Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЛАССИКАГА АЙЛАНГАН ЧЫКТУУ ТАМАКТАР

№798 16-22-февраль 2018-жыл

БЕФСТРОГАНОВ
4 порция
Даярдоо убактысы – 30 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Уйдун сулп эти
– 500 грамм
Пияз – 1 баш
Ун – 2 аш кашык
Каймак – 3 аш кашык
Өсүмдүк майы – 5 аш кашык
Укроп – 1 тутам
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:
1.
Эттин чел кабыгын тазалап, 4х5 сантиметр өлчөмүндө туурайбыз. Эт катуураак болсо кесерден мурун ашкана балкасы менен ургулап жумшартып алсаңыз болот.
2. Пиязды аарчып, майда туурайбыз да, майга кызарта кууруйбуз.
3. Пияздын үстүнө тууралган этти салып 5-7 мүнөт, андан соң унду салып дагы 1 мүнөт кууруйбуз.
4. Эми каймакты салып аралаштырып, жай отто 5-7 мүнөт демдеп бышырып алабыз. Бефстроганов тамагына гарнир катары картошка фрисин, сууга демделип бышырылган күрүч, гречка, макарон берүүгө болот.

Макарон азыктары
Макарон азыктарын сууга бышырууда суу туздуу жана көлөмү көп болушу шарт. 1 литр сууга 1 аш кашык туз туура келет. Бышкан соң бир аз муздак суудан куюп сүзүп алып, өсүмдүк майы менен майлап коюу керек.


ФРИКАСЕ
4 порция
Даярдоо убактысы – 45 мүнөт

Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти
– 400 грамм
Козу карын (шампиньон) – 300 грамм
Пияз – 1 баш
Майлуулугу жогорку сүт – 100 миллилитр
Пармезан сыры – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Күрүч – 400 грамм
Татымына жараша туз

Даярдоо ыкмасы:
1.
Тоок этин жууп, узун-узун туурап алабыз.
2. Пиязды аарчып жука, жарым тегерек, ал эми козу карынды ичке туурайбыз.
3. Казанга майды куюп, ысыган кезде ирети менен алгач тоок этин, пиязды, козу карынды салып жай отто ар бирин 5 мүнөттөн кууруйбуз. Андан соң татымына жараша туз, мурч салып, сүттү куябыз да, капкагын жаап 20 мүнөт жай отто кайнатабыз.
4. Аягында сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды кошуп аралаштырабыз да, оттон чыгарабыз.
5. Фрикасенин соусу даяр болгончо күрүчтү сууга демдеп бышырып алабыз.
6. Бышкан күрүчтүн үстүнө куурмачты салып дасторконго коёбуз. Тамагыбыз даяр!

Күрүчтү бышыруу
Күрүчтү бышырардын алдында тазалап, муздак сууга таза жууйбуз. Муздак сууга жуулган күрүчтүн дандары бышып жатканда формасын жоготпойт. Андан соң кайнап жаткан сууга татымына жараша туз, 1-2 аш кашык өсүмдүк майын куюп, күрүчтү салабыз. Бир стакан күрүчкө эки стакан суу туура келет. Кайнап жатканда аралаштырылбайт. Суусу соолуганда отту азайтып, казандын капкагын жаап, 10 мүнөткө демдеп коёбуз.





ГУЛЯШ
4 порция
Даярдоо убактысы – 90 мүнөт


Даярдоо ыкмасы:
1.
Этти 2 сантиметрден төрт чарчы (2x2) кылып туурап, туздап, унга оонатып алабыз.
2. Казанга майды куюп, кызыган соң этти салып кызарта кууруйбуз да, үстүнө сууну куюп, жай отто 30-40 мүнөттөй кайнатабыз.
3. Бул учурда көмөч казанга пияз, сабизди салып, томат пастасын кошуп кууруйбуз.
4. Бир сааттан кийин эттин үстүнө куурулган жашылчаларды, майда тууралган сарымсакты, лавр жалбырагын салабыз да, казандын капкагын жаап, жай отто 30 мүнөт демдейбиз.
5. Гуляш бышканда тузун татып көрүп, тууралап, картошка пюреси, сууга бышырылган күрүч, гречка же макарон азыктары менен берүүгө болот.

Картошка пюреси
1 килограмм картошканы аарчып, жууп, чоң-чоң бөлүктөргө бөлөбүз да, казанга салабыз. Үстүнө бир аз суу куюп (картошканын жарымына чейин жетиштүү), туздан себелеп, казандын капкагын жабабыз да, жай отто картошка бышканча демдейбиз. Сууну толтура куйбаңыз, пюреңиз даамсыз болуп калат. Бышкан соң картошканы чыгарып алып, 2 аш кашык каймак май, 100 миллилитр жылуу сүт кошуп эзесиз. Муздак сүт куйсаңыз пюреңиз карарып кетиши мүмкүн. Пюре суюгураак болушу шарт, бир аздан кийин коюулана түшөт.


Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(12)
20.02.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен сүйүп жеген тамактар го
20.02.2018. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дароо жасап кирбесем...курсак ачты☺
20.02.2018. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бефстроганов жасашым керек экен
20.02.2018. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
курсак ачып кеттииии, Урматтуу Суперчилер комментарий калтырган жерге да тируу быйтыкчаларды киргизип койсонор сонун болмок да чиркин, эмоцияларыбызды корсоткону.
20.02.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фрикасени кечо шеринеде жеген болчум жакты..
20.02.2018. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россияга келгени нормальный гуляш жейлекмин.
24.02.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
modem4999,жасап берейинби?
20.02.2018. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун экен жасап корущ экен
21.02.2018. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Эй чык эшикте
24.02.2018. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Рахмат супер. Даамдуу, оной жасалчу рецептер экен.
25.02.2018. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баары соонун тамактар экен рахмат
27.02.2018. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн соонун. Дагы ар турду тамактардын турлорунон жазып турунуздарчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо