№798 16-22-февраль 2018-жыл
(Башталышы өткөн сандарда)
– Керем, мен сени билем.
– Канчалык деңгээлде билесиң мени, эне?
– Сен аны сүйбөйсүң. Эгерде ал өз эрки менен сени менен болгондо аны бир көргөн түштөй унутмаксың. Ал сенин эркиң менен болгон жок, ошон үчүн артынан түшүп алдың. Сен кичинекейиңден ушундай болчусуң. Бул сүйүү эмес. Бул жөн гана сенин өзүмчүлдүгүң.
Керем башын чайкады. Эгерде өз энеси ишенбесе ким ишенмек?
– Сен мени билбейсиң, эне. Эгерде менин бул сезимимди жалган десең, анда сен өз уулуңдун ким экенин билбейсиң. Мени ким өзүмчүл кылды? Силер! Атам экөөңөр күнөөлүүсүңөр. Мени дайым жек көрдүңөр, туурабы? Эмнеге? Мен силердин балаңар эмесминби?
Эсма үн каткан жок. Карыган көздөрү чарчаңкы тиктеп тура берди. Керемдин жалт-жулт эткен көздөрүн тиктеп турду.
– Балким, убактысы келгендир...- деп койду үшкүрүнө. Анан дилин өйүгөн сырды айтмакка бел бууду.
– Атаң сени өтө жакшы көрчү. Аталар энелерге окшоп өөп-жыттап, мээримин төгүп сүйө алышпайт. Унчукпай сүйөт. Атаң сен төрөлгөндөн баштап бактылуу болду. Өтө эрке кылып чоңойтту. Ахмед төрөлгөндө сен беш жашта болчусуң. Өтө эрке, кежир, айтканын бербеген бала болуп чоңойдуң. Биз эркелигиңден зыян болот деп эч ойлободук. Ахмед дени-карды соо, таптатынакай бала болуп төрөлгөн. Сен аны көрөрүң менен жактырбадың. Кызганыч бардык балдарда болот, көнүп кетет деп ойлодук. Бир ирет Ахмеддин бөлмөсүнө кирип анын жүзү жаздык менен басылып калганын көрдүм. Аттиң, ошондо эле жакшы көңүл бурсам эмне? Бир-эки урушуп тим болдук. Бирок сен токтободуң. Ахмедге эки ай болуп калган. Жай толуп турган учур болчу. Бала баккан аялдын ачуу чаңырганын угуп чуркап жетип бардык. Терезенин жанында сен туруптурсуң. Көрсө, иниңди алып терезеден ыргытып жиберген экенсиң. Ахмед бийиктиктен жерге катуу урунуптур. 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Айыккан соң деле дарыгерлер анын толук кандуу адам болуп кете албашын айтышты. Атаң экөөбүз эч кимге айтпадык. Ал тургай бул тууралуу бири-бирибиз менен да сүйлөшө алчу эмеспиз. Атаң сени кечире албады. Сени менен сүйлөшпөгөнү да ошол эле. Сен иниңдин тагдырын талкаладың. Кийин да өз билгениңдей анын тагдыры менен ойнодуң. Эми анын арбагын сыйлабай анын аялына көзүң түшүп жатат. Мен бул сырды сага айтпайт болчумун. Атаңа да айтпай турганымды айтып сөз бергем. Бирок сени токтотуш үчүн айтып жатам. Токто эми! Сен өзгөрүлбөдүң, уулум. Дал беш жашыңда кандай болсоң, азыр да ошондойсуң. Сен сүйгөн адамдар сенден башканы сүйүшүнө чыдай албайсың. Ушунчалык өзүмчүлсүң, бүтүн дүйнө сенин айланаңда тегеренишин каалайсың. Көңүл тышында кала албайсың. Сенин ооруң ушул.
Керем үн ката албады. Бир нерсе десе эле көзүндөгү жаштар атып кетчүдөй. Эсма ханым көпкө тиктеп турду да, башын чайкай басып кетти. Керем бакчага барды, көк шиберге жата кетти. Асмандагы жылдыздарга көпкө тиктеди. Ооба, эми эстеди! Кичине бөбөктүн жүзү көз алдына келди. Аны алып терезеден ыргытып жаткан беш жашындагы бала да көз алдына тартылды. Көрсө, атасынын көзүндөгү жек көрүү ушундан тура. Балам деп башынан сылап мээрим төгө албаганы да ушундан экен да.
– Аа-аа!..- деп бакырып алды. Көзүндөгү каканак жаштар ыргып кетти. Жерди муштап ыйлап жатты. Кайра-кайра эле көз алдына кичинекей бөбөктүн жүзү келе берди. «Мен акмакмын! Мен эч нерсеге акым жок. Сүйүктүү болууга, ата болууга да акым жок. Мен бир акмакмын» деди өзүнө-өзү. Ал тургай ушул ойлорунан ырахат ала түшкөнүн сезди. Биринчи жолу өзү менен өзү бетме-бет келгендей болду. Өмүр бою «ата-энем мени эмнеге сүйбөдү?» деп ойлоп келген, андан кийин «Жамиля мени эмнеге сүйбөдү?» деп ойлогон. Ал тургай «тиги чөнтөгүндө беш тыйыны жок кыргызынан менин эмнем кем, бул сокурбу эмне?» деп ойлончу. Азыр гана өзүнө эсеп бере баштады. Жамиляны издеп таап алыш ага эң оңой нерсе болчу. Же болбосо Эмре аркылуу өзүнө кайра байлап алыш да кыйын эмес эле. Бирок ал бул жол менен барбай турганын түшүндү.
ххх
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
7
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ошондо андай болбойтго дейм
Беш жашта ак караны ажыратып калат го