагы шакегиңе көзүм түштү. Нике шакекке окшошуп кетет экен...
– Жок, бул колумдагы нике шакек эмес, мышыктын кулагынын сүрөтү түшүрүлгөн. Бир дүкөндөн көрүп жактырып сатып алдым.

– Баса, бүгүн кулагы бар ободогуңузду такпай келиптирсиз го?
– Кулагы бар ободокторум азыр шакекке өтүп жатат (күлүп). Бир аз чоңоюп жатат окшойм.

– Айдана, Ильяз Абдыразаковдун «Эргүү» деген чыгармасын ырдап чыгыптырсың, мага жаккан жок. «Айым де, күнүм де» деген жерин кошуп ырда деп ким кеңеш берди?
– Ооба, менин аткаруумдагы «Эргүү» чыгармасы көп талкуу болду. Мен бул нерсеге даяр болчумун. Бирөөнүн ырын ырдаганда сөзсүз мындай сындар болот. Балким, бул суроону берген колдонуучу Ильяз байкенин ырдаганына көнүп калгандыр. Мен өзүмдүн стилиме салып, корей мотивиндеги рэп кошуп, ремикс кылып ырдадым. Менин көптөн берки кыялым рэп ырдоо. Анан ушул ырдын аранжировкасын даярдап жатканда бир аз корей мотивинде рэп кошпойлубу деп «Айым де, күнүм де» деген жерин кошконбуз. Бирок өзүмө жакты.

– Айдана, мыкты бийлейсиң, бийлеп эле жүрө бербейсиңби? Бийлегенди кимден үйрөндүң эле?
– Апам «сен биринчи басканды эмес, бийлегенди үйрөнгөнсүң» деп күлүп калат. Баса электе отуруп алып колдорумду кыймылдатып бийлей берчү экенмин. «Кас-кас турганда эле бийлечүсүң» дейт апам. Окуучу куракта көп бий сабактарына барып элдик, заманбап бийлерди бийлеп жүрдүм.

– Айдана, Аваз Акимов менен мамилеңерди качанга чейин айтпайбыз деп чечтиңер? Кийин үйлөнө турган болсоңор элге кантип түшүндүрүп бересиңер?
– Жаныбызда жүргөндөй эле аябай ишенимдүү суроо бериптирсиз го? Биз мамилебизди жашырган жокпуз. Ортобузда достук гана мамиле бар, аны баары билет. Муну айта бергенден деле чарчадым. Эми үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит мамиледе болуш керек да, бизде андай мамиле жок.

– Учурда жүрөгүңүздүн ээси барбы?
– Жүрөгүмдүн ээси бар же жок деп айткым келбейт. Сөз айтып жүргөн жигиттер бар. Алардын арасынан бир жигит менин көңүлүмдү буруп жүрөт. Бирок мен аны сүйөм деп айта албайм. Анын мага кылган жакшы мамилеси жагууда.

– Айдана, тапканыңдын теңи эле косметикага кетсе керек, ээ? Акчаны ким берет?
– Чынын айтсам, косметикага көп акча коробойт. Салондор менен келишим түрүндө иштешем. Алар мени бекер боёп беришет. А мен аларды бекер жарнамалап, алардын жүзү болуп берем.

– Саламатсызбы, Айдана, өтө арыксыз толоюн деген оюңуз барбы?
– Ооба, салмагым 43 килограмм. Мага азырынча бул салмагым жагат. Бир жолу өзүмө-өзүм эч жакпай мен арыкмын деп көп нааразы болуп койгон элем. Ошондон кийин тамактан ууланып катуу ооруп, ого бетер арыктап кеттим. Болгон келбетиңе ыраазы болгон жакшы экен деп калгам.


Түз эфирден соң...
– Айдана, түз эфирдин жүрүшү жактыбы?
– Ооба, башында кандай суроолор болот экен деп чочулап жаткам. Азыр кадимкидей маанайым көтөрүлүп, сүйүнүп турам.

– Кайсы суроолор жаккан жок?
– Негизи жеке жашоомо тиешелүү суроолорго жооп берген жакчу эмес. Бул эфирде күйөрмандарым үчүн кичине болсо да жеке жашоомдун сырын ачтым.

– Бүгүн түз эфирде конокто болдуң. Конок тоскон жагабы же конокко барганбы?
– Кичинемде конокко барган жакчу, азыр конок тосконду жактырып калдым.

– Эфирде ырдаганыңа өзүң кандай баа бердиң?
– Үйдө ырдаганда жакшы ырдайм, бирок бүгүнкү эфирде бир аз толкунданып кеттим окшойт.

– Кумириң?
– Алина Жетигенованы абдан жакшы көрөм. «Кыздын сыры» деген ырын бергенден кийин мурункудан да катуу жакшы көрүп калдым.

Ырчы эфир учурундагы уюштурулган оюнда көзүн жумуп алпаруучуну боёп, өзү бир сыйра күлүп алды.


Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айдана Дека: "Көңүлүмдү буруп жүргөн бир жигит бар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
07.02.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жарытылуу деле суроо жок го е, окуп чыксам )))
13.02.2018. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Улуу муундагы эже-агаларыбызды кобуроок чакырсанар жакшы болмок
13.02.2018. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аллергия
13.02.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Сонун кыз,онорун оркундосун татынакайка
13.02.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кышта шорта кийип жаңы мода го.
13.02.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Nevestkaa, Эски эле мода, силер артта калыпсынарда
13.02.2018. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмкиде Салима Балтаева эжени чакырыныздарчы
15.02.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sabyr86,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
13.02.2018. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Роза Аманова, Саламат Садыкова эжелерди чакыргылачы Максат кайдагы эле ырчыларды чакырв бербей
13.02.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул дагы саны бар сапаты жок ырчылардын бироосуда
13.02.2018. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
уйдо мен деле жакшы ырдайм
14.02.2018. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
gulzat91,))
14.02.2018. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жарытылуу ырын жок изденип аракет кылчы.Же бийле ырчынын саны ансыз деле коп
15.02.2018. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
эргуу деген ырды ырдатсанар болмок уну жокта компьютер мн жасап эле ырдап журот козум жеткенда ырдабаганына
15.02.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Боенуп жасанып алышып эле эптеп ырдай беришет жинди кашайтышат да
15.02.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Чынле али бобок экенсин. Кайдагы мышыктын кулагын эле тагынып журо бересинго. Норм ырын жок же. Кореяны туурап эле журо бербей бир жакшына кийиништи уйрончу. Кичинемде бийлечикем дейсин да, любой наристе баса элегинде да басканда да бийлешет. Алар да окушса сенден да таланттуу болуп чыгышмак... Капа болбо, бирок келечегинди туура танда демекмин. Ырчы болбойле койчу, озу толуп кетти
19.02.2018. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulnur951417, ооба любой эле кичинекей бала баса элегинде эле бийлей беретко отуруп алып эле
15.02.2018. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баягы итбай кушбайлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо