Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зарина Асанова: «БАЛДАРЫМ БУТ КИЙИМИМДЕН УЯЛАМ ДЕП МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ ДА КОЮШАТ»

№798 16-22-февраль 2018-жыл

Бул жолку каармандарыбыз Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында жашаган 10 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү. Оор турмушту башынан кечирип жаткан 38 жаштагы Зарина Асанова оорукчан жолдошун, 8 баланы багып келет.

«БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ КӨП ИЧЧҮ, КЫЙНАЛЫП ЖАШАДЫК»
– Мен 8 айга толгонумда ата-энем ажырашып кетишиптир. Таене, таятамдын колунда тарбиялангам. Атам менен апам ар кимиси өздөрүнчө үй-бүлө куруп кетишкен. Мектепти 9-класска чейин окуп, кесиптик окуу жайда билим алып жатканымда 17 жашымда биринчи жолдошум ала качып кетти. Ал көп иччү, кыйналып жашадык.
Бир ирет кайнежемдин малын багып иштейбиз деп Кочкорго барганбыз. Кайнежем бизге ишибиз үчүн акы төлөп бермек тургай нанды эсептеп берчү. Кийимдерибиз калбай, эски байпактарыбызды жамап кийип жүрүп, аягында бут кийимибиз жок калдык. Чыдабай калганда ошол жактагы бирөөнүн картошкасын отоп, тапкан акчамды жол кире кылып 3 баламды ээрчитип Ысык-Көлгө келе бердим.
Ошол бойдон күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Андан жыл айланбай жолдошум каза тапты. 2 жылдан соң азыркы жолдошум Жекшенге турмушка чыгып, дагы 5 балалуу болдум. Азыр 4 кыз, 4 уулум бар. Эң улуу кызым 21 жашта, турмушка чыккан, кичүүсү 2 жашта. 3 балам мектеп курагында. Экөөнү өзүм, бирөөнү туугандарыбыз окутуп жатат. 2017-жылы октябрь айында тогузунчу баламды төрөгөм, бирок бир айлыгында ал уулум чарчап калды.

«ЖОЛДОШУМДУН ООРУСУНАН УЛАМ ҮЙДҮН ИЧИ САСЫП КЕТЕТ»
– Жолдошум мурда ашказаны ооруп баш-аягы ага 9 жолу операция жасалган. Мунусунда болсо өпкөсү ооруп 3 жылдан бери төшөккө жатып калды. 2002-жылы өпкөсүнө суук тийгизип алып, кургак учукка өтүп кетип ооруканада жатып дарыланган. Бирок жыл сайын ооруй берди, аягында кан, ириң кусуп баштады. Плеврит деген оору жармашыптыр. Азыр ар 15 күн сайын Чолпон-Атадагы ооруканага алып барып өпкөсүнө толгон ириңди сордуруп жатабыз. 1-1,5 литр, аз дегенде 600 грамм ириң чыгат. Ага 1000 сомдон кетет. Бир айдан бери каражат жоктугунан улам Чолпон-Атага да бара албай жатабыз. Жолдошум жөтөлүп оозунан ириң чыккан сайын үйдүн ичи сасып, жанына киши тура алгыс болуп калат. 2016-жылы Бишкектеги ооруканага алып барып көрсөткөнүбүздө, врачтар «Бир өпкөсүн алыш керек. Бирок жолдошуңуз алсыз болгондуктан, аны көтөрө албай калышы мүмкүн» дешкен. Каражат болгондо, балким, операция жасатканга аракет кылат белек...

«ЭКИ КҮНДӨП АЧКА КАЛГАН УЧУРЛАР БОЛДУ»
– Кышында үйүбүз суук болду, 2 күндөп эч нерсе жебей калган учурлар болуп жатты. Андайда кошуналар жардам берип жатышты.
Балдарым сентябрь, октябрь айларында кийими, бут кийими, окуу куралдары жоктугунан улам мектепке барбай калышты. Кийин 1-2 дептер алып берип эптеп барып тургула деп жиберип жаттым. Азыр эски кийимдери менен сабакка барып жатышат. Бирок өтө суукта буттарына суук өтөт деп жибербейм.
Балдарымды классташтары «силер кедейсиңер» деп шылдыңдашат экен. Балдарым «бут кийимимден уялам» деп кээде мектепке барбай да коюшат. Жалгыз калганда булардын тагдырын ойлоп ыйлап алам, эч кимисине көрсөтпөй.
Балдарым иштейин десе айылда жумуш жок. Бир балам спортко кызыгат, күрөш менен машыккысы келет. 7 жаштагы кызым атасын жакшы көрөт. Жанынан чыкпай колун кармап отура берет. Ал «чоңойгондо доктур болом» деп калат.
20 жаштагы экинчи баламдын тили кеч чыккандыктан 1-классты гана аяктады. Сабатсыздыгынан пайдаланып милиция кызматкерлери өткөн жылдын жай айларында уулумду мал уурулукка айыптап, жалган жалаа жабышты. Менин өкүл атам менен чогуу мал уурдады деп кармалды. Өкүл атам жоголду делген малдарды төлөп берди, биз да 1 уйду төлөп берип, 3 айдан кийин гана алар бошонуп чыгышты.

«АБАЛЫБЫЗДЫ УККАНДАР ЖАРДАМ БЕРИШҮҮДӨ»
– Жакыр үй-бүлө катары 4800 сом жөлөк пул алам. Ал акча дары-дармектен артпайт. Балдарым баланча сатып бер, түкүнчө жейм деп деле айтышпайт. Жок экенин түшүнүшөт.
Өзүбүз буга чейин бирөөнүн сарайында мал багып жашап жатканбыз. Ал киши малынын баарын сатып жиберген, биз жашап жаткан үйүнөн чыкпай туралы деп суранганбыз. Макул болгон, бекер жашап жатабыз. Өзүбүздүн болсо үйүбүз жок.
Аябай кыйналып тамак-ашка да жетпей калганыбызда айыл өкмөттөн отун сурагам. Бирок беребиз деп жүрүп бербей коюшту. Абалыбызды уккан Балыкчы, Караколдун тургундары жардам катары бир тонна көмүр, азык-түлүк, кийим алып келип беришкен. Айыл өкмөт башчысы Эркебек Арунов «Көмүрдү биз алып бердик, 8 миң сом, 2 баштык кийим бердик» деп жергиликтүү телеканалга маек бериптир. 8 миң сомду Эркебекке чейин иштеген айыл өкмөт башчысы берген. Кийим-кечек беришкен эмес. Гуманитардык жардам келди деп чакырышкан, бирок ал кийимдер менин балдарыма туура келбегендиктен алган эмесмин.
Декабрь айында Ысык-Көл райондук администрациясынын кызматкерлери келип абалыбыз менен таанышып кеткен. Алар айыл өкмөт башчысына «Буларга жакын арада отун түшүрүп бергиле. Жолдошун ооруканага көрсөткүлө» деп айтышкан. Бирок отун берише элек. Ал эми облустук оорукананын врачтары жолдошумду «Бишкекке алып барып көрсөткүлө. Биз кабыл албайбыз» деп коюшканынан Ананьеводогу ооруканага көрүнүп келген. Ошондо айыл өкмөт тараптан бизге 1500 сом акча жардам берилген.

«КОЛДОН КЕЛИШИНЧЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨБҮЗ»
Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Эркебек Аруновго байланышканыбызда, ал Зарина Асанованы өзү аракет кылбайт деп күнөөлөдү.
– Айыл өкмөттүн карамагында отун жок. Кожоюндары менен сүйлөшүп, талаадагы чириген, карыган бактарды кыркып, бул үй-бүлөгө отун кылып берели дегенбиз. «Отунду кайсы жактан аларыңарды көрсөтүп берели. Келип алып кеткиле» десек өздөрү алып кетпей жатышат. Чоңоюп калган ишке жарамдуу балдары бар. Анан эле элге айыл өкмөтүн жамандай берет экен. Биз жасабаган ишибизди кантип жасадык деп айтмак элек? Гуманитардык жардам катары келген кийимдерден бергенбиз. Аны «алган эмесмин» деп жатат. Айыл өкмөттүн атынан күзүндө 1350 сом бергенбиз. Колдон келишинче жардам берип жатабыз. 8 миң сомду мага чейин иштегендер беришиптир. Ошону гана айткам.
Райондук администрациядан комиссия келгенден кийин Жекшенди (ред.: Заринанын күйөөсү)Караколдогу ооруканага алып барып жаткыралы десек дарыгерлер кабыл албай турганын айтышкан. Социалдык коргоо үчүн бөлүнгөн акчадан калган 2 миң сомду жардам катары бермекпиз. Бирок мен Караколго алып барам деп унаага бензин куйдуруп койгом. Калган 1500 сомду Заринанын колуна карматкам. Операция жасатканга жардам бере албайбыз. Өзүбүз дотациядабыз. Айыл өкмөт баарына кам көрүүгө алы жетпейт. Колубуздан келсе чоң эле жардам бермекпиз.

«Жолдошум 3 жылдан бери төшөктө. Каражат таап операция жасатсак айыгып кетчүдөй».


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(51)
20.02.2018. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бала ырыскысы менен торолот,бирок...деген дагы бар да турмушта,бизде бардык шарт бар кудайга шугур,бирок кутуп журуп балалуу болобуз.ушинтип сыноо берет экен Кудай дагы.Озун учун балалуу болосун,догурунган туура эмес менимче(ар ким оз оюн айтканга укуктуу)
20.02.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура ойлор айтылыптыр.бала ырыскысы м.н туулат деген менен кудайым да ырыскыны аракет кылганга берет.Балдарга эле жалко
20.02.2018. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
100% жалган суйлоптур айыл окмот
20.02.2018. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сегиздимес азыркы заманда учту торосонда кыйналасынго,ачка калбасакта тартыш жашоо болот экен,чын эле торогондо ойлонуп торошсо,балдардыда жер каратып,тартынчаак,кылып кыйнашпай.
20.02.2018. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыр орто үй бүлөлөр балдардын келечегин ойлоп, бутуна тургузуш керек деп үчтөн ашык бала төрөгөндөн коркушат. Ар бир баланын өз ырыскысы деп эле төрөй берген да туура эмес. Кичине алга жараша пландап төрөш керек. Байкуш балдарда эмне күнөө.бага албагандан кийин шорлууларды жаратаардан биринчи ойлонсо ата эне. Бул жоопкерчиликтин жоктугу!
20.02.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мени ойлондурганы куйоосу кусканда ирин сасып жатса, кышында бир комнатада отурушса кичине балдарынын ден соолугуна созсуз таасир этсе керек, ото аянычтуу экен эмне дешти да билбейсин
20.02.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баланы кантип багам деп ойлонбогондун кесепети Жана жакшы жашоого аракеттин кылбаганы ар Ким жардам берсин деп догурунгандын жыйынтыгы кел кемпир жон жатпай ысып жаталы лей беришкен окшойт
20.02.2018. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аянычтуу!Бирок аракет кылса болот да.Жок дегенде нан жаап сатса деле кичине пайда го дейм.Бекер жатканча бекер иште дейт.Азыр өкмөттү карап отура берген заман эмес го.Арамза үй-бүлө окшойт.Кантип эле бир да баласына кийим чак келбей калсын.Кудайдан сураныңыз,намаз окуп таза жүрсө!Кудайым сөзсүз берет,буюрса.Кайдигер сезилди негедир...
21.02.2018. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сактасын. Баланы торойт деселе торой бербей алды артын карап торобойбу. Кесир кылып кийимдерди албай койбой алыш керек болчу. Балдарым уялам деп мектепке барбай коюшат дейт. Мени деле кичине класста окуп жургондо классташтарым шылдындашчу кийимдерин эски сасык деп мени эчким кошчу эмес. Ага карабай мен окуйм деп Ата энемдерге айтчу эмесмин. Отунубуз жок талаадан отун жыйнап келчумун. Окмот жардам берет деп отура бербей озу аракет кылбайбы балдардын баарын тороп алып мамлекетке догурунбай.
23.02.2018. 05:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jama92 азамат экенсиз,
21.02.2018. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
echtekesi jok bolso emnege toroit Andan da aiyil okmotuno kolko kilip koigonun kichine joopkerchilik degen bolush kerek da bala jasaardan murda
21.02.2018. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chon ele baldari bar eken ishtetip araket kilbaibi aiyil okmotko kolko kilbai 8 balam bar dep uiyalbai
22.02.2018. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aimai,ошону айтсан 20 жаштагы баласы бар экен иштебейби кудай жеп жата бербей алма быш озума туш деп деген макал ушуларга экен. Аллахым узак омур бакыт ылайым балдарына.
21.02.2018. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да жогоруда айтылган комменттерге кошулам.сактаныш керек эле эже да айыл окумотко догурунбай.чын чынына келгенде айыл окумотто коко тыйын да жок.булар дагы эптеп таап беришиптир.менин кайнатам да айыл окумот.ишенсенер айлык алмактугул минуска кирип кетет.жогору жактан текшеруу келе берет.алардын чайы эле озунчо алаамат. Элдер арызланып уйго чейин келе беришет.шалактаган нивасы бар кайненем ишине жоо кетет кой эл корсо уят.мамлекттики деп.тапшырып эле салчы 1 сом пайда корбогон сон деп ушу
21.02.2018. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул жумушунду деп коп айтат.айыл окумот деп авторитет эле Аты болбосо чонток сквозняк тепсен 1 сом тушпойт.обедке 50 сом берип турчу деп мамабыздан сурап кетет.)))
23.02.2018. 05:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Hotinhere123, айыл окмоту эмне жумуш кылат
23.02.2018. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Matahara1980, шыпырат
21.02.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да жогоруда жазгандарга кошулам, төрөйт десе эле төрөй береби? Сактаныш керек го акыры. Мисалы озумду эле алсам, иштеген ишим бар, жолдошум деле иштейт, бирок уй-жайга жете элекпиз, бир уулум бар. 2-3 тороп квартиралап кыйналып турганда, балдарды салпактатып сүйрөп кв.дан кв. га деп коркуп сактанып жүрөм. Балага бактылуу балалык тузуп беришибиз керек го, кудай ырыскысы менен берет деп олтура бербей... Коендой чууртуп торогонду билгенден кийин, адамча багып чоңойтконду да билиш керек.
21.02.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чоңойгондо мени багат деп отура беришет кээ бирлери, бири кылып, экинчиси тороп ошонусун милдет кылып. Окут, жакшы тарбия бер, бир кесиптин ээси кыл анан баландан кайрымдуулук кут.
21.02.2018. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен айылда уйум шаарда уйум болсо да уйбулолуу болсом кантип багам деп журом Булар тууса эле бир нерсе болуп тирилик отот деп туа бергендерден экен да Балдардын эле убалы
22.02.2018. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Башынарга тушкондо тушуносунор
22.02.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кызы чокусуна күйөөгө тийеби иштеп укаларин бакса болотко
22.02.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым ар кимге ар кандай сыноо берет!!!Карарган тундун артында агарган тан бар дейтго!!!Антип айтпаныздар дейт элем,карап торосо болмок деп!жардам бере албагандан кийин бир ооз ширин соз айтып койсок эч нерсее болбойбуз туугандар
22.02.2018. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироонун ичиндеги кайгысын,турмушундагы азыбын эч качан бироо тушунбойт!!!Куноосун которбой дуа кылып койгула!!!Эн бактылуу эне экен,ушунча баланын энеси!!!Баланы аллахым суйгон пендесине берет
23.02.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардамыбызды аябайлык
23.02.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темадан бираз алыстадым Садыр Ава эмеспи Садыр аке би айылдын аты?!
24.02.2018. 05:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогоруда жазгандарга мен да кошулам эң таң калыштуусу күйөөсү 3жылдан бери төшөктө болсо , кичүү баласы эки де экен, дагы 2017төрөгөм 1айдан кийин чарчап калды дейт төшөктө жатып алып кантип бала жазап атат
24.02.2018. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да убагында кыйналып усту кардон менен жабылган уч комнат уйдо жашачубуз.жаан жааса уйдогу болгон идишти тосуп..кошуналар бирими суу май бириси рошки бириси озулорунон арткан нандарды алып келип беришчу..жердеги кукумду терип жеп сууга рошки бышырып жеген кундор болгон..ал убакта 4 кыз элек баарыбыз бир жаштан..азыр ойлосом акча деле берилбептир.анда санда квартальный маамды чакырчу гумпомощ келди деп..а так маам менен атам аракнт кылып атышып элдин алды болдук.аракет кылыш керекда.
24.02.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл элдин жудоо корсон зайыбын. Ошол элдин моюнуна кой айыбын. Эр соройлорду деп канча аял запкы жейт.
24.02.2018. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип торогонун жазып коюш керек беле,Ой силерге эмне ушактап айыбын тапкыча ,жардам бере албасанар унчукпай эле койгулада
25.02.2018. 08:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 га чыккан баласы бар экен ошол деле иштеп аракет кылса болотда окмоттон карап отурбай балалуу уй було экен
25.02.2018. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жокчулук бул уят эмес, буйруса ушул уулдарыныз эр жетсе баары артта калат. Менин дагы деле эсимде, 3 класста иним экообуз бир бут кийимдик, кийин бир бирден алып берген ал дагы жыртылганда апам бут кийимдин башын кесип капталын тигип мектепке жоноткон. Ошондо мектептен шылдындашкан окуучулар иним экообузду. Ата энемдин каражаты жок аябай кыйналган учуру экен. Бирок Альхамдулиллах тарбиясын жакшы эле берди окутушту. Азыр иним Манас университетинде, мен Дубайда иштеп калдым. Альхамдулиллах.
27.02.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайгырбаныз эже бул кундор да отот,балдарыныз чонойсо Кудайым буюрса,ылайым жакшы жашоодо жашайсыз. Айыл окмот чек берип койсо жакшы болмок
27.02.2018. 06:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абалы ото эле оор экен кудайым берерин унутпасын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо